Кыял Тажиева: Акын жүрөктөрдүн өртү менен Өкмөт идеологиясын ишке ашырууга мезгил келип жетти

Соңку учурдагы эки чыгаан таланттын удаа дүйнө салып узап кетишинен улам коомчулукта, айрыкча адабият ишмерлеринин арасында кызуу талкуу орун алды. “Таланттарды өз учурунда кандай баалай алдык, баркына жете алдыкпы?”, “Алар кандай жашап өттү” ж.б. ушул темалардын тегерегиндеги талкуу кызып отуруп чыгармачыл инсандарды мамлекет камкордукка алыш керекпи, албаш керекпи деген ойлор жаралды. Айрымдары камкордукка алуунун кажети жок десе, бир даары Өкмөт ушундай кырдаалдан, учурдан пайдаланып улуттук идеологияны ишке ашырыш керек деген пикирин билдирди. Чынында мындай талаштуу пикирлерге ким кандай баа берет, чындап эле Өкмөт чыгармачыл инсандарды камкордукка алыш керекпи? Бул пикирлерди окуп чыгып, Өкмөттүн өкүлдөрү да өз ойлорун билдирер деп үмүт кылалы.

Зайырбек агай бай болчу.

Алишер Новои вазирлик кызматка жеткен. Диогендин үстүндө үйрүп салар жакшы кийими жок болгон. Алардын улуулугу айтылып кала берди. Кандай жашашты өздөрү тандаган. Азыр Зайырбек акенин акындыгы, асылдыгы кеп болуш керек. Үйү эмес. Агай жакшы жашады. Эки уул, бир кызды эрезеге жеткирди. Кичинекей кызын жакшы көрүп, бапестеп чоңойтуп жаткан. Уулдары менен сыймыктанчу. Аларды кийинтип, ичирди. Үстүндө үйү, айдаган машинеси болду. Жакшы маяналуу жумушта иштеди.

Бишкекте кичинекей жертамым болсо ал жакка көчүп кетип, муңбай жашайт элем.

Анын эр жеткен тарбиялуу балдары байлык эмей. Жигиттер атасы менен сыймыктансын! Алар намыс-арын жоготпогон, эл арасында бийик кадыр-баркы бар, Мирлан аке айткандай тирлик эмес, бирдик деп, уруу эмес улут деп соккон жүрөгү бар атасы болгону менен сыймыктансын.

Зайырбек Ажыматов өкмөт үйүмү оңдоп берсин деп док артмак эмес. Ал бийликке элдин турмушун оңдобогону үчүн нааразы болмок. Ал капа болсо, бийликтин аксымдыгына, шалаакылыгына, жегичтигине капа болмок.

Эми акындар эмне кылыш керек? Мен өлсөм Олжокеге окшогондор үйүмү тартып чыгарат экен деп тырмалаңдап өтсүнбү? Же бийликке, байыраак бирөөнүн этегине жармашып мактап өтсүнбү? Акындар үч кабат особнякта же кичине алачыкта жашап өтүштү өздөрү билет, өздөрү тандайт. Чет өлкөдө өмүр бою батирлеп жашоону тандаган адамдар көп. Кайран акын узак жашаса болмок. Мен Зайыр агайдын жашап өткөн жашоосуна суктандым. Күйүп-жанып, толуп-ташып өмүр кечиргенине суктандым. Байлык – өкмөт берчү үй эмес, кудай берген талант экен. Эмне деген адамдар, эмне деген таланттар Зайырбек агай менен катар жүрдү, дос болушту. Кадимки Элмирбек Иманалиевдин достугуна, сүйүүсүнө татыган инсан бай эмей…

Бийликти, депуттарды урганым жок. Алар акынга үй салганды коюп, элди жакшы баксын, элди тентитпей, акысын жебей жакшы иштесин! Акындарга жардам бергиси келсе аянтча түзүп берсин, чогулганда буту баткыдай жерди ырастап берсин! Закем да ушуну айтмак.

Жаткан жери жайлуу болсун!

Улукбек Омокеев

 

Жазуучулар жөнүндө дарбыган сөзгө…

Кыскартып айтканда, “Жазуучуларды мамлекет багышы керек”- деген бир тарап, экинчиси “Жо-ок жазуучу кара жанын өзү багышы керек”- деген экинчи тарап болуп эки-үч күндөн бери кайым айтышып атышат. Эки тарабы тең өздөрүнүкүн бербей эрегишип алышкан.

Чыгармачыл адамдар, анан аларды ким багышы керек дегендин тарыхына бир кылчаялы. Көбү “Мамлекет багышы керек”- деген түшүнүк коммунисттерден калган дешүүдө. Жалпы СССР аймагы боюнча алсак анын чындыгы бар. Ал эми Кыргыздарга келсек башкача. Өзүм билген эле фактыларды келтирейин. Кадимки Сагымбай Орозбаков манасчынын айылдашы болом. Атамдын айтканына караганда коммунисттик заман келгиче деле Сагымбай үйүндө өмүрү чычкак улак кармаган эмес экен. Ошол кездеги эл жакшылары бөлүшүп алышап бири кийим кечесин, бирлери тамак ашын, бирлери көчүрүп кондурмайды д.у.с. моюндарына алышып карашчу экен. Сагымбайдын боз үйүнүн тегереги мал баспагандыктан кайра журт которгуча деле жапжашыл болуп турчу экен. Атам бир жолу жаш кезинде Сагымбайды ээрчип Чүйгө келиптир. Чүй өрөөнүн кыдырып Манас айтып жарым айча жүрүшкөн экен. “Ошол жарым айда Сагымбайга 8 жылкы жетелетишти. Бирок бирин да үйгө жетелеп келген жокпуз. Жолдо келатып эле сыртынан караганда начарыраак, тегерегинде мал жаны жок үй болсо ошолорго карматып берип жүрүп отурду”- деген. Кейпи атамды ошол берген малды жетелеттиргени жанына ээрчитип алса керек. Эми муну кыскартып жазып атам. Ошондо Сагымбайды ким баккан? Эмнеге аны анча эркелетип баккан? Манасын айтса өзүнө да. Тамак-ашы жок калабы, кийим кийбей калабы кимдин эмне иши бар? Тим коюшпайбы. Бүгүнкүлөрдүн түшүнүгү менен караганда, “Манас айтыш сага керекпи оокат жайыңды толуктап, жашооңду оңдоп ал да анан айта бер”- дешип өзүнө койбойбу. Кана кимиң кандай ойлойсуң? Ойлонуга мээ жетээр бекен? Ошол Сагымбайды кезектешип баккан байлардын бүгүн аты-жыттары да жок. Бирок Сагымбайдын Манасы турат бакыйып. Эгер эл ошентип бакпаса Сагымбай Сагымбай болот беле? Манас калат беле? Кадимки “Сынган бугу” баш болгон нечен залкар күүлөрдү артында калтырган, бирин да өзүмдүн күүм дебестен бүт черткенин элдин күүсү атаган жердешим Сейликан комузчуну да эл жакшылары так Сагымбайды баккандай багышчу экен. Ал жөнүндө өтө кызыктуу узак легендалар бар. Ар ким ар нерсе айтпасын деп мен өзүм жакшы билген жердештерим тууралуу гана кыскача айттым. Деги эле адамзатка руханий азык болуучу, бүгүнкүнүн тили менен айтканда классикалык чыгармаларды жаратуучулар ким үчүн керек?

