Дүйшөнбек Бектемир уулу: Үйрөтcөк да жашоонун сырын чоңдор, Аруулукту баладан үйрөнөлү

Дүйшөнбек Бектемир уулу – студент кезинен эле сезимтал, муңайым поэзиясы менен окурмандарга таанылып калган жаш калемгер. Жаштардын “Жигер” чыгармачыл борборунун жетекчиси. Өнөрлүү жаштарды таптап, чыгармачылыгын өнүктүрүүгө кам көрүп келатат. Поэзия боюнча бир нече көркөм сынактардын жеңүүчүсү. Улуттук жазуучулар союзунун “Ардак грамотасынын” ээси.

Наристелер – аруулар

Чоң бут кийим, чоң көйнөк кийген менен,

Жер кыдырып, көп нерсе билген менен.

Наристедей туптунук боло албайбыз,

Жакшы адам көрүнүп жүргөн менен.

 

Наристелер атыр жыт, гүл денелүү,

Жашагыңды келтирет сүйлөгөнү,

Үйрөтcөк да жашоонун сырын чоңдор,

Аруулукту баладан үйрөнөлү.

 

Оору-сыркоо алардан алыстасын,

Улуу муундар оң жолго багыттасын.

Биз үйрөнгөн наадандык, пастыктарды

көргөзбөйлү, үйрөнүп алышпасын.

 

Наристелер оң жолго багыттасын,

Наристелер бизди ээрчип калышпасын.

 

Кечки сулуу

Кечки сулуу… Сезим менен табышкан,

Кезиккенбиз бой жашырып жарыктан.

Бак-дарактар айдан сени кызганып,

Бутактары айды тосуп алышкан.

 

Көрүүгө зар ай шыкаалайт жамалың,

Сулуу жүзүң мен ансайын карадым,

Дарактардан мен кызганып ошондо,

Дене-боюң кучагыма камадым.

 

Сүйүү толгон жигит-кыздын ортосу,

Сүйүү болгон жигит-кыздын жолдошу.

Мага гана көрүнүүчү чырайың,

Башкаларга көрүнбөгөн болсочу.

 

Сен басуучу чыйыр мени жетелеп,

Эркелеген эркелигиң кете элек.

Эрке бойдон жылуулугуң суна бер,

Сүйүүбүздү жылыталы экөөлөп.

 

Ортобузда толуп турган сүйүү бар,

Ортобузду жылыталы экөөлөп.

 

Биз

Бойго жетип, экөөбүз тең жетикпиз,

Махабаттын суусун бирге кечиппиз.

“Сүйөмүн” деп айта бергин сен мени,

А мен сени сүйөм десем жетишсиз.

 

Жүзүң, оюң – көздүн эле агындай,

Эркетайым, кантип жашайм сагынбай.

Аары болуп сүйүү мени чакты эле,

А сен келип татым бердиң балындай.

 

Ашыктардын танбайм мурда болгонун,

Азыр болсо сага барчу жолдомун.

Мага дары, сага бакыт кайра эле,

Эскилерди унуткузуп койгонуң.

 

Бийиктери болот ашуу бийиктин,

Ашып өтөр күлүгү бар күлүктүн.

Сездим окшойт эми чындап сүйүүнү,

Буга чейин бекер сүйүп жүрүпмүн.

 

Сен тарапка агам суудай тамылжып,

Бирибизди экинчибиз сагындык.

Кесилиштик, кезигиштик, бир болдук,

Сүйүүдөгү жарааттардан арылдык.

 

Эки тагдыр

Сүйүү таап, эргүү таптык өмүрдүк,

Бул күч менен жашоочудай көрүндүк.

Эки адамга беребиз деп бакытты,

Биз экөөбүз эки жакка бөлүндүк.

 

Тартынбайбыз азыр салам бериштен,

Каректер да байыр алып көнүшкөн.

Экөөбүзгө эки башка эки адам,

Бакыт берүү үчүн кайра келишкен.

 

Оңолсо эгер кече кылган катабыз,

Бакыт деген сөзгө жалпы батабыз.

Өздөрүнө бакыт берүү үчүн деп,

Өздөрүнөн бакыт алып жатабыз.

 

Ашыксың

Кубатымды сенден алып күчтөнөм,

Кубанычымды өзүң болдуң түптөгөн.

Жакындай албай сүрдөнүп жүрсөм,

Жакындашыңды сенден күтпөгөм.

 

Сыртыңдан сени аярлап жүргөм,

Сырларым билип калар деп жүргөм.

