Саади
* * *
Саадини замандаштары: «Чыгыштын булбулу» – деп аташкан.
Анткени анын казалдары өтө ыргактуу, музыкалуу келгендиктен калк арасында обонго салынып ырдалып, кеңири таралган. Ыры ырдалбаган бир дагы оюн-зоок, элдик майрамдар өткөн эмес. Казалдарынын негизги темасы эки ашыктын сүйүүсү. Оттуу сезимдерди шурудай тизген көркөмдүгү, кынтыгы жок чеберчилиги акынды эң бийик даражага көтөрүп турат. Анын кырк жашка чейинки жазган казалдары «Куллият» деген жыйнагына топтолгон. Бул китеп махабатка арналган улуу эстелик.
«Азабым көрүп кош көңүл эгер карасаң,
анда мен кантип жан дүйнөм жыргап жай табам?
Күзгүдөн сулуу жүзүңдү тиктеп көрөсүң,
түшүнгүн бирок ашыктар шорго кайнаган…» – деп ырдап ашыктардын жарчысына айланып кеткен.
* * *
«Гүлүстан» деген китебин окуган адам чачылган берметтей акылдын казынасына дуушар болот. Китеп сегиз бөлүктөн турат. Тарбиялык маанисине чек жок. Акын эл арасында кеңири таралган аңыздарды, кызыктуу окуяларды, болумуштарды, шакабаларды мисалга келтирүү менен ар кандай турмуштук кырдаалдарды чагылдырып, аягында поэтикалык ыр саптар аркылуу насаат-тыянак чыгарат.
Дүйнөнүн миң кырдуу сырын билген, ою терең, акылы тунук, жүрөгү айкөл даанышмандын образы көз алдыңа тартылат. Чыгарма абдан жөнөкөй, түшүнүктүү, образдуу жазылгандыктан жети кылымдан бери улуу касиетин жоготпой эл арасында сүймөнчүк менен окулуп келатат. Поэзия менен кара сөз айкалышкан, турмуштук мол тажрыйба жуурулушкан бул эмгектин куну жок. Окуган сайын окугуң келе берет.
* * *
Орто кылымдарда акындар, өнөр адамдары, аалымдар кайсыл бир падышанын ак сарайына чакырылып, бийликтин кызматын кылып, падышанын камкордугуна алынып, чыгармаларын жазышкан. Саади адегенде ак сарайга барып сый-урматка татыган. Кийинчерээк бийликтин ирип-чирип баратканын көрүп, кызмат кылуудан өз ыктыяры менен баш тарткан. Эркиндикти көздөп жер кыдырып, саякаттап кеткен. Ар кандай аалымдар, падышалар, акындар менен маектешкен.
Ошол үчүн ал: «Адам эки өмүрдү жашап өтүшү керек. Биринчисинде изденип, ката кетирип, тажрыйба топтоп, экинчисинде топтогон тажрыйбасын ишке ашырып өз турмушунда колдоно билиши зарыл», – деп айткан. Акын мына ушул айткан сөздөрүнүн өтөсүнө чыкты. Анын жемиши – «Гүлүстан» менен «Бустан» чыгармалары.
* * *
Өмүрүнүн акырында жазган бир керемет рубаиси бар. Сексен сегизге кирген акын мынтип ырдап жатпайбы:
«Арзууларга жеталбастан дем кысталып бууктум.
Айтып анан эс алайын эми дагы бир азга.
Атагөрү: «Жетет!» – дешип тургузушуп жиберди,
өмүр деген дасторкондун олтура элек жанына…»
Жашоонун көз ирмемдик экендигин, адам канча жашаса да өмүргө тойбостугун, эми гана тирүүчүлүктүн ырахатын сезип, ага жеткенде үзүрүн көрбөй кеткендигин өтө образдуу, таамай берген.
* * *
Кайсыл заманда болбосун шылуун, алдым-жуттум, өзүмчүл, талантсыз акындар айла-амал менен жол таап кетери бышык. Мансап адамдарына кошомат кылып, көкөлөтүп мактайт. Оокат тиричилигин оңдоп, бардар жашашат. Саади да ошондой күн тийген жердин чубагы болгондордон запкы тарткандыгы маалым. Бир рубаисинде алар жөнүндө момунтип ырдайт:
«Эй, былжырак! Махабатты акың барбы ырдоого?
өмүр бою жаздыңбы сен ыргактуу бир-эки сап?
Көрдүңбү улуу ойлору бар сөздүн пири Саадини…
Паашаларды ырдабады – ыры жалгыз махабат»