Эми каражанды багууга келели. Туура коммунисттер кыйрап жок болгондон кийин алардын идеологиялык куралы болгон чыгармачыл чөйрө кароосуз калышты. Бирок жашоо турмуш уланып келатат го. Мамлекетке идеологиянын кереги жок экен ар ким өз арабасын тартууда. Бийликтин босогосуна барып отуруп алып “Мени баккыла”- деген жазуучуларды көрө элекмин. Башканы эмес кайра эле өзүмдү мисал келтирейин бүгүнкү күнгө чейин чыккан ондогон чыгармаларымды жалаң өз каражатыма чыгардым. Кадимки “Бриллиант жылан” романым жалпы нускасы 110 миңден ашканда интернетке бекер окууга кое бердим. Азыр да интернеттеги эң окумдуу чыгарма. Ошондо орточо эсеп менен “Бриллиант жыланды” миллионго чукул окурман окуду. Мынчалык көп нускада кыргыз тилинде чыккан чыгарма жок. Байыса мен байыйт элем го. Туура бир аз пайдасын көрдүм. Бирок китептен пайда көрүп байыган жокмун. Себеби Кыргызстанда окурман аз. Элибиздин саны жок дегенде 30 миллион болгондо жакшы чыгарма жазып аны сатып, түшкөн пайдага жакшы жашашка болот эле.

Биздей саны аз эл руханий дүнүйөнү аздектеш үчүн, келечек муунга улуттук нарк насилди, тилибиздин байлыгын калтырыш үчүн өзүнө өзү кам көрүшү керек. Адам күнүгө үч маал тамак ичкен сыяктуу эле күн сайын руханий жактан туура азыктанышы керек – деп көп жаздым. Муну бүгүнкү өтө билимдүүлөргө караганда билимсиз, тамга тааныбаган, бирок руханий дүйнөсү таза, тунук акылдары бар менин илгерки ата-бабам жакшы түшүнгөн экен. Өтө билимдүүлөр дүйнөлүк алкактан кеп салышууда. Орус, англис тилинде канча окурман бар бир ойлоп койчу. Китебиңди кооз кылып чыгарып койсоң окубаса да карап көрөйүнчү деп алып кетсе өзүн актагыдай киреше түшөт.

Армандуу дүйнө канча байлар, депутаттар, учурунда нечен чоң бийликте жүргөндөр дүйнөдөн өтүп атат. Кана, кимисине Элмирбекке же Зайырбекке күйгөндөй карапайым эл күйдү эле? Баласагын кайсыл доордо жашап өттү эле? Аны менен мезгилдеш жашаган каган-хандардын, дүйнөсүн жер көтөрө албаган байлардын кимисинин атын билебиз? Колуңардагы Баласагындын “Кутудагы билиги” канча доорду басып сага жетти? Элмирбек менен Зайырбектин ырлары дагы канча доорду басар экен? Ошондо бүгүнкү Раим миллион деген сыяктуу чириген байлардын аты-жытын билген адам болор бекен?

Тим эле өз жанынан каражат чыгарып берип жаткансып “Жазуучуларды мамлекет багууга милдеттүү беле?”- деп түтөп алгандарга таң калам. Эгер өсүп өнүгүүнү каалаган, элинин руханий азыктанышына кам көргөн мамлекет болобуз десек, жазуучу мамлекетке догун артып барбашы керек. Мамлекет жазуучуга догун артып келиши керек: “30 жыл болду, китепканаларыбыздагы китептер жаңыртылбай эскирди. Минтип отурса мамлекеттеги бүт китепканалар жакында окурман аттуу барбай жабылат. Жазган чыгармаңа уруксат бер, жок дегенде 7-8 миң нуска кылып чыгарып китепканалар, окуу жайлар үчүн сатып алалы. Калем акыңызга келишим менен баланча төлөп берели”- деп. Ошондо улуттун руханий байлыгын сакташат. Тилди сакташат. Депутаттарың тилин чайнап оюн түшүндүрө албай тантыбай так туура сүйлөйт.

Эми кыскача чет өлкөдөгү китеп чыгаруу маселеси жөнүндө. Атактуу Габриэль Маркес “Сто лет одиночествасын” жазарда аялына айткан экен: “Бир чоң чыгарма жазайын дедим эле көр тирликтен убактым болбой жатат”- деп. Аялы Мерседес: “Бүт ишиңди ташта да чыгармаңды жаса бер. Көр тирликти болсо мага кой”- дейт. Маркес чыгармага баш оту менен кирип кетет да үч жылга чукул ушул чыгарма менен отурат. Бүтүп басмаканага алпарганда биринчи калем акысына 8 миллион алышат. Кубанып үйүнө келип аялына айтса Мерседес ыйлап жиберген экен. Көрсө, Мерседес үч жыл бою жан сактоого жалаң карыз ала берип үй жайын сатса да жетпегидей карызга батышыптыр. Бирок бирин да Маркеске билгизбептир. Маркес чарчаганда жумалап ойноп кетсе да жанына жетишээрлик каражат салып берип турчу экен. Маркес үч жыл эркелебесе атагы дүйнөнү дүңгүрөткөн роман жазылат беле? Ал ким үчүн жазылды? Мерседес үчүн элеби? Өнүккөн чет өлкөлөрдө бай китеп басмалар бар. Андай китеп басмалар чоң бизнес кылышат. Алар керек болсо чыгармасы мыкты өткөн, жазганы окумдуу жазуучуларды ээлеп алышат да төбөлөрүнө көтөрүп багышат. Очойгон калем акы беришет. Бизде андай басмалар жок да. Болбойт дагы. Себеби окурмандарыбыздын саны өтө аз.

Анча болду корогон убакыт, мээ агызган эмгекке токтололу. Ар бир жазылган ыр, чыгарма мындай айтканда силер кийген кийим, машина, ичкен тамагыңар, картошка, эт сыяктуу эле товар. Жазуучулар убакыт коротуп, мээсин эзип, жүрөгүн өрттөп өндүргөн товар. Болгону ал руханий товар. Аны силер үч маал тамак ичкендей, күн сайын кийим кийгендей урунуп атасыңар. Бекер алба. Бекер укпа. Төлө. Ал эми кандай төлөйсүң өз эркиң. Жаратмандар жараткан ырларды, күүлөрдү, чыгармаларды күн сайын мамлекеттин эсебинен телерадио, интернет аркылуу бекер жыргап көрүп, угуп атасыңар. Сага бекер күндө ким бир тоголок картошка берип атат. Анда эмнеге сен жазуучунун товарын бекер пайдаланышың керек. Кулагыңды бүтө. Болбосо мамлекетке айт “Биздин салыктын эсебинен буларга бир нерсе төлөбөсөк болбойт го. Булар өндүргөн товарды бекер ала берип шермендебиз чыкты го”- деп. Маселен ЮТП (ред. ютуб) дегениңерде, Жаныбек Жанызактын “Бекер китеп”- дегенинде, “Супер кейжиде” менин “Бриллиант жыланымды” бекер окуп атасыңар. Уялбайсыңарбы. Мен ал чыгарманы 4 жылга чукул көз майымды коротуп, мээмди агызып жазгам. 4 жылдык убактым, эмгегим кеткен. Ал менин өндүргөн товарым. Эмнеге бекер окушуңар керек? Элмирбек менен Зайырбектин канча ырын акыркы эле жумада канча жолу бекер уктуңар. Уялбайсыңарбы? Базарга барсаңар силерге бирөө бир штук бадыраңды бекер береби? Кана ойлонгулачы жазуучуларга асылгандар. А-ай кайдан, мындайды ойлонууга деңгээлиңер жетээрине ишенбейм!?

