Пияда эле апкетишет
Төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки
өмүр аралыгын кыяр,
Ой-максатыма жетемин деген кыял…
А мен үзүлбөс үмүт менен,
жадакалса эч кимге айткыс күйүт менен
пияда эле баратамын,
жетемин деп максатыма.
Нарыраакта, аңгире жолдо
машинелүүлөр зуу коюшат.
Мен баскан жолду чаңдуу,
ылайлуу, таштактуу дешкендер
тоотпой басышат.
Сезимди араалай карабай өтүшөт,
жүрөгүм ачышат –
Менин баскан жолумдун баркын
билишпейт алар!
Жер-Эне билем сенде бир чыйыр жол бар,
эч кимдин изи түшө элек чыйыр жол ал.
Ошол жолуң табам деп келем,
таман изим калтырайын деп.
Анткени, бул жарыкта
бирөө койбойт ал сурайын деп
бир жайда жатканымда,
кыймылсыз катканымда.
Көлчүккө айланар көлмөктөй
болгум келбей,
дарыя шарындай аккым келип,
өзүм тандап алган жолумда баратамын –
Менин баскан жолумдун баркын
билишпейт алар!
Мен эңсеген дүнүйөм башка.
Анда бороон-чапкын,
ызгаар-суук,
чагылган тийет ташка.
Чарчадым. Бул дүйнөдө
жүзүм жуулганына жашка.
Мен бараткан дүйнөгө жетпеген
аңгире жолдо
машинелүүлөр зуу коюшат.
Эңсеген дүйнөмдү түйшүктүү,
азаптуу, санаалуу дешкендер
тоотпой басышат.
Сезимди араалай карабай өтүшөт,
жүрөгүм ачышат –
Менин тандап алган дүйнөмдүн
баркын билишпейт алар!
Күрүгүүсүнө аралашпай,
күнүмдүктөн алыс болуп,
үзүлбөс үмүт менен,
пияда эле баратамын
жетемин деп максатыма…
Ал жакка да билемин
Пияда эле алып кетишет!
Жүрөгүңдө жашасын
Мезгилдердин мерчеминде күн өтсө,
Мертинткен ой, такты муунга түнөтпө.
Менменсинген куру дымак, сөздө эмес,
Мекен деген жашаш керек жүрөктө!
Жоомарттыкты жеңбесин де санаа-курт,
Жаңылууга түртпөсүн де жалаа-курт.
Жеңилбеген жексен кылар кам күчкө,
Жүрөгүңдө жашаш керек Ата-Журт!
Эсендиги доордун кымбат өмүрдө,
Экиленбей, эрте тирүү көмүлбө.
Эл-жериңдин келкел күнү, эртеңи,
Эрк чыңдаган тамырласын көңүлдө.
Өрт дымакты ал намыстан, жан дагын,
Өбөк бол да, туусун бийик кармагын.
Көзүңдү бүт көр топурак көмгөнчө,
Өзүңдү бүт туулган жерге арнагын.
Улутуң бар кылымдарды ашасың,
Узарат де уучуң, алсаң батасын.
Менменсинген куру сезим, сөздө эмес,
Мекен деген жүрөгүңдө жашасын!
Кыргыздын мен кымыз жыттуу баласы
Тарыхы улуу, күбө арча арасы,
Тоо койнунда өскөм, таза абасы.
Коломтосу түндүк менен туташкан,
Кыргыздын мен кымыз жыттуу баласы.
Азаттыкка жуурулушкан санаасы,
Абат жайга тең түз-адыр, талаасы.
Ат жалында асман менен сүйлөшкөн,
Айбат мүнөз мен кыргыздын баласы.
Төрөлгөндөн жылдыз жолун карашкан,
Түптүү улут улуулугун самашкан,
Жети дубан – жетигендей өңдөнүп,
Жети осуят калган ата Манастан.
Ооба, тарых мерчеминде жылдары,
Оор кырдаалга тушукту, көп сыздады.
Арстан мүнөз жигиттери жоо сүрсө,
Кебелбеди Курманжандай кыздары.
Ийилбеген канча баштар кесилди,
Илгери ой, үмүттөрү эзилди.
Ишеними үзүлбөдү эртеңден,
Ийге келбес үркүн доорун кечирди.
