Өлбөйт акын
(Кыргыз Республикасынын эл акыны Байдылда Сарногоевдин жаркын элесине. Мурас калган чыгармачылары таасириндеги сүртүмдөр)
Саресеп
“Ашуудан берген отчёт” – ашууларга
Ат менен чыккан кезде жазылгандай.
Аскада калган эски жазууларга,
Айтаары ыйык ырдын табынгандай.
Ташыркоо эмне билбей таптоо аттай,
Тоолордун таштак жолу багынгандай.
Таштагы эзелки эл жазган каттай,
Тагдыры ага тике кабылгандай.
Китебин барактадым, барактагым
Күнүгө келе берет шам алдыда.
Калган ыр, курчтугу курч ар бир сабың,
Кайтарды ал күндөргө, жан алды да.
Карааның ырлар жазып олтургандай,
Күзгүдөй алдында бу аскалардын.
Көөнөрбөс ырың бөксө толтургандай,
Кетпеген изи менен башкалардын.
Тоолордун ташын дагы өпсөң керек,
Төмөнгө бийик жерден карап ылдый.
Тоонун тик учтарында көксөөң демек,
Тагдырлаш учкандыр тик болуп кыргый.
Жиреген жан дүнүйөң мөңгү карын,
Жиберем мен да сага ырды ушу.
Ал сенин ырда кайра табылганың,
Акыны кыргызымдын, тоонун кушу.
Эгемен элдин жаркын келечеги,
Эртеңи сунат муунга жолду кенен.
Эзилген күндүн болот экен чеги,
Эреркеп ошо жолдо эркин келем.
Кыргыздын мууну улам жеңиш менен
Келүүдө, ал бир гөрдө оодарылып.
Жашайт эрк дүйнөсүндө эркин деген,
Жанаша мезгил менен оомат жылып.
Дагы бир оомат деген мына келди,
Угууда бүтүн аалам дээрин, үнүн.
Даталуу 90 жылдык маарекеңди,
Сени эстеп өткөрүүдө элиң бүгүн…
“Үйүмдөн берген отчёт” деп билгиниң,
Атынан кыргызымдын азыноолак.
Сыргасы куттуктоонун деп илгиниң,
Дил бермет кадалгандай, ойдон оолак.
Оюлуп, кошулган ыр жазылгандай,
Аскада калган эски жазууларга.
Айтаарың сенин ичтен табынгандай,
“Ашуудан берген отчёт” – ашууларга!
…Жыл сайын ач дүйнөнү тоюндурган,
Дыйкандай түшүм берген урук эгип.
Элимдин кылымдарга оюн бурган,
Сендей ыр жазгым келет ташка чегип!
Жол
Эрктүүлүгү кыргыздын бүткөн бойго,
Эркин куштай талпынган максат ойдо.
Улуу Көчтүн издери аркылуу мен,
Сапары алыс келемин узак жолдо.
Урпагымын улуу эл – көчмөн элдин,
Кылымдардан кылымга көчкөн элдин.
Санжыргалуу тарыхы, эпосу бар,
Үркүн-коога башынан өткөн элдин.
Дүбүртүн да эртеңдин сезген элдин,
Сабыр менен көйгөйдү чечкен элдин.
Мезгил менен жарыша ат жалында,
Майтарылбай, кыйындык кечкен элдин.
Рухий дүйнө, көөнөргүс байлыктары,
Сүрөттөлгөн жашоонун кайрыктары,
Каада салты, оозеки булагынан, –
Учур доору, жеткенин тастыктады.
Ошол жолдо келемин чарчабай мен,
Өйдө-ылдый кеткеним калчабай мен.
Максатыма жеткенче иш бүтсүн деп,
Узак өмүр тилеймин арчадай мен.
Ошол жолдо сенин да изиң калган,
Бир өмүргө өзүнчө чыйыр салган.
Ал чыйырды басам деп канча акын,
Таазим кыла ырыңа, үлгү алган.
Ошолордун бири мен ыдыраткан
Ой топтомун, энчине ырды тапкан.
Шакабасын көтөрүп турмушунун,
Арабасын күнүмдүк кылдыраткан.
Кубануудан таңымдын ар саатына,
Кудум нуру туюлуп ыр чачыла, –
Улуу Көчтүн издери аркылуу мен,
Баратамын, жетем деп максатыма!
Махабат
Таң калгансың, үшүбөй кыштын күнү
Жолугуп бир эки жаш турганына.
Ал ырыңдан угулуп сүйүү үнү,
Канча жаштар ынанды туйганыңа.
Өткүр сөзүң жетчү да жүрөгүнө,
Өчкөн сүйүү отторун тутантчу да.
Үмүт күчүн ыктачу күдөрүнө,
Жолуккандай мергенге марал ууда.
Окулганда ырларың кыздар жоошуп,
Окуган ыр жигитти сүйүп калчу,
Чын сүйүүнүн уккандай жүрөк доошун,
Түйүнүнө көңүлдүн түйүп алчу.
Ай, сенин өрт махабат ырларыңдан
Учкун ала, аялуу сезим түнөп.
Мына ошо жалындуу жылдарыма,
Ырларыңдын оттугу турат сүрөп:
Гүлдөтөм деп сезимде кур дөбөнү,
Жазда көрүп нооданын бүрдөгөнүн,
Сүйүү десе чалкамдан кетем мен да,
Тура албастай туюлам, сүрдөнөмүн.
Толкундарын өткөндүн түрө келем,
Алыс, оолак кайгысын сүрө келем.
Сүйүү десе, ашымды жерге коюп,
Үч күн, үч түн жебей да жүрө берем.
Жалган кесе суусунан ууртабаймын,
Куру ойдо артынан чуркабаймын.
Сүйүү десе, шам алды ырлар жазып,
Көз ирмебей таңга че уктабаймын.
Туйгусуна аздектүү аярмын мен,
Канаттарым бир күнү жаярмын мен.
Сүйүү десе, Икардай күйсөм дагы,
Күнгө карай учууга даярмын мен!
Күйсөм дагы учкуну жетсе деймин,
Көңүлүн бир куйкалап кетсе деймин.
Сүйүү десе, топ өңдүү тоголото,
Ары муңун күндөрүм тепсе деймин.
Күндөн-күнгө жылдарым уурдалууда,
Кырчын кездин эшиги кулптанууда.
Сүйүү десе, аялзат дүйнөсүнө,
Өмүр бою акым бар суктанууга!
Сага окшоп өрт сабын тапсам деймин,
Айлантып гүл бакчага баксам деймин.
Сүйүү сезбес кайдыгер кереңдердин,
Жүрөгүнө оттугун жаксам деймин.
Жаман сары
Койкоңдогон калемим колдорумда,
Соймоңдогон жылан ыр жолдорумда,
Түнөк алган эртеңи ойлорумда, –
Мен да жаман сарысы кыргызымдын!
Көбөйсүн деп, саны ырас, төрөлгөнмүн,
Көчөтүндөй туйгунун көгөргөнмүн,
Арча бешик койнуна бөлөнгөнмүн, –
Мен да жаман сарысы кыргызымдын!
Өз жеримди унутуп койбогонмун,
Адырында жүгүрүп ойногонмун,
Каада салтын урматтап тойлогонмун, –
Мен да жаман сарысы кыргызымдын!
Дээримдеги уккула сонунду бу:
Көздөрүмдө жеримдин сонундугу,
Өткөн элдин жадыма момундугу, –
Мен да жаман сарысы кыргызымдын!
Кыйындыгы каныма сиңген, бүткөн,
Үркүн доору маалында ыйга түткөн,
А бүгүндө эгемен сыйын күткөн, –
Мен да жаман сарысы кыргызымдын!
Катып ичке көйгөйүн жуткан эзел,
Тоолорундай сабырды туткан эзел,
Жеңиштери арбын эл, уткан эзел, –
Мен да жаман сарысы кыргызымдын!
Ак баталуу мурасын муунга сунган,
Күлкүсүнө болсун де аалам тунган,
Жылдан жылга көбөйө берсин улам, –
Сендей, мендей сарысы кыргызымдын!
Эпилог
Керээзи – ыр, өтсө да болбойт закым,
Көрөңгөсү кечирген доорго жакын.
Көңүлдөргө уюган ыры менен,
Кылымдардан кылымга өлбөйт акын.
Сууруп алып тирүү кез жылдарыңдан,
Сының кетпей андагы ыргагыңдан,
Мына бүгүн өзүңдү эстеп элиң,
Жатасың сен табылып ырларыңдан.
Өтмөк, ырас, башкача өзүң барда,
Күлүңдөгөн ыр десе көзүң барда.
Каары дагы мезгилдин өчүрө алгыс,
Кылымдарга жашайсың сөзүң барда.
Ажал дагы көмө да албайт дегин,
Элиң барда унутуп салбайт дегин.
Али дагы шербеттей ырларыңды,
Окуганда окурман канбайт дегин.
Кануу үчүн өзүңдөй сезүү керек,
Тегирмендей жүрөктү эзүү керек.
Ашуулардан ашууга сапар алып,
Сөз ааламын дербиштей кезүү керек.
Сен тирилип келчүдөй кайра дагын,
Жазганыңдын таасирдүү алып жагын.
Ойгонгон бол, муундун дүбүртүнөн,
Келатат муун чапкылап аргымагын.
…Ач дүйнөнү жыл сайын тоюндурган,
Түшүм берген дыйкандай урук эгип.
Кылымдарга элимдин оюн бурган,
Жазгым келет сендей ыр ташка чегип!