Чолпонбек Абыкеев

 

Улуттук маданияттын уңгусун издейли

(Жерге жакындаткан жеке пикирлер)

Акыркы убакта чыгармачыл адам – мамлекет, чыгармачыл адам – коом, чыгармачыл адам – тагдыр деген өңүттө талаш-тартыштар күч алды. Айрыкча чыгармачыл интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлдөрү биринен сала бири арабыздан узап, айрымдары эгемендик жылдары коомдун калың катмары үчүн кадимкидей улуттук символго айлангандыктан, далайы жаны кейип, бир топтору өз дараметине жараша маселе козгоп, бул тема азыр көбүнүн бүйүрүн кызытып турган чагы.

Биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек. Илгери совет мезгилинде мамлекет акын-жазуучуларды баккан экен. Ошондуктан адабиятты кесип кылып алган өзүнчө бир катмар өсүп чыккан. Ошолорго чындап кыйын болду. А бирок дүйнө тарыхын карап көрсөк мыкты акындар сөзсүз эле адабиятты кесип кылган эмес. Ал тургай адабият көбүнүн эрмеги гана болгон. Дүйнөгө атагы чыккан Омар Хаям деле негизинен илимпоз киши болгон экен. Өз убагында акын катары эмес, ириде математик катары аты чыккан. Азыр болсо адабият адамды баккан учур өтүп кеткен, айрыкча Интернет заманы баарын бузду (китебин сатып албай эле интернеттен окуп алып атпайбы. Автордук укуктун сакталышынан бузулганы көп болуп атканы өзүнчө чоң тема). Ошондуктан адабиятка кесип катары карабай, илхам келгенде гана жазып коё турган нерсе катары карап эркин койсок, чыгарма ошончолук жакшы чыгат окшобойбу. Бирок ошол жазылган нерсеге жоопкерчиликтүү мамиле – өзүнчө маселе. Себеби элге алып чыгып атканда аудиторияны сыйлаш керек. Халтура жазып алып, “менин сезгеним ушундай, эмне кылайын” деп ачып кеткен же чийки тамакты дасторконго коюп сыйга чакыргандай мамиле туура эмес.

Экинчи жагынан адам жакшы жашаса эле чыгармасын да жакшы жазып калат деген да талаштуу ой-пикир бар. Жакшы чыгарма тескерисинче, түйшүктөн, түйшөлүүдөн, толгонуудан келип чыгат. Эгерде жакшы жашагандар жакшы жазат деген мыйзам ченем болсо биздин бизнеске кирип кеткен акындар Нобел сыйлыгын алмак. Мыкты инсандар мыкты чыгармаларын кадимкидей эле эл катары жашап, кыйналып жүрүп жазышканын билебиз. Шарт түзүп коюп, баарын даярдап берсе эле жакшы жазып калат дегенге да мен ишенбейм. Бул жөнүндө Түгөлбай Казаковдун “Эсимде” деген китебинде жакшы жазылган. “Эргүү келиш үчүн арак ичиш керек” дешти дейт. Бир жума ичтим, эч нерсе жок дейт. “Эргүү келиш үчүн жаратылышка шар аккан суунун боюна барыш керек” дешти дейт, бир жума жылбай жаттым, таш балакет жок дейт. “Эргүү келиш үчүн тигини кылыш керек, муну кылыш керек” дегенинин баарын жасап көрдүм, келген жок дейт. Анан бир күнү үйдө эле кадимки ишимди жасап отурсам ушундай бир келди дейт. Анын сыңарындай эргүү турмуш шарты менен да байланышпайт.

Үчүнчү бир жагы, эл кандай карайт билбейм, мен бир нерсеге кыжырым кайнап жүрөт. “Акындардын жүрөгү назик болот” деп итиркейди келтиришет. Акын болобу, башкасы болобу, эркекти назик деген кеп – аны кемсинтүү деп эсептейм. “Сен эркек эмессиң” деген эле кеп да? Анан ошого ого бетер “ии, ошондойбуз” деп үлбүрөп калышса ого бетер чокудан ары чапкың келет. Акын – болгону башкалар деле сезип, туюп, бирок айта албаганды сиңимдүү кылып айта алат. Болгон өзгөчөлүгү ошол. Илгерки улуу ак тандай акындар деле бирин бири антип “назик” комплимент айтып үлпүлдөтүп ийгенин укпаптырмын. Азыркыларды эле Кудай урду, обу жоктонуп…

Эл арасында ушуга байланышкан зыяндуу стереотип да көп. Мисалы, ыр жазган киши ичип кетсе “аа байкуш, бул ТАГДЫРЫ үчүн ушинтип калбадыбы” деп узун сабак сөз кылышат. А мисалы айылда бир сугатчы дейли, ошондой эле же андан да катуу бир нерсеге кейип ичип жүрсө “аа бул баягы алкаш” деп эле коюшат да, туурабы? Болбосо экөөнүн абалынын айырмасы кайсы? Балким сугатчы көбүрөөк кыйналгандыр? Түбүнө карай келсең ушундай жалган түшүнүктөр көп. Ашырбай деле, кемитпей деле, болгонун болгондой эле айтыш керек.

Маданият – стратегиялык тармак. Бул айныксыз чындык. Бирок бери дегенде үч өңүтү бар. Биринчиден, бизге кандай маданият керек? Кайсы маданият биздин улуттук өзөгүбүздү бекемдейт? Адегенде ошону чечип албайлыбы. Экинчиден, маданият кесип болушу керекпи же хоббиби? Мисалы мен үчүн хобби. Болгондо да көп хоббинин бири, бирок эл үчүн ушунусу маанилүүрөөк окшойт. Болбосо мен өмүр бою иштеп эле келатам. Айрым учурларда чыгармачылыкка кайнаса каны кошулбаган иштерде жүрөм. Бирок ошонун баары эч кандай зыянын тийгизген жок. Тескерисинче көп нерсеге көздү ачты. А эгер мейли, чыгармачылык кесип болсо кимдин эсебинен жашашы керек? Эгер аудиториянын эсебинен жашашы керек болсо – анда анын кандай форматы бар? Үчүнчүдөн, маданияттын өнүгө турган багыттарын ким аныкташы керек? Эгер мамлекет болсо – анда ырааттуу мамлекеттик саясат болушу керек да. Бизде болсо маданият багытындагы саясаттын өзү жок. Эмнени каалайбыз, эмне үчүн каалап атабыз, ага кантип жетебиз, тоскоол болгон жагдайларды кандай кылабыз деген ойлор жок. Анткени азыр формация өзгөргөндөн кийин мамлекет баарын камтый да албайт. А бирок “мамлекет такыр эле кийлигишпесин, баары эркин болсун, ар кимиси каалаганын жасап басып кетсин” дегенге да кошулбайм. Чындап келсе бул чыккынчылык позиция. Бул чөйрө деле атаандаш чөйрө, стратегиялык тармак болгондон кийин. Демек тышкы күчтөр сөзсүз өз таасирин тийгизгенге аракет кылат. Кылып да атат. Маданият – геосаясий атаандаштыктын стратегиялык тармактарынын бири. Билим берүү – стратегиялык тармак. Тарбия – стратегиялык тармак. Анткени ушунун баары биригип келип адамдын өздүгүн, баалуулугун, дүйнө таанымын жана жарандык позициясын калыптандырат. Мээси менен жүрөгүндө кайсы программа жатканын аныктайт. Бизде болсо кайсы тарап ресурсун жумшап, жакшыраак тартып койсо эле маданият (тарбия, билим берүү да) ошолорго кызмат кылып калып атат. Баары эле биздин элге кирип келип өзүнүкүн сиңиргенге аракет кылып атат. Музейде чечингенден тартып парламентке намазкана салдырууга чейин. “Укугум бар, уятым жок” дегенден тартып “Манасты” сөккөн, Айтматовду ашаткан зоопаркка чейин… Ошентип, оңго оонасак Ооганстандын жолун жолдоп, солго имерилсек итке калпак кийгизген айбан чалыш ашынган либерализм ырсалактап, артка кайтсак орусташуу оп тартчудай болуп турат… Соо жерибиз жокко эсе. Андыктан маданият жаатындагы ойлонулган, ырааттуу, биринчи иретте улуттук кызыкчылыкка багытталган, ошону менен бирге азыркы замандын өзгөчөлүктөрүн да эске алган саясат – сөзсүз керек деген жыйынтык келип чыгат.

