Күмөндөр Усуптегин: Боло берет ынкылап!!! (Мистикалык драма)

Күмөндөр Усуптегин

Боло берет ынкылап!!!

(Мистикалык драма)

 

Катышуучулар:

Чоң Ата менен небере

Ортоңку бийлик эгеси (ОБЭ)

Төмөнкү бийлик эгелери (ТБЭ)

Момункарып, аялы Күңөтай

Ботомбек, аялы Сардал

Зулумбек, Айлакер, эки жүздүүлөр

Сырткары коомчулук

 

Биринчи көрүнүш 

         Өнөр секиде тоолуу өрөөндүн жана бир ыптада шаардын сүрөттөрү. Кандайдыр муңдуу ыргактын добуштары алыстан угулуп келип жакындайт, кайра алыстай баштайт. Тоолуу өрөөн тараптан алтымыш жаш курактагы адам чыга келет. Ал өрөөндүн тээ түпкүрүнөн угулган муңдуу ыргактарга кулак төшөп калат. Ар кандай аспаптардан жаңырган ыргактардын арасынан “Көкөй кести”, “Кыргыз көчү” күүлөрүнүн кайрыктары угулуп, кайра жок болуп турат. Бейкапар алты жашар бала акырын басып, колундагы оюнчугун кармалаган тейде чоң атасын сүзүп алып токтоп калат. Небересинин келгенине адам назар салбайт.

Небере: -Чоң ата, сизге эмне болду? Эмнени карап жатасыз? Тээтиги тоолордо “жез кемпир” бар бекен? (Бул маалда береги муңдуу добуштар кайрадан өйдө жактан жакындап, угула баштайт. Чоң ата небереге маани бербей, жогору тарапты карай мойнун созуп тегерене тыкат кулак төшөйт).

Небере: (Колундагысын жерге таштап) –Чоң ата, чоң ата дейм. Мени көтөрүңүзчү. Коркуп атам. Бул эмне “жез кемпирдин” үнүбү? (Бала чоң атасынын колун кармалап, ыйлай баштаганда гана адам эсине келип, ылдый карап, небересин көтөрүп бооруна кысат. Бул маалда кандайдыр добуш кайрадан алыстап угула баштайт.

Чоң ата: -Ээ, каралдым! Сен мени кайдан таап келдиң! Жолдон корккон жоксуңбу?

Небере: -Корккон жокмун. Бирок айтайынбы?

Чоң ата: -Эмнени айтасың, бирдемелерди калжыраган калжырагым!

Небере: -Мен карасам сиз суу жакта басып бара жатыпсыз. Анан артыңыздан чуркап, бийик жерге келгенде басып келдим. Анда корккон жокмун. Анан жанакы үндү уккандан кийин коркуп кеттим. Бул эмне “жез кемпирдин” үнүбү? Сиз “жез кемпир” бар. Ал сыйкырдуу таягын минип алып келет деп айтпадыңыз беле?

Чоң ата: (Небересин жерге коюп, өзү ылайыктап орун алып олтурат).-Кара жаным, как жүрөгүм десе. Аччы оозуңду, коркуп калган жоксуңбу! (Небересин апаптайт). А жана сен айткан “жез кемпир” түнкүсүн чыгып, тил албай караңгыда жүргөн балдарды алып кетет. Анын үнү мындай эмес, башкача ышкырып угулат. (Бул маалда добуштар кайрадан жакындап, угула баштайт).

Небере: -Мына чоң ата, ышкырып жатпайбы? Коркуп атам. Сиз айткан “жез кемпир” күндүз дагы келе баштаптыр. Мени катыңызчы!

Чоң ата: -Коркпо каралдым. Бул үн экөөбүздү эмне кылмак эле. “Бирдики онго, ондуку жүзгө, жүздүкү миңге, миңдики түмөнгө” –дейт. Кудайдын калайман каарына калсак, биз эле жок болуп, калгандары тирүү калмак беле. Бирок бул добуштар жөн болбой калды. Дагы элге бүлүк түшөт го. Башынан кетти. “Балык башынан сасыйт”. Эми эки нерседен арылып, башкарууну бир нукка келтирмейинче, биздин элге оңой менен тынч заман, бейкуттук доор кайрылчудай эмес.

Небере: -Чоң ата, доор деген эмне?

Чоң ата: -Оо-оо, сөзгө маани берген каралдым! Доор деген бир орунга турбаган, адамдын өмүрүндөй өтүп туруучу курак экен. Мына мен алтымышка жакындап бара жатам. А сен болсо алты жашка чыктың. Биздин муунга эки доордо жашоо тагдыры туш келди. А силерге канчасы туш келет, аны бир Жараткан билээр. Неси болсо да маңдайга жазган жазуу буйрукту көрөбүз да.

Небере: -Чоң ата! Жана сиз айткан эки нерсе деген эмне алар?

Чоң ата: (Ордунан копшолуп турат).- Алардын түбү тереңде. (Колун сунуп). Тээтиги жакта ордо калаа бар. Азырынча аны түшүнө албайсың го кара жаным. Кудайым өмүр берсе, кийин көзүң жеткенде баарысын түшүнөсүң. Кептин баары ошол жакта. Алар жөнүндө учуру келгенде айтып берем.

Небере: -Чоң ата. А бизди ким башкарат? Алла башкарат ээ.

Чоң ата: -Алда колкомду чабайын ай! Ой жүгүртүп койгон кебетеңден айланайын. Ким башкармак эле. Кайран эл шайлоо сайын алданып, шайлоо сайын сатылып жатпайбы. Акырында ошол сатып алган, анан элдин жашоосун эч ойлобогон бир ууч кан соргучтар башкарып жатпайбы. Анан сен айтмакчы Жараткан кудайдын дагы амири болуп жатат да. Не кылабыз, эл ары чайпалып, бери чайпалып, акыры токтоор. Ал үчүн жогорудагы жороптогон үч нерсе аткарылышы керек. Кой, андан көрө эртелеп үй тарапка кайталы. Жанакы добуштар угула баштады. (Экөө кетишет. Добуштар жакындап келип, бу саам кулак тундуруп, анан алыстап жок болот).