Эсеби жок кыйын күнгө кабылды,
Эркин, азат жаза алды жаңы ырды.
Эрки күчтүү экендигин көрсөтүп,
Эгемендүү эл катары таанылды.
Тарыхы улуу, күбө арча арасы,
Тоо койнунда өскөм, таза абасы.
Коломтосу түндүк менен туташкан,
Кыргыздын мен кымыз жыттуу баласы.
Туулган жер күүсү
Туулган жер, сенден аалам башталат да,
Жашайсың асыл өмүр жылдарында.
Арымдуу алга кадам ташталат да,
Келесиң күүгө жүрөк кылдарында.
Тоолоруң – бараткандай кербен чубап,
Бооруңда ойго батып олтурамын.
Өзүңдөн алыстатпай, келсе убак,
Көзүмдү жапса экен топурагың.
Шыңгыр ыр – жылаажын үн булагыңдын,
Ууртамын ичкен сайын жашарамын.
Чет жерде өттү көбү убагымдын,
Өзүңө келсем кирдеп, тазарамын.
Эрке жел тосуп алса чачым сылай,
Эреркеп кетем жүрөк эзилгендей.
Оонаган үстү-башы бүтүн ылай,
Эселек бала көзгө кезиккендей.
Буйгаңа жашынган муш бөдөнөдөй,
Көрүнбөй кеткен жаштык элестелет.
Калса да чач агарып, өтпөгөндөй,
Өмүрүм, ойноп жүргөн элес келет.
Атакем тигип койгон жаңгак өскөн,
Мөмөсүн небереси терип жүрөт.
Көчөтү көгөрө элек эрте өткөн,
Карындаш өлбөй тирүү өмүр сүрөт.
Озунган кылым менен бирге жаша,
Кошулсун берекелер берекеңе.
Шыпаасы болуп дарттын абаң таза,
Ден соолук бере көргүн энекеме!..
Туулган жер, сенден аалам башталат да,
Жашайсың асыл өмүр жылдарында.
Арымдуу алга кадам ташталат да,
Келесиң күүгө жүрөк кылдарында.
Кыргыздын руху тирүү
Эзели өчпөйт жарыгы жылдызымдын,
Эгемен эл батасы тийген ага.
Руху тирүү, бийик да кыргызымдын,
Теги да бек, өлбөстүк ийген ага.
Тоо мөңгүсү сыңары көктү тиреп,
Тегин жерден ак калпак кийилбеген.
Тогуз валдай бастырган жоону жиреп,
Төшүн тоскон, тик карай ийилбеген.
Ашат нуктан дарыя толсо эгер,
Алат сестеп уккан жан, ой-тоо доошун.
Акыл деген душманда болсо эгер,
Ар-намысын абалы козгобосун.
Эрк-намысы бекем чеп аскасындай,
Сабыры төп тоолордун сабырына.
Келген гана акаарат жанга кылбай,
Жеткен гана көгөрөт кадырына.
Эзели өчпөйт жарыгы жылдызымдын,
Эгемен эл батасы тийген ага.
Руху тирүү, бийик да кыргызымдын,
Теги да бек, өлбөстүк ийген ага.
Назарынан калбайын!
Караңгылык кучагына алмайын,
Күн жарыса жарый түшөт маңдайым.
Калса калсын аткарылбай оюм көп,
Калың элдин назарынан калбайын!
Тулпар оюм өз жеринде теминсин,
Туйгум дагы өз деминде эзилсин.
Таман астым, бөтөн жерде кесилбей,
Тоолорумдун таштарында кесилсин.
Асыл ойлор аскасында кайралсын,
Арам ойлор алыс жакка айдалсын.
Өөндөтпөй өз жеримдин шамалы,
Кабар ала бейитимди айлансын.
Ооба, тагдыр ууктурду, уулады,
Оюм бирок ойт качпады, суубады.
Ак кепинге оролоордо, денемди,
Жууса экен өз жеримдин суулары.
Тириликтин жукса дагы карасы,
Чыкса дагы каршы жашоо катасы,
Каерлерде болбоюн мен колдогон,
Тийсе экен өз элимдин батасы.
Караңгылык кучагына алмайын,
Күн жарыса жарый түшөт маңдайым.