Алыс барбай эле кыргыз адабиятынын тарыхын да эгемен өлкөнүн позициясынан кайра карап чыкканга мезгил жетти. Анын ичинде мектеп программасы да бар. Мына, мамлекеттин бир ролу ушунда да жатат. 30 жылдан бери ошол да жасала элек. Эчак актуалдуулугун жоготкон, өз убагы үчүн гана баалуу болгон халтураларды жаттата бербей, иргеп чыгып, чыныгы улуттук, адамзаттык баалуулуктарды жайылта тургандарын калтырыш керек. Андайлардын арасына кирбей калгандары көп. Биздин адабият бизге кызмат кылбаса, биздин адамдарга кызмат кылбаса анда эмне кереги бар? Качанкыга чейин Кыргыз ССРи болуп жүрө беребиз, Кыргызстан болбойлубу, маданиятта дагы…

Айтмакчы, мамлекет баарын багышы керек дегенге да кошулбайм. Анткени анда бийлик оосурса да “ак чүч” деп турган күн карама катмар пайда болот (андайлар ансыз деле толтура). Биздин шартта эл мамлекет деп бийликти гана түшүнөт. Бирок тилекке каршы улуттук кызыкчылык менен бийлик башындагылардын кызыкчылыгы дал келбей, тескерисинче карама-каршы келген учурларды биздин эле кийинки тарых бир эмес, бир нече жолу көрсөтүп койду. Анын үстүнө талант, анын ийгилиги жогоруда айтылгандай багууга жараша болбойт экен. Анан дагы бир нерсени эсепке алыш керек. Миллиондой кыргыз кара жанын карч уруп тышта жүрөт. Ошолорго жок дегенде жумуш ордун түзүп бере албай аткан мамлекеттин абалы бул болсо, дегеле чыгармачыл адам болгону үчүн эле колдоо күткөн туура элеби? Анда кыргыздын “элде болсо менде болсун, эл менен көргөн той” деген принциби кайда калат? Бирок мамлекет тыңыраак болсо, эмне каалаганын билсе, жок дегенде багыт бере алат эле. Жок дегенде жакшы эмне, жаман эмне экенин ажыратып бере алат эле. Жакшы деген нерселерди колдоп элге үлгү кылып бере алат эле. Жакшыны көрмөйүнчө жамандын жамандыгы билинбейт экен. Жарык чыкмайынча караңгыда жашап атканыңды байкабайсың. Ошондуктан мамлекет конкреттүү адамдарды эмес, ЧЫГАРМАЛАРДЫ ар кандай жолдор менен колдосо болот (үй береби, мектеп программасына киргизеби, китебин сатып алабы ж.б). Ошондо ал улуттук идеология жаатында өзүнүн да максатын ишке ашырмак, авторго да колдоо болмок. Эмне үчүн кишилерди эмес, чыгармаларды колдосун деп атам? Анткени адам өзгөрмөлүү, баалуулук туруктуу. Экинчиден авторлор да жөн эле жардам күткөн пассивдүү позициядан активдүү позицияга өтөт. Үчүнчүдөн аны көрүп башкалар да ошого жараша түздөнө баштайт. Чыгармачылык – бул эмгек. Ошондуктан конкреттүү эмгек бааланышы керек.

Баса, мамлекет байып кетсе эле мыкты маданиятка ээ болуп калабыз деген пикир да туура эмес. Араб мамлекеттеринин бир тобу ЧИРИГЕН бай, бирок дүйнөлүк маданиятка кошкон салымы анча байкалбайт.

Тарыхка кайрылып келсек, совет маданиятын таптакыр жерүү да туура эмес. Орусташтыруу жана башка терс жактарына карабастан ал да биздин тарыхыбыздын бир бөлүгү. Айтматов деле, Сыдыкбеков деле, Касымбеков деле, биз туу тутуп жүргөн акындар жана кино корифейлери деле СССРдин шартында мыкты чыгармаларын жаратышкан. Эмнегедир алардын деңгээлиндеги нерселерди жараткан адамдарды да анча көрө элекпиз го? Же азыр да Москва айыптуубу? Бул бир гана нерсени көрсөтүп турат. Дегеле кандай болбосун бир нук керек, суу агып кетиши үчүн. Анан ошол нукта чыныгы талант баары бир өзүнүн жолун табат. Системага каршы туруп (мурдагы Айтматов), ага бейтарап, үстүнөн карап (кытай жазуучусу Лу Синь), кээде аны коштоп (Шолохов)… Биз болсо 30 жылдан бери чөөт болуп эле жатабыз. Ошол чөөттөн чыгып дегеле улуттун кызыкчылыгын көздөп, алдыны көздөй агууну ойлобойлубу. Аккан сууда арам жок го, акыры… Албетте, бул бир күндө чечиле кала турган да нерсе эмес. Ушунча жылдан бери топтолуп калган нерселерди тез арада талдап жибериш деле оор болсо керек. Кызыкчылыктар да ар башка заман болду, реалдуулук да татаалдашты. Ошондуктан дагы далай кызыл чеке талаштар, талкуулар жатат окшойт, алдыда.

Учуру келгени чын болсо – башташ керек. Чыныгы турмуш – ошонусу менен да турмуш.

Жыргалбек Касаболотов

 

Чыгармачыл киши экен деп баш калкалаганга үй, алдына машина, казанына аш салып берүү Өкмөттүн же бардарлардын иши, милдети дегенди ким ойлоп тапты өзү?!

Азыр капитализм. Өкмөттүн бул тапта мындан мурун, мындан маанилүүрөөк чече турчу маселелери толо. Ошол көйгөйлөр чечилип, тың жашоо жүрө баштаганда гана бул маселелерге кайра кайрылса туура болор…

Кечеги социализмдин шарттарын кыялданып, чыгармачылыкты кесип катары көрүү чоң жаңылыштык. Ушул чакта накта чыгармачылык менен көр тириликти бирдей көтөрүп жүрүүнүн өзү эрдик экени чын. Анын үстүнө, бул жолду адам өзү тандап алат. Эч кимге милдет кылбай, жүгүн салбай, башка бирөөнүн ийгилигине көз артпай, бирөөгө жакшылык кылып, кубанычына себеп болуп, өзүнүн жашоо образы менен башкага үлгү болуу, жасаган эмгеги менен ким бирөөнүн дилин тазарта алса, адамдык үмүтүн жандыра алган болсо, руханий азык тартуулай алса, дал ушул чыныгы адамдык, андан кийин нагыз чыгармачыл кишинин бул дүйнөдөгү негизги көксөөсү, аткара турчу миссиясы жүзөгө ашты деп билебиз да. Мындан өткөн бакыт, байлык жана сыймык жок болсо керек. Тээ илгертен эле бул принцип ураан болуп келатпайбы…

Турмуштук болумуш менен күнүмдүк тирилигин жүргүзүү тирүүмүн деп өмүр кечирген баарыбыздын эле колубуздан келет. Өрнөктүү, суктанарлык жашап өтүү кыйын иш!

Акыркы 10 күндө дүйнө салган зор маданий ишмерлерибиз чын эле өрнөктүү, суктанарлык өмүр кечиришти. Байлыктын, мансаптын артынан чуркап булганышпады жана ошонун айынан кейип кетишпеди…

Алардын кыска өмүрү үчүн күнөөлүү себеп издебейли, бирөөгө айып артпайлы. Алардын улуулугун тепселеп алган болбойлу! Ыраматылык залкар кишилер да ушуну туура көрүшсө керек эле… Суктаналы, анан да сыймыктаналы!