 

Экинчи көрүнүш

Кеңсе. Атайын үстөлдө ортоңку бийлик эгеси (ОБЭ) олтурат. Катчы кыз кирет.

Катчы: -Бардыгы толук чогулушту. Кире беришсинби?

ОБЭ: -Киришсин. (Ордунан туруп, алдыга кадам таштайт. Сырттан алар киришет. Учурашып, орунтуктарга олтурушат).

ОБЭ: -Чогулткандын жагдайын түшүнүп турсаңар керек. Ар бир айылга чейин маалыматты жеткиргиле, бир да айылдан сырт жакка бирөө дагы чыкпасын деген буйрук келди. Ордо калаада болсо абал өтө курчуп жаткандыгын угуп, билип жатасыңар.

Биринчи ТБЭ: -Шыпылдак Жалагычович! Элди кантип тыябыз. Илгерки заман жок да.

Экинчи ТБЭ: -Берен Тайманбасович туура айтат. Биз элди андай мындай дей албайбыз.

ОБЭ: -Дагы кимде кандай кеп бар? (Калгандары баштарын жерге салып, баш ийкешет). Мына көрдүңөрбү, эл менен жеринде иштеген бийлик ушулардай болот. А силер экөөңөр эл менен иштегенди билбейсиңер.

Биринчи ТБЭ: -Шыпылдак Жалагычович! Дал эл арасында жүрүп, кырдаалга баам салган мына мен. Ошондуктан айтып жатам чындыкты.

ОБЭ: -Чындыгыңды чындык дейли. А жогору жактын тапшырма, буйруктарын аткарышыбыз керекпи!

Үчүнчү ТБЭ: -Аткарыш керек, Шыпылдак Жалагычович! Мына мен аткарам. Эл-эл деп жайына койсок, алар бизди тебелеп кетпейби. Мен уруу-уруулардан тың чыкмаларды чогултуп, туугандарыңарды тыйгыла деймин. Мисалы Зулумбек деген кырааным бар. Ага шарт түзүп берем десем далайларынын оозун басат. Ошондуктан Шыпылдак Жалагычович, алдыдагы айдап себүүгө карата Өкмөт баягыдай кылып алдын ала күйүүчү, майлоочу майларды камсыздап берсе, мен аны Зулумбек алып келди кылып, ал аркылуу түтүнмө-түтүн тарата салат элек. Ошондо эч ким эч нерсе дей албай калат.

ОБЭ:-Сен ойлогонду жогору жак эбак эле алдын ала ойлонгон. Май маселеси чечилди. Эртеңден баштап эки ишкер тартып келе баштайт. Жогорку айылдар Саткынбектен, төмөн жактагылар болсо Тойбостон алдын ала бир тоннадан ала баштайсыңар. Сен жанакы Зулумбегиңди Саткынбек менен байланыштыр. Силер дагы ушундай керектүү кишилерден тапкыла. Ал эми алгачкы майларды 50 литрден кылып, 500 литрин арызчыларга, айыл аксакалдарга, коомдук уюму бар аял-эркектерге, айтор таасирдүүлөргө бердирткиле. Калган майды 30 литрден бөлүп уруу-уруулардан колунда жок, оокаты тартыштарга кийинки эки айда бөлүп төлөөгө деп тараттыргыла. Эй, экөөңөр дагы ушундай алдын алуу жумуштарын жасайсыңар. Жогорку жактан келген тапшырмаларды аткара албайм деген сөз болбош керек. Макул, барып күнү-түнү иштегиле. (Келгендер кетишет).

 

Үчүнчү көрүнүш

Элеттик үйдүн ичи. Тегерек үстөлдө төрт адам чай үстүндө.

Момункарып: (Колун сунуп). –Аа, Ботоке! Келе чыныңды. Андан көрө буюрган ашка топук кылып, чай болсо дагы ичип олтуралы. Чынын айтсам өз алдынча болуп кетишкен балдарды эмес, мектепте окуп жатышкан жанакы эки бала үчүн күрөң уйдун өмүрүн тилеп калдым.

Күңөтай: (Бир аз акырая карап). -Бул эмне деген сөзүң, абышкам. Балдарды кантип эстебей коймок элек. Колго карманган жалгыз күрөң уйдун сүтү менен эптеп балдарга ак берип жатабыз дечи, бирок кудай балдардын жамандыгын көрсөтпөй эле, алдына кетирсе болду.

Момункарып: (Үшкүрүнүп) –Өө-х! Арга кеткендеги кеп да байбиче. Кымбатчылык жондон басып, эл каралбай, кыйын кезең жашоого кез болдук. Ага кошул ташыл ууру-кески көбөйдү. Кокусунан жалгыз уйду уурдатып же жоготуп алсак, анда карандай чай менен күн кечиргенден башка арга канча? Сүт жок, балдар куурап калабы деп санааркаймын.

Сардал: -Момункарыптын айтканы да эп. Дагы биздики кудайга шүгүр. Бир мүшөк унга, май-чайга жетерлик пенсия алабыз. Силердин бир балаңар менен биздин кыз айына болбосо дагы эки-үч айда бирден биртике акча салып, алар тыгынчык кылып жатышпайбы. Мына Женянын шору дагы катканы калды. Үч чиедей баласы менен карандай гана суу ичип олтурат. Күйөөсү Канкорбек айылдагы болгон дүкөндөн карыздап иче берчү эмес беле, эми тиги ылдыйкы дүкөнчү Тимур милиция чакырган экен. Кечээ Канкорбекти алып кетиптир камаганы.