Калса калсын аткарылбай оюм көп,
Калың элдин назарынан калбайын!
Козу-Баглан
Козу-Баглан – кан тамыры айылдын,
Жашоо бере согуп турган жүрөгү.
Көз жетпеген чакырымга жайылдың,
Кубат ала дыйкан күчүн үрөдү.
Козу-Баглан – тоонун акак көз жашы,
Сапары алыс кыйла жерге агылган.
Кудум жылан сойлоп бара жаткандай,
Ийри изи – жарк дей түшкөн чагылган.
Козу-Баглан – ааламда жок дары суу,
Жаткан тарап кыздын өрүм чачтары.
Жүзүнө нур чагылдырган күзгүсү,
Шыңгыр үнү – шыңгыр эткен чачпагы.
Козу-Баглан – жаралаар ой, обон-күү,
Күбөсү чын сүйүү келген кезимдин.
Башат калып сапар алган мухитке,
Дирилдеген канаттары сезимдин.
Козу-Баглан – азоо жаштык бой бербес,
Мөңгү суугу жайда бетти аймаган.
Айкын бизге башталары өзүңдөн,
Зор турмуштун күрүгүүсү кайнаган.
Илегилек
Канаттарың талыдыбы, алыскы
сапарыңдан кайтпай койдуң негедир?!.
Же тандыңбы жашоо берген жарыкты,
касиети жердин сага эге бил.
Илегилек алып жүрөт атыңды
тоолуу аймак, тоо суусунун шыңгыры.
Кимдер сага ок атууга батынды,
көрүнбөйсүң, ырдалса да жыл ыры.
Озондогон дарыянын үнүндө,
түгөйүңдү жоктогон шүк кошок бар.
Тирүүлүктүн Ай, жылдыздуу түнүндө,
сен жөнүндө айтылган зор жомок бар.
Балапандай балалыкта баар алган,
көз алдымда жээк бойлогон элесиң.
Уук-тукумуң бир убакта наар алган,
дарыяңа качан кайтып келесиң?!.
Сен кайрылбай учуп кеткен тарапка,
агылгандай суу шарынын агымы.
Кайткын эми көп жүрөктү канатпай,
жан дүйнөмдү эзип бүттү сагынуу.
Канаттарың талыдыбы, алыскы
сапарыңдан кайтпай койдуң негедир?!.
Же тандыңбы жашоо берген жарыкты,
касиети жердин сага эге бил.
«Штрафниктер»
Ары үчүн кан майданда азаяр жан,
Аталган жердин уулу, элине – эр.
Айыбын каны менен жууп тазарткан,
Алдыда барчу экен «штрафниктер» —
Ата-журт үчүн жанын, берген күчүн,
Айыбы ырга болгон куштарлыгы.
Атуулдук ары издеп бакыт үзүм,
Акындар заманынын «штрафниги».
Адалдык, азаттыкка толсун аалам,
Атагы даркан жарсын эгемен эл.
Акындар тирүүсүндө бааланбаган,
Алдыңкы катардагы «штрафниктер!».
Аян
Аян берген түш көрдүм, аян берген,
Эртеңки бир күнүмдөн баян берген.
Бийик тоого буудандын башын бурган,
Канаттарын бүркүттөй жаям деген!
Аян берген түш көрдүм, аян берген,
Келечектүү кадамга баян берген.
Каршы жоого аттанган сезим булкуп,
Кан Манастай ыр-найза саям деген!
Бул түш кирди элиме күйгөн кезде,
Эртеңине ойлонуп жүргөн кезде.
Алаканым түйүлүп кай бирлерге,
Ар-намысым муштумун түйгөн кезде!
Бул түш келди, келери даана болчу,
Көр жашоого илинген санаа болчу.
Көралбастык, кайдыгер сезимдердин,
Түп-тамырын кескидей араа болчу!
Эгер билсең, бербеймин жатка наным,
Эл дегенде курч-миздүү сапта жаным.
Көрөңгөлүү көөнөсүн көөлөгөнгө,
Курал кыла калемди аттанамын!
Аян берген түш көрдүм, аян берген,
Эртеңки бир күнүмдөн баян берген.
Бийик тоого буудандын башын бурган,
Канаттарын бүркүттөй жаям деген!