Акжол Доранбек уулу

 

  1. Акын жүрөктөрдүн өртү менен Өкмөт идеологиясын ишке ашырууга мезгил келип жетти

Бүгүнкү күндүн акыны кыйналып жашап, тагдыр издөөнү максат кылбаш керек. Казанда болсо чөмүчкө чыгат дейт. Ансыз да мүңкүрөп турган элге сенин күйүттүү, армандуу ырларыңдын эмне кереги бар? Акын деген элден өйдө туруп, дүйнө кыдырып, дүйнөлүк адабиятты казып окуп, элге жол көрсөтө турган, дух бере турган, адамды жетелей турган, жашоодон үмүт үзгөнгө шам болуп күйүп бере турган инсан болуусу керек! Ырлары элди эмгекке, жашоого, өнүгүүгө шыктандырып туруусу керек. Бүгүн заман ошону талап кылып турат. Акын керек болсо бийлик башындагыларга кеңешчи болуп, мамлекеттик идеологиянын жарчысы болуш керек! Элди ээрчитиши керек. “Өкмөт каржыласа акындар жалтак болуп калабыз, эркин боло албай калабыз” деген түшүнүк туура эмес. Акын табиятынан жалтак эмес. Жалтак адам акын боло албайт. Ал чындыкты гана дос кылат. Бул жерде мамлекет менен акын биригип, келечекти тарбиялоо үчүн гана чогуу иш кылыш керек. Ал жерде өкмөткө акын колуна-кол, бутуна бут болуп көтөрүп туруу – милдети. Башка максат деле жок. Чындыктан тайгандарды жолго салып турууга төкмөлөр деле жетишет. Оппозиция болууга. Баары өкмөткө каршы туруп алып сындоо максат болбош керек. Сокурдун тилегени эки көз дегендей, байкуш Өкмөттүн деле тилегени – акындын тилеги. Өнүксөк экен, келечекти улут уңгусуна байлап, чачыратып жибербей сактасак экен дейт. Бул маселеде акын эмнеге жалтак болушу керек? Мекенди сүйүүгө, ынтымакка чакырууга акынга ким тыюу салып, ким колго чабат? Өкмөттү сүйгөнүң – мекенди сүйгөнүң. Акындын жүрөгүнө эч кандай арам ой, анан саясат жашабаш керек. Ошондо гана улут акынды ээрчийт! Акыны элди ээрчиткен улуттун түбү түз, дубалы бекем, келечеги кең болот! Ошондуктан улуу журт, арманды, керек болсо жеке сүйүүнү да токтото туруп, керек учурда мекенге сүйүүнү арнаганга өзүбүздү тарбиялашыбыз зарыл болуп турат. Биз, өзүбүз менен өзүбүз алек болуп, талаалап жүрүп алганга азыр шарт да жок. Ошондуктан, Өкмөт акын-жазуучуну колго алып, алардын эч кимге окшобогон өрт жүрөгүн келечекти тарбиялоого пайдаланыш керек. Акындын жүрөгүндөй эч бир чиновник дагы жүрөгүн күйүп-жандырып иштей албайт. Бериле албайт!!! Акынды маанилүү жерге ишке чегерчи, тим эле эки эсе жүрөгүн чаап иштей билет. Кудай ага ошондой мүмкүнчүлүк берген. Бүгүн акын же жазуучу өкмөттүн колдоосуна деле муктаж эмес, ал ансыз да өзүнүн бай жан дүйнөсү менен бактылуу. Алардын бир тилеги – мекенге кызмат кылып кетүү миссиясын сезип, бирок шарт жоктон күйүп-күйүп кетип атат. Азыр жүрөгү акын адамдын баары маданият тармагында, аз айлык менен болсо да мекенге болгон миссиясын аткарып келе жатат. Бирок, ал ишине ыраазы эмес. Андан да зор милдеттер турганын сезип, анан аны аткарууга жол берилбей, тетирисинче, ал каалагандай да иш болбой калгандан жүрөктөрү көтөрө албай, ал миссиясын өлүмү менен да аткарып кетүүгө даяр болуп турушат. Башка элде күйүп-жанган жүрөк жетишпейт!!! Биз аны улуттун пайдасына чечишибиз керек! Акыйлашып отуруунун, аңдышып отуруунун кереги жок экенин түшүндүк го. Анда эмесе, акын жүрөктөрдүн өртү менен Өкмөт идеологиясын ишке ашырууга мезгил келип жетти. Эгер бул шансты да пайдалана албаса, акын жүрөк, өз дүйнөсү, өз байлыгы менен унчукпай бактылуу жашай берет. Анда өзүңөрдөн калсын!!!

Кыял Тажиева

 

Адабият мамлекетке муктаж эмес, мамлекет адабиятка муктаж!!!

Акын Үрүниса Маматова эженин: “акын-жазуучу – жетим бала, жесир аял эмес” деп айтканы бар. Калетсиз айтылган кеп. Анысы кандай, акын-жазуучуларды бир жүргөн бечара көргөндөр тереӊ жаӊылышат. Акын-жазуучулар мамлекеттин камкордугуна муктаж эмес. Эгер, жеке адамдын эмес, жалпы улуттук адабияттын тагдыры тууралуу айтсак, анда биерде ар бирибиз колубузду жүрөгүбүзгө коюп, калыстыкка келишибиз керек. Мисалы, Кыргызстанда спортко жыл сайын 2 млрд. сом акча бөлүнөт. Спортчу чет өлкөгө кайсы бир ортозаар мелдешке чыкса деле, Азия чемпионатына барса деле мамлекет каржылайт. Арийне, кыргыз спортчулары 77 мамлекет катышкан эл аралык мелдештен 76-орунду алып келген учурлар аз эмес. Бирок, ошого карабай мамлекет каржылап келет. Эгер, кокус Азия чемпионатынан алдыӊкы орундарды алса, анда мамлекет ойлонбой туруп, миллиондорду карматат. Мамлекет өзү ар кимден карыз алып, суук тумшук көрүнүп жатса да, ай сайын мыкты көрсөткүч жараткан спортчуларга 15 миӊден 75 миӊге чейин стипендия төлөйт. Азырынча ал стипендиядан баш тарткан бир да спортчуну көрө элекпиз. Тескерисинче, Жогорку Кеӊеш баш, башкалары төш болуп, спортчулардын үстүнө үй, астына машина мингизиш керек дегенди айтып келатышат. Спорт улуттуку эмес. 77 өлкө катышкан мелдештен 76-орунду камсыз кылган кыргыз спортчуларысыз деле дүйнөлүк спорт өнүгүп, спорттук көрсөткүчтөр жаӊылана берет. А улуттук адабият Кыргызстанда гана өнүгөт, өсөт. Улуттук адабиятты каржылабаган мамлекет эмне үчүн спортту каржылаш керек?!! Мамлекет жылына маданиятка да 2-3 млрд. сомдун айланасында каражат бөлөт. Бул акчалар улуттук статусу бар театрларды баш, облустук, райондук театрларды төш кылып каржылаганга кетет. Мамлекет циркти каржылап жатат. Эмне эл ошол театрларга, же циркке барып жатабы? Ким акыркы 25 жылда опера жана балет театрына опера көргөнү барды? Ким кыргыз драма театрына же орус драма театрына спектакль көргөнү барды? Албетте, эстей албайсыӊар. Циркке да барганыӊар эсиӊерде жок, ыраспы? Бирок, эл барып жатабы, коомчулукта муктаждык барбы же жокпу, анысына карабай, мамлекет театрларды каржылап келатат. Театрларга эл келип жатабы, келбей жатабы, ага карабай, ай сайын жүздөгөн артисттер мамлекеттен маяна алышат!!! Мамлекет былтыр опера жана балет театрын, филармонияны ремонттогон, быйыл Кырдрамды (ред. Кыргыз улуттук академиялык драма театры) ремонттоп жатат. Миллиондогон акчалар эч ким барбаган театрлардын имараттарына кетүүдө. Миллиондогон акчалар жумшалып жатат, кыргыз искусствосунда эмне жаӊылык болду, эсте калаарлык эмне окуя болду? “Курманжан датка” көркөм тасмасын тартканга мамлекеттик казынадан 75 миллион сом бөлүндү. Бир кино үчүн ушунча бөлүндү. 500 мүчөсү бар Кыргыз улуттук жазуучулар союзуна эгемендүүлүк алгандан бери бир тыйын бериле элек. Театрлар ремонттолуп, ремонт акчалары уурдалып жатат, улуттук жазуучулар союзу баш калкалаар жайы жок, жылда ар кайсы имаратта баш калкалап келди. “Курманжан датка” көркөм тасмасына мамлекеттик казынадан 75 миллион сом бөлүнгөндөн, кыргыз киносу ошондон өсүп кеттиби? Жок, өнүккөн жок. Тескерисинче, киночулар тарыхый инсандарды бетке кармап, мамлекеттик казынадан акча тономойго өтүштү. “Шабдан” деген кино тартабыз деп 25 миллион сом бөлдүрүп алып, кино тартылбай жатып 11 миллиону желип кеткени эч кимге жашырын эмес. Мамлекет тарыхый инсандарды киного тарткандар үчүн жыртык бюджеттен миллиондорду берет экен, А.Стамов “Хан Тейиш”, “Жортуул” ж.б. тарыхый романдарды жазды, эмнеге ага өз учурунда миллиондор берилген жок. Жазуучу жана акын Эркалы Өскөналы “Куйручукту”, акын Акбар Рыскулов “Атакенин акболотун” жазды. Эмнеге буларга мамлекет бир тыйын бербейт??? Эмнеге алар тарыхый чыгармаларды жазарын жазып алып, кайра аны өз акчаларына чыгарат?!! Эмне үчүн мамлекет киночуларга берет да, улуттук адабиятка келгенде оозун кургак чөп менен аарчыйт?!! Акын-жазуучулар мамлекеттин акчасына муктаж эмес. Тескерисинче, мамлекет акын-жазуучуларга муктаж.