Күңөтай: (Алаканын шак коюп). -Атаны, караң күн ай, караң күн! Аны Женя байкуш кантип кутултуп келмек эле. Анын үстүнө кайын ага, кайын эжелери менен дагы катышпайт. (Абышкасын карап) –Ай, андан көрө тиги ортончу агасы менен улуу эжеси кичине ырас немелер эле, ошолорго чалып айтпайсыңарбы.

Ботомбек: –Бир чети Канкорбекти ырас эле алып кетиптир. Эми тиги келин жок дегенде аны баккандан кутулуптур.

Күңөтай: -Жанакы дүкөнү барлардын дагы уяттары жок экен. Короосунда чычкак улагы жоктугун көрүп туруп, ушундайларга арак бере беришкен.

Сардал: -Ой, аларың анык кызыл кулактар да. Мисалы Канкорбекти көң сайып бер же отун алып бер демиш болуп 100 граммдан беришет экен. Андан дагы жанакы Тимур жүз грамм куйса эки жүз деп, бир бөтөлкө берсе, анысын эки деп кошуп жазып, бул куурагырды сызга олтургузуптур. Анысын эл айтып кеп кылышууда. Ушул эле Канкорбек дейсиңерди, башкаларга да ошентип кошуп жазды да. Ошон үчүн опсуз байып жатышпайбы. ( Пауза. Көкөй Кести күүсүнүн кайрыктары чертилет. Сахнанын бир ыптасынан Зулумбек көрүнөт. Ал чөнтөк телефонун алып чалат).

-Ал-оо. Оо, Айлаке кандай! Ден соолуктарың, иштериң, тиштериң дегендей, баарысы жакшыбы… -Ооба, ооба, менин ден соолугумду билесиң да, күзүндөгү бышты чыкма буканыкындай. Ха-ха-ха. -Эй эргул дос, кайдасың… -Аа, анда жакын эле жерде экенсиң келе кал. Буюрса марыганы калдык, калган сөздү келгенде айтам. Мен баякы “Кансоргуч” май куюучу жайынын жанындагы чакан ашкана бар эмеспи, ошол жерден күтүп турам… -Макул, макул дос. (Ары бери басат, тамеки тартат. Көңүлдүү обон созот)

Адыр, адыр тоолордон, айгыр минип түшөбүз,

А дүйнөдө не кызык, ачуу арак ичебиз, ачуу арак ичебиз.

Будур-будур тоолордон, бука минип түшөбүз,

Бу дүйнөдө не кызык, винолордон ичебиз, винолордон ичебиз.

Алып сатып акча таап жыргаш керек,

Бу дүйнөдө куунак гана жашаш керек.

Эхе-хе-ээ-ээй, охо-хо-ой-оой. (Ары жактан Айлакер келет. Экөө кучакташып учурашышат. Далыларын тапташат).

Зулумбек: –Оо дос, кандайсың? Жүрү ушул эле ашканага кирип, биртике шам-шум эткиче кобурашалы. Кокусунан тааныгандар жолукса, булар ушундай жөнөкөй жигиттер деп калышсын. Же чоңураак эле кафелерге баралыбы?

Айлакер: -Жок досум. Менин убактым чектелүү. Курсак деле ток. Андан көрө айылдан келдиң, сенин курсагың ачка болду да. Мантусу бар болсо бир порция алып чыгайын. А мен суу эле ичем. Анан бир “чоток” эле алайын кобурашканга. Себеби түштөн кийин жумуштар бар. Машинага олтуруп алып эле ачык сүйлөшөлү. (Айлакер ары басып кетип, пакет көтөрүп кайра келет. Экөө олтурушат).

Айлакер: -Эки бөлүп ичели. (Арактан куят). Кана аманчылык болсун деп эле алып ийели. (Ичишет) -Эми кептен башта. Качан келдиң эле, бүгүн элеби?

Зулумбек: -Ашып кетсе, эки саат болду. Дагы кезек болуп калып, бир сааттай күттүм.

Айлакер: -Эмне май алганы келдиң беле?

Зулумбек: –Ооба, бир тонна май алып айылга жөнөттүм.

Айлакер: (Үнүн бийик чыгарып) -Бир тонна! Ошончо майга жер айдап калдыңбы?

Зулумбек: Анын ашып кетсе 100 литрин мен алам.

Айлакер: -Калганын сатасың да.

Зулумбек: -Жок, элге бир аз кошуп эки айга чейин деп таратамын.

Айлакер: -Элдик болуп кеткенсиң го.

Зулумбек: -Эми өзүң билесиң да, азыр заман ушундай. Андан көрө сени чакырганымдын себеби, акыбалды билейин дегем. Сен алдыңкы революционердин бирисиң да. Саясый кырдаал кандай?

Айлакер: -Эми сен көпчүлүк учурда айыл өкмөттүн, бияктан болсо бийликтин камчысын чаап калат эмессиңби?

Зулумбек: -Оо, Айлаке! Мени билесиң да. Керектүү учурларда оппозицияны, ыңгайлуу шарттарда бийликти колдоп турам. Антпесең кантип жашайсың. Сен экөөбүз окшош элебиз. Силер деле бийликти колдоп, жыдып бара жатканда оппозицияга өтүп турат эмессиңерби?

Айлакер: –Аның туура дос. Сен айткандай антпесең жашаш кыйын. Азыркы бийлик болбой калды. Ошондуктан бир сааттан кийин баякылар, мындайча айтканда “ыңкылапчылар” жолугуп, келерки аптадан тарта митинг өткөрөбүз. Биз ушинтсек эле бийликтегилер “оозуңарды баскыла” деп беришет. Бирок бул жолкусунда оппозиция марытканы калды. Дегинкиси бийликтин шайы кетип баратат. Анткени элдин турмушу оорлоду. Ошондуктан оппозиция канча берсе, ошого жараша “иштеп берели” деп сүйлөшөбүз.