Ашыктыгың озунуп айттың,

Айтарга сөзүм даярдап жүргөм.

 

Сүйүүнүн даамын татыпсың, перим,

Сүрдөнүп сен да жатыпсың, перим.

Бир-эки айча жактырып жүргөм,

Бир жылча сырың катыпсың, перим.

 

Кыймыл берген тирүүлүк

Күндөр калды, күндүн өтүп нечени,

Туулуу – башат, өлүм дешет этеги.

Жапжаш бойдон турсам дагы азыр мен,

Жаштыгымды издеп жүрөм кечээги.

 

Өз өмүрүн өзү чечүү жанда жок,

Баш ийүү бар, баш ийебиз айла жок.

Тирүү жүрүп “тирүү” боло албасак,

Кыймыл берген тирүүлүктө пайда жок.

 

Ак кар

Ак кар түшөт асмандан,

Муздак желге коштолуп.

Жылуу колго тийгенде,

Эрип кетет жок болуп.

Кар дагы эле шок бойдон,

Биз калсак да токтолуп.

 

Оюн куруп аппак кар,

Түшүп жатат төмөнгө.

Жайдак кылып бутакты,

Күз кемирип жеген го.

Кар кучактап алыптыр,

Агартайын деген го.

 

Жаш бутактар шөмтүрөйт,

Байкуш алар үшүптүр.

Жаркылдашын көрүп ал,

Күн чыгышын күтүптүр.

Түндө жааган аппак кар,

Сансыз жылдыз элесин,

Жерге ала түшүптүр.

 

*****

Уялта койгон күндөйсүң

Аргасыз чыгам көчөлөп,

Элесиң мени жетелеп.

Ойлорум жандап жүрсө да,

Колдорум, бирок, жете элек.

Тартуулап турсаң бакытты,

Кайтара алам эселеп.

 

Кымбатсың кыздын баарынан,

Кыңайсам жөлөп карууман.

Калп эле кээде таарынсаң,

Калп эле мен да таарынам.

Алысын айтпай коёюн,

Жанымда турсаң сагынам.

 

Мен издейм, сен да издейсиң,

Ойдо да, жолдо бирдейсиң.

Бакытты бирге табабыз,

Жакшылык жолго жүр дейсиң.

Карасам кайра уялам,

Уялта койгон күндөйсүң.

 

Кар сагындым

Кар сагындым аппак, назик, жылтырак,

Көздүн жоосун ала турган жылтырап.

Жашыл төргө бизди таштап дайындап,

Жаз айында кеткен эле айылчылап.

 

Араң турам ашыгыма бара албай,

Белгисиби сары түс – бул сабырдын?

Жумшак кардын көздөрүңдүн агына

Түсү окшош болгон үчүн сагындым.

 

Ашык, арман сагынуудан курулат,

Зыяны жок учурашып туруу бат.

Өзү менен кар сагынткан эркеме,

Ушул кышта жолукчудай туюлат.

 

Үшүп калсак алып чыгып сунууга,

Сезимимди катып койдум жылуулап.

 

Уурдап алдым

Кыял бийик, айыл анын тирөөчү,

Көз алдымда өскөн жердин сүрөтү.

Артта калган күндөрүмдүн жакыны,

Кайталангыс балалыктын күбөсү.

 

Чоңоюу бул бөбөк кезден башталар,

Ага күбө айыл, тоолор, аскалар.

Балалыгым жоготтум деп өкүнсөм,

Уурдап алып колдонууда башкалар.

 

Аны билбей издеп, чуркап күйүктүм,

Жашмын бирок, бөбөк эмес жигитмин.

Кишилердин жигит кезин мен азыр,

Уурдап алып пайдаланып жүрүпмүн.

 

Оштук кыз

Кармашып басар элек кош улан-кыз,

Окуунун күндөрүндө сентябрь – күз.

Экөөбүз эки жерден биригүү үчүн,

Ыйык шаар – Ош шаарында окуганбыз.

 

Айылбы, шаарда экениң болуп күмөн,

Сагынып мен айылда ооруп жүрөм.

Калгансың жүрөгүмдө Оштук болуп,

Мен сенин Оштук мырзаң болуп жүрөм.

 

Ошумдун чаңы учат жолубузда,

Шаар жана сен, мен болуп оюбузда.

Төрөлүп Оштук болсун балдарыбыз,

Үй-бүлө жүгүн артсак жонубузга.

 

Окуудан үйдү көздөй кайтканымда,

Сен кошо баскандайсың капталымда.

Ошума сүйүүм менин күчөп калган,

Оштук кыз сени Оштон тапканымда.