Акын Керимбек Кадыракуновдун “Закым” аттуу китеби жарык көрдү. Китепке автордун кийинки жылдарда жазылган жаңы ырлары кирди. “Мегаформат” басмасынан 1000 нускада жарык көргөн китеп окурмандарды кайдыгер калтырбайт. Сатып алууну каалагандар авторго (0703725858) кайрылсаңыздар болот.
Керимбек Кадыракуновдун жаңы китеби тууралуу
Керимбек Кадыракуновдун адабиятка келгенине, ыр жазуу менен алектенгенине бери жагы жыйырма жылдан ашык убакыт болуптур. Аны менен катарлаш жазып баштагандар азыр салмактуу топтомдорду, тандалмаларды, керек болсо чыгармаларынын көп томдуу жыйнагын чыгарганга камынып калышты. Бирок К.Кадыракунов чыгармаларынын сан жагына эмес, сапат жагына, жазган ырлардын ой жагынан, маани, мазмун жагынан алымдуу болушуна кызыкты. Чыгармачылыкта күнүмдүк ызы-чуу, курулай атак-даңк эмес, көркөмдүк асыл нарк маанилүү экенин, китептердин саны эмес, сапаты керек экенин байкап, сабырдуу жүрдү, салмактуу жүрдү. Дуулдатып, үстөккө-босток китеп чыгарган жок, коньюньктурага кызыкпады. Көп жазганга эмес, төп жазганга аракет жасады. Колуңуздардагы китеп Керимбектин жаңы жыйнагы. Ушуга байланыштуу кыскача эки ооз сөз.
Менин байкашымда, Керимбек адам катары да, акын катары да турмуштун ачуу-таттуусун терең түшүнгөн, замандын бороон-чапкынын, тарыхтын илме-кайып бурулуштарын жон териси менен, бүткүл акыл-эси, интеллекти менен терең сезе билген акын. Бул жыйнактын автору адабиятка, поэзияга, деле чыгармачылык деген ыйык нерсеге жеңил-желпи мамиле кылууга болбой турганын башынан туура баамдаган калемгер экенин баса белгилегим келет.
“Закым” – бүгүнкү күндөгү Керимбек Кадыракуновдун адабий бейнеси. Бул китепчесинде акын мурунку жылдардагы идея-темаларын, изденүүлөрүн андан ары улантып, негизинен кененирээк масштабдагы маселелер менен көйгөйлөрдү ырдын тили менен талдоого аракет жасаганын көрүүгө болот. Акындын баамында заман – бул не бир закым, метафизика, тарых да – кандайдыр бир закым, ал эми адамзаттын турмушу, эч качан бүтпөгөн түйшүктөрү менен көйгөйлөрү – эмпирикалык баам менен ченеп-өлчөп, жөнөкөй формалдык логика менен таразалоого болбой турган татаал феномендер. Ушул илме кайып диалектиканын контекстинде адашпай, жолдон тайбай жашап кетүүнүн бирден-бир жолу – тазалык, ички моралдык фундамент. Бул көз караш “Закым” – жыйнагынын тематикалык жана идеялык негизги платформасы.
Ойго салчу суроо уулун элеттин,
Качан, кимге, кандай шартта керекмин?
Канча жолу кагуу жеди ишеним,
Канча жолу каптап өттү сел, өткүн.
Кулу болбой кара жемсөө кулкундун,
Адал ашка кол салууга умтулдум.
Күндөр келип оомат, төлгө төп түшөр,
Көкүл серпкен көктөм сымал кулпундум.
Шүгүрчүлүк, айтылбаган арыз-муң,
Адамдардын арасында бар ысмым.
Жанга жагар жакшылыгым мол берген,
күндөр үчүн – мен жашоого карызмын.
(“Шүгүрчүлүк”)
Дагы бир “Сыр төгүшүү” деген чыгармада акын мындай дейт:
Өмүрдө ашып келдиң канча кырды?
Кел, отур. Жылын. Эс ал, чарчадыңбы?
Бир күйүп, бирде быкшыйт жаккан отум,
Улантып убарасын арча нымдуу.