Зулумбек: -Оо-о Айлаке! Берчи колду. Мен ушундай кепти угайын деп сага жолукканды каалагам. Болду, болду түшүнүктүү. Мен силер тараптамын.

Айлакер: -Сен чалганда мен да сүйүндүм. Айылдагы элди көтөрүп бергиле. Каражаттын алды келген. Түштөн кийин сүйлөшүү аяктаганда бөлүштүрөбүз. Мурункудай эмес, биз эми айылдарды алмаштырабыз. Болбосо КГБ, милиция артыбыздан түшөт. Бирок түшкөндө деле колдорунан кокон келбейт. Просто тааныбаган элге барып иштеген жеңил болот экен. Эми иштешем десең байланышып тур. Баякыдай ич ара келишим түзүп кол коюшабыз. Анан тийиштүү акчаны аласың. Мурункудай эле күндү-түндү карамай жок. Команда кандай берилсе, ошондой аткармай.

Зулумбек: -Оо, Айлаке! Мени билесиң да, бизди “эркек дейт”. (Кол алышышат)

Айлакер: -Билген үчүн сырды жашырбай айтып жатпаймынбы! Айтор, давай байланышып тур. (Арактын калганын куюп, ичишет. Бата кылып кетишет. Пауза. “Көкөй Кести күүсүнүн кайрыгы чертилет. Тигилер тарапка Зулумбек кирип келет)

Зулумбек: -Ат саалоому алейкумдар, агалар! Эч нерсе менен ишиңер жок, жыргал силердики.

Момунбек: (Ылдыйлап жылып). -Алек салам. Кел,өйдө өт. Чай ич.

Зулумбек: -Чай берсеңиз, чай бериңиз. Мен болсо силерге пай берем. Ботоке сизди сурасам уулуңуз Моке атамдыкына кетишти дегенинен дароо келдим. (Ха-ха-ха. Шаттана каткырып, койнунан бир бөтөлкө аракты алып чыгып, үстөлдүн үстүнө коёт).

Ботомбек: -Оңой менен куурай башын сындырчу эмес элең, деги эмне дегиң бар, жөн келген жоксуң шыпшайдар.

Зулумбек: -Кыраакысыз Ботоке! Ага чейин жеңеке стакандарды жайната салыңызчы, мен бир сыйра куя калайын. Алып жиберели, анан кеп баштаймын. (Арак куюлуп, үч эркек алып ийишет).

Зулумбек: -Ой, агалар, кеп мындай. Силер эч нерсе менен ишиңер жок, эптеп өлбөстүн күнүн көрүп, жашап жатасыңар. Бирок угуп жатпайсыңарбы, жер жерлерде саясат кайнап, борбордо бийликти кууп чыгуу тууралуу катуу сөз болууда. Андан көрө эртең менен шайлоодон кийин мени менен жолго чыккыла. Экөөңөрдү, анан Канкорбек менен Делдирбекти мен салмай болдум. Ал эми бул акча силерге жеңелер. (Эки аялга өз-өзүнчө акча берет). Барып келиш, тамак аш, “бөтөшүңөр” мына менин мойнумда. Келгиле эми бирден алып жиберели. (Арактан куят. Алып ийишет).

Зулумбек: (Оозун басып, үйлөп) -Ой жеңе! Закускаң жок беле?

Күңөтай: -Бизде кайдагы закуске. Нандан эле жеп кой.

Момункарып: -Ой, Канкорбекти милиция алып кетип, камакта деп укпадыкпы.

Зулумбек: -Балдар барып сүйлөштү. Эртең район борборунан чыгарып ала кетебиз. Эми ал экөө керек да. 100 грамм берип туруп, “алга” десең Улуу Ата Мекендик согуштагы аталардай болуп Ак Үйдү карабай чабуул жасашат да. (Хи-хи-хи).

Ботомбек: -Борборго барганда биздин колдон эмне келет. Мына сен урунтуп беринтип, андан алып буга, мындан алып ага сатынып жатып, жакшы эле байып калдың. А бул Момуке экөөбүзгө эмне шам дейм да. Барсаңар өзүңөр бара бербейсиңерби?

Момункарып: -Мен дагы ушундай ойду айтайын деп жаткам.

Зулумбек: -А оюңарды мурдатадан эле билгем. Андай болсо арагымды ичпей койбойсуңарбы. Мен башка барчуларга бермекмин.

Сардал: -Ай бала, сен көп лакылдаба! Андай кыйын экенсиң арагыңды бузбай туруп, келген жайыңды айтып, анан бербейсиңби? Азыр ичкиле, анан айтам деп өзүңдөн улуу кишилерди алдабай.

Күңөтай: -Ошону айтсаң. Андай болсо алып кет калган арагыңды, буларга колко кылбай.

Зулумбек: (Дароо жибип). -Ой, жеңелер, ой. Эмне кылаар экен десе, тим эле радиоңорду ызылдатып жибересиңер да. Баары тамаша. Бирок Ботом байке айткандай мен эптеп күн түн иштеп оокат кылып жатам. А силердей карапайым элдин жашоосу онолмок түгүл, XIX кылымды карай артка кетип бара жатат. Же туура эмес айтып жатамбы. Ошондуктан элдик бийликти алып келүү керек болууда. А биз баарыбыз мейли деп “кол шилтеп” жүрө берсек, силердей адамдар итке минген бойдон кала бересиңер. Мисалы, меники, Түлкүбайдыкы, Арстандыкы, Жоомарттыкы кудайга шүгүр. Бирок эл үчүн деп мен дагы иштей баштадым. Мейлиңер барбасаңар өзүңөр билгиле.