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүрсүң,

Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп…

Суугуңду өз мойнума алайын,

Жол карайын, токтой турчу, Ата-Журт!

 

Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин,

Наалат келип ат тизгинин шарт буруп…

Азабыңды өз мойнума алайын,

Из карайын, токтой турчу, Ата-Журт!

 

Жазда башка… Жел тийбесин абайла,

Көпкө турбас, мобул турган сур булут.

Бүт дартыңды өз мойнума алайын,

Сен ооруба, мен ооруюн, Ата-Журт!» – деп өзүнө өзү каргыш алып, өз өмүрүнөн ата-журттун, мекендин өмүрүн бийик коюп, мекенди ырга кошуп, ата-журтту даӊазалоо үчүн адамга канчалык дух, канчалык руханий интеллект керек экенин акын адам гана түшүнөт. Аны мамлекет түшүнбөйт. Мамлекет жеке адамды – акын менен жазуучуну колдобой эле койсун, бирок ал улуттук эмес спортко, улуттук эмес искусствого көӊүл буруп жатабы, анда ал улуттук адабиятты да колдош керек. Кыргызстанда өсүп-өнбөгөн улуттук адабият башка эч жерде өсүп өнбөйт. Эгер мамлекет улуттук адабиятты колдой албайбы, анда “Манас” эпосу менен Чыӊгыз Айтматов менен сыймыктанганга моралдык укугу жок. Адабият, анын ичинде улуттук адабият кай жерде болбосун жарала берет. Бүгүн ондогон акын кыздарыбыз-жигиттерибиз Кыргызстандын чегинен тышкары – Россиянын ар кайсы булуӊ-бурчтарында, АКШда, Түркияда, Казакстанда, Европада, Кореяда, Японияда жашап, бирок Кыргызстан тууралуу, адам тагдыры тууралуу мыкты чыгармаларды, ырларды жаратып жатышат. Алар мамлекеттен бир тыйын сураган жок. Тескерисинче, миӊдеген эмгек мигранттарындай эле өз өлкөсүнө иштеп тапканын жөнөтүп да, өз киндиктерин өзү кесип, китептерин да чыгарып келишет. Кыргыз акын-жазуучулары качан бирөөдөн бир сом сурады??? Качан бирөөдөн үй сурады? Ырас, акын-жазуучулар деле адам. Аларда деле башкалар сыяктуу үйгө, күнүмдүк кара курсакты тойгузууга болгон муктаждыктар бар. Бирок, анын өзү акын-жазуучуну мамлекет багыш керек, үй бериш керек деген сөз эмес. Болгону мамлекет баарына: спортко, искусствого, адабиятка теӊ мамиле жасаш керек. Мамлекет адамга адамча мамиле жасашы керек!!!

P.S. Ойлор чачыранды айтылып калды. Спортчулар, искусство ишмерлери, киночулар түшүнүү менен кабыл алат деп ойлойм.

Болотбек Таштаналиев

 

Агынан жарылайын. Бул менин пикирим, каршы болгонуң көтөрүп турган асманыңды таштап ий?! Асманым кулаган “асманыңа” теңелбейт. Теңелем дегениңи белге тээп түшүрүп коюшум мүмкүн..

