Поэзия

Нарсулуу Гургубаева: Мен Кудайга салып турсам сыртымы, Не Кудайдай жалгыз болуп көрүндүң?!

*****

Аяп турдуң, аяп турдум… Билгендей,

Кар аярлап жаап жатат ал тургай.

…Кеткен сенсиң кезегинде бир келбей,

Кеткен менмин кезегинде таптырбай…

 

…Сен бир киши азыр калбаат, бүлөлүү

калып кеткен далдаасында жылдардын…

Улам үйлөп колун, көөнүн, жүрөгүн,

мен болгону үшүп турган бир жанмын…

 

Эми айтсак, айтпасак не өзгөрөт?

Сүйүү дайым бүткөн жерден башталат.

Бул сүйүүгө туруксуздар сөз берип,

Айыптуулар гана алдында актанат.

 

…Кардан парда кайкып турган мунарык,

Кайрылышка чейин гана көз жетет…

…Качандыр бир ушул сүйүү тууралуу,

“оо, жөн эле, жөн эле бир сөз” дешет…

 

Кабагыңда кардын калтар бүртүгү.

Каяктандыр качанкынын шарпы урат.

…Бизге таандык болгон менен бул сүйүү,

Ар ким ага өз туйганын калтырат…

 

Көк да, жер да карлайт бура бастырбай,

Кадам шилтейм, калат артта мүнөттөр…

…Да бир ирет таштап сени, баш бурбай,

Басып кетиш үчүн, Теңир, жүрөк бер!…

 

Аяп турдум, аяп турдуң… Билгендей,

Кар аярлап жаап жатат ал тургай.

…Кеткен сенсиң кезегинде бир келбей,

Кеткен менмин кезегинде таптырбай…

 

Кыя чаап, карабастан кыр-жарды,

Экөөбүзбүз басып кеткен бир кезде.

…Сыйрылган соң жан жарасы жылдардын,

Сыйынган оң көңүлдөгү күмбөзгө…

 

…Сыйрылган соң жан жарасы жылдардын,

Сыйынган оң көңүлдөгү күмбөзгө.

 

Жигиттер

Чек арада курман болгон жоокерлердин жаркын элесине

Жигиттер, кайрандарым, апаат күнү,

жалындык бир силерге, бир Кудайга.

Мекен да тирүү экен, аалам тирүү,

жигитке жүрөк берсе, булкуна алган!…

 

Бийиктин баркын – баасын барчын билет,

шумкарга тагдыр буйруйт шукшурулган.

… Мекендин жүгү мага артылды деп,

Мекендин асманына учту бир жан…

 

Балапан үчүн бакта уядагы,

батперек учуп турган асман үчүн –

Жаныңа алмаштырдың Күн-ааламды…

Сен эми өмүр болуп кайтаарың, чын!

 

Кудайдын жүрөгү адам, канаты адам,

болдуң сен жүрөк дагы, канат дагы.

… Жакыным болдуң жерди каратпаган,

алысым болдуң асман тараптагы…

 

Бегиң жок үчүн чебин, теңин билээр,

Бийиң жок үчүн зарды, арды билээр –

Өлүмгө карай силер чегиндиңер!

Мекеним болуп турдуң ар бириңер!

 

Акыркы мүнөттөрдө, күлгүн өмүр,

эмнеде болду экен эс-ойуңар?

…Силердин төбөңөрдө ким бирөөнүн,

илинбей калган эски чокою бар!…

 

Эмнелер келди экен ой-санааңа?

Жашадым деп ойлодуң, жашабадым…

Аядың апакеңди жол караган,

таядың тайып аткан Асабаңды!

 

Өмүрдү аядың го жалжылдаган,

Өлкөңдү аядыңбы жетиле элек?

…Боло алат тура Мекен жалгыз адам,

Мекенсиз адам, бирок жетим өлөт!…

 

Жашоону жалгап турган теңдеп, тескеп,

от элең, суудай элең, бороон элең!

…Мен эми сени жоктоп, сени эстеп,

сени өзүм өлтүргөндөй боло берем…

 

Жигиттер, кайрандарым, сабалаган,

үлгүсү боло алдыңар бийиктиктин!

Кабырын көтөрдүңөр бабалардын,

кадырын көтөрдүңөр жигиттиктин!

 

Кабырын көтөрдүңөр бабалардын!

Кадырын көтөрдүңөр жигиттиктин!

 

*****

…Жарык жакпай, күрмөм чечпей үстүмдөн,

Түнгө сиңип, түтөп көпкө олтурдум.