Момункарып: -Ай, Ботоке! Бир чети бул туура айтат. “Улугуң калыс болбосо, убара тартат, эл карып” дейт. Алып барып, алып келсе, элге кошулуп, караанды арбытып, барса барып келбейлиби. “Кедейдин бир тойгону, орто байыганы” демекчи, мунун байлыгын эмне аяйбыз.

Сардал: -Чын эле бул балага (Зулумбекти көрсөтүп) эмне шам. Короо толгон малы, алдында машинеси турат. Анан булардын дагы жаны ачып, элди ойлоп ушундай иш кылышууда да. Элден калбай барсаңар баргыла.

Күңөтай: -Абышкам туура айтат. “Туугандуу бийде ыйман жок” болуп бир ууч топ эле жыргал заманды көрүшүүдө. Тескерисинче тууганым дебеген ыймандуу адам келсе, кантип эле жашоо оңолбосун. Андан көрө ай бала (Зулумбекти карап) сенин дагы кошумчаларың болобу же ушул элеби болгон бергениң?

Зулумбек: (шаттанып). -Ушундай түшүнүктүү жеңелер турганда аянмак белек. (Чөнтөгүнө кол салып, акча алып чыгат) Мына дагы кошумча десеңиз кошумча. (Эки аялга акчадан берет). Бирок жеңелер башкаларга кошумча акчаны айтпагыла, мен уят болуп калам. (Экөө макул деп баш ийкешет. Арактын калганы ичилет).

Зулумбек: (Чыгып баратып, токтоп кайра кайрылат). –Ай, ата, негизгисин унутуп бараткан турбаймынбы. А байкелер, мен май алып келип таратып жатам, уктуңар беле?

Момункарып: -Андайыңды укпаптырбыз.

Зулумбек: -Мына ушундай жансыңар да. Мен эл үчүн деп жанталашып, солярка кымбаттап кеткичекти арзан баада май алып келгем. Эми жакында дагы тонналап алып келем. Канча май керек болсо мага кайрылгыла. Азырынча 25 литрден берип турамын. Силер үчүн эки ай күтүп беремин. (Зулумбек кетет)

Күңөтай: (Жыргап шаттанып). -Зулумбекти ырас эле сыктым окшойт, ха-ха. А силер барсаңар баргыла, болбосо кайра “отказ” бергиле. Эми жашыңар улгайып калганда силер эмнени кыйратмак элеңер.

Ботомбек: -Сен антип бизди айнытпа. Бул кебиңди Зулумбектин көзүнчө айтсаң болмок. Эми барабыз деп убада берип, арагын ичип, акчасын алып алгандан кийин, кудайга жагар иш кылалы. Экинчиден жанагинтип май бермей да болду. Май үчүн район борборуна барып келиш эле канча убара, ага канча сом кетмек. Мисалы бизге жанакы 25 литри канча тыгын. Андан көрө бекер олжодон акча бергиле. Мокем экөөбүз дүкөнгө басып барып 100 граммдан ичип алалы дагы жуунуп, тазаланып, эртең менен шайлоого баргандан кийин, келип даяр туралы. –Оомийин (Бата кылышып, ордунан турушат).

 

Төртүнчү көрүнүш

Караңгылык. Кыйкырык-сүрөөн. Атылган мылтыктын үндөрү. Дуулдаган элдин добушу. Чаңырган аялдар… Бир азга жымжырттык. Таң атат. Чоң ата төшөктү серпип, радиону коёт.

Радиодон үн: Өлкөнүн ордо калаасынын борбордук аянтына топтолгон миңдеген адамдарга карата бийлик курал колдонду. Мамлекеттин башкы имаратынын айланасында окко учкандар тууралуу азырынча так маалымат жок. Акыры түн бир оокумда бийлик жеңилип, “Элдик бийлик” орнотулганы жарыяланды…

Чоң ата: (Төшөктө олтуруп бир аз телмирет. Башын көтөрүп, үн салат). -Оо-о, Жараткан. Чыдамы түгөнгөн эл ушуга бармак. Ар качандан бир качан бийликти күчкө салып кетирүү оңой менен кансыз аяктаган эмес. Кайран далай балдардын жаны окко учкан турбайбы. Кайран гана шейиттер ай, шейиттер! (Башын жерге салып тунжурап калат. Ич кийимчен небереси чуркап келип, алдына олтурат).

Небере: -Чоң ата, чоң ата. Эмне жер карап олтурасыз?

Бүгүн дагы жомок айтып бересизби?

Чоң ата: (башын көтөрүп, үшкүрүнүп). Ө-өх! Эрмек болгон каралдым десе. Баласың да, кара жаным! Тиякта бийлик үчүн, бийлик аркылуу байлык топтош үчүн жан үрөгөндөргө каршы чыккан кайран балдардын башы канжыгага байланып жатса, каяктагы жомок. Эл-журтта тынчтык болуп, куунак жашоо ар дайым өкүм сүрсө, ошондо силер үчүн саат сайын да жомок айтып турсак гана!

Небере: -Чоң ата, а эмнеге бүгүн айткыңыз келбей калды?

Чоң ата: -Аа-а, колкомду чабайын десе. Түндө чыдамы түгөнгөн эл көтөрүлүшкө чыгышып, калкына карата ок аткан канкор бийликти кулатышыптыр. Далай эр-азаматтар ыңкылаптын айынан жан таслим болушуптур.

Небере: -Ыңкылап деген эмне?

Чоң ата: -Алда каражаным ай! Сага кандай айтсам. Ынкылап деген бул, бийликти жана ал аркылуу жалпы элдин бактысына буюрган байлыктарды өз менчигине айландырып алгандарга каршы элдин согушу.

Небере: -Чоң ата. Эмне, бизде ушундай согуш болдубу?

Чоң ата: -Түндө ушундай согуш болуптур. (Небереси чоң атасынын мойнун кучактап, буркурап ыйлап жиберет).