Акын-жазуучуларга же искусствого, маданиятка материалдык жана моралдык камкордук көрсөтпөгөнгө мамлекеттин акысы барбы? Жок. Эмне үчүн? Анткени адабият, искусство жана маданиятка камкордук көрүү мамлекеттин түздөн-түз функциясына кирет!!! Ушуну билип алгыла, мамлекеттин табиятын изилдеп, окугула бийликтеги билермандар. Мамлекет элдин социалдык-экономикалык жыргалчылыгын жана ички-тышкы коопсуздугун камсыз кылышы керек. Улуттун Рухий Казынасын байытып, адабият, маданиятты өнүктүрүшү керек! Ушул функцияны бийлик толук аткарып атабы? Жок. Жарым-жартылай дагы эмес, өп-чап көздөн өтөөр жана эптемей аткарууда. Материалдык кызыкчылык менен гана чектелеби мамлекет? Анда дүйнөлүк Рух Казынасына кантип, кайсы дөөлөтү менен салым кошот биздин эгемен мамлекет? Эмнеси менен?! Дүйнөлүк Рух Казынасына салым кошуу үчүн татыктуу дөөлөттөрдү ким жаратат? Таланттуу жаратмандар! А таланттуу жаратманга материалдык жана моралдык колдоо болбосо ал адам кайсы убакта, кантип, эмнени жаратат?! Эгемен Кыргызстандын адабиятын, азыр ушу тапта, СССРдин билим берүү системасынын үзүрлүү жемишин жеп калган билимдүү акын- жазуучулар гана кармап турат. Аларга камкордук көрүлдүбү 29 жылдан бери? Жок! Акын-жазуучулар азыр патриоттук духтун деми менен гана иштөөдө. Дүйнөгө мактана турган “Манас” менен феномен Саякбай жана Айтматов гана! Адабиятта алар кайсы маалда түптөлгөн, жаралган жана дүйнөлүк адабият казынасына кирген дөөлөт? СССРдин курамындагы Кыргыз ССРде. Эгемен Кыргыз Республикасынын доорунда эмне жаралды? Кандай рухий дөөлөттөр жана мурастар жаралды? Фундаменталдуу бир-эки болсо да дөөлөт жаралдыбы? Дүйнөлүк масштабда? Өлкөбүздүн масштабында? Атагылачы?! Болгону кыргызга төбөсү көрүнгөн анча-мынча акындар, калемгерлер гана бар. Ошолордун ичинде эрте кеткен Эрнис, Элмирбек, Зайырбек бар эле.. Эми чыгармачылыгы өсө турган маалда кете беришти. Үчөө эмне үчүн эрте кетти? Үчөөнү тең көр тиргилик жеп койду!!! Сөздүн ачыгы ушул. Мамлекеттик бийлик ушул үчөөнүн (Жолдошбек агай, Алым агай ж.б) мезгилсиз кеткени үчүн моралдык жактан толугу менен айыптуу! Эми ушу жерде баш тамгалар менен айтайын. Дегеле ооз ачыра койбой “акын-жазуучулар чет мемлекетте өздөрүн өзү багат го..” дегендерге. Эй, логикалык ой жүгүртүү барбы? КЫРГЫЗДЫН ЭРКЕГИ ҮЙ-БҮЛӨСҮЗ ЖАШАЙ АЛБАЙТ! Бул БИЗДИН УЛУТТУК УЛУУ НАРК- ДӨӨЛӨТТҮҮ САПАТТЫН БИРИ! Кыргыздын эркеги бүлөсүз жүрсө уят болот. Сөзсүз үстүндө үйү, бала-бакырасы болбосо кара башын баккан эркек элден чыгып калат. Бул чындыкты танасыңарбы? Анан дагы, кыргыздын азыр жок дегенде ЭКИ-ҮЧ БАЛАСЫ БАР. А чет элдиктериң кара башын гана багат, ашып кетсе эки балалуу болот. ҮЙ-БҮЛӨ БААЛУУЛУКТАРЫН БИРИНЧИ ОРУНГА КОЙГОН КЫРГЫЗ ЭРКЕКТЕРИНИН АСЫЛ САПАТЫНА ТААЗИМ ЭТЕМ. Чын. Биздин эркектердин ушул асыл сапаты чексиз сый-урматка татыйт. Баары бир бүлө күтөт. Сөзсүз. Биринчиби, экинчиби, айырмасы жок. КЫРГЫЗДЫН БҮЛӨ КҮТҮП, БҮЛӨ БАККАН, АТА-ЭНЕНИ КАРАГАН, ТУУГАНДАН ЧЫКПАГАН ЧЫГАРМАЧЫЛ ЭР АЗАМАТ ЭРКЕКТЕРИН чет элдиктерге салыштырбагыла! ӨЗҮҢДҮН УЛУТТУК ӨЗГӨЧӨЛҮГҮҢӨ, ДҮЙНӨ ТААНЫМ БААЛУУЛУКТАРЫҢА БАСЫМ ЖАСА! Анткени сен кыргызсың! Батыштын адамы башка. Чыгыштын адамы башка. Анын ичинде КӨЧМӨН КЫРГЫЗ ЭЛИНИН УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРДЫ АЛЫП ЖҮРГӨН КУЛК-МҮНӨЗҮ, КЫЯЛЫ БАШКА! Башка бирөөнү туурап, тоту куш болбо! Эмне үчүн эгемен жылдары маданият, адабият, искусство тармагын талкалоого жол берип, таштап салган мамлекеттик бийликтин арыгын чаап, калкалайсыңар?! Эмне үчүн??? Мамлекеттин бюджетинен которулган каражат маданият жаатын карамыш болот. Адабият тармагычы?! Бир актер роль жаратыш үчүн күнү-түнү эмгектенет, анысы үчүн аздыр-көптүр айлык алат. Адабияттачы? Эмине акын-жазуучуларга асмандан даяр түшөбү чыгарма?! Күнү-түнү сөз менен узанбаса атаңардын как башына жакшы чыгарма жаралабы?! Айтматовду айтпай эле коёюн, бери кыргыз адабиятын түптөгөн акын-жазуучуларга бүт камкордук көрүлгөн! Эмне үчүн? Анткени Ленин атаң гений болгон. Элдин рухий дөөлөтү түптөлбөсө ал эл жок болот!

Эми да. Алыска барбагыла, орустардын дөөлөттүү, сөөлөттүү, айбаттуу адабий Рух Казынасынын өкүлдөрүн карагыла. Пушкин, Лермонтов, Карамзин, Державин, Радищев, Фонвизин, Рылеев, Жуковский, Грибоедов, кара сөздүн атасы Гоголь, граф Лев Толстой ж.б. дээрлик 90% дворяндар, аристократ, ак сөөктөр болгон! Башкача айтканда булардын башы ооруган эмес бала-бакыраны кантип багам деп. Андан ары. Совет өкмөтү кедей-кембагалдарды окутуп, билим берип, идиректүүсүнө кудум аристократтардыкындай шартты түзүп берип, “ме, эми улутуңун адабиятын түптө!” деп отургузуп койгон, эй Эгемен Кыргызстандын эл башчы, журт башчылары! Коммунисттик партиянын идеологиясын даңктагын деп талап койгону менен, 74 жылда сабатсыз 700 миң кыргыздын санын 6 млн. жеткирип, эң билимдүү элге айланткан! А эгемен жылдары дээрлик отуз жыл ичинде журт башчылары, мартабалуулар АДАБИЯТ үчүн эмне кылдыңар???!!! Сабаттуу, окурман элди сабатсыз элге айлантып таштадыңар!!! Же калппы??? Азырчы? Бирдеме десе эле “азыр капитализм..” деп, Салижан Жигитов агайдын “акын-жазуучуну бакса семирип иштебей коёт” деген сөзүн туу тутуп, мамлекеттин эң негизги функциясын аткартуудан жалтаңдап, тайсалдайсыңар да?! Салижан агай СССРдин ооматын көрүп, ак шейшебинде бөлөнүп жыргап жатып Салижан Жигитов болгон! Ошо Союздан алган билими менен университетке проректор болуп, Зайыр, Элмир, Эрнистин мууну токсонунчу жылдарда ачка-ток жүргөндө жашыл доллар менен айлык алып, сынды жазып жүргөн. Токочтуу бала сүйгүнчүктүү. Ач кадырын ток билчи беле? Ошондо Акаевге кирип,” жаштар куурады кыйналып, бир шарт түзүп бергиле” деп Салижан агай баш болуп аксакалдар жүгүрүшсө болмок! Каяктан! Каяктан.. “Азыр деген базар экономикасы!..Капитализм! Тим кой! Өлбөгөнү өсүп чыгат!” деп, кыска ойлогон аксакалдар ошо кездеги жаш чырпыктай таланттарды таштап коюшту. Адабий айдыңдын нарк-насилин агызып ийишти агын сууга. Эрнис, Элмирбек, Зайырбектин муунундагылар көрбөгөнү калбай азыр дээрлик баары оорукчан… Калппы? Жаштыгы 1991- жылы Эрнис курактуулар 18-20 да, Зайырбек Элмирбек курактуулар 10-15 те болчу. Томурайган токсонунчу жылдардын кайгайы менен көйгөйү бүт жаштыгын соруп койгон эле! Тиргилик деп жүрүп, үнөмдөп нанды жеп жүрүп, бул муундун алды азыр 50гө, арты 40 ка таяп калды. Эми Кудай жаш берсе алды 60-70 ке таяп кетип атат. Бирок бардыгынын ден-соолугу камкордукка муктаж! Кечээ капитализмде төрөлгөн, энесинин ичинен тиргиликтин тишин чагып, чекчейип түшкөн чыйрак чечектер силерге камкордук керек эмес болсо, өзүңөр үчүн аткез кыла бергиле да, 100гө чыккыла. Орто муундагыларга камкордук керек! Он жылдан кийин 60ка чыккандарын аксакал деп, төрүңө отургузуп алгыдай, 50гө чыккандарын ээрчип жүрө тургандай алгылары керектир?! Ошондой ага-эжелериңердин азыр сырты жылтырап…, сыр бербей жүрүшөт. Бардыгына камкордук керек, курумдай жасалма сөз эмес! Мамлекет тарабынан. Мен ичине баарын жутуп унчукпаган, баёо, намыскөй, илим-билимдүү жана нарктуу замандаш акын-жазуучуларымын көңүлү ток, ден соолугу чың, узак өмүр сүрүшүн каалайм, каалайм жана каалайм! А чыгармачылыкта булар Союздун нанын жеп калган, жанын төшөп иштеген сабаттуу муундун өкүлдөрү! Ал жагынан көөнүм ток. Эми ушу сөзгө каршылар каалаганыңарды айта бергиле.

