Көөнөрбөгөн көркөмдүк
(А.Матисаковдун “Тандыр” аңгемесин кайра окуганда…)
Чебер публицист, портреттик очерктердин устаты, стилист-жазуучу, бир нече республикалык жана эл аралык сыйлыктардын ээси А.Матисаковдун тандамал чыгармалар жыйнагы «Баткан күндү аяймын…» – деген ат менен 2022-жылы жарык көргөнү коомчулукка белгилүү. Повесть жана аңгемелер топтому жайгашкан китептин 3-бөлүмү автордун «Тандыр» аңгемесинен башталат. Чыгарманын жазылганына 40 жыл болуптур. Жарым кылымга жакын убакыт. Жаңы доор адабиятынан жаңы эстетикалык табылгаларды издеп, социалисттик реализмдин чүмбөтүндө калган чыгармалар каралбай калган азыркы шартта деле «Тандырдын» «нан бышырган чоктуу аптабы» табында. Аңгеме дагы деле бир демде окулат. Көзү өткөн соң, бул дүйнөдөн табылгыс ар бир перзент үчүн ыйык, аялуу, мээрбан эненин элеси окурмандын эркин ээлеп, ар кимдин өз энесин эске салат. Натыйжада аңгемедеги эне көптөгөн энелерге айланат.
Калемгер тырмак алды чыгармаларынын бири «Тандырды» апасынын жаркын элесине арнап, жашы 30га жете элек курагында – «Ленинчил жаш» гезитинде иштеп жатканда, акка моюн сунуп, дүйнө салган ыйык адамынын азасы эскире элек мезгилде жазган экен. Суроо туулат: аңгеменин мындай таасирдүү да, жылдыздуу да чыгышынын башкы себеби эмнеде? Анын темасындабы, сюжетиндеби, тилиндеби?
Чыгармада эненин ыйыктыгын даңазалаган бийик патетикалуу сөздөр деле, лирикалык каармандын (перзентинин) энеге болгон жалынып-жалбарган жылуу сөзү, таазими деле кездешпейт. Аңгеменин табиятына ылайык жөнөкөй пенделик турмуштан бир үзүм… Болгондо да негизги сюжет эненин кызыл жүгүрүк оорусу күчөп, өмүр сапары карып бараткан мезгилинен башталат да, анын жерге берилүү окуясын камтыйт. Дал ушул кыска сюжет үй-бүлө бактысын, кайгысын, арманын, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мамиледе башка чөйрөдөн табылгыс гармонияны, мээримди, сезимди, жоопкерчиликти тулку-боюна сиңирип алгандыгы менен баалуу, жылуу жана жылдыздуу. Ошол жөнөкөй пенделик турмуштун бир үзүмүндө улуулук бар, бир эненин өмүрүндө жашоонун түбөлүктүүлүгү, ошол түбөлүктүүлүктүн учугун улаган энеликтин керемет касиети бар. Анткени аңгемеде энеликтин улуу касиети улуттук нарк-насил, адеп-ахлах аркылуу түбөлүктүү этномаданий баалуулукка негизделип сүрөттөлгөн.
