Урматтуу калемдештер,
Урматтуу замандаштар,
Жалпыңыздарды КР Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз! Кыргызстан өз алдынча өлкө, эгемендүү эркин мамлекет болгондон бери көп кыйынчылыктарды баштан өткөрүп, көз карандысыздыгын сактап, дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн татыктуу ордун ээлеп келе жатат. Ар тараптан алдыңкы өлкөлөрдүн катарын толуктоо мүмкүнчүлүктөрү бизде арбын жана акырындан ал жолду басып келе жатканыбыз бизге маалым.
Соңку жылдары баатыр жүрөк эр-азаматтарыбыз, балбан кыздарыбыз спортто ийгилик жаратып, дүйнөнү таң калтырып, желегибизди желбиретип, элибиздин намысын колдон түшүрбөй коргоп келатат. Мамлекеттин камкордукка алуусу аларга дем берип, талыкпаган аракеттин натыйжасында ак эмгектин акыбети кайтып, жеңиш артынан жеңиш жаратууда.
Кезинде дүйнөлүк адабияттын алтын коруна “Манас” эпосу менен Ч.Айтматов феноменин берген улуттук, классикалык адабиятыбыз да бул жылдары аксап калган жок. Эгемендүүлүк алган жылдардан бери, акын-жазуучуларыбыз 2 бөлмөнү баш паанектеп, эш тутуп, эл аралык, дүйнөлүк деңгээлге чыгып, Айтматов алып берген абройду асти колдон чыгара элек.
Кыйын күндөргө моюн сунбаган, элин-жерин сүйгөн чыныгы мекенчил эл эгемендигин түбөлүк сактап турат деп ишенебиз. Ар бирибиз өз ишибизди сүйүп, өз кесибибиздин адиси болуп алдыга карай өсөлү.
Калемдештерге чыгармачылык эргүү, талыкпаган эмгек, изденүүчүлүк, жаратмандык каалайбыз!
Ылайым жараткан Эгебиз эгемендүүлүгүбүздү кут кылсын! Жерибизде тынчтык, бейпилдик, элибизде ынтымак, биримдик болсун!
Урматтоо менен,
КРУЖС Башкармалыгы