КР Эл жазуучусу Мар Байжиевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, драматург, киносценарист, кино жана театр режиссеру Мар Байжиевдин сөөгү бүгүн Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында өттү.

Мар Байжиев 1935-жылы Жалал-Абад шаарында туулган. 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн. 1961-жылы СССР Кинематографисттер союзуна, 1966-жылы Кыргыз ССР жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган.
1962-1964-жылдары Москвадагы сценарийчилердин жогорку мектебин аяктаган. Окуу менен бирге «Кыргызфильм» киностудиясында улук редактор болуп иштеген.
1964-1971-жылдары Маданият министрлигинин репертуардык кеңешмесинде башкы редактор, 1971-1975-жылдары «Литературная газетанын» Кыргызстандагы кабарчысы кызматтарын аркалаган.

Эгемендик жылдардын башталышында Жогорку Кеңештин (легендарлуу парламенттин) эл депутаты: маданият, эл агартуу, мамлекеттик тил жана туризм боюнча комитеттин төрагасы, эгемендиктен кийин «Седеп» фондунун президенти болгон.

Мар Байжиевдин адабияттагы өзгөчөлүгү катары анын эки тилде (кыргыз, орус) бирдей жаза билгенин, ошол эле учурда драматургияны да, прозаны да, котормону да, сынчылыкты да, режиссёрлукту да чогуу ала жүргөнүн белгилешет.

Адабияттагы алгачкы кадамы 1961-жылы жарык көргөн «Кара курт» сатиралык аңгемелер жыйнагынан башталган. Ал драматург катары «Ар бир үйдө майрам», «Кыз-күйөө», «Төрт адам» (алгачкы аталышы «Эрөөл»), «Алтынчы күнү кечинде», «Узак сапардагы поезд», «Байыркы жомок» жана башка бир катар драмаларды жазып, прозаик катары «Чыйыр», «Адашкан адам», «Мезгил барактары» өңдүү аңгемелер, повесттер, киноповесттер жыйнагын басмадан чыгарган.
Мар Байжиев жазган сценарийдин негизинде «Кыргызфильм» киностудиясы «Ак илбирстин тукуму» («Кожожаш»), «Алтын күз», «Нокдаун»; «Өзбекфильм» киностудиясы «Бөтөн бакыт», «Нөшөр»; «Казактелефильм» студиясы «Жаңы жыл алдындагы түн» толук метраждуу көркөм тасмаларды тарткан. Мындан тышкары автордун аңгеме, повесттеринин негизинде да бир нече тасмалар тартылган.

Кыргыз Эл жазуучусу» наамы ыйгарылган. «Манас» орденинин кавалери.