…Улуу дүйнө (м), мен сени ырдап бүттүм бейм,

Мен да сенин жүрөгүңдө жоктурмун…

 

Ырааты жок ыр, чыр дүйнө сырттагы,

Өмүр дагы батпай турат бөлмөмө…

…Сүйүү үчүн кырк чырагым бир жанып,

Сүйүү үчүн кырк бир жаным өлдү эле…

 

Шол сүйүүнү жашап өткөн мен белем?

Өйдө-төмөн өттү беле башыман?

Өлгүм дагы, жашагым да келбеген,

Өмүрдү эми кайда алпарып батырам?

 

Көзгө урунаар мага таандык нерсени,

Таппай жүрөк талыптыр да, карыптыр,

Меники эмес эрке Күндүн эртеңи,

Меники эмес асмандагы жарык нур

 

Меники эмес бул көчөлөр, шаар дагы,

Меники эмес сырттагы чоң согуш да.

Шул согушту дагы өзүмө алданып,

Жеңем десем, Теңир, мага болушпа!

 

Болушпа да, аяба да… Тийбегин!

Өчөөр болсом, ичим, сыртым бир өчсүн.

Калса калаар айтылбаган бир кебим,

Жашап бүтпөй жарыгымды түгөттүм.

 

(Жанымды уруп, жалын болуп ак-кызыл,

Бир көрктөнүп, бир өрттөнүп өчкүм бар..

…Жандап өттү, жалмап кетти бактымды,

Өзүмө өзүм өгөй жылдар, өч жылдар…)

 

Өлгүм дагы, жашагым да келбеген,

Өмүрдү мен отко, сууга бир салдым.

Киндигимди өзүм кескен сыңары,

Канатымды дагы өзүм кыркаармын

 

…Жарык жакпай, күрмөм чечпей үстүмдөн,

Түнгө сиңип, түтөп көпкө олтурдум.

Улуу дүйнө (м), мен сени ырдап бүттүм бейм…

Мен да сенин жүрөгүңдө жок ырмын.

Сиңдиме

Сага таандык асман, жылдыз, Ай, булут,

Жаз жарашат сага, жийде бурагым…

Муңая албай шаттыгыңдан айбыгып,

Жаштыгыңдан жүдөп, сүрдөп турамын.

 

Сүйүүнү ырдап сурабай да, суратпай,

Торгойдоюм, безеленген бар сырын…

Сүйүү, бакыт сурап сендей куракта,

Мен Кудайды өзүм издеп барчумун.

 

Мен ал кезде жүрөгүмдү таптаза,

Жашачумун жан-ааламга булгалап.

…Бул жашоодон адам чарчай баштаса,

Дүйнө деле чарчайт, жүдөйт, буйдалат….

 

Дүйнө деле адам менен бир кемип,

Адам менен кошо толкуйт, төгүлөт…

…Менин азыр Күнүм дайым бүркөлүү,

Эстегенден унутканым көбүрөөк…

 

Өзүмдү да, өмүрдү да бир тутам

автобусту… жазды күтүп короттум…

Бир билгеним – жашоого өзүң ый-куса,

Өзүң гана бакыт, сүйүү, жомоксуң…

 

Мен жомоктоп махабаттын маанайын,

Сага айтып бере албаймын көркөмдөп.

…Тозот сүйүү, жарашпаса таалайы,

Кирдейт сүйүү, караласа көрпенде…

 

Маңдайында маржан көкүл жаз туруп,

Маанайы жок далай согот бул жүрөк…

…Сүйүү деле жаңылганды жазгырып,

Сүйүү деле бүлүнгөндү бүлдүрөт…

 

Жомокто эле айкөкүлдөр, перилер,

Чоң сүйүүгө, ханзаадага жолугат.

Жашоо андан кыйла бери, берирээк,

Сезимдер бар сүйүүдөн да чоңураак.

 

…Дүйнө деле адам менен бир арып,

Адам менен бирге туулуп, бирге өлөт.

…Асманыңда өзүңө окшош чырайы,

Чарчай элек дүйнө бары – чоң дөөлөт…

 

Асманында өзүңө окшош чырайлуу,

Таза Дүйнөң бар экени – чоң дөөлөт!…

 

*****

Күн ойгонот сен жашаган тараптан,

Мен тарапта Күн өлөт да, Күн өчөт.

Билем, сенде Күндү тосмой адат бар,

Мени Күндүн батпаганы жүдөтөт.