Булуттай сеңирдеги булаалаган,
Бурулар орун таппай бул ааламдан.
Айдыңы ай-талаанын көздөн учуп,
Буудандай буктурмада ылаалаган.
Арадай айтылат сөз, бүтпөчүдөй,
Аёого алсыз жүрөк түтпөчүдөй.
Ызанын жыйылгансыйт күкүрттөрү,
Жарылса жаккан оттон дүрт этчүдөй.
Түйшөлткөн түйшүк бирге түнөөдөбү?
Болобу жандан азат күнөө деги?
Көпөлөк гүлгө конуп жайды канат,
Алакан жайган өңдүү түлөөдөгү.
ж.б. (“Сыр төгүшүү”)
Адамзаттын керт башына келген азаптан, көйгөйдөн арылууга багыт бурар жаркыган үмүт болоруна, ага умтулуу ишеними ийгиликтин башаты экени жан дүйнөңдү козгоп турат. Табият, кыймыл, көпөлөк, үмүт, ырым жан дүйнөнүн тазалыгына чакырык – тилек.
Бул дүйнө барат улам татаалдашып,
Дагы бир жаңы элемент катталды ашык.
Ирмелсе ийнеликтей илебинен,
Океан огунан оойт, капталды ашып.
Уясын даяр турат сактаганы,
Илеби кетпесе деп каптап аны.
Кылтылдап турган өңдүү бүгүн дүйнө,
Жан бүткөн жашоосуна камтамалуу.
Жалгашар жакшылыктын элчисине,
Дүйнөдө барына, эртең келчүсүнө.
Кирдебей, мөлтүрөгөн ушул аалам,
Түбөлүк калар болсо ээ, энчисине.
(“Түбөлүк калар болсо ээ, энчисине)”
Албетте, тагдырдын, тарыхтын татаал парадокстарына жооп табуу акындын иши эмес. Акындын иши ошол татаал парадокстарга таза адамгерчилик платформада туруп мамиле этүү, таамай эмоционалдык реакция жасоо. “Таянган тооң бийик болсо, ыргыткан ташың алыска түшөт” деген макалдын поэтикалык чечмелениши мына ошондой. Анткени акындын көзү – башкача көз, акындын тили – башкалар деле сезип билип турса да, бирок сөз менен туюнтуп бере албаган ойлорду чукугандай таамай айтып салуу деген сөз. Биз сөз кылып жаткан акындын поэзиясы мындай мүмкүнчүлүктөн да куру эмес.
Каш серпип кагып койдуң сунушумду,
Шылтоолоп, бошой алгыс жумушуңду.
Кирпигиң киргил тартып турган эле,
Үн катпай турдум күтүп тунушуңду.
Тереңде… коога жатат эч бир үнсүз,
Көздөрүң – көл мелтиреп, кечкурун суз.
Кайрылбай багыты өжөр агат суулар,
Кылчайбас жандарга окшоп кечиримсиз.
Кечээ эле кеңирсиген кенен дүйнө,
Бөгөөтү, ыпыласы беленби, үймө?
Байгесиз марадагы тулпарга окшоп,
Томсоруп тогоосу жок келемби үйгө?
Жапан ой, токто жүрөк үшүн албай,
Чаржайыт… жат кыялга түшүп албай.
Ансыз да жан дүйнөдө бороон улуйт,
Себебин жатам дале түшүнө албай…
(“Себебин жатам дале түшүнө албай”)
Айтор, Керимбек Кадыракунов жаңы жыйнагында турмуштун, доордун татаал суроолорунан четтебей, батыл каршы алып, жылуу уясынан карыш жылгысы келбеген, жылма жазып, жылма жашаган супарасы курук чилистендин кейпин кийбей, ар кандай ачуу суроолорго айбыкпай жооп издеген, заман менен, убакыт менен акындык ачык диалогго чыккысы келген акын катары көрүнөт.
Китепке, анын авторуна албан ийгиликтерди каалап,
Академик, филология илимдеринин доктору Осмонакун Ибраимов