Ырас, улуттук аң-сезим этностук жалпылыктын узак мезгилдеги маданий-тарыхый өнүгүшүнүн жыйынтыгында (Н.Бердяев) калыптануучу процесс болгон соң, анын бир булагы болгон регионалдык адабият биздин адабият таануу илиминде талапка ылайык изилдене электиги белгилүү. «Региондун адабий мейкиндиги – ошол региондун аң-сезимин чагылдыруу аркылуу анын маданий өнүгүшүнө зор салым кошкон инсандын чыгармачылыгы» [3, 7.]. Ал эми А.Матисаковдун калеминен жаралган чыгармаларда андай адабияттын зор материалы жаткандыгын эч ким жокко чыгара албайт. Илимий адабияттарда белгиленгендей, азыркы мезгилде актуалдуу мүнөзгө ээ болуп жаткан бул проблема улуттук биримдикти камсыз кылуунун, этностук маданияттын ар түрдүүлүгү аркылуу анын жалпылыгына кубат берүүнүн каражаты эсептелгендиктен, аны ар тараптуу изилдөө зарылдыгы күн тартибинде турган маселелерден. Ушул көз караштан алып караганда, автордун “Тандыр” аңгемесинен элдик турмуштун не бир ажайып жан сырларын байкоого болот. Адабиятта элдик турмуш канчалык чынчыл сүрөттөлсө, ал окурманга ошончолук ынак болот эмеспи. Аңгеменин жылуулугунун бир себеби – ушул. Чыгарманын негизги каарманы – эне. Ал – бүт өмүрүн үй-бүлө түйшүгүнө арнап, кызыл жүгүрүк оорусун өнөкөт ооруга жеткирип алган, “үй-бүлө жана балдары үчүн шамдай күйүп, өзүн түгөткөн” көптөгөн аялзатынын тиби. Арыктап, алсырап, жеп-жеңил болуп калган оорулуу энени күнүгө балдары үй алдындагы бак ичине орнотулган сөрүгө алып чыгып, жумшак төшөккө жаткырып, аздектеп багышат. Бул турмуштун эзелтен келаткан карама-каршылыгы: бир жагынан өзүнүн жеке өмүрүн курмандыкка чалган, экинчи жагынан үй-бүлөнүн камкордугуна бөлөнүп турган бул адамдын өмүрү сая кеттиби же максатына жеттиби? Алмустактан бери жообу табылбаган суроолордун бири…
Оорулуу адамга камкордук кылуудагы регионалдык этномаданияттын өзгөчөлүгүн жазуучу кылдат сүрөттөйт. Мындай өзгөчөлүк үй-бүлө мүчөлөрүнүн оорулууга жасаган мамилесинен гана эмес, аны көргөнү келген алыскы-жакынкы туугандардын, айылдаштарынын мамилесинен да даана көрүнөт. «Апамдын көңүлү айнып, жаны сыздап жатканын туюп жатышкандай, жүздөрүндө кейиштин изи калып, узаткан суроолору аяр, ары жумшак. Тегеректей отуруша калып, оозунан кеп чыкса илип алышып, баш ийкей коштоп отургандарга апам жай гана»:
-Жакшымын, – деп жооп кайтарат.
Өмүрүнүн саналуу күндөрү калганын сезип турса да, абалын сурагандардын суроосуна: «Жакшымын», – деген сөздү айтуу үчүн кандай кайрат, кандай сабыр керек экени айтылбаган подтекст. Подтекстте жаткан сөздүн маанисин чебер прозаик төмөнкү эки көркөм деталь менен кылдат сүрөттөйт:
- Апасынын «көкөй эзген кыңкысы пастай, жай айткан, шыбыр айткан жакшымын», – деген сөзүнө үмүт артып, перзентинин жүрөгүндө сүйүнүчтүн пайда болушу анын ички дүйнөсүндөгү санаркоонун оор салмагын туюндуруп, эне менен баланын табигый жан биргелигин туюндурат. Ушул сүйүнүчтүн эстетикалык наркы энеге жалынып-жалбарууга караганда (түшүнгөн окурман үчүн) баалуу.
- Келгендер кеткенге чейин жанынын кыйналганын билгизбей, апасынын «бүткүл жан-кубатына, дарманына салып, жанында бүйрө отургандардын үй ичи, бала-чакасына чейин тегиз сурамжылап чыгышы» регионалдык маданияттан кубат алган кыргыз аялынын сабырдуулугу окурмандын сезимин күүгө келтирүү мүмкүндүгүнө ээ. Анткени оорулуу илим-билим бере алгыс элдик чөйрөнүн адеп-ахлактык тарбиясын алган. Мындай элдик маданий баалуулуктуоорулуунун абалын сурап келгендер да жакшы билишет. Ошондуктан көпкө кармалбай, оорулууга көңүл көтөргөн сөз айтып, узап кетишет. Эне болсо, келген адамдардын карааны көрүнбөй калганча төшөгүндө узата тиктеп олтуруп, андан соң, алсыз үшкүрүп, кайра жаздыгына баш коёт.
