Вольфганг Борхерт: Келемиш түнкүсүн уктайт

Жазуучу тууралуу учкай маалымат:

Вольфганг Борхерт

(1921–1947)

Немис акыны, театр актёру, антифашисттик маанайдагы жазуучу, драматург. 1921-жылы Германиянын Гамбург шаарында төрөлгөн. Апасынын жолун жолдоп он беш жашынан ырлары жарык көрө баштаган.

1941-жылы театр мектепти аяктап, театрга ишке орношот да, ал жайда болгону үч ай иштеген соң, аскерге чакыртылат. Өмүрдөгү эң бактылуу күндөрүм деп ушул театрда иштеген үч айын эсептейт. Аскерде фашисттик Германиянын чыгыш фронтунда СССРге каршы согушкан. Вольфганг Борхерт согушка түп тамырынан каршы болгон. Эч качан адам өлтүргүсү келген эмес. Согуш талаасында советтик жоокер менен жекеме-жеке кармашта октон жарадар болот. Согуштагы кайдыгер мамилеси жана согуштан кутулуу амалында өзүн өзү атайын жарадар кылды деген айып тагылып, Нюрнберг түрмөсүнө камалат. Аскердик сот ага карата атууга өкүм чыгарып, аз жерден атылып кете жаздап, бактыга жараша кийин мунапыска илешип, фашисттик Германиянын ар кайсы түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жүргөндө дифтерия жана гепатит дартын жугузуп алат.

1945-жылдын жаз айлары фашисттик Германия аскерлери толук жеңилип баштаганда, Францияда түрмөдө жаткан жеринен качып, туулган шаары Гамбургга чейин 600 км. жолду жөө баскан. Ата-журтуна келгенде аны толук талкаланып, ачарчылыкта жашап жаткан өз шаары тосуп алат.

Үйүнө кайтып келген соң театрга ишке орношуп, андан сырткары чыгармачылык ишине баш-оту менен киришет. Чыгармаларында негизинен согуштун кесепети баяндалып, согуш эч качан адамзатка пайда алып келбешин баса белгилеген. «Адам жана согуш» проблемасына арналган «Эшик артындагы жайда» пьесасы немис адабиятында гана эмес, дүйнөлүк адабиятта да өз ордун тапкан. Вольфганг Борхерттин кыска аңгемелерди жазууда өзгөчө стили тууралуу бүгүнкү күнгө дейре ар кандай журналдарда илимий макалалар жарыяланып келет.

Өкүнүчтүүсү, жазуучунун чыгармачылыгы көпкө созулган эмес. Эки жыл ичинде көптөгөн чыгармаларын жаратып, түрмөдө жугузуп алган дарт менен алышып жүрүп, 1947-жылы болгону 26 жашында көз жумган.

Келемиш түнкүсүн уктайт

(аңгеме)

Жалгыз уранды дубалдагы терезе кечке маал топтоголок болуп батып бараткан кызарган күнгө жарып турду. Жарымы ураган килейген кернейдин айланасында чаң ызгыйт. Урандыга айланган жай таштуу, чөл сымал жымжырт, кыбыр эткен жан жок. Ал көзүн жумган бойдон олтура берди. Бир маалда маңдай тушу караңгылаша түшкөндөй болду. Көзүн ачпастан туруп маңдайына бирөө акырын басып келип, жай туруп калганын сезди. “Өлдү эми, мени кармап алышты!” – деп ойлоду ичинен. Бир көзүн акырын ачып караса, бирөөнүн илең-салаң, ийреңдеген буттары көрүндү. Ийри буттардын арасынан аалам көрүнөт. Тобокелге көзүн чоңураак ачып өйдөнү караса, маңдайда бир абышка турат. Бир колунда бычак, экинчи колдо себет. Манжа учтары ылай болуп жүрөт.

-Эмне, уктап жатасыңбы? – киши андан сурады да, анын саксайган чачтарын үстүртөн карап туруп калды.

Анын бут арасынан көрүнүп турган күнгө көздөрү чагылыша түшкөндөн улам Юрген көздөрүн жүлжүйтүп:

-Жок, уктабай эле. Кайтарып олтурам.

-Кайтарчу жерди да тапкан экенсиң, – киши башын чайкады. – Килейген таяк менен кайтарып олтурам де?

-Ооба, – деди Юрген таякты колуна ишенимдүү кармап.

-А эмне кайтарып олтурасың?

-Айтпайм, – бала колундагы таякты оңтойлоп кармады.

-Бул жерге акча көмдүң беле, ыя? – киши себетти жерге таштап, колундагы бычакты шымына сүртүп аарчып кирди.

-Акча көмдүм деп айтымбы сизге? – Юрген кызаңдай кетти. – Башка нерсе.

-Ошо эмне кайтарып олтурасың деп сурап жатпаймынбы?

-Сиздин ишиңиз канча?! Кайтарып олтурам дебедимби.

-Мейли, сен айтпасаң, анда себетте эмне бар мен да айтпайм, – себетти буту менен жылдырып, үстүнө бычакты койду.

-Айтпасаңыз деле билем, – деди Юрген кызаңдай. – Коёндорго деген чөп да.

-О, чечек десе! – киши чочуп кетти. – Билип алдыңбы? Канчага чыктың?

-Тогузга.

-А, баракелде. Анда үч жерде тогуз канча болот, билсең керек?

-Албетте, – деди Юрген, анан убакытты созуш үчүн атайын кеп учугун узартты: – Бул оңой эле, – деди да, кишинин бут арасынан сыртты тиктеп туруп калды. – Үч жерде тогуз дейсизби? – кишиден кайра сурады. – Жыйырма жети болот. Муну дароо эле билдим.

-Азамат! Эң туура. Менин ошончо коёнум бар.

-Жыйырма жети? – Юрген аңкайып кишини тиктеди.

-Ооба. Көпчүлүгү бөжөк. Эгер кааласаң, көрсөтөйүн?

-Каап, – деди Юрген бир аз кейигендей, – Бул жерди кайтарбаганда, сиз менен барып, көрүп келчү экем.

-Эмне, эртеден кечке кайтарасыңбы? – киши сурады, – Ал тургай түнү да?

-Ооба, түндөсү да. Эртеден кечке. Күнү-түнү. – Юрген кишинин ийреңдеген буттарына карады. – Ишемби күндөн бери.

-Иэ, кокуй?! – муну укканда киши чындап таң калды. – Үйгө кетиш оюңда барбы? Курсак кантти анда?

Юрген жанындагы жалпак ташты ачып көрсөттү. Темир идишке жарты нан салып, үстүнө таш көмкөрүп коюптур.

-Тамеки тартасыңбы? – киши андан сурады, – Мүштөк барбы?

Юрген таягын кармаган бойдон башын саландатып:

-Мен тамеки ороп чегем. Мүштөк жакпайт мага.

-Каап, балам, – деди киши жерде жаткан себетке эңкейип, – Үйгө барып, коёндорду көрсөң сонун болмок да. Бөжөктөрүн көрөт болчусуң. Кааласаң, бирди өзүңө тандатат элем. Бирок сен бул жерден эч кайда жыла албайм деп жатпайсыңбы.

-Жок, жок, – деди Юрген кабагы салыңкы, – Эч кайда жыла албайм. Киши себетти алды да, боюн түзөдү. Анан артка бурулуп жатып:

-Бечара балам. Бул жерден эч кайда жыла албайм дечи, кургур – дей салып, жөнөп калды.

-Эгер эч кимге айтпасаңыз, анда айтам себебин, – Юрген оозунан ушул сөз чыгып кеткенин аңдабай калды. – Келемиштерден коруп олтурам.

-Эмне дейт бу? – чочуп кеткен киши ийри бутун артка бир кадам таштады. – Келемиш дейсиңби?

-Ооба, ооба. Алар өлүмтүк жешет. Кишинин өлүгүн. Тээтигинде жүрүшөт, – Юрген урандылардын арасын көрсөттү.

-Сага антип ким айтты?

-Бизди окуткан эжей.

-Ошондо азыр сен келемиш кайтарып олтурасыңбы?

-Келемиш кайтарган жокмун! – Юрген кыйкырып жиберди. Анан акырын күңкүлдөдү: – Иним тээтиги урандылардын астында калды, – колундагы таяк менен урандылардын арасын көрсөттү. – Биздин үйгө бомба келип жарылганда, жертөлөдө жарык жалп өчтү. Аны ошондо издеп таппай калдык. Кыйкырып издесек да табылбады. Менден кыйла кичүү эле. Болгону төрт жашта. Ал ушул жерде эле жатат болуш керек. Иним менден кыйла кичүү болчу.

