Бузук телефон
Ар кимдин ырыскысы ар тараптан, ар кандай жолдор менен табылат. Бирөө кара жумуштан, бирөө таза жумуштан, бирөө акылы менен, дагы бирөө жакыны менен, бирөө басып жүрүп буту менен, бирөө кол коюп калемдин учу менен, бирөө бийлеп жүрүп, бирөө сүйлөп жүрүп акча табат, албетте жанды багат. Иштеген ишим үчүн нааразы болбоймун, келечектен үмүтүм чоң, жакшылыкты болжоймун. Жашап келем эл жашаган катарда, жумушум жеңил, телефон оңдойм базарда, кейибейм капаланып заманга, алдыга жылуу үчүн аракет керек адамга, бирок ишеним болуусу зарыл, ташталган ар бир кадамда. Бул жумушту аркалоо үчүн билимим жок атайын, бирок муктаждыктын мектеби ушундай өнөрдү үйрөттү, эми өз арабамды өзүм тартайын. Ушундай иш күндөрдүн биринде, бул окуя унутулбай калды дилимде. Телефондор ар кай бурчта жатат чачылып, бирөөсү түзөлгөн, бирөөсү бүтөлгөн, бирөөсүнүн башы турат ачылып, курсагым ачты, ашканага жөнөгөм шашылып. Аңгыча кара күрмө көтөрүп алган, күрсүлдөп жөтөлүп алган, жашы жетимишке барып калган, колунда таягы бар карып калган, жүзү кубарып азып калган, билбейм же тагдыр башына жазык салган, сакалы ак басып жайкалган, колунда түйүнү бар эле, бурчу чыгып тургандыктан, телефон экени байкалган, кыргылдаган үнү менен кеп салды, “балам, үзүр, бул тилпонду (телефон дегенге тили келбей) карап берчи, көзүм жетпейт, карыганда керекке жарап берчи” деп салды. Атамдай адам турса кантип айтылат “жок” кебим, бирок курсагым ач, аксакалдын батасын алам, ошону ойлоп” хоп” дедим. Майын чыгара жасайм бир иштин, бул инсанды кубантайын деп, жумушума катуу кириштим. Тан калдым карап алып мен ошондо, назар салдым көп убакыт телефонго, сүйлөсө угулат, баскычы ордунда, толо бирдиги бар, жапжаңы маркасы, сынбаган аркасы, анда неге бузулат. Убакыттын кеткенине кайгырып, аксакалга кеп салдым, телефон туурасында кайрылып; “Чон ата, телефондун айыбы жок, кемтиги, бузук жери, жазыгы жок, баскычы иштейт баары тең, эски да эмес, акыркы чыккан жаңы экен, түйбөңүз, менден белек болсун, бул капчыкка салыңыз, баары ордунда, муну эми алыңыз”. Ошол замат аксакалдын жүзү кубарып, көзү тунарып, мени тике карабай, шолоктоп ыйлап калды баладай.
Ай балам: “жаңы көрүп сен муну кенебейсиң, тилипон иштеп жатса, балдарым бир жолу чалбады, өзүн айтчы, неге дейсиң, өтүп жаткан күндөрдү санай берем, үмүт гана өчпөйт экен, азыр эле чалат деп, тилипонду карай берем, окшош күндөр өтүп жатат, мен аларды далай жеңем, күч –кубаттан бара жатам арылып, келди мага карылык, балдарым, айланайын балдарым деп, Кудайдан тилеп жүрүп алганым деп, көздөн да жаш түгөндү, анткени зарладым көп. Басууга, ашууга баягыдай дарманым жок, балдарды көрсөм болду, дүйнө түгөл, арманым жок.”
Ай жарыктык, жарыктык ай! Атаны ыйлатып, ак бата тилээр кезде, аппак тон кийээр кезде, жүргөнү жарашабы, көздөрүн ый басып, атага жетпей келет, канчасы ыйлашып. Кор кылды, көр кылды, ачыгында байлык жанды, атадан артык турган, айткыла байлык барбы? Атанын ак батасы, ааламдын кеңдигине тең ошол го, күнөөнү балага эмес, карачы аксакалды, коюптур бузулдуң деп, жапжаңы телефонго. Кабарын албай коюп, телефон чалбай коюп, балдары кайда жүрөт? Жардамга жарабаган адамдай, өзүм да капаландым, карегинен жаш акпасын, кадырлуу аталардын, ый-муңду көрбөйт элем, мындайын билгенимде, башынан көнбөйт элем, ишимди жемеледим, ыйлаттым неге дедим, көтөрүп чепкенин, байкабай калыпмын, аксакал кеткенин. Көзүмдөн жаш куюлган, өзүмдү кыйнап жаттым, кулпуну колго алып, баарысын жыйнап жаттым. Болду, айылга кетем дедим, атакем төшөктө, оорукчан кесел дедим, атама арнап алган, капчыкка белек толду, аксакалдын телефону, атамды сагынууга, чынында себеп болду. Шашылып чуркап жаттым, жай баспай баштагыдай, атама аман жеткир, абалын сакта Кудай.
Балдары аталарын, урматтап сыйлап алсын, ак бата күчү менен чоң оомат жыйнап алсын, атанын тилегинде, улуулук, дөөлөт бар, ошону сезсең жыласың, ар бир бала урматтап, периштелер ойногон, сакалынан сыласын, акылымдын барынча, айттым сөздүн ырасын, атасыз өткөн турмушта, далай жолу сынасың, андай болсо аталар, ааламдагы мурасың.