Алыкул которгонбу же жазганбы?
Алыкул жөнүндө көп эле сөз айтылып, китептер жазылып, мыкты чыгармаларга сыйлыктар ыйгарылууда. Бул албетте жакшы иш, муну менен сыймыктанса гана болот.Улуу акынды улуу деп, анын атын өчүрбөй кадырлап, баркташ биздин ыйык милдетибиз жана парзыбыз. Бирок, ошондой болгону менен менин өзүмдүн жеке оюмча бардыгы жакшы сүйлөп туурасын айтышып, чыгармачылык жолун изилдешкени менен эң орчундуу, айта турган Алыкулдун мыктылык жагын байкашпай, ал жөнүндө сөз козгошпой келишет. Мен, бул макалада акыныбыздын эч ким байкабаган, ак ишин актай көрсөтүп, өзүнүн анык ээлер ордуна коюп, болгонун болгондой айтып берүүнү чечтим. Улуу акыныбыздын тоодой талантын сыйлап, арбагына сыйынып, өзүмдүн анын чыгармачылыгына болгон көз карашым жана ой-пикиримди, чыныгы чыгармачылыгын баалап-барктаган адам катары айтышка милдеттүүмүн.
Биз Алыкулдун акындыгы менен бирге анын мыкты котормочу экендигин баалап, сыймыктанып, которгон чыгармаларына суктанып, сугарылып, ошонун шарданы менен акыныбыздын поэзиясына эргип, (мен мында Шота Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыры”- жөнүндө айтып жатам) болгону анын поэзиясындагы окуяларды гана алып, кыргыз тилинде өлбөс-өчпөс чыгарма жаратканын эске албай, Шотанын котормочусу катары гана баалап, суктанып жүрөбүз.
Нечен жолу кайрадан басылып чыккан ал китептин кириш сөзүн окуп, жалпы элдин ой-пикирин уксаң деле, – которгон, эркин которгон деген сөз. Дегеле эч ким аны өзү жазып салган дегиси жок. Анткени, бул ой сезимибизде аябай бекем орун алган. Мен, туугандар, кандай десеңер да Алыкулду Шотанын котормочусу дегим келбейт. Шекспирдин драмаларын, Низаминин “Хосров менен Ширинин”, Пушкиндин “Евгений Онегинин” ал которду деп айтсак болот, анткени, кандай деңгээлде которгон болсо, ал ошондой бизге жетип, котормо экени көрүнүп эле турат, мисалы: ыргагы, муун өлчөмү, уйкашы менен. Ал эми “Жолборс терисин кийген баатыр” жөнүндө сөз козголгондо мен таптакыр эле которгон жок, өзү жазды деген ойдомун жана окурман журтчулуктун көбү менин оюма оңой-олтоң кошула койбосуна көзүм жетип турат. Себеби биз ал чыгарманы жарыкка чыккандан тартып которду деп жатып аябай көнүп алганбыз, ошондуктан жазды деп айтыш оозубузга келбейт. Жок, туугандар, анткенибиз жарабайт, ар нерсени өз аты менен атап, өз ордуна коюшубуз керек, мезгили да жетти.