Муну укканда, кишинин башына эчтеке кирбей бир топко дейре маңдайындагы жүдөгөн баланы тиктеп турду да, анан айтты:

-Окуткан эжейиң келемиш түнкүсүн уктайт деп айткан жок беле?

-Жок, – Юрген башын жерге салаңдатып акырын күңк этти. Анан шаабайы сууп: – Мынтип айткан эмес.

-Түшүнүктүү, – деди киши. – Келемиш түнкүсүн уктайт, балам. Эжейиң бул тууралуу эмнеге айтпады? Түндөсү үйүңө барып турсаң болот. Түнү бизге окшоп алар деле укташат да. Караңгы киргенде.

Юрген таяктын учу менен шагыл бетине майда-майда чуңкурчаларды жасап жатты. «Мунун баары кичинекей керебеттер» – деп ойлоду ал, – «Кичинекей тыпыйган керебеттер». Бир маалда киши кеп баштады (ийри буттарын кылтаңдатып):

-Мындай кылалы, балам. Мен азыр барып коёндорго чөп берем, анан күүгүм чалыш келип, сени алып кетейин. Сага бир бөжөк ала келем. Кичинекейин тандап туруп. Жарайт.

Юрген таяктын учу менен дале шагыл бетине майда-майда чуңкурчаларды жасап жатты. «Баары кичинекей коёнектер. Ак коёнек, боз коёнек…» – чуңкурчаларды түрдүү түстөгү коёндорго салыштырды.

-Билбейм, карап көрөм го, – чуңкурчаларды жасап жатып акырын шыбырады, –Эгер чындап эле келемиштер түнкүсүн укташса…

-Албетте укташат, – деди киши урандыларды аттап баратып. – Эгер окуткан эжейиң ушуну билбесе, анда мектепте иштебей эле койгону оң.

Юрген ордунан тура калып сурады:

-Мага бир коён бересизби? Түсү ак коён.

-Мейли, карап көрөйүн, – узап бараткан киши арыдан кыйкырды. – Анда мени ушул жерден кетпей күтүп тур. Анан экөөбүз чогуу үйүңө барабыз. Түшүндү? Коёндорго жайды кандай даярдаш тууралуу атаңа айтып берем. Сен да муну билишиң керек.

-Макул, күтүп турам! – Юрген кыйкырды. – Күүгүмгө дейре кайтарып турбасам болбойт! Мен сизди күтөм ушул жерде!

Ушинтип айтты да, каканактап ыйлап жиберди. Ыйлап жатып узап бараткан кишиге карап:

-Биздин үйдө тактайлар бар. Уя жасаганга керектүү тактайлар.

Узап кеткен киши муну укпады шекил. Батып бараткан күн тарапты көздөй буттарын ийреңдетип кетип баратты. Балага кызарып батып бараткан күн жарыгында ийреңдеп басып бараткан буттар гана көрүнүп кала берди. Киши колундагы себет тияк-биякка термелет.

Себетке коёндорго бергени чөп салынган. Көк чөптүн өңү урандылардын чаңынан бозомук тарта түшкөн.

1947 – жыл

Аңгеме тууралуу редактордон адабий нускоо:  

Борхерттин бардык прозасында «адам жана согуш» проблемасы – Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин тагдыры талкаланган жоокердин, жалгыз калган адамдын, карылардын, аялдардын образы аркылуу ачылат. Бирок бул аңгемеде жазуучу согуш темасын бүтүндөй кабыл алып ой-жүгүртүүнү жаш баланын образы аркылуу берген. Согуш чоң кишинин гана тоодой трагедиясы эмес, согуш шартында жашоо-тирүүлүк үчүн күрөшкөн жаш баланын да негизги трагедиясы экендигин айгинелеп көрсөткөн.

Аңгемедеги «ураган дубал», андагы «жалгыз терезе», жарымы ураган килейген керней сыяктуу сөздөр согушта талкаланып чөлгө айланган шаардагы жымжырттык өкүм сүргөн картинаны сүрөттөйт. Андан ары астында өлүктөр жаткан уранды жанында эки башкы каарман – жаш бала менен кары кишинин пайда болушу кандайдыр бир мейкиндик боштуктун бузулушун шарттайт. Аңгемеде жалпылыкка таянуу менен жаш бала жана кары кишинин ысымы аталган эмес. Бирок аңгемеден баланын ысымы – Юрген экендигин байкоого болот. Юрген капыстан келе калган чоочунду алгач кандайча кабыл алганы өтө маанилүү: Ал көзүн жумган бойдон олтура берди. Бир маалда маңдай тушу караңгылаша түшкөндөй болду. Көзүн ачпастан туруп маңдайына бирөө акырын басып келип, жай туруп калганын сезди. «Өлдү эми, мени кармап алышты!» – деп ойлоду ичинен. Бир көзүн акырын ачып караса, бирөөнүн илең-салаң, ийреңдеген буттары көрүндү.

Алгачкы жолугушууну шарттуу түрдө бир нече психологиялык этаптарга бөлүп көрсөтүүгө болот: 1) чоочундун алдында баланын коркуу сезими; 2) өзүн-өзү коргоо сезимдеринин инстинк түрүндө пайда болушу; 3) ички сезимдердин чыңалуусу; 4) натыйжада колундагы таякты астейдил кармап коркунучка даяр турушу. Юрген бул жерде олтурган себебин чоочун кишиге дароо эле айта салбайт. Алгач жеткинчек чоочундун үстү-башына акырын көз салып байкап чыгат, андан ары колунда себет, бычак кармап турганын, манжалары ылай болуп турганын байкайт. Бул учурда окурмандын назары бир маанилүү деталдан экинчи деталга өтүү менен, окурмандык назар бала көрүп турган мейкиндик менен гана чектелет.

Андан ары аңгеменин өнүгүшүндө антитезалык элементтер катталат: бычак/таяк, жаш бала/кары киши, балалык/карылык, тажрыйбасыздык/кекселик. Жеткинчек менен кары кишинин диалогунан гана кары кишинин бул жерге эмне себептен келип калгандыгын аңдоого болот. Ошондон кийин гана жеткинчек бул жерде бир нече күндөн бери эмне себептен олтурганын айтат.

Юрген менен кары кишинин диалогунда «адам жана согуш» проблемасы толугу менен ачылат. Жазуучунун согуш темасына арналган башка чыгармаларында башкы каармандар чоң кишилер болуп эсептелсе, бул аңгемеде башкы каарман катары жеткинчек бала тандалып, согуш болмушуна (бытие) принципиалдуу жаңы көз караштар туулат. Муну менен согуштун кесепети жаш балдардын – келечек муундун трагедиясы деген кайгылуу ойго жетелейт. Бул жерде жазуучу тагдырдын өгөй балдарынан бирөөнү башкы каарман катары тандап, согуш аркылуу адамзат өзүн өзү – келечек муунду жок кылып жаткандыгын айтып жатканы.

Аңгемеде дагы бир көңүл бурчу жагдай – кары кишинин ийреңдеген буттары тууралуу:

  • …Бир көзүн акырын ачып караса, бирөөнүн илең-салаң, ийреңдеген буттары көрүндү. Ийри буттардын арасынан аалам көрүнөт…
  • Юрген кишинин ийреңдеген буттарына карады...
  • …Эмне дейт бу? – чочуп кеткен киши ийри буттарын артка бир кадам таштады. – Келемиш дейсиңби?
  • …Бир маалда киши кеп баштады (ийри буттарын кылтаңдатып)…
  • …Батып бараткан күн тарапты көздөй буттарын ийреңдетип кетип баратты…

Мындан көрүнгөндөй жазуучу кары кишинин ийри буттарына кайта-кайта басым жасаган. Мунун себеби тууралуу адабий сынчылар тарабынан бир беткей пикир жок. Ар кимиси ар кандай анализ берүү менен гана чектелген.

Акыркы абзацка назар салалы: Себетке коёндорго бергени чөп салынган. Көк чөптүн өңү урандылардын чаңынан бозомук тарта түшкөн.

Муну жазуучу Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Германиянын абалы менен салыштырган. Урандылардын чаңына бозоргон чөптүн өңү. Көк чөптөй өсүп келаткан жеткинчек муундун согуштан кийин бозоргон өңү. Чаңга буланган көк чөп – согуштан кийинки Германиянын келечекке болгон өчпөгөн үмүтү.

Которгон: Кундуз Касымбекова, Кубантай Эрназаров