Чолпонбай
1942-жылдын кыш айлары кыйгап, жаз айлары жандай алып, жай айлары аяктап калган. Чолпонбай жүргөн биздин бөлүк Дон өзөнүнүн чыгыш тарабына жайгашкан. Душмандын күчү Дондун батыш тарабында.
Эмне үчүндүр бүгүнкү күн күндөгүдөй эмес. Утуру сыдырым жел жүрүп, сумсайган сур булуттар каршы-терши көчөт. Каркылдаган карга, шакылдаган сагызган, чырылдаган чымчык жок. Тек Дон өзөнүнүн жака-белинде эч кандай жандар жаралбаган сыяктуу… замбиректер күрсүлдөп, миномёттор ызылдайт. Пулемёт, автоматтар тытырап, мылтыктар тарсылдайт. Ажалдын кабарын айткансып, асманда октор зырылдайт. Белгисиз токой, чөп-чар арасынан, арык-чөнөк, окоп жана дзот ичине ок чачылат, асмандан каршы-терши учкан октор бирине-бири кагылат. Тек алда кандай шумдуктуу куралдар каарданып, от менен октун кыяматын жүргүзүп жатат.
Дондун чыгыш тарабындагы жээгине караганда батыш тарабындагы жээги бийик, 100-120 метр чамаларындагы боз ала чаптуу жер. Ошол кашатка чыгып, Дондун чыгыш өйүзүн караганда, он километрлеген ачык мейкиндиктер көрүнүп турат. Аркы гана өйүз эмес, ошол кашаттын алдындагы боз ала чаптуу боорлор жана жарлардын бардыгы даана көрүнүп турат. Дал ошол кашаттын башына орношкон душмандын дзоту бар. Ал дзот абдан көрүнбөй тургандай бекемделип жашырылган. Дзоттун кенедей тешигинен тиги биздин бөлүктөргө карап, ажалдын оту күйүп, огу атылат. Ийинден шыкаалаган сокур чычкан сыяктуу, ооздорун тешиктен чыгарып, душмандын пулемёту жана автоматтары тытырайт.
Дон суусун кечип өтүп С. селосунун алдындагы бийиктикти ээлеп, анан С. селосун алуу үчүн биздин бөлүккө приказ берилди. Албетте, приказ – приказ!..
Бул приказ – Ата-Мекендин приказы… Бул приказды командирлер жана боецтер сыймыктанып аткарышат.
-Өлүм үчүн же гүлдөй турган өмүр үчүн ким барат? – деген үн угулганда:
-Мен, жолдош лейтенант! – деди Чолпонбай. “Мен” деген сөздү айтууга баары камынса да, Чолпонбай бардыгынан мурда айтты.
Бул баатыр үнгө таңдангандай командирлер жана боецтер жалт карай салды.
“Баатырдын көркү – маңдайда, чечендин көркү – таңдайда” деген макал эстерине кылт этти.
Чолпонбайдын камырабай күлүмсүрөп турушу, жазы маңдайынын жаркырашы, коюу кара кашынын алдындагы терең кабагы, оттуу кара көзү, барбайыңкы тарткан мурду, калбайыңкы келген эрди карап тургандардын эт жүрөктөрүн элжиретти. Командир Чолпонбайды кучактап, маңдайынан өптү да:
-Баргын, Тянь-Шандын барчыны! – деди. Чолпонбайга карап тургандардын баары суктанышты.
Арадан бир мүнөт да өткөн жок. Чолпонбай өзү сыяктуу азаматтар менен бирге жөнөп кетти, бирок көрүнүп жөнөбөстөн, жашынып басып кетишпестен, боорлору менен жылып кетишти, тек анда-санда чөптүн башы былк эткен болот. Бир нече секунддан кийин Чолпонбайлардын дабышы да угулбай калды.
Элин, жерин сүйгөн Чолпонбай бир жерге келип токтой калды, себеби алдынан кеңдиги жыйырма метрдей чөпсүз такыр жер жолукту.
-Бул такырдан жылып да, чуркап да өтүүгө болбойт. Душман көрүп калат. Демек, алаңгазарлык кылып, душманга көрүнүп калак, анда биз Ата-Мекендин алдында командованиенин ыйык милдетин аткарбаган болуп табылабыз. Ошондуктан бул такырды айланып өтүш керек, – деди Чолпонбай.