Небере: (Ый аралаш). -Чоң ата, эми ал согуш бизге да келеби?

Чоң ата: (Небересин кучактап, жыттап-жаттап). -Жок каралдым, коркпо. Жараткан кудай таала, андай забынды бизге чейин жеткирбесин. Ансыз деле далай өмүрлөр кыйылыптыр.

Небере: (Ыйын токтотуп). –Чоң ата, ошол ыңкылап деген согуш басылабы?

Чоң ата: -Тилегиңден айланайын. Жанакы элдин канын соргон канкорлор кайрадан күч топтобосо басылар. Бирок бизде аларды жок кылган менен акыры ыңкылаптардын аягы токтобойт шекилдүү.

Небере: -Согушпай эле коюшпайбы. Эмнеге ыңкылап согуш токтобойт? Ал согушту ким ойлоп тапкан?

Чоң ата: -Алдыңа кетейиним десе. Анын тарыхы тереңде. Бу жер үстүндө алгачкы ыңкылаптар беш кылым мурда эле пайда болгон экен. Ошондон бери көптөгөн элдер токтоно албай бийликтегилерге каршы чыгып келишет. Ал эми кээ бир өлкөлөрдө акыйкат, таза, түз башкаруудан улам, сен айтмакчы мындай “ыңкылап согуштар” таптакыр болбойт. (Туруп кийимдерин кийине баштайт). –Кийинели. Анан чай ичкенден соң, мен улуулардан айтылган байыркы улама уламыш кепти сага айтып берейин. (Кетишет. Сахна караңгылап, кайра жарык болот. Үч атчан жигит бастырып келишет).

Биринчиси: -Мына акыры таптык. Бах, чиркин! Жер эмес бекен! Туптунук агып турган булагы бар, өрүшү кенен өтөгү бар, өлөңү кенен жайыты бар дал ушундай конушту издеп жүрбөдүк беле!

Экинчиси: -Канча жерди кыдырдык, канча өрөөндү сыдырдык. Чындыгында төгөрү төп мындай жайлуу конушка туш кылган кудай таалага миң мертебе ыраазычылык каниет кылалы.

Үчүнчүсү: -Андан көрө кайра артка тезинен кайтып, башка бир элдер көрүп калып ээлеп кеткиче, биз Даткага кабарлап, элибизди көчүрүп келели. Кеттик аттардын оозун коё берели. (Чаптырып кетишет. Мал айдаган элдин ызы-чуу үндөрү угулуп, көч кербени келет).

Датка: -(Колун жайып). Оо-мий-ин! Конушубуз жайлуу, дасторконубуз майлуу, малдарыбыз эттүү, саандарыбыз сүттүү, койлорубуз жүндүү, талаабыз берекелүү, жалпы журтубуз нур жүздүү болсун! (Бата кылышат.Жигиттер бир тарапты карап дүргүп калышат)

-Ой, тээ кырда бир караан жүрөт.

-Чын эле кийингени башкача өңдөнөт. (Бирөө дүрбү салат). –Жылаңайлак, колунда ала таягы бар адам экен.

Датка: -Биздин элден адашып калып калгандардан эмеспи. Кана эл-журттун толук көчүп келгендигин тактагыла. (Жигиттер топ-топ болгон элди санап чыгышат). –Толук экенбиз, түгөл экенбиз.

Датка: -Эки жигит жонго чаап чыгып, алдына ат тартып, белгисиз жолоочуну алып келгиле. (Эки жигит кетет. Топтун алдына жылаңайлак жолоочуну алып келишет).

Датка: -Бул ээн жерде жалгыз эмне кылып жүргөн жансың! Бара турган тарабыңдан адашып кеттиңби? Жолго чыккан багытыңдын максаты эмне?

Жолоочу: -Соболдоруңузду жоопсуз калтырбайын. Жараткандын амирине баш ийип болгон чындыкты айтайын. Биринчиси, мен ушул жерден туш тарабы он күнчүлүк жерди кыдырып, Үңкүр-Маңкирлер менен бирге жашап келем. Экинчиси, бара турган жеримден адашканым жок. Үчүнчүсү, жолго чыкканымдын башкы максаты ушул жерге келген адамдарга жолугуу болгон.

Датка: -Жообуң тектүү чыгууда, жолоочум. А бизге жолугуунун себеби эмнеде?

Жолоочу: -Келген максатым, бир гана ооз сөз. Бул жер ыйык жер. Ошондуктан башка конуш издеп тез арада көчүп кеткиле. Бул жерди сийип-чычып булгабаш керек. (Келгиндер өз ара уу-дуу боло түшүшөт).

-Ой, бул эмне, олуябы?

-Кимдир бирөөлөр атайын айдакчылап, думана кейпинде тыңчылыкка жиберген шекилдүү окшойт.

-Чын эле. Ушундай керемет өтөккө көз арткандардын камчысын чапкан немедей сезилет.

Датка: -Мындай жылма жасалма дубананын кийинки кептерин угузбагыла. (Жигиттер дубананы тепе тепкиге ала башташат).

Жолоочу: (Колун көтөрүп) –Бир аз жансоога бергиле, жансоога… Акыркы айтар кебим бар. Мейлиңер. Эми жыл айланбай, оору сыркоого, өлүмгө кабыласыңар. Артыңар кайырлуу болбойт. (Жолоочу жерге жыгылып жан берет)

Датка: (Текеберденип). -Мунун денесин иттерге салып бергиле. Калган сөөктөрүн алысыраак алып барып, жик билдирбей көөмп салгыла. А силер шайырлар, жаңы конуштун шаанисин баштагыла. (Жигиттер дубананы көтөрүп кетишет. Керней, сурнай тартылып, добулбастар кагылып, шаан-шөкөт башталат. Музыка кайрыктары басаңдап, өнөр секиде эки жигит гана калат).

