Калемгерлер арасындагы жарыяланган сынактын мөөнөтү узартылды

СЫНАКТЫН ЖОБОСУ

  • Адабий сынак жүзөгө ашырыла турган жер:

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

 1. Адабий сынактын катышуучуларынын курамы:

16 жаштан жогорку курактагылар катыша алат.

2. Адабий сынактын максаты жана милдети:

  • Эгемендүүлүк жылдардан кийинки кыргыз адабиятындагы адабий процесстин деңгээлин жогорулатуу;
  • Кыргыз окурмандарына чыгармачылык чеберчилиги кынтыксыз, эстетикалык табити жогору, дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты чыгармалардын үлгүлөрүнө тете авторлорду тааныштыруу;
  • Акын-жазуучулардын анын ичинен драматургдардын, адабий сынчылардын, адабиятты илимий жактан изилдөөчүлөрдүн чыгармаларын эл арасына кеңири жайылтуу;
  • Адабий чыгармачыл жаш күчтөрдү коомдук-маданий турмушка активдүү аралаштыруу;
  • Кыргыз маданиятынын жана адабиятынын идеялык-көркөмдүк деңгээлин өнүктүрүү, анын коомдун өнүгүшүнө жана инсандын калыптанышына тийгизген таасирин күчөтүү;

3. Адабий сынактын уюштуруучулары:

  • Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу.

4. Уюштуруучу топтун милдеттери:

  • Адабий сынакты уюштуруунун жана өткөрүүнүн иш-планын иштеп чыгуу;
  • Адабий сынактын калыстар тобун түзүү;
  • Жалпы чыгымдардын сметасын түзүп чыгуу;
  • Катышуучуларга толук маалыматты жеткирүү;
  • Өнөктөштөр менен тыгыз иштешүү;
  • ЖМКлар менен тыгыз кызматташуу.
  • Адабий сынакка келип түшкөн чыгармаларды калыстар тобунун курамына автордун ысымдары көрсөтүлбөгөн шартта тапшырат.

5. Калыстар тобу:

  • Калыстар тобунун курамы КРнын Улуттук жазуучулар союзу менен макулдашуунун негизинде КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу аркылуу бекитилет.
  • Калыстар тобунун мүчөлөрү сынактын катышуучуларынын чыгармаларын карап чыгып, көз карандысыз баа берет;
  • Адабий сынактын жыйынтыгы калыстар тобунун көпчүлүк бөлүгүнүн чечими менен кабыл алынат;
  • Катышуучулардын чыгармалары боюнча кыскача пикир билдирет.

6. Адабий сынакка катышуунун шарттары:

  • Адабий сынак төмөнкү 4 (төрт) жанр боюнча жүргүзүлөт:
  1. Поэзия
  • Тематикалык чектөө коюлбаган мыкты поэма гана кабыл алынат;
  1. Проза
  • Тематикалык чектөө коюлбаган мыкты аңгеме гана кабыл алынат;
  1. Драма
  • Тематикалык чектөө коюлбаган мыкты пьеса гана кабыл алынат;
  1. Адабий сын
  • Тематикалык чектөө коюлбаган бүгүнкү күндөгү адабий процесстин өсүп-өнүгүү, өксүк маселелерин так-таамай чагылдырган адабий эмгектер кабыл алынат;
  1. Чыгармалардын көлөмүнө чектөө коюлбайт.
  • Чыгармалар Times New Roman 14 арибинде 1,5 сап аралыкта жазылууга тийиш;
  • Чыгармалар электрондук түрдө гана кабыл алынат;
  • Адабий сынакка катышкан чыгармалар авторго кайра кайтарылып берилбейт;
  • Адабий сынакка катышууну каалаган авторлор мурда эч жерде жарыяланбаган жаңы чыгармаларын сунуштайт.
  • Жогорудагы талаптар аткарылбаган учурда автоматтык түрдө катышуудан четтетилет;
  • Сынакка чыгармаларды кабыл алуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрына чейин жүргүзүлөт;
  • Сынактын кабыл алуу мөөнөтүнөн кечиктирилип тапшырылган чыгармалар кабыл алынбайт;
  • Дареги: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү 78, Е-mail: synak.2020@mail.ru
  • Байланыш үчүн тел.: (0312) 62-34-97, 0707 71 05 71, 0703 72 58 58.
  • Адабий сынакты өткөрүү боюнча толук маалыматтар жана сынактын жыйынтыгы mkit.gov жана www.adabiyat.kg сайттарына жарыяланат.