Ал адабиятыбыздын башатында тургандардын бири

Учурдагы кыргыз адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз эл акыны, Токтогул сыйлыгынын ээси – Темиркул Үмөталиев. Ал өңдүү адабиятыбызды түптөгөндөрдү айта жүрүү парзыбыз.

Молдодон окубай тамга тааныган

Темиркулдун өз сабатсыздыгын жоюуга анын сезимталдыгы, зээндүүлүгү түрткү болгон. Ормотой байдын малын багып жүргөн мезгилинде, байдын балдарын молдо окутуп жаткан учурларда, Темиркул аларга жакындап, кулак салып, молдонун айткандарына кунт коюп, көргөн тамгаларды очоктон түшкөн оттун күлүнүн үстүнө чырпыктын учу менен жазып, өз алдынча далалат кылып жүрүп тамга таанып, акырындап жазма кагаздарды окуганга жетишкен.

Ага Кудаяр хандын убагында Кокондон окуган, көптү көргөн, жашы жүзгө чыккан Сейиткул молдонун бул сөздөрү катуу таасир бериптир: “Байлык кишиге түбөлүк жолдош боло албайт экен. Кызмат даражасы деле ошондой экен. Адамга адамдын жолдоштугу деле бирде бар да, бирде жок экен. Эч качан чанбаган, башың менен кошо жата турган жолдош эле билим болот экен”.

Казына болуп берген Каракөз чоң энеси

Ал эскерүүлөрүндө мындай дейт: “Чоң энем Каракөз жомокторду, эл ырларын, белгилүү ырчылардын ырларын да көп биле турган. Бардыгын мага айтып, үйрөтүп отурчу, койнуна алып жатып, түндө да бир оокумга чейин уктабай кобурап, жомок айтып, мени менен сүйлөшө берчү. Кээде мен чоң энем айткан ырларды бат эле үйрөнүп алып, кайра өзүнө ырдап берсем, чоң энемдин аябай сүйүнгөнү ушул кезге чейин көзүмө элестеп турат”.

Каракөз чоң энем Нурмолдону сай күлүк ырчы, Жеңижокту кармашканын кайсаган кара жаак, кайкы тил ырчы дечү экен. Өз аты Өтө, ал эми Жеңижок эл койгон аты. Жеңижок ат үстүндө ырдаганга, бирөөнү мактап, шарыяттан, пайгамбардан сөз козгоп ырдаганга кыйын. Ал комуз чертпей ырдайт. Ал эми Токтогул болсо санат, нуска, акыл айткан ырларга кыйын. Эл оозундагы жомокторду да, нуска сөздөрдү да көп билет. Комуз черткен жагынан болсо ага жан тең келбесе керек? Комузду кызыл өрүктөн өзү чаап, өзү жасап алат деп ырчылардын ар кимисине өз сынын берип, акындын кызыгуусун арттырып турчу экен.

Ал учурда Темикем өрөөндө жогоруда аталган ырчылардан тышкары атактуу Ниязалы комузчу, Нурмолдо, Эшкожо куудул, Жуман, Коргол, Курман, Эшмамбеттер менен кошо эле Айдаралы жөргөлөк куудул, Калык, Алымкул, Атай, Эркесары жана башкалар да ал жакка көп келишкендиктен акын алардын кээ бирлерин көрүп, ырларын угуп, алардын таасирин алып чоңойгон. Коргол ырчы акындын айылына көп келгендиктен аны менен Темикемдин жакын тааныштыгы да болгон. Анын далили Т.Үмөталиевдин үй-бүлөлүк сүрөт альбомунан Коргол ырчынын 3-4 сүрөтүн жолуктурууга болот.

Ал эми Токтогулду Т.Үмөталиев чоң энесинен көп угуп жүрсө да, 2 жолу гана жолуктурганын эскергени бар. “Биринчи жолу 1925-жылы Ак-Суу интернатында окуп жүргөндө Тегенеге Айтмырза бийдин ашына барганда көрүп, бирок жанына жакын бара албаптыр. Экинчи 1928-жылы Ош педтехникумунда окуп жүргөндө Сарчечекей жайлоосунда көрмөк турсун эл арасында ырдап жаткан жерине чейин барып, болбой эле ырчынын жанына жакын олтурган” экен.

Акындык жолго азгырган Жоомарт

Т.Үмөталиев 1928-1929-жылдары техникумда окуп жүргөн мезгилинде акын катары көрүнө баштап, “Кызыл Кыргызстан”, “Чалкан”, “Ленинчил жаш” ж.б. гезит журналдарга ырлары, ыр менен жазган фельетондору жарыяланат. Ал партиялык кызматкер болгусу келип, өзүн ошого даярдап жүрөт.

Бирок, Ж.Бөкөнбаев 1931-жылы “Ленинчил жаш” гезитинде иштеп жүргөндө Темиркул досун, адашкан жолунан алып чыгып, ыр жаз, сенин талантың бар деп, анын жазган ырларын гезит бетине байма-бай чыгарып, поэзия майданына азгырып жүрүп, акындык тушоосун өзү кесет.

Ошентип ал 1931-жылдан 1991-жылга чейинки 60 жылдык бүт өмүрүн кыргыз адабиятына арнады. Акындын тунгуч “Ырлар жыйнагы” 1935-жылы басмадан басылып чыккан. 1936-жылы “Темиркулдун ырлары” аттуу  экинчи ырлар жыйнагы жарык көргөн.