Рахат Аманова

 

БАШЫ ЖОК БАКА, КӨЗҮ ЖОК КӨГӨНДӨЙ кара аламанды бир боор эл, бир бүтүн журт кылып уютуп турган уютку акындар экени ушул жолу айрыкча сезилди. Гүлгүнүндө күбүлгөн эки акынды жоктоп, эзилип, эчкирип ыйлабаган киши деле калбады. Көр кашына күргүштөп агылган эл ичинде эзели бири бирин көрөйүн десе көзү жок, көзүндө огу болсо атып ийгенден кайра тартпастар да чогулуп келип, күрсүнүп, үшкүрүп топурак салып жүрүштү. Коронавирус деген кара балээге да карашпады. Көлдүн Тору-Айгырында дүйнөдөн мезгилсиз өткөн бир тууганынын атын коюп, “Кенжебек” деген чакан ишкана иштеткен бир туугандар бар. Ал “Айыл азыгы” дүкөнүн да каймак-май менен камсыз кылат. Жетекчиси Талант баатыр өзү ташып келет. Элмирбек каза болгон учурда аны эки күн үзгүлтүккө учуратты. Көзүмөн жаш куюлуп машина айдай албай койдум, биздин үйдөгүлөрдүн баары ыйлады дейт… Кыргыздын мынчалык бириккени аалам алпы Айтматов өткөндө да байкалган эмес. Кыргыз тургай, кылымда теңдеши жок Чынгыз агабыздын кадырын түшүрүү үчүн айтылган сөз эмес бул. Болгону бүгүнкү турмуш чындыгын өлтүрө айткан эки акындын удаалаш өлүмү ансыз да ындыны өчкөн мүлдө кыргыздын боорун эзип, жүлүнүн жулкуп, жүрөгүн канатты. Бул биригүү мүлдө кыргыздын каракчы чоңдор менен уюшкан ууру-кескилерге каршы, анан да кеңкелес башкаруучулук менен түпсүз үмүтсүздүккө каршы рухий биригүүсү болду. Керек болсо жалпы элдик референдум болду! Көз жаш менен, ый менен, муң-кайгы менен, анан да кекенген кек, көксөгөн өч менен чыккан жалпы элдик эрк болду! Муну көөдөнү көрлөр эле байкабай калбаса дени-карды соонун баары көрүп турат. Бул акындардын жеке жашоо-турмушун иликтемиш болуп, жокчулукка тогоп, Кудайдын берген ажалын да башка бирөөдөн көрүп, колунда барлардын кайрымсыздыгынан ушу болду деп, эми бала-бакырасына көз салалы деп сараң байларга док артуу менен тыянактап коёр иш эмес. Азыр бай деп айтаарлык бай деле жок. Баары тең эзели тоюнбаган топорлор. Короо-короо камандар. Жараткан Кудай эч кимибизди ошолордон соогат суратпасын! Анан да маркумдарды колдон түшкөн шордуу кылып көрсөткөндү токтотуу керек. Эки акын тең эл катары эле жашаган. Алды да, арты да эмес болчу. Балким экөөнүн тең күчү балким дал мына ушунда болгондур?! Бири кем дүйнө кимде жок. Кем-карчтарын айта жүргөн болсо андай көйгөй ар кимде бар. Экөө тең сурамчылык кылбай эле өз көйгөйлөрүн өздөрү эле чечип келген. Болгондо да ак эмгеги, маңдай тери деп айтаарлык акыл чөйчөгү, керемет өнөрү менен. Эми болсо экөөнүн алтындан баалуу мурасы бала-бакырасы тургай укум-тукумуна калды. Андайга жеткен бар, жетпеген бар. Болгону ошол мураска татыктуу жашаш гана керек алар. Ал эми өнөр адамдарынын колу-жолун көр-тирликтен бошотуп коюу керек эле деген сөздүн да күңгөй-тескейи бар. Өзүнө жана мойнунда олтургандарга канчалык көр-тирлик жетиштүү деген деңгээл бар. Аны мамлекет камсыз кылыш керек эле деп айтуу үчүн ошону билген, ошону түшүнгөн мамлекеттик жетекчилерди шайлай билишибиз керек. Анте албаган соң бирөөгө догурунбай күнөөнү өзүбүздөн издегенибиз оң. Биздин дүкөнгө күнүгө жумуртка ташып келчү журналист Эмилбек Момунов досум кечээ келгенде Бейиши болгон Буудайбек Сабыр уулу деген илимпоз агабыз тууралуу кеп баштайт. Элдик мурас, санжыра тууралуу андан билги жок эле да. Өтө баалуу сансыз маалыматтарды издеп таап, башы көрүнгөн журналист атпайдын баарына барып, ушуну жарыялагылачы деп таратып коюп кете берет эле. Аны элге чыгарган баатыр журналист болуп, Буудайбек байкенин аты айтылса айтылып, айтылбаса айтылбай кала берет эле. Ошол киши айтчу дейт Эмилбек досум, илгери жоокерчилик заманда кыргыздын конушуна жоо тийгенде баатырлар биринчи кезекте акындар менен өнөрпоздорду жашырып качырууга аракет жасашчу экен. Ошондон кийин гана бала-бакыра, кары-картаңдын камын жешчү экен деп. Акыны жок элдин акылы жок экенин билиптир да көрсө алар. Ошол сөз Элмирбек менен Зайырбектин күйүтүнөн чубалган кеп эле да. Ошентсе да сөздүн ток этээри ар бир кыргыз жанындай көргөн эки акындан айрылуу Кудайдын бизге берген кашкайган сынагы деп ойлойм. Көзүңөрдү ачкыла, көөдөнүңөрдү тазалагыла, адилеттик дегенде ажалдан да коркпогула деген сынак. Азыр ачкадан өлөөр заман эмес. Болоор-болбос көр-тирлик үчүн абийир менен ар-намысты сатпагыла. Абыке-Көбөштүн арам тукуму эмес, баатыр Манастын аруу урпагы экениңерди далилдегиле. Ушул эки акынга аза күткөндөй маанай менен каракчы чоңдорго, уюшкан ууруларга, эли-журтуңду каратып туруп сатчуларга, дүйнөлүк шылуундардын жугундукорлоруна каршы турсак, алардын бир да партиясынын, бир да кыймылынын, бир да кубулма куйтулугунун жеми болбойбуз деген сынак. Мына ушул сынактан өтсөк Элмирбек менен Зайырбек эл сүйгөн эки акын эле эмес, жалпы элге жаркын келечек үчүн жол ачкан улуттук баатырларга айланат.

Бейшенбек Бекешов