«Айланайын Курманбек, менин атымды ал!»
Бир күнү бир акын курбум чалды. Бир ырымы соцтармакка жарыяласам, «баары жакшы болот, жашоонун өзү бакыт, ошого кубанып жаша» деп акыл үйрөтө башташты деп. Аябай жаман болуп алыптыр.
Дагы бир акын он жыл мурун жазган ырымды жарыяласам, телефон чалып «жакшы элесиңби?» деп сурап жатышат деп жылмайды.
Эфирде бир журналист коногунан сурап жатат: «Чыгармаңда тиги окуяны жазган экенсиң, өзүңдүн башыңдан өтсө керек ээ. А бул окуячы?..» Жазуучу сылык-сыпайы «актанып» жооп берип жатты, кудум суракта отургандай сезди болуш керек өзүн.
Бир окумуштуу, болгондо да гуманитардык илимдер боюнча профессор баланча акын аялы менен жакшы эле жашап жүрөбү деп сурады. Көрсө, анын сүйгөнүнөн көңүлү калганын жазган ырын жакында эле окуган экен. Илимдин докторлору баш болуп чыгармачылыкты ушундайча түшүнүп, кээ бир акындарды (көбүнчө мындай «суракка» акындар кабылат) жарга такап, ыңгайсыз абалда калтырганына бир туруп кейийсиң да, бир туруп күлкүң келет.
Ырымды окуп мени «сооротуп» жатышат деп зээни кейип мага чалган акын курбума илгери бир болгон окуяны айтып бердим. Боору эзилгиче күлдү. Акыл айтып, антпе, минтпе деп көңүлүн ооруткандардын сөзүнүн уусунан аны ушул окуя арачалап калды окшойт.
Бул окуяны сиздер менен да бөлүшө кетейин.
Кайсы бир жылдары «Курманбек» драмасын артисттер бир айылга барып элге коюп калышат. Согуш учуру, же андан кийинки эле учур болсо керек. Себеби «Курманбек» пьесасын К.Жантөшев 1942-жылы жазган.
Ошентип бир айылга барып артисттер «Курманбекти» берилип сахнада ойноп калышат экен. Келген эл тарыхый драмага сүңгүп кирип, эси ооп көрүп отурат имиш. Дастанда Курманбектин атасы Тейитбек хан уулунун калмакка жасаган чабуулуна каршы болуп, кысталыш учурда Телтору атты бербей кастык кылат эмеспи. Бул пьесада эң кульминациялык, каармандардын тагдырын чече турган учур да. Эли-жерин коргойм деген Курманбек баатырга Тейитбек хандын Телторуну бербей жатканын актерлор берилип аткарып жатышкан ушул учурда, көрүүчүлөрдүн арасынан бир абышка «Айланайын Курманбек, менин атымды ал!» деп кыйкырып тура калат.
Эми элестете бериңиз. Актерлордун абалын. Бечаралар укмаксан болуп оюнду андан ары улантышкандыр. Эл-жери үчүн жанын аябаган Курманбек баатырга атын тартуу кылууга даяр турган абышканын кылыгын биз азыр жылмайып угабыз. «Атаны кокуй, жарыктык!» деп жиберебиз. Бул алпейим, ак ниет абышка театр оюнуна, көркөм чыгармага карапайымдыгы менен ушундай мамиле жасады да деп ичибиз жылыйт.
Бирок, азыркы 21-кылымда искусствого, көркөм чыгармага, аны жараткан авторлорго мамиле өзгөрүш керек эле.
Бүгүнкү күндө ырдагы, ал тургай, кара сөз түрүндөгү чыгармадагы лирикалык каарманды автордун нак өзү, жеке турмушун болгонун болгондой жазыптыр деп кабыл алгандар тиги абышкадай жылмайтпайт, зээнди кейитет. Албетте, акындын, жазуучунун жеке тагдыры чыгармачылыгында орун алат, негизги тема, идеялары көп учурда өз турмушунан алынат. Бирок, көркөм чыгарма деген кандай болгон чакта да жеке күндөлүк эмес да. Көркөм чыгармада ойдон чыгаруу, типтештирүү, фантазия, көркөм шарттуулук, көркөм параллелдүүлүк, көркөм образ, көркөм идея деген нерселер болот. Турмуш чындыгы мына ушул адабий түшүнүктөр менен иштелип көркөм чындыкка айланат.
Ырас, адабиятта биографиялык метод деген илимий усул бар. Анда изилдөөчүлөр акын-жазуучулардын чыгармалары менен өмүр баянын катар коюп салыштырып изилдешет. Жеке турмуштук фактылардын чыгармачылыкка тийгизген таасирин, андагы ордун талдоого алышат. Бирок мында да изилдөөчү этикалык чен-өлчөмдү сөзсүз эске алат.
Мен буларды акын-жазуучуларга суроо берерде, алардын чыгармасы тууралуу сөз кыларда жеке турмушуна эмес, көркөм чыгарманын берейин деген идеясына, көтөргөн маселесине, көркөм-эстетикалык сапатына көңүл буралы, ушуларды талдайлы, ушуларга фокус коелу деген ой-максат менен жазып олтурам.
Көркөм чындык менен турмуш чындыгын ажырата албай жатканыбыздын өзү көркөм дүйнө тууралуу түшүнүгүбүздүн тардыгы деп ойлойм. Көркөм дүйнө тууралуу түшүнүктүн чабалдыгы көркөм табит маселесине өтө терең таасирин тийгизет. Муну биз күндө интернет бетинде жайнаган бир бүдүр ою жок жугумсуз ырларга тамшана комментарий жазгандардан көрүп жатабыз.
Бүгүнкү шоу-дүйнө, поп-маданият тейлеген, бийлеген заманда нукура өнөр, нукура таланттар, нукура көркөм туундулар тепсендиде калды. Каалагандай калчап, каалагандай жулмалай бере турган оюнчукка айланып кетти. Адабиятты эрмек кылгандар андан көбөйдү. Журналисттер калем кармаган көрүнгөндөн ылгабай интервью алып, «азыркы акын-жазуучу» деген образдын беделин түшүрүштү.
Көркөм чыгарма деген көркөм чыгарма! Анын талабы искусствону, адабиятты теориялык жактан иретке салган Аристотелден бери, түрк сөздөрүн терип-тепчип «Кут билимин» жазган Жусуп Баласагындан бери, акындарды ырдын таразасынан өткөргөн Токтогулдун заманынан бери сакталып келатат. Бул талапты сактап, өнөрдү өнөрдөй мамиле кылуу да, жок кылуу да өзүбүздүн колубузда!
Гүлзада Станалиева
адабиятчы, филология илимдеринин кандидаты,
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ага окутуучусу