Биринчиси:-Үч күндөн бери төрт түлүк малымдан чыгаша чыгууда. Атым жаталак сыяктуу болуп тыбырчылап өлсө, эки уйумдун ичи көөп, койлор болсо оозунан ак көбүк чыгып, жөткүрө албай кырыла башташты.

Экинчиси: -Меники дагы дал ушундай болууда. (Үчүнчү жигит буркурап ыйлап кирет)

Үчүнчүсү: -Кара көзүм кашайды кокуй. Жалгызымдан ажырадым. Жаткан боюнча ордунан турбай калыптыр (Өнөр секи караңгылашат. Ызы-чуу, өкүрүктөр, кошоктор)

1-кошок: Кара кийим оңобу, кайгым кайра толобу, аа-аа

Аркаңда калган жалгызды, сактасам туяк болобу аа-аа

2-кошок: Балапан терек кайда бар,

Балалык кезден муң тарткан,

Боздогон мендей кайда бар, аа-аа.

Жашыл терек сайда бар,

жаш кезинен муң тарткан

А кокуй жабырлуу мендей кайда бар аа-аа.

3-кошок: Кара дарак мөмөсүн, каккан адам бар бекен, аа-аа

Какшаткан өлүм дабасын, оо кудай тапкан адам бар бекен, аа-аа. (Өнөр секиге жарык түшүп, үчөө кептешет)

Биринчиси: -Ой, чоң энебиз кошкондой бул өлүмдүн дабасы деги барбы, ия! Ушундай күндү көрмөк белек.

Үчүнчүсү: -Ошону айтсаң. Жумасына бир, кээде экиден өлүк жашырып жатабыз. Деги Алла-Таала кудуретке эмне жамандык кылдык эле, айланайын.

Экинчиси: (үнүн бийик чыгарып). -Эй антип кудайга акаарат келтирбе. Мындайда баарыбыз эле Жараткан Алланы оозубуздан түшүрбөйбүз. Эстегилечи былтыркы окуяны. Жылаңайлак бир жолоочу келип эмне деди эле. Анын сөзүн маани берип парасаттуу уктук беле. Жок дегенде этибарга алган эмеспиз. Мына жыйынтыгы. Артыңар кайырлуу болбойт дебеди беле. Анын айткандарын көпкөлөң тарткан көбүбүз кеп ордуна көргөн эмеспиз.

Биринчиси: (Эстеп). -Ооба, ооба. Чындыгында мен чала-була уккандай болуптурмун. Жансоогалап ушундай сөздөрдү айткандай болбоду беле.

Экинчиси: -Ошондуктан Даткага баралы дагы, көп узартпай башка жакка эл журтту көчүрөлү дейли. Элүү башчылардан экөөн жиберип, калкалоочу калк издетели. Болбосо айдаган аштыктарыбыз өспөй, малыбыз семирбей, куру жалак калганы калдык. Малдын-жандын өлүмдөрү көбөйдү. (Кетишет. Өнөр секиге Датка чыгып, ары бери ойлуу басат.Үчөө кол куушуруп келишет).

-Ыракым этиңиз!

-Бир эле соболубуз бар эле.

-Датыбызды угуп коюңуз.

Датка: -Айтууга уруксат.

Биринчиси: -Урматтуу даткам! Элдин башына мүшкүл түшүп, өлүм тооруду. Уруксат бериңиз, журт которбосок, кырылып калганы калдык.

Үчүнчүсү: -Мындай чечимге кеңешүүдөн кийин келдик.

Датка: -Бул жыйынтыкка эмнеден улам келдиңер!

Экинчиси: -Өткөн жылдагы бейтааныш жолоочунун айткан кебин эстедик.

Датка: (Дароо каарданып). –Эмне?! Жер кезип жүргөн бир селсаяктын былжыраган кебине муюп калдыңарбы! Байыртадан эле журт которгондо ушундай жер үшөөлөр болот. Ач тоюнат, жыртык бүтөлөт. Мындай керемет жерден кайда көчмөк элек. Өлгөндөн калгандары жашай беребиз. (Колун шилтеп). Кайра кайрылганга жолуңар ачык. (Үчөө артка чегинип басышат. Сахнанын бир ыптасынан күбүрөнүшөт).

Экинчиси: -Ушундай жооп болоорун сезгем. Бирок мен ыраматылык жолоочуга ишендим. Бул ыйык жерден кетпесек болбой калды. (Алысыраактан өкүрүктүн үнү угулат). Мына айтып оозду жыйгыча жогору жактан дагы бирөө каза болуптур. Ушинтип бөөдө кырылып калабызбы?

Биринчиси: -Кадырлуу Датка каршы чыгып койбодубу.

Үчүнчүсү: -А кишинин айтканы айткандай болот да.

Экинчиси: -Азыртадан баштап аныңарды Датка эмес, эл душманы деп эсептеймин. Мейлиңер калгыла. А мен бүгүн түн менен өлгөндөн калган туугандарымды көчүрүп кетемин. (Жөнөйт. Артынан экөө чуркап токтотот)

Экөө: -А биз эмне болобуз. -Сабыр кылып, шашпачы.

Экинчиси: -Мындайда сабыр кылуунун зарылчылыгы жок. Айтор мен чечтим. Айтмакчы,оозуңардан сөз чыгып, Датка сөрөйүңөрдүн айдакчылыгы менен бизди кубалайбыз десеңер, жаа тартканга жигиттерибиз даяр. Бөөдө өлүмдөн көрө, жоодон өлгөн артык.

Үчүнчүсү: (Бир аз ойлонуп). -Мен сага кошулам. Ар бир башта бир өлүм. (Өкүрүктөрдүн, кошоктун үндөрү катуулап угулат). Мына өкүргөндөр арбыды. Андан көрө жалпыбыз биротоло ынтымакта көчөлү. Ал үчүн залим Датканы ким көрдү кылыш керек.