 

Чыгыш… Батыш… Аралыгы бир кылым,

Менин дүйнөм тең экиге бөлүндү…

Мен Кудайга салып турсам сыртымы,

Не Кудайдай жалгыз болуп көрүндүн?!

 

Не жолуктуң күүгүм талаш кеч күздө,

Не төгүлдүң жамгыр кары аралаш?!

…Бул дүйнөнү бөлбөй жашайт эстүүлөр,

Тегиз дүйнө теңсиздиктен жаралат…

 

…Бар экенсиң мен жашаган дүйнөдө,

Кечим менин, кечиккеним бир өмүр.

Кечир мени, сен тазарган күнөөдөн,

Менин кошо тазарганым күнөөдүр…

 

Жаратканга салып тургам сыртымы,

Жараткандай жалгыз болуп көрүндүң…

 

Нуриза Өмүрбаевага

Силер жакта жамгыр… Канттиң, саргалдак?

Өзүң менен өзүң кайра калдыңбы?

Жашагандар шамалды ээрчип, жанды алдап,

Жек көрчү эле жанчып жааган жамгырды.

 

Ай туулду… Жаанчыл экен, кашайгыр,

Дагы бир ай жанчат бизди бул жамгыр.

…Быйыл дагы үйгө барбай жашайбыз,

Кудай салган нерсе башта тургандыр…

 

Үйүбүз бар, айта албаган “үйүм” деп,

Жамандыкта, жакшылыкта бир барган.

Ошол үйдө конок тосуп күлүңдөп,

Биз жаркытып жашабаган жылдар бар.

 

Өмүр беле, өлкө беле ошол үй?

Ким бакыттын өңүн даана айта алат?

…Кыр-жонуна кызгалдагы төшөлүп,

Каакымдары гүлдөгөндүр кайкалап…

 

…Мен түшүнүп, сен түшүнбөй жалгызбыз,

Жаңырыкпыз аскаларга урунган.

Жомок сага жолуңдагы сан жылдыз,

Жолуң арбын артты карай бурулган.

 

Каалаганда чертип, серпип ойногон,

Дүйнө – сага шыңгырак гүл, шыңгырак.

Мени дүйнө таштап кеткен ортодо,

Эми алдыга алдап-соолап жылдырат.

 

Сен дүйнөңдүн сыныктарын чогултуп,

Күзгү кылып күндө үч маал карандың.

Мен бардыгын жутуп жүрүп ичиме,

Кескиленип бүттүм окшойт, каралдым…

 

Сен сүйүүнүн өзүн өмүр деп билсең,

Мен өмүрдүн өзүн гана сүйүү дейм.

«Жакшылары» көкөйүмө жеткирген,

Бирок дале жакшылыктан түңүлбөйм.

 

…Үйүбүз бар, айта албаган “үйүм” деп,

Жамандыкта, жакшылыкта бир барган.

Ошол үйдө конок тосуп күлүңдөп,

Биз жаркытып жашабаган жылдар бар…

 

Ошол үйдө жашабаган үчүнбү?

Жылдар үчүн өткөн, өчкөн алыста –

Дүйнө бизге күлмүңдөгөн бир сүйүү,

Дүңгүрөгөн да бир өмүр карыздар.

 

*****

Кантип жашап жаттың экен, жаралуум,

Карайлаган, кар айланган күндөрдү?!

Жазыла элек жалгыз ырың санаалуу,

Жарыттыбы, карыттыбы дүйнөңдү?

 

Канттиң экен?! Балким көөнүң чыйрыкты –

Кыштан эмес, адамдардан көбүрөөк.

…Бир калчанган, бир жалтанган жыл бүттү,

Өмүр шунтип ойду-келди төгүлөт…

 

Канттиң экен? Мен чарчадым ызгаардан,

Күкүктөгөн өз үнүмдөн чарчадым.

Жалган жомок күткөн жандар бул шаарда,

Жаңы жылга жасалгалап арчасын,

 

Шөкөттөштү…

Үй, көчөсүн, муң-зарын,

Шөкөттөштү, аяр, кооомай, сыртынан…

…Өчөт жарык, өчөт баары бир жанып,

Менин жолум бир бороон да, бир туман!

 

Кантип жашап жаттың экен, жаралуум,

Карайлаган, кар айланган күндөрдү?!

Жазыла элек ырың ээлеп санааңды,

Жарытты же карытты го дүйнөңдү…

 

Кечиккен кат

Элмирбек Иманалиевге

Канаты жок багынта албас дүйнөдөн,

Жараты жок, жаны бүтүн чыккан аз…

…Акынзаадам, ким өз бизге, ким бөтөн?

