Кыргыз адабияты оор жоготууга учурады. Жазуучу, акын, драматург, тарыхчы, скульптор Мурзапар Үсөн дүйнөдөн кайтты.
Мурзапар Үсөн 1948-жылы Баткен облусунун, Баткен районуна караштуу Кара-Булак (Мервана) кыштагында жарык дүйнөгө келген. Мектепти аяктаган соң, Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1970-жылы Кара-Булак орто мектебинде мугалим болуп эмгектенип, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетин 1981-жылы бүтүргөн. Мектепте тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, директор болуп иштеген. 1981-жылы Кара-Булак орто мектебинин окутуучулары жана окуучулары менен биргеликте Айгүл гүлүн коргоого алууну уюштурган. 1989-жылы Кыргызстанда биринчи жолу Нооруз майрамын белгилеп, ошол эле жылы алгачкы ирет “Айгүл гүлү” майрамын уюштурган. 1996-жылы мугалимдик кесибин таштап, чыгармачылыкка жигердүү киришкен. “Улуу талаанын урпактары” аттуу алгачкы тарыхый публицистикалык эссе китеби 1993-жылы жарык көргөн. Андан соң “Кан Манастын бейитин издеп”, “Өрүктүү өрөөндө”, “Алыскы жылдар”, “Жаза”, “Сүрөтчүнүн тарыхы” повесттери, “Ааламдар алкагында”, “Сакылар жери”, “Менин философиям”, “Тайгак кечүү”, “Газават”, “Бөрүлөр”, “Райкомдун аялы”, “Дөө китеп”, “Данакер” ж.б. романдары чыккан. “Кызыл топу”, “Бөрү уюк”, “Акыл карачач”, “Жетимдер жетилгенде” драмалары, “Ыйманым саламат бол”, “Жан дүйнө ыйы” поэзия жыйнактары жарык көргөн. Чыгармачылык майданда талыкпай эмгектенип келген Мурзапар Үсөн 1997-жылы Кара-Булак айылындагы Алмалы капчыгайында “Муз-булак” кичи экопаркын түптөгөн.
12 роман, 5 повесть, 5 драма жана поэзия жыйнактарынын автору, жазуучу, акын, тарыхчы, скульптор, драматург, көп кырдуу талант ээси Мурзапар Үсөн Баткен мамлекеттик университетинин ардактуу профессору, Манас – 1000 төш белгиси, Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Мурзапар Үсөндүн дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
КРУЖС Башкармалыгы