*****
Коштошуп кетип барат ал,
Жүрөгү көктөм, жаны кыш.
Аны алып кетти кара жол,
Мени алып кетти сагыныч.
Сөзүмө менин бүлүнүп,
Санааркап дагы жүдөгөн,
Аны алып кетти бир үмүт,
Мени алып кетти бир өлөң.
Сагыныч катым саргайды,
Жан барбы ырым укканга?
Сырымды айттым ал жайлуу
Кеч күздө кайткан куштарга.
Өрттөдү муңу өрттөдү,
Бардыгын таштап ал сулуу.
Мени алып кетти эртеңим
Аны алып кетти тагдыры.
Парадокс
Шаттыгыңды күлүп турган Күн деймин,
Жок күнүңдү жылдызы өлгөн Түн деймин.
Сени аярга мен бар экем жалганда
Мени аярга ким бар деги, билбеймин.
Эми эч качан жыгылбайм түк, сүйөсөң.
Жанарыма жалгыз ирет түнө, сен.
Сени ойлоого эрктүү жүрөк менде бар,
Мени ойлоочу жүрөк кимде жүр экен?
Тынчтык таппай көңүл кургур ээликкен,
Сени издейт, көчөлөрдөн, көлүктөн.
Сага роза суна турган мен бармын,
Мага эч ким гүл бербейт ээх, неликтен?
Көз алдыңда барбы жаркын элесим…
Мен тууралуу не билесиң, сен өзү?
Сага арнап карга сонет жазамын,
Мага эч ким ыр жазбайт ал эмнеси?
*****
Ойнотуп ырын көөдөндө,
Жетелеп кетти мени өмүр.
Мен алгач сени көргөндө,
Мындан да нурлуу эле өмүр.
Отуңа түшүп күйгөндө,
Жанарым күйүп кетти эле.
Мен алгач сени сүйгөндө,
Мындан да эрдим оттуу эле.
Алдыңа жакын келгенде,
Айтылып турду көзүңдө ой,
Мен сени алгач көргөндө
Мындан да тарпаң элем го.
Чакырып чексиз дүйнөңдү,
Гүл сунган жаркын жаз элең.
Мен сени алгач сүйгөндө,
Мындан да мөлтүр, таза элем.
Мен сыйбаймын сагынбаган кучакка
Тагдырын да, тарыхын да укмакмын,
Бирок ичке сыяр эмес бул дүйнө.
Тек сыйганы, сенин кербез сүрөтүң,
Ак деңизде ханышадай күлөсүң.
Андай жаркын көрбөгөндөй эч качан,
Андай жыргал сезбегендей от басам.
Мен өзүңө баягыдай жакынмын
Өзүң менен баягыдай достошом.
Тагдырын да, жамгырын да укмакмын,
Бирок ичке сыйбай койду бул дүйнө,
Тек сыйганы сага барар жол экен,
Кайтып келчи, кайра келчи сен эртең.
Көзүң болуп мөлтүрөшөт жылдыздар,
Өзүң болуп сүйлөшүүдө көлөкөм.
Сенсиз жерде тааныбады түн мени,
Сенсиз жерде жүрөк күзгүм кирдеди.
Сенсиз жерде түштүм дагы тузакка
Сагынычым кардан бетер түсү аппак.
Мен туйлаймын сенин дайра бооруңда,
Мен сыйбаймын сагынбаган кучакка.
Тагдырын да, бардыгын да укмакмын,
Бирок ичке сыйбай койду бул дүйнө.
Тек сыйганы сенин ошол сүрөтүң,
Тек сыйганы сенин атың – Улуу ысым.
Тек сыйганы сага барар жол экен,
Сенсиз жерде түштү дагы жүрөгүм.
Ой кубалап олтурганда учакта,
Мен жиберген SMS – ти кучакта.
Сагынып кел, зарыгып кел, болбосо
Мен сыйбаймын сагынбаган кучакка.
Цунами
Неге илээштим ошол эссиз куюнга,
Неге ээрчидим билбеймин?
Бир цунами баштап кеттиң оюмда,
Шондон бери дүйнөм муң.
Башка жерге кеткен жоксуң сен өзү,
Эми менде тынчтык жок
Кокусунан сени көргүм келет ээх
Аттигиниң жумуш көп.
Сен келүүгө дагы канча убак бар,
Чарчап калды саатым.
Ыр жазышат эч күнөөсүз барактар,
Жамынышып кара түн.
Чыккан күнүм окшош сенин жүзүңө,
Баткан күнүм чачыңа,
Мен олтурар унаа неге кечигет
Жетким келди кашыңа.
Неге ээрчидим билбеймин,
Неге илээштим ошол эссиз куюнга?
Шондон бери күлбөймүн,
Бир цунами баштап кеттиң оюмда.
*****
Сен болгондо бул өмүр боёгусуз,
Кучагымдан күн болуп ойгоносуң.
Экөөбүздүн шаарыбыз – ашык эли,
Экөөбүздүн арабыз чек арасыз.
Жүрөгүмө байланып калган эле,
Сага кайра жолугуу арман эле.
Башка дүйнө бош калып, өзүң жайлуу
Күндө ойготот бир үмүт таңда мени.
Жарып чыгып гүлдөсүн ар гүлүбүз,
Эстеликке айланар бал күнүбүз.
Ушул өмүр үмүт берсин деп тилейли,
Ошол үмүт экөөбүздүн тагдырыбыз.
Билесиңби, ашык жан күндө өлөт,
Сени ойлосом жанымда гүлдөр жүрөт,
Мени ээрчитип бир жылдыз ар бир түнү
Калат анан бир сени көздөй жөнөп.
Чын окшойт түгөй болуп каларыбыз
Чакырат бизди кыял аралыбыз.
Көк асман бетиндеги жанып турган,
Ал жылдыз экөөбүздүн жанарыбыз.
Булактай шыңгыр – шыңгыр күлкүңө мен,
Жипсиз эле калдым го жетеленип,
Өзүң жайлуу мендеги чексиз кыял
Күн санап көбөйүүдө эселенип.
Сен болгондо бул өмүр боёгусуз,
Кучагымдан күн болуп ойгоносуң.
Экөөбүздүн шаарыбыз – ашык эли,
Экөөбүздүн арабыз чек арасыз.
О, Ботом – ай,
Бул не деген жанып турган оттор ай.
Ушул учур калаа бейпил уктасын
Ушул учур токтоп калса экен ай.
Ушул тынчсыз калаада,
Тагдырыбыз чырмалышкан абалда.
Кучагыбыз өрттөп кетет жер бетин,
Чыкпайлычы талаага.
Жан кумарың жалындуу
Эч ким толук түшүнө албайт азыркы.
Өзүбүзгө айтылбаган гүл сөздөр,
Көзүбүзгө жазылды.
Экөөбүздүн ушул түн
Улуу сөздөр бакыт жайлуу кеп салсын.
Ушул ирмем, дал ушул бир мүнөттү
Тарыхчылар эсебинен жаңылып,
“Ал