Жүрөгүңдү жүдөттүбү ит талаш?!…

 

(Жүдөттү го, кай тарапты караба:

Карайган жол, жапыс асман, долу ызгаар…

Тагдыр, күйүт ташып жатат талаага,

Күүлдөгөн, үңүлдөгөн поюздар…)

 

Акынзаадам, сенин канжар жүрөгүң,

Жараласа, жаралады бир сени…

…Бүгүн дагы кай тагдырда түнөгүң?

Сенин жолуң кай доорлорго чиркелүү?…

 

Теңдеп, түздөп Теңир берген өнөрдүн,

Теңи бакыт, теңи шор го билгенге.

Көптүн ыры кылым ашпай көөнөрдү,

Көптөр күлүн үйө албады бир жерге.

 

Көбү сынды Улуу сөздүн жүгүнөн,

Көбү сатты, ыйманын да, ырын да!

…Жасап-жалгап жалаң гана сүйүүдөн,

Оңой бекен, өмүр кошуу кылымга?…

 

Сөз дүйнөгө ордо болуу, ордого,

оңой бекен күйүп турган от болуу?

…Канча жолу карайлаган жолдордо,

Сенин ырың бүт өмүргө окшоду…

 

Доорду доорго, кылымдарды кылымга,

Туташтырган тунук, улук добушум.

Аңыз болуп айтса, айтылды бир ырда,

Айтылбаса доордун деле жогу чын…

 

Доор өмүрүн сөз узартат, сөз сүрөйт,

Сүрөйт анан сендейлердин чындыгы!

Сен ырдасаң, бир кылымды өпкүлөп,

Жалган беле жаркыганы бир кылым?

 

(Асмандайым, ак тандайым, ак таңдай,

Көөнө сөздүн тамыры да, бутагы…

Качандыр бир биздин дагы асманда,

Каркыралар катар бузбай учабы?…)

 

…Жалгыздыкка жанын төшөп, көшөргөн,

Муң – акыным, булбулум да, дулдулум.

Тагдырыңды өзүң гана көтөргөн,

Таразалап бере албайт го бул кылым.

 

Жан дүйнөңдү өзүң гана көтөргөн,

Таразалап бере албастыр бул кылым…

 

*****

Бирде күздөй көшөгөсү сапсары,

Бирде жаздай жашыл болуп бүчүрлөп,

Бир сен болуп алыс, алыс жактагы,

Кээде менин бакыт кирет түшүмө…

 

Бул бир кыял, бул жөн түштөр болгону,

А эшикте чындык бороон, бурганак.

Күнжүрөгүм, мен дагы эле жолдомун,

Жолдогу өмүр жоголот же уурдалат!

 

Арасында асыл жашыл түштөрдүн,

Өмүр ушул аласалган миң агым.

Көп агызды… Дагы агызат туш келди,

Канталаган канаттарым, чыдагын!

 

Күнжүрөгүм, сенин сүйүүң жеңбесе,

Жеңет мени тагдыр бир күн нөшөрлүү,

Жеңилбегин, мен жеңилген жерде сен,

Мен көшөрбөй койгон жерде көшөргүн!

 

Дүйнө ушул көбүктөнгөн көк ирим,

Бирде сыздайт, бирде бийлейт, бир ыйлайт.

Сен жыгылба… Сени аясын Теңирим,

Сен жыгылба… Туулар жалгыз жыгылбайт!

 

*****

Алданбаган, калдаңдаган кар дүйнө!

Сенин жолуң татаал дагы, муздактыр…

Күнүм болуп, сүйүүм болуп жанды эле,

Күйүт болду күлмүңдөгөн бир жакшы.

 

Күйүт болду… Кетти анан… Жөн кетти,

Айтпай кетти себебин да, шартын да.

Дагы алдыда мен сөз күтчү жол көптүр,

Бирок, билем – жок сөз гана айтылбайт.

 

Мен да унчукпай кеттим. Жолдо көп көрдүм:

Жолдогулар кылчактабайт, кайрылбайт!

Кеткен жолум көңүлүмө төп келди,

Кеткен жанды күттүм, бирок, ай-жылдап…

 

…Арман тагдыр, кайран тагдыр чектелүү,

Азганыма, жазганыма чыдаган…

Мен дүйнөнү калбаш үчүн жек көрүп,

Сен аман бол, жүрөктөгү бир адам!

 

Аман болгун жүрөктөгү бир Аалам…

About the author

Жазуучулар Союзу