Экинчиси: -Эми акылыңа келдиң. А сенчи?

Биринчиси: -Менин дагы көзүм жетти. Калган элди аман алып калыш үчүн журт которбосок болчудай эмес.

Экинчиси: -Жок кылганда дагы, дал ошол ыраматылык белгисиз жолоочунун сөөгүнүн үстүнө алып барып көмүш керек. Этин иттерге жедирели десек, өлгөн малды иттер жеп жылтылдап семирип чыгышты. Азыр ал тактасында жалгыз олтурат. Мен акмалап турамын. Экөөң төрт атты токуп, даярдап келгиле. Аны коркутуп туруп атка мингизип алып кетебиз. Кеч бешимде анын жарлыгын мына мен айтамын. Кеттик. (Өнөр секи караңгылашат. Жарык болгондо үчөө Датканы алып келишет).

Экинчиси: -Миниңиз атка. Биз айткандай болот. Кеттик. (Аттардын дүбүртү угулуп, алыстап жок болот. Сахнада эки жигит).

Экинчиси: -Оо, калайык! Бириң калбай баарың ук! Датканын жарлыгын жарыялаймын! Таң куланөөк тарткандан баштап, жапырт жүк жүктөп жаңы элдүү конушка көч башталат. Урматтуу Даткабыз болсо жанына бир жигитти алып жер чалгындап кетти. Даткабыз: “Былтыркы думананын кебин этибар албаппыз. Аныкы чын чыкты. Жаныбыз жана малыбыз кырыла баштады. Ошондуктан жер которолу” -деген чечимге келди. Азыртадан даярдыкты баштагыла. (Өнөр секи караңгылашат)

 

Соңку сөз

Кандайдыр муңдуу ыргактын добуштары алыстан угулуп келип, жакындайт, кайра алыстай баштайт. Тоолуу өрөөн тараптан алтымыш жаш курактагы адам небереси менен чыга келет. Алар өрөөндүн тээ түпкүрүнөн угулган муңдуу ыргактарга кулак төшөшөт. Ар кандай аспаптардан жаңырган ыргактардын арасынан “Көкөй кести”, “Кыргыз көчү” күүлөрүнүн кайрыктары кошулуп, кайра жок болуп турат).

Небере: -Чоң ата, чоң ата. –Дагы ыңкылап согуш болгону калдыбы? Ананчы, сиз айтып берген жомоктогу элдер ошол жерден көчүп кеткенден кийин өлбөй калышабы?

Чоң ата: -Аа-а калжыраган калжырагым десе! Албетте ошол ыйык жерден кеткенден кийин ал элдерде өлүм житим азайып, жыргап куунап жашап калышыптыр.

Небере:– А эмнеге бизде кайра ыңкылап согуш болгону калды?

Чоң ата: -Бизде караң калгыр ыңкылаптын оту өчпөй жатат. Кеп башында эки нерсе дебедим беле. Биринчиси бул ордо калаадагы Кан Ордо. Ошол Кан Ордо башынан кара жолтой болуп калды. Ал имарат ордо жаңы салынып жатканда анын жер астынан сөөктөр чыгып, ал сөөктөр топурактар менен кошо талаага төгүлүптүр. Курулушчу адамдар кырсыкка кабылып, өлүмгө дуушарлангандары болуптур. Ушундан уламбы тактыга олтурган биринчи падышадан баштап баарысы жыдып эле жатат. Ал биринчи падышаны кийинкиси, аны андан кийин келгени жамандаса, андан кийинкилерин кубалап жиберишүүдө. Ага да болбой бирин-бири зынданга салышууда. Ошондуктан Кан Ордону алмаштырмайын, сыйкырлуу падыша келсе дагы, тактысы тайкы болуп, заман оңолбой, калайык калкта тынчтык болбойт шекилдүү.

Экинчиси, байрагыбыз кызыл чок болуп калган. Чоктун ичиндеги түндүгүбүз желбиреген сайын жалбырттап эле күйүүдө. Байыртадан ата-бабаларыбыз өтө кабатыр болгондо душманына “түңдүгүң түшкүр”, “түндүгүң өрттөнгүр” деп каргап келишкен. Демек, биздин түндүгүбүз байракта күйүп, туруктуулук орнобой, жергебизден табигый өрт жана жол кырсыктар арылбай жатат. Үчүнчүсү, башкаруу жок болууда. Илгертеден, “Көп суур ийин казбайт, казса тайыз казат”, “Көптүн иши чөптүн иши”, “Айгыр үйүрүндө, ар ким өз үйүндө баатыр” деген накыл сөздөр муундан муунга айтылып, сакталып келген. Мына азыр биздин башкаруу дал ушундай көп суурдун кейпин кийип, көпчүлүк башкарып, чочоңдогон чолок этек ыңкылапчымын деген баатыр сөрөйлөр, эл арасында эки эмес, эки миң жүздүү кубулмалар пайда болуп эл арасына бүлүк түшүрүшүүдө, балам.

Небере:– Анда эмдики ыңкылап согуш качан болот?

Чоң ата: -Аны мен так кесе айта албаймын. Аны кудайдын буйругу билет. Бирок ушул үч нерсе аткарылмайынча бизде ыңкылап деген согуштар токтобойт го, чырагым. (Өнөр секи караңгылашат). Кой жүрү кайталы, күүгүм дагы кирип калды. (Кетишет)

Кандайдыр муңдуу ыргактын добуштары алыстан угулуп келип, жакындайт, кайра алыстай баштайт. Ар кандай аспаптардан жаңырган ыргактардын арасынан “Көкөй кести”, “Кыргыз көчү” күүлөрүнүн кайрыктары кошулуп, кайра жок болуп турат.

Нарын шаары, 14.01.2020.