Балдар жазуучулары арасында Тоголок Молдо атындагы сынак жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун Тоголок Молдо атындагы сыйлыгы жөнүндө 

Жобо

I. Жалпы жоболор

  1. КР Улуттук жазуучулар союзу мектепке чейинки курактан баштап, өспүрүм курактагы балдарга руханий тарбия берүү жаатында эмгектенип келе жаткан кыргыз тилиндеги мыкты адабий -көркөм чыгармалардын авторлорун, дүйнөлүк балдар адабиятынын мыкты үлгүлөрүн кыргыз тилине которгон котормочуларды сыйлоо жана моралдык жактан колдоо максатында Тоголок Молдо атындагы сыйлыгын жарыялайт. 
  2. КР Улуттук жазуучулар союзунун Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыгы (мындан ары – сыйлык) эки жылда бир ыйгарылат жана төмөндөгүдөй максатты көздөйт: 
  • балдарды руханий жактан тарбиялоо;
  • эне тилин өнүктүрүүгө салым кошуу;
  • балдар адабиятын өнүктүрүү;
  • дүйнөлүк адабияттын балдар үчүн мыкты үлгүлөрүн кыргыз тилине которууну өркүндөтүү.

II. Сыйлыктарды ыйгаруу тартиби

Эки жылда бир ирет:

  • балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэтикалык китеп үчүн;
  • балдар үчүн чыгарылган эң мыкты прозалык китеп үчүн
  • дүйнөлүк балдар адабиятынын чыгармаларын кыргыз тилине эң мыкты которулган китеп үчүн.

     2.1. Сыйлыктарды ыйгаруу атайын түзүлгөн комиссиянын корутундусунун негизинде жүргүзүлөт.

  2.2. Сыйлыктар жогоруда аталган номинацияларга жараша бирден авторго соңку эки жылдын ичинде полиграфиялык жол менен КР Китеп палатасынан каттоодон өтүп, сапаттуу чыгарылган китептерге ыйгарылат.

  2.3. Сыйлыктарды изденип алууга сынак эки жылда бир жолу жарыяланат. Сынактын жеңүүчүлөрүнө лауреаттык күбөлүк жана акын Тоголок Молдонун сүрөтү чегерилген төш белгиси акчалай сыйлыгы менен тапшырылат. 

III. Чыгармаларды көрсөтүү жана кабыл алуу тартиби

3.1. КР Улуттук жазуучулар союзунун Тоголок Молдо атындагы сыйлыгына мурда башка сыйлыкка ээ болгон чыгармалар же чыгармачыл жамаат кайрадан көрсөтүлбөйт. 

3.2. Сыйлыктарды изденип алууга көрсөтүлгөн материалдар КР Улуттук жазуучулар союзунун Сыйлык ыйгаруу боюнча түзүлгөн атайын комиссиясы тарабынан каралат. 

3.3. Документтер сынак жарыяланган күндөн тартып 2023-жылдын 5-февралына чейин кабыл алынат. 

3.4. Сыйлыкты ыйгаруу 2023-жылдын 21-март күнү Нооруз майрамына карата өтөт.

IV. Документтерди кабыл алуу

  • Жамааттын жалпы чогулушунун токтому;
  • Сунушталып жаткан китепке аннотация
  • Сунушталган китептин 5 нускасы

Сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө КР Улуттук жазуучулар союзунун комиссиясынын чечими жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. 

Байланыш үчүн телефондор: 0312 623924,  0556 580780