Бир аз убакыт өткөндөн кийин, Чолпонбайлар Дон өзөнүнүн чыгыш жээгиндеги камышка келип токтошту.
-Жолдоштор! Сүзүп өтүп, наркы чапка жармашуудан башка эч чара жок. Жүргүлө – деп, командир сууга карай жылды.
Ажалдан коркпогон баатырларга айланадагы бардык нерсе таңданып карагансыйт. Жүрүп отурган жел тынды. Дон өзөнү акканын токтотконсуп мелмилдейт. Кандайдыр шумдук күткөнсүп, гүлдөр башын ийип, чөптөр солк этпей, камыштар катып калган сыяктуу.
Чолпонбайлар жабылып сууга киргенде, каардуу душмандар көрүп калып, автомат жана пулемёттон ок жаадырды. Мемиреген суунун үстүнө жааган мөндүр кандай болсо, Чолпонбайларга каршы атылган октун келип сууга түшүп жатышы дал ошондой эле…
О, чиркин…. баатырлардын жүрөгү кандай! Эч нерседен жалтанбаган маңдайы кандай?..
Ысык-Көлдүн балыгындай сүзүп, Чолпонбай бат эле суунун наркы өйүзүнө чыкты. Анын артынан жолдоштору да чыкты. Дон өзөнүнөн бөгөп аккан тереңдиги, душмандын каарданып аткан калың октору Чолпонбайларды чочута албады. Бардыгы жабыла чуркап, бийик чапка жармашышты. Бирок ок чыркырап келип, Чолпонбайдын оң жакасын жырып өттү, экинчи ок сол кулагынын үстүнөн өттү, бирок ал октор Чолпонбайды жалтандыра албады. Душмандар эмдигиче бирөөнү ыргыта ата албагандыгына ызаланышты. Каарданып, бардык күчтөрү менен автомат жана пулемёттордон ок жаадырып, чаптын боорун чандатып, тыта башташты. Душман айласы кеткенде Чолпонбайдын жолуна ок жаадырып туруп алды. Көз ачып-жумганча эмне кылуу керек деген ой Чолпонбайдын башына келе калды. Аңгыча болбой, Чолпонбай оң тарабындагы кемер жараканы көздөй томолонуп кирди. Ар жагында келе жаткан жолдоштору чочуп кетишти. “Чолпонбай өлдү” деген ойду да ойлошту, бирок Чолпонбайга эчтеме болгон эмес. Душманды алдап, ошол кемер жаракага жетүү үчүн кылган амалы эле.
Талас жана Кара-Бууранын суусуна чабак уруп, Таластын аскаларына ат ойнотуп көнгөн Чолпонбай үчүн мына бул Дон суусу, мына бул бийик чабы кеп эмес болчу.
Чолпонбай кемер жарака менен тике өйдө чуркап жөнөдү. Берки жолдоштору душманды алагды кылып, ок атып турушту. Чолпонбай чуркап бара жатып көз ирмегенче токтой калып, атып жибергенде Чолпонбайды жок кылууга келе жаткан Гитлердин ити кулап кетти. Гитлерчилер Чолпонбайдын жакындап келе калганын көрүшкөндө, жүрөктөрү ооздоруна тыгылды, кутурган иттей жинденип, окту жамгырдай жаадырышты, бирок Чолпонбай гитлерчилердин көзүн дагы жазгырды. Бул учурда жолдоштору дагы артынан жакындап келип калган эле.
-Курбулар! Бул жардын кемерлери бизге жардам бербейт. Кандай гана болсо да, дзотту талкалаш керек! – деп, Чолпонбай дзоттун тиги тарабынан чыгууга жылып жөнөдү.
Чолпонбайдын артындагы жолдоштору, алар эмес аркы өйүздөгү командирлери, кала берсе жана гана коштошкон тилектеш бир боорлору анын ар бир басып өткөн татаал жолдорун, ар бир кыймылын ката кетирбей жана көздөрүн ирмебей карап турушат. Чолпонбай дзотко улам жакындап, жети баштуу желмогуздар менен арбашат. Адам эмес, тарсылдаган үндөн коркуп коргологон канаттуулар, Дондун ак балыктары баштарын көтөрүп Чолпонбайга карагансыйт. Жандуулар эмес, жансыз табияттын өсүмдүктөрү да Чолпонбайга багынгансып, баштарын төмөн ийгенсийт. Ажал менен таалайдын сааты кармашып жатты.
