Залкарбек Назарматов: Эртелеп элден мурун жылынам деп, Билсең дос, түбөлүктүү Күндү издейм

Бир дулдул Буудан бар бир, ай туягы алтындан, Буюктурган бороон тоотпой алкынган. Буюрган го бирок ага мындай иш – Буурсун сүйрөп, кайыш каамыт артынган.   Өзү түшкөн чидер дайым тузактап, Өрүшүнөн аты угулбай ыраактап, Калар бекен Толубайдай качандыр, Купкуу башын зор өкүнүч кучактап…   Түн дүйнө Эх, досум, дале жүрөм караңгыда, Мерчемин билбей арам, адалдын да. Керемет, кесепетин аңдай албай, Көр туюм өмүрдүн да, ажалдын да!   Жакшыдан үмүт кылган айыбымбы?.. Жалгандан тапкандай сен дайыныңды, Жаңсайсың, жанга дабаа жалгыз, дейсиң Жасалма өчүп жанган жарыгыңды.   Азгырык үмүттөргө түк түтпөймүн, Айланып толугу менен…..