Жазуучулукта белгилүү го, илгертеден бери улуу акын-жазучулар биринин чыгармачылыгына бири суктанышып, сюжетин гана алышып жооп катары өзүлөрүнүн оригиналдуу чыгармаларын жаратышкан. Турмушта аларга мисалдар көп:
Байыркы Индиянын “Панчатантра” жыйнагынан алынып, которулуп, арабдарда -“Калила менен Димна” аталган китеп, гректерде “Стефанит менен Ихнилдат” болуп, эл ичинде кеңири тараган, ар бир элде өзүнүн чыгармасы болуп эсептелген. Атактуу “ Миң бир түндү” алсак, араб тили аркылуу бүтүн Европага тарагандан кийин ага таасирленгендер көп болгон. Ошолордун ичинде кайра жаралуу доорунда жашаган Италиянын улуу акын-жазуучусу Жованни Боккаччо “Миң бир түнгө” таасирленгенинин натыйжасында “Декамеронун” жараткан. Ошондой эле, Иран элинин улуу акыны Фарид-ад-дин Мохаммед бен Ибрагим Аттар 1175-жылы жазган “Куштардын сайрашы” аттуу поэмасы ошол эле доордогу диндин жактоочусу Газаллиге “Куштар жөнүндө трактатты” жазууга түрткү берген жана Низамиддин Амир Алишер Навоинин (1441-1501жж.) 1499-жылы жазылган – “Куштар тили” аттуу поэмасынын жаралышына зор таасирин тийгизген. Ошондой эле Навоинин “Жүрөктөрдүн сүйгөнү” аттуу чыгармасын жазууга XI кылымда жашаган Жусуп Баласагындын “Кут билим” жана XIII кылымдын залкар акыны Муслихиддин Саадинин “Гүлстан” аттуу эмгектери таасирлерин тийгизген. “Гүлстан” демекчи, ал бир эле Навоиге эмес далай акындардын эмгектерине таасирин тийгизген. Ошолордун ичинде Навоинин замандашы, ак санаалаш досу, тажик элинин улуу акыны Абдурахман Жаминин “Бахаристан”, “Жазгы бак” чыгармасы да бар. Бул дагы “Гүлстан” сыяктуу сегиз главадан жана ырга аралаш чакан аңгемелерден турат.
XI кылымда Гурган шаарында жашаган Фахр-ад-дин Асад Гургани 1048-1057-жылдардын ортосунда жазган “Вис менен Рамин” поэмасы X-XIII кылымдарда эки жолу грузин тилине кара сөз мене которулуп, грузин элинин чыгармасы катары саналып, “Висрамиани” деп аталган. XI кылымда жашаган сириялык көр акын Абу-ль-Ала-Ахмед ибн Сулейман ат Танухи Аль Маари (978-1058-жж.) 1033-жылы “Периштелерден кабар” поэмасын жазган. Чыгарма латын тили аркылуу бүтүн Европага белгилүү болгондо кайра жаралуу доорундагы италия элинин улуу акыны Данте Альигери (1265-1321-жж.) жашаган, 1307-21-жылдардын ичинде “Комедия” – аттуу чыгармасын жараткандан кийин анын укум-тукумдары “Комедияга”- керемет деген ат кошуп “Кереметтүү комедия” – “Божественная комедия”- деп аташкан. Бул дүйнөгө белгилүү чыгарма Абу-ль-Ала Аль-Мааринин “Периштелерден кабар” поэмасына таасирленип, ошону туурап жазган, өзөгү окшош мыкты чыгарма.
XIII кылымда армян элинин үч атактуу – Мхитар Гош, Оломпиан, Вардан Айгекц деген тамсилчилери чыккан. Алардын тамсилдеринин сюжеттери Күн Чыгыштын улуу акыны Жалаладдин Руминин “Маснави” поэмасынан түздөн-түз алынган, которулган деп айтылбайт. Андан бери келгенибизде, Италия жазуучусу Карло Коллоди Лоренцини (1826-1890-жж.) жашаган. Ал 1880-жылы “Пиноккинонун жоруктары, морионетканын тарыхы” – аттуу, балдар үчүн кызыктуу аңгемесин жазган. Ошонун негизинде 1936-жылы А.Н.Толстой өзүнүн “Алтын ачкыч”, же болбосо “Буратинонун жоруктары” – аттуу повестин окурмандарга тартуулаган.
X-XI кылымдарда, тактап айтканда, 980-1037-жж. жашаган улуу дарыгер Абу-Али-ибн-Синанын “Саламан менен Абсаль” аттуу философиялык поэмасына таасирленип XIV кылымда жашаган испаниялык арабдын жазуучусу ибн Туфейль “Хайле ибн Якзан” деген трактатын жазган. Бул трактат европалыктарга кеңири таанылып, андан 50 жыл өткөн соң, белгилүү француз жазуучусу Даниэл Дефонун калеминен “Робинзон Крузо” жаралган.
Орус элинин улуу тамсилчиси И.А.Крылов Батыш, Чыгыштын, байыркы Грузиянын тамсилчилеринин чыгармаларын эң мыкты, жогорку деңгээлде которгону менен котормочу аталбай эле улуу тамсилчи болуп келатат. Мисалга алсак, анын тамсилдери Эзоптон, Лафонтьенден, Бабрийден, Саадиден алынган. “Ийнелик менен кумурска” аттуу тамсил Саадинин “Булбул менен кумурска” деп аталган чыгармасынан. Пушкиндин, Гауфтун жомокторунун сюжеттери бүт Чыгыштан алынган. Ошондой болгону менен аларды ким котормочу деп эсептеп жатат?
Чыгыш демекчи, азербайжан элинин улуу даанышман акыны Низаминин “Хамсасына” кимдер гана таасирленген жок. Нечен кылымдын ичинде чыгыш элинин кырктан ашык “мен!” деген мыкты акындары акындык дараметтерин сынашып, жооп катары өзүлөрүнүн “Хамсаларын” жаратышкан. Хамса – беш дегенди билдирет. Низами өмүрүндө ар кайсы жанрдагы ырлардан бөлөк көлөмдүү беш поэма жазган. Кийинки муундагы акындар поэмаларды өзүнчө бириндетпей, беш поэмадан турган бир китепке топтошуп “Хамса” деп аташкан.
“Хамсага” мыкты жооп жазгандардан Индиянын булбулу Эмир Хосров Дехлеви, тажик элинин даанышманы Нураддин Абдрахман Жами жана өзбек элинин улуу акыны Алишер Навоилер болушкан. Булардан мыкты эч ким жазган эмес. Жами гана өтө таасирленип кеткендиктен беш эмес жети поэма жазып жиберген. Алтынчысы, – ибн Синанын “Саламан менен Абсаль” аттуу поэмасын туурап, ошол эле ат менен өзүнүкүн жазган. Жетинчиси – “Жусуп менен Зулайка” аттуу поэма, анын сюжети Курандан алынган. Навои болсо өзгөчөлөнүп, мыкты чыгармаларды жалаң эле фарс тилинде эмес, өз эне тилинде да жаратса болот деп Низами жазган поэмаларды эски чагатай, тактап айтканда түрк тилинде жазып чыккан. Айтор, айта берсе мисалдар көп, баарын айтып убакытты алыштын кажети деле жок. Мунун баарын макаламда ийне-жибине чейин далилдеп жатканымдын себеби эмнеде?
Айтайын дегеним: Эмне үчүн макаламда атап жаткан улуу акын – жазуучулардын бири дагы котормочу делбейт? Өз ордунда оригиналдуу акын болуп гана жогорку кадыр-баркка ээ, эч ким буга каршы эмес. Ким мисалы Дантени, Дефону, Крыловду, Жамини, Навоини ж.б. котормочу дей алат? Антип айтууга ооз барбайт. Ал эми биздин элибизге келип, алардан кем эмес Алыкул жөнүндө сөз кылганда биз аны жөн эле котормочу деп атап, андан жогору көтөргүбүз жок. Мына кемчилигибиз ушунда. Менин баятан бери айтайын дегеним ушул болучу. Менин түшүнүгүм боюнча, биздин Алыкул дагы котормочу гана эмес, Данте, Жами, Навои, Крылов сыяктуу эле өз тилинде “Жолборс терисин кийген баатыр” – аттуу чыгарма жараткан оригиналдуу акын. Биринчиден, андай көлөмдүү чыгарманы бир жылдын ичинде которуш оңой эмес, колдон келбейт. Үч-төрт мыкты акын-котормочулар биригип бир нече жылдын ичинде которушу мүмкүн. Экинчиден, чыгарма котормого окшошпойт, кыргызча эле жазылган мыкты чыгарма, сюжетин гана алган, кыйналып, кысталып которгон эч бир сабы жок. Ыргагы, уйкалышы, муун өлчөмү нукура кыргыздыкы болуп турбайбы. А түгүл, Шота айтпаган ойлорду да айтып, тереңирээк берген. Салыштырып көрөлү:
Орусчасы (которгон: Н.Заболоцкий)
Лучше с женщиной не знаться тем, кому под силу это,
Ты отдашь жене все сердце, нежной ласкою согрето,
А она тебе изменит, позабыв слова обета,
Доверять не нужно женам даже малого секрета.
Алыкулдуку:
Алыс жүр аялдардан колдон келсе,
Эмесе, аял деген кыйын нерсе.
Бараткан түз жолуңдан адаштырат,
Эркектен амалдуурак кырк бир эсе.
Көбүндө жалган сүйүү, ошондуктан
Ишенбе чын жүрөктөн сүйөм десе!
Байкаганга асман менен жердей, которгондо мындай болот экен:
Колдон келсе, аялга сен жакындаба, болбо зар,
Бир ал үчүн жан дүйнөсүн эч аябайт сүйгөн жар.
Бейопалык кылып бирок, аның антын унутар,
Тырнактай да сырың айтпа, элге жайып курутар.
(К.Басылбеков)
Негизи поэма төрт саптан турат, он беш муун, төрт сабы тең уйкашат. Алыкулда булардын бири жок, накта кыргыз поэзиясындагы ыкма менен жазылган. Мен мунун баарын шашпай изилдеп чыгып, орусча-кыргызчасын салыштырып көрүп, котормо эмес экенине көзүм жетип, аны өзүм эле билген бойдон тим жүрө бербей жалпы элге дагы билдирейин дедим. Акыныбыздын “Жолборс терисин кийген баатырын” которбой, өзү жазып чыкканын далилдеш үчүн поэманы өзүм которушум керек болду, антпесем кантип далилдемекчимин? Ошонун натыйжасында которууга киришип, бир нече жылдын ичинде ондон ашык главаларын которууга жетиштим. 1988-жылы маркум акын Совет Урманбетовдун колдоосу менен (ыйманы саламат болсун!) “КМ”нын бетинен биринчи главасы жарык көрдү. Ал киши болбогондо аным балким дагы эле чаң басып көмүскөдө калмак.
Которгонумдун себеби, Алыкулду котормочулуктан сууруп, оригиналдуу акын катары билгизип, котормочулук милдетти өз мойнума алайын дегем. Бул оюма айрымдар түшүнүшпөй, мен Алыкулду басынтып, өзүм мыктысынып жаткандай сезишип, тим эле койсоң болмок деп кабактарын бүркөштү, бул туура эмес түшүнүк. Которбо дегендер Алыкулду коргоп, бийик көрүп, атына чаң жугузбайын дегендикке жатпайт. Антип ойлогондор өздөрү Алыкулду басынтып жатышкандарын билишсин, котормочу эле бойдон калтырып баркын төмөндөтүшкөнүн сезишсин. Меники тескерисинче, поэманы которуп, Алыкулдун баркын көтөрүп, Шота Руставелинин катарына коюп, котормочулуктан бошотуу. Акындын Шотага деген ырында деле өзүм жаздым деген сөзү бар го, ал ырын мен орусчага котордум эле окуп байкасаңыздар, ал мындай дейт:
Шота старец, дружбы крепкой неразрывное звено,
На земле трудом быть славным нам, мужчинам суждено.
Оседлал тебе коня я, в ливный край доставит он,
Чистокровный он, киргизский, загляденье лишь одно.
Өзүңүздөр байкагандай эле ал поэманы которбой эле сюжетин гана алып мыкты жазып салган. Эгер силер менин оюма түшүнүп, мага кошулсаңар мен өз тилегиме жеттим дээр элем. Анткени, ар бир эл өзүнүн мыкты адамдарын туура баалап, татыктуу ордуна коюш керек жана коюуга милдеттүү.
Эркин Тоо, 7-январь, 2000-жыл