Чолпонбай болжогон жерине жетип, дзотко карата биринин артынан бирин зыркыратып гранаталарды ыргытты. Гранаталар ажалдын оту менен огун бүркүп, күркүрөгөн каардуу үнүн удаа-удаа чыгарып, кара түтүндү буркуратып, топуракты асманга карай септи. Бирок ийинде жаткан жети баштуу желмогуздар аракетин токтотпой, ажалдын огун себе беришти. Мына бул жерде жаткан жолдошторунун кыймылдоого эч мүмкүнчүлүгү жок. Өйүздөгү батальон чабуул коюп келип, жардам берүүгө да эч кандай ылаажысыз. Кана кантип жардам бериш керек эле? Жабыла ат коюп, паанасыз ачык талаага чыгып, чыркыраган окторго төштөрүн тосуп, бөөдө өлүм болуу керекпи?
-Жок… жок… Дал ушул шартта бөөдө өлүм болуу – барып турган макоолук… – деп, Чолпонбай өзүнө өзү күбүрөдү да, ажалдын ачкычы, таалайдын кулпусу ушул мүнөттө менин колумда. Ооба, бир боорлорумдун таалайы, жети баштуу желмогуздардын ажалы менде деп, көзүнүн отун жайнатып, жыландардын уюгу болгон дзотко карады да, ооба… боорлорума карата атылып жаткан октордун бирин дагы кетирбей тосуп турсам, батальондун бактысына жол ачылып, жети баштуу желмогуздарга көрдүн эшиги көрүнөт, – деди.
Дал ошол секундда Чолпонбай чыгыш тарапты бир карады. Алда кайдан аркайып Ала-Тоо карап тургансыйт, калдайган кыргыз эли талкала жоону дегендей, кол булгалагансыйт. Ак асаба кызыл туусун кармап, айкайлаган ызы-чуусун салып, Аккуласын алкынтып, кырк чоросун жулкунтуп баатыр Манас келаткансыйт. Анын оң тарабында казактардын кан Көкчө, сол жагында Төштүк, өзбек ханы Сынжыбек, түркмөн ханы Музбурчак түркүм түмөн кол менен жер дүңгүрөтүп келе жатат. Жалт бурулуп Москва тарапты караганда Минин, Пожарский, Александр Невский, Суворов, Кутузов, Чапаев баатырлар жер дүңгүрөткөн чуу менен келе жатат. Чолпонбай көзүнөн жалынын чыгарып, тишин кычырата чайнап алды да:
-Мына, менин ата-бабаларым ким экенин бүт дүйнө билсин… Бүткүл дүйнөдөгү адам баласы өз көзү менен көрсүн. Айтканынан кайтпаган, ажалдан башын тартпаган, өлүмдү билбеген, душманга башын ийбеген баатырлардын тукуму – мен… Менин бабаларым өз доорунун баатырлары болуп, ошол өз доорунда Ата-Мекендин ыйык милдеттерин аткарган. Мына мен дагы элим үчүн, жерим үчүн Ата-Мекендик ыйык милдетимди аткарам! Мына бул дзоттогу жыландарды өрттөбөй, бул бийиктикти биздин батальон ээлебей, мына бул С. селосун албай, биздин жеңиштин ачкычы колго тийбейт… Кош, тууган эне, тууган эл, тууган жер!.. – деп, бир-эки секундча ойлоно калды да, ыргып тура, көз ачып-жумганча дзотко жетип, ажалдын оту чачылып, октору атылып жаткан дзоттун тешигин басып, пулемёттун оозуна жүрөгүн тосо берди…
Бул укмушка карап турган жолдоштору эмес, кара жер да солк эткенсиди. Көрүп тургандар көздөрүнө ишенбеди. Бирок чындык ишендирди. Бул чындыкты адам эмес, желге башын ыргаган өсүмдүктөр да макулдады. Жети баштуу желмогуздардын огунун бирин да Чолпонбайдын жүрөгү сыртка жиберген жок.