Т.Үмөталиевдин согушка чейинки ырларынын тематикасы эркиндик, эмгек, жаңы заман темасы болгон. Ал чыгармалар ири формадагы жыйнак болуп басмадан чыгып турган. Атап кетсек, 1937-1941-жж. “Ырлар жыйнагы” 3-китеп, “Гүлдөр өлкөсү”, “Туратбай”, “Күч бирдикте”, “Суу боюнда”, “Алпкаракуш”, “Токтомуш мерген”, “Эчки, кой, төө, жылкы, уй”, “Айсулуу”, “Соодагер менен жылан” аталыштагы поэма, ыр жана жомоктор жыйнагы.

Акындын согуш алдында жаза баштаган “Баатыр” аттуу поэмасы түштүк Кыргызстандагы басмачылар менен болгон күрөш жылдары жөнүндө баяндалып, ал чыгарма 1944-жылы басмадан чыккан.

1941-1945-согуш жылдары Т.Үмөталиев Улуу Ата Мекендик согуштун башынан аягына чейин катышып, майданда жүрсө дагы бир далай ырларды, поэмаларды, очерктерди жараткан.

Балдар үчүн жазган “Алпкаракуш”, “Күч бирдикте”, “Токтомуш мерген” ж.б. көптөгөн чыгармалары классикага айланган.

Анын ырларына атактуу композиторлор Н.Давлесов, М.Абдраев, Ж.Шералиев, Ж.Малдыбаева, М.Бегалиев ж.б. көптөгөн обондорду жаратышкан.

Акын чыгармачылык өмүрүндө жүздөн ашык китепти өз элине тартуулады, жыйырмага жакын китеби башка боордош элдердин тилинде жарык көрдү, бир нече китепти кыргыз тилине которду.

Баскан жол

  • Ал 1925-жылы Аксы балдар үйүнө алынат. 1926-жылы Оштогу мугалимдер техникумуна кирет.
  • 1931-жылы Ноокатта мугалим, кызыл үй башчысы, райкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы.
  • 1931-1932-жылдарда “Кызыл Кыргызстан” менен “Ленинчил жаш” газеттеринде кабарчы.
  • 1935-1937-жылдары “Кыргызстан пионери” гезитинде редактор, “Ленинчил жаш” гезитинде редактордун орун басары, “Кызыл Кыргызстан” гезитинде бөлүм башчы.
  • 1937-1941-жылдары согуш башталганга чейин Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы, “Адабият” журналынын редактору, Литфондунун директору.
  • 1946-жылдан баштап “Советтик Кыргызстан” жана “Ала-Тоо” журналдарынын редактору.
  • 1968-жылы Кыргыз эл акыны наамы берилген.
  • “Тоо гүлдөрү” ыр китеби 1982-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.
  • Ленин, Эмгек Кызыл Туу, “Ардак белгиси”, “Октябрь революциясы” ордендери менен сыйланган.
  • Акындын ысымы Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине коюлган. 1991-жылы 83 жашында дүйнөдөн кайткан.

Темиркул жана Алыкул. Алыкулга ак бата берген агасы болгон

Т.Үмөталиев кыргыздын элдик мурастарынан баштап, төкмө акын, манасчылардын иштерин жандандырууга жана жаш акын, жазуучулардын чыгармачылыгына ак пейили менен мамиле жасаган айкөл адам болгон. Өзгөчө, Алыкулдун чыгармачылыгына агалык камкордук жасаган.

Т.Үмөталиев 1935-1937-жж. “Ленинчил жаш” газетасында иштеп турганында жаш акын Алыкулдун поэзияга болгон өзгөчө мамилесин байкап, ал газетага ыр көтөрүп келгенинде жазган ырларын окуп берип, сын-пикир, кеп-кеңештерин көп айтып, өз бооруна тартат.

Ал эми, 1938-жылы Т.Үмөталиев Кыргыз ССР жазуучулар союзунун төрагасы болуп турган мезгилинде көптөгөн белгилүү манасчы, акын, жазуучулардын катарында Алыкул Осмонов да СССР жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

Алыкул Осмонов 1939-жылы жыйырма төрт жашында Шота Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыр” деген дүйнөгө белгилүү улуу поэмасын кыргыз тилине ийгиликтүү которуп бүтүшүнө көмөк көрсөткөн Т.Үмөталиев болгон. Анткени, Темикем котормонун аякташына акынга Тбилиси шаарынан алып келген “Жолборс терисин кийген баатырдын” орус тилинде чыккан китебин белек кылып, ак дилдүү ак батасын гана бербестен, Ысык-Ата курортуна котормоңду бүткөрүп кел деп Жазуучулар союзунан путевка дагы алып берип жөнөткөн.

А.Осмоновдун поэтикалык ийгилигин кубаттап, “Махабат” жыйнагына биринчи оң рецензия жазган калемдеши болгон.

Ошондой эле Т.Үмөталиев 1985-жылы А.Осмоновдун 70 жылдыгына арналып чыккан акындын үч томдук жыйнагынын да башкы редактору болгон.

“Өлгөндөр даңкталбай, тирүүлөр баркталбайт” дегендей  20-кылымдын залкарларынын эмгегин, аз да болсо эскерип келгенибиз, биздин муундун милдети дээр элем

Шаршенбай Ажыбеков

Маданият таануу илимдеринин кандидаты,

Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты