Кыргыз Республикасынын Баатыры Б.Жакиев каза болду

Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, драматург, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Бексултан Жакиев 85 жаш курагында каза болду.

Бексултан Жакиев – 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келген.

1958-жылы КМУнун филология факультетин бүтүрүп, 1960–1962-жылдары киносценарийчилердин Москвадагы эки жылдык жогорку курсунда окуган. “Кыргызфильм” киностудиясында редактор (1963–1968), Кыргыз ССР Маданият министрлигинде (1968–1972), Кыргыз ССР Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор (1972–1975), Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары (1988–1992), КР Президентинин мамлекеттик кеңешчиси (1992–1993), “Манас-1000” мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору (1994–2000), 1994-жылдан КРнын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы болуп эмгектенген.

Бексултан Жакиев коомчулукка “Атанын тагдыры” (1959-ж.) аттуу алгачкы драмасы менен кеңири таанылган. Анда драматург кайраттуу карыянын согуш кесепетинен башына түшкөн оор кайгысы аркылуу бүткүл элдин муңун чагылдырган. Бул чыгарма Кыргыз драма театрында 500дөн ашуун жолу коюлган. Б.Жакиевдин адам турмушунун ар кыл жагдайларына арналган курч көйгөйлүү “Миң кыял” (1964), “Алтын аяк” (1967), “Өкүм” (1972), “Эртең – жаңы жыл” (1975), “Жолугушуу” (1979), “Күттүргөн жаз да келер” (1981), “Саадак какты” (1982), “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” (1989), “Жаза” (1990) жана башка драмалары бар. Бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин, “Азамат Алтай” повесть-эссенин автору. Драмалык чыгармалары камтылган “Бороондуу жолдо” (1965), “Встреча в городе ветров” (1969) жана башка китептери чыккан. “Атанын тагдыры” драмасы боюнча опера (В.Гусев), “Саадак какты” драмасы боюнча балет (Э.Жумабаев) коюлган. Б.Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында коюлууда. Театр, кино, коом жөнүндөгү ой толгоо макалалары гезит-журналдарда жарыяланып турат. Б.Брехттин, С.Михалковдун, М.Ауэзовдун драмаларын кыргыз тилине которгон. Б.Жакиев 2000–2003-жылдары даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөлүк өнөрлөрү ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынган.

Драматург Б.Жакиев III даражадагы “Манас” ордени, “Даңк” (1997), Казакстан Республикасынын Астана (1999) медалдары менен сыйланган.

Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери (1974), Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу (1993), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын (1989), Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы эл аралык сыйлыгынын (1994), Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыгынын (1996) лауреаты. Кыргыз Республикасынын Баатыры ардак наамы ыйгарылган.

КР Баатыры, КР Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург Бексултан Жакиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу жакындарына, үй-бүлөсүнө, ул-кыздарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

КРУЖС Башкармалыгы