Оорулуунун өмүр сапарынын карып баратканы сөрүдөн үйгө кирчү отуз кадамдык жолдун «узарып» кетиши аркылуу аяр берилген. Энтиге басалбай ортодо токтоп, аягын жерден көтөрө албай турса да, эне өмүр жолу байланган тандырга баргысы келип турду. Анткени анын бүт өмүрү тандырга байланган; тандырга нан жаап, үй-бүлөсүн дасторконго тегерете отургузуп, аларды тамактандыруу жашоодогу негизги ыракаты эле. Уулдарына нанды ысык кезинде айран, май менен жедиргиси келчү. Мына эми жашоонун маңызына айланган тандыры көзүнө кыйышпас ынагындай, колтуктап бараткан балдарынан тандырга кайрылууну өтүндү да, кызына купуялуу керээзин айтып турганын, энени өлүмгө кыйбаган балдары сезбей да калышты:
-Мени бирпаска отургузгулачы ушундай. Кийизи кайда калды экен?.. Тандырыңды этияттап, парваиштеп урун, кызым. Ырыскылуу тандыр бу.
Өлүм алдында жан-дүйнөсүндөгү эң ыйык көргөн нерсеси жөнүндө керээз айтуу да кыргыз элиндеги өзгөчө этномаданият. Мындай аманат сөз өмүр сапары карыган адамдын эң жакын кишилерине айтылат. Ошондуктан тандыр аркылуу эне энеликтин эң эле улуу касиетин кийинки муунга өткөрүп жатып, кызына кайрылды: – Нанынан бергилечи…
Кызы үйгө жетип барып, сандыктан алып чыккан чоң патир нанды маңдайына тийгизип, аны өөп-жыттап өмүр-жашоосунун жыйынтыгын чыгарды: «Жаштайыман үрөн сээп, талаадан түшүм күттүм. Саратан ысыкта кайракы буудайды кырман орок менен оруп, кызылын бастырып, “оп майда” айтып, кырман үйдүм. Асылын тегирменге тарттырып, тандырга нан жаптым. Бала бактым. Аларды жетилттим, катарга коштум… Өмүр бою аты улук, ак нан сени менен бирге жашадым…».
Баласы болсо энеси курган бир нече тандырларды, ага алоолонто от жагып берген күндөрүн, энеси тандырдан жаңы үзгөн нандын булоолонгон ысыгына чыдабай, бир колунан экинчисине оодара жеген балалыгын эстеп жатты. Ушунун өзүндө балага энеден башка эч кимден табылбас нан жытындай жан жыргаткан мээрим, ак тилектүү камкордук, тандырдын алоолонгон отундай ысык сүйүү бар эле. Баары табигый, баары турмуштагыдай жөнөкөй жана сыпайы сүрөттөлгөн. Автор чыгармадагы улуттук колориттин жандуу боёкторун регионалдык маданияттын өзгөчөлүгү аркылуу көркүнө чыгарганы регионалдык маданиятка кошкон салымы жана улуттук адабиятты казынасын байытууга өз үлүшүн кошкону. Андыктан өлкөнүн түштүк регионуна таандык реалий – материалдык маданияттын предмети – тандырдын элдин жашоо образындагы ордун энеликтин улуу касиети менен бирге карап, аңгеменин идеясын терең ачуу үчүн ошол аймакта колдонулган өзгөчө маанидеги эквивалентсиз лексика, этномаданий лексика, диалект сөздөр, этнографизмдин экспрессивдүүлүгүн чебер пайдалана билген. Анткени колдонулган ар бир регионалдык тил каражаттарынын чыгармада көтөрүп турган жүгү бар. Айрыкча ар бир диалект сөз жазуучу тарабынан атайын максатта колдонулганы байкалат:
- Диалект сөздөр:
– парваиштеп урун – аздектеп, абайлап, ызаттап, тандырдын ыйыктыгын сактап пайдаланып, колдоно бил деген мааниде эненин кызына айткан керээзинин баалуулугун арттыруу мүмкүндүгүнө ээ;
– патир – май кошулуп, сүткө жуурулган камырдан жасалган даамдуу, чоң нан; маңдайына кармап, жыттап жатканда «нан күн болуп, апамдын өңүн бир ажайып нурдантып тургансыды» – деген сүйлөм окурманга нан менен эненин улуулугу бирин-бири толуктап тургандай таасир калтырат да, автордук идеяны тереңдетет;
– мака дүмбүл – даны ката электе оттун чогуна көмүлүп бышырылган жүгөрү; нан бышырып жатып да, чокко көөмп берейин, дүмбүл кайрып келегой деген эпизод аңгемедеги эненин балага болгон камкордугун, мээримин көркөм аңдоонун эстетикалык деңгээлин жогорулатканы байкалат.
– майин – жумшак, майда, сылык. Маркумду жерге берүүдө жайчылардын «Жай жакшы чыкты. Топурагы эшилип, бир майин» дешти. Этномаданий ишеним боюнча мүрзөнүн жеңил казылышы, жумшак топурактуу жердин туш болушу – маркумдун мүнөзүн, жашоодогу адамгерчилигин туюндуруп анын түбөлүк жакшы жашоосунан (бейишке чыгышынан) кабар берет деген түшүнүк бар. Ошондуктан кыраакы калемгер өз энесин ашыра мактоонун ордуна элдик ырымдын көркөм функциясын чебер пайдаланып, апасынын мүнөзүн этномаданий тил каражаты менен маданияттуу бере алган.
– аргамжы – аркан; бул сөз энесинин табытынын бир тарабын көтөрүп, эч кимге бергиси келбей баратканда баланын: «Казылган жайга жакындагым келбей, аргамжы (аркан) бою калганда буттарым чалыштап баратты» – деген сөзүндө ыйык адамын өлүмгө кыйбай турган ички терең психологизм жатат.
– ташпиш – санаа, убайым. Бул диалект сөз оорулууну көргөнү келгендер тарабынан айтылышы да элдик маданий аң-сезимге негизделген. Алардын «…көп эле балдарды ташпишке салбоосун муңайыңкы өтүнүп чыгышы – оорулууга кайрат айтуу» маданиятына негизделген.
– муңайыңкы – кайгылуу боор ооруу – оорулуунун абалын түшүнүүнүн эмоциялык көрүнүшүн аяр чагылдыруу.
– ылайым – буйрусун, насип этсин, айтылган тилек жараткандын назарына илинип, сөзсүз аткарылсын маанисинде тилектештиктин чын дилдүүлүгүн камсыз кылат.
- Этнографизмдер:
– тандыр;
– жеңче – чийки нанды тандырга жабыштыруу үчүн жасалган узун жеңдүү кол кап;
– чарчы – улгайган эркектер белин байлоочу кездемеден жасалган төрт бурчтуу бел боо;
– себет – жаш чырпыктан өрүлүп жасалган, арасынан аба өтүп туруучу чоң табак.
- Этномаданий лексика жана сөз айкаштары:
– таберик – өтө сейрек жана уникалдуу баалуулук (баалуу нерсе)
– беймаал убак – күн баткандан караңгы киргенге чейинки мезгил
– колго суу куюу – улуу кишиге көрсөтүлгөн сый, тамактанар алдында кол жууганга суу куюу;
- Фразеологизмдер
– Тандырдын чогу өчпөсүн, түбөлүк жылуулугу кетпесин
– Жай жакшы чыкты. Топурагы эшилип, бир майин
– Уругуң үзүлбөсүн, ылайым
Тандыр элдин регионалдык маданиятында бир үй-бүлөнүн ырыскысын арттырган, нан бышырган чогу менен эне сыяктуу үйдүн кутун сактаган берекелүү этнографиялык реалий гана эмес, бүт айылдын, коңшулардын башын кошкон, алардын ынтымагын арттырган материалдык-маданий реалий. Ошондуктан жаңы тандыр тургузарда коңшулары кошо курушуп, анда бышкан биринчи нанды чогуу жеген регионалдык салт иштелип чыккан. Бул салт боюнча жаңы тандыр ээсине ак тилек айтылат: «Тандырдын чогу өчпөсүн, түбөлүк жылуулугу кетпесин. Небере-чөбөрөлөрүңө да ушул ырыскылуу тандырдын нанынан жегиз ылайым… » – деген жылуу сөздөргө дайыма күбө болуп жүргөн баланын дилинде эстен кеткис жагымдуу таасирди жазуучу: «Апама арналып, чын дилден төгүлгөн ошол күнкү тилектердин тазалыгы, ай! » – деп эскерет.
Аңгемеде эненин жашоонун үзүлбөс учугун улоо касиетинин тандыр аркылуу кылдат психологизм менен берилиши маркумду жерге бергенден кийинки күнү уулдарын ээрчитип мүрзөгө баруу салты менен дагы тереңдетилген.
Бейит башына келгенден эле атасынын «үнү өзгөрүп, тамагын бир нерсе кыскандай каргылданып», «…калтыраган муундарына эрки жетпей, үнсүз ыйлап» турганын уулдары биринчи көрүштү. Ата көз жашын да, жүзүн да балдарынан жашырган жок. Анткени бул көз жаш өмүр шеригин жоктоонун, ага болгон ызат-урматынын, кымбат адамын жоготуунун, азалуу адамдын армандуу көз жашы эле. Көз жаштын адеп-ахлактык да, нравалык да наркы анын балдарына айткан насаатында бекемделет: «Апаңардын мүнөзү ак буладай жумшак, бейиши болгур, кең пейил адам эле. Тагдыр казасы жетсе, ар адамдын башында болчу иш экен. Капаланып, көп кайгырыштын кажети жок. Апаңарды ар убак эстей жүргүлө. Бул дүйнөдө эне деген бирөө… ». Андан соң ала келген жүгөрүнүн данын бейит үстүнө чачып ийди да, тилек айтты: – «Уругуң үзүлбөсүн, ылайым!».
Аңгемени окуп болгон соң, окурманды бир керемет тоо желинен дем алып, булак суусуна жүз чайкап сергий түшкөндөй тазаруунун жумшак ыракаты курчайт. Өмүр менен кош айтышкан энеге да, үйүнүн кутун жоготкондой азанын оор салмагына майыша түшкөн атага да, ыйык адамынан айрылган балдарына да окурман боор толгойт. Ар биринин элеси, эмоционалдык абалы көз алдыга тартылат. Анткени аңгемеде чыныгы турмуш – өмүрдүн убактылуулугу, жашоонун түбөлүктүүлүгү жасалмасыз нукура сүрөттөлгөн.
Көрсө, чыныгы көркөм-эстетикалык туунду коомдун идеологиясына да, кубулган коомдук-саясий реформаларга да, калемгердин жаштыгына да карабайт экен. Мындай көркөмдүк көөнөрбөстөн, тескерсинче улам руханий постулаттар өзгөргөн сайын эстетикалык наркын жогорулатып, МЕЗГИЛГЕ БАШ ИЙБЕЙ, МЕЗГИЛДИ БАГЫНДЫРАТ окшобойбу…
Адабияттар:
- ДУХОВНАЯ КУЛЬТУРА ТЮРКСКИХ НАРОДОВ: ПРОШЛОЕ И НАСТОЯЩЕЕ (Материалы Всероссийской научно-практической конференции, посвященной 85-летию со дня рождения известного башкирского учёного и писателя, члена-корреспондента АН РБ, заслуженного деятеля науки РФ и РБ, лауреата Государственной премии РБ им. Салавата Юлаева Роберта Нурмухаметовича Баимова и 90-летию со дня рождения литературоведа, критика, лауреата Государственной премии РБ им. Салавата Юлаева Кима Абузаровича Ахмедьянова (г. Уфа, 8 апреля 2022 г.)
- Влахов C. Непереводимое в переводе [Текст]: / C. Влахов , С. Флорин . – M., 1986.
- Мешков Ю.А.Тюменские тетради: Очерки литературы сибирского Зауралья. – Тюмень: Тюменский издательский дом, 2010.
Көркөм адабият
- Матисаков А. Баткан күндү аяймын… Повесть, аңгемелер жана публицистикалар.
- Б.: «Турар», 2022. 395-408-бб.
Сөрү – бак ичине орнотулган жайкы жашоого арналган курулуш (тапчан)