Эсентур Кылычевдин “Күзгү токой” аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү

Акын, котормочу, адабиятчы Эсентур Кылычевдин “Күзгү токой” аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү.

Жыйнакка акындын ырлары, котормолору жана автордун орус тилине которулган ырлары кирген.

Китептеги “Үндөр”, “Жашыл шоолалар”, “Бүчүрлөр жарылганда” деген бөлүмдөрдө акындын мурда-кийин жазылган өзүнүн ырлары берилген.

Ал эми «Күзгү токой» бөлүмүндө Э.Кылычевдин котормосунда Генрих Гейне, Антонио Мачадо, Витрезслав Незвал, Рене Сюлли-Прюдом, Рекам, Исикава Такубоку, Мати Тавара сыяктуу белгилүү акындардын чыгармалары камтылган. Ошондой эле “Ырларым Пушкин тилинде” деген бөлүмдө акындын орус тилине которулган ырлары орун алган.

Эсентур Кылычев 80-жылдары кыргыз поэзиясындагы жаңычыл ийгиликтерди жараткан акындардын бири катары таанылган. Анын ырлары орус, кытай, украин, тажик, грузин тилдерине которулган.