Көз ачып-жумганча Чолпонбайдын артындагы жолдоштору жана командирлери – Горохов, Германдар жетип келишти. Аркы өйүздөгү батальонго жол ачылды.
Арадан бир мүнөт өтпөй, жети баштуу желмогуздар өздөрүнүн казган кара көрүндө жан беришти. Биздин бөлүк ушул бийикти ээлеп, анан С. селосун алышты. Фашисттик жыландар селодон чыкпай, күм-жам болушту.
Чолпонбайды жолдоштору көтөрүп барып, көк чөптүн үстүнө чалкасынан жаткырышты. Анын көзү жумулган… Кара тору буудай өңү саал кубарайын деген. Бирок маңдайы калыбындай кашкайып, чексиз эрдигин далилдеп турду.
Жолдоштору тегеректеп, ыйык милдетти аткаргандыгына алкыш айтышып, акырын эңкейишип бетинен өбүшөт.
-Жолдоштор! Түлөбердиев Чолпонбай биздин арабыздан убактысыз кайтты. Бирок Чолпонбай кыргыз эли гана эмес, бүтүндөй элдин ишеничин актап, ыйык милдетин баатырлык менен адам таң каларлык аткарды. Душмандын бир огун кетирбей тоскон Чолпонбайдын жүрөгүн карагылачы! Бул кимдин уулу?.. Мунун жүрөгү эмне деген жүрөк? – деп, командир боецтерди айландыра бир карап алды да – бул элдин чыныгы уулу… Элдин ар бир уулу Чолпонбайдай болсун деп ай-ааламга жар чакырабыз. Чолпонбайдын өлгөндүгү үчүн кайгырсак да, анын эрдиги үчүн кубанабыз. Чынында Чолпонбай өлгөн жок. Ал ар бир адамдын жүрөгүндө жашайт жана көз алдында түбөлүккө сакталат. Кыргыз эли Чолпонбайдай уулу менен сыймыктанып мактанат… А биз болсок, эң акыркы… эң акыркы фашисттин башын жоймоюнча, Чолпонбайдын жана Чолпонбай сыяктуу бир боорлорубуздун кунун кууйбуз! – деди командир.
Көп убакыт өтпөй Чолпонбайга Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилүү жөнүндө командованиенин суроосу өкмөтүбүзгө кетти.
Кечкурун кашат жардын үстүндөгү дөбөдө ардактуу кыргыз уулу Чолпонбайдын мүрзөсү пайда болду.
Мүрзөнүн үстүнө жыгач сайылып, ал жыгачтын учуна беш бурчтуу жылдыз кадалып, ага:
“Сага түбөлүк даңк, кыргыз элинин баатыры! Кыргыз элинин чыныгы уулу Чолпонбай Түлөбердиев, өзүңдүн Ата-Мекениңдин даңкы үчүн, элиң үчүн баатырдык көрсөтүп, сен өзүңдү түбөлүк өчпөс кылдың! Сенин эстелигиң түбөлүккө жашайт!” – деген жазуулар сыя карандаш менен бадырайта жазылды.
Кызыл аскер Чолпонбай Түлөбердиев дивизиядагы бардык роталарда, батальондордо, полктордо ардактуу кызыл аскер болуп эсептелди. Чолпонбайды дайыма эртели-кеч жоктоп турушат.
Баатыр уулунун кабарын кыргыз эли билди. Чыныгы уулуна эл ыраазы болду. Чолпонбайдын элеси ар биринин жүрөгүнүн толтосунан орун алды…
“Чолпонбайыма ыраазымын… Бооруңа Чолпонбай сыяктуу уулуңду өстүр… Чолпонбай сыяктуу уулуңан каштай тунук булагыңдын суусун, түркүм гүлүңдүн атыр жытын аяба. Аскаңа чыгарып алдейлеп, чабытыңан түлкү, кадууңдан карышкыр аттырып үйрөт!” – деп Чыгыштагы Кан-Теңирге, Батыштагы Эльбруска мактангансып, көптү көргөн, сыры терең Ала-Тоо башын асманга карай созду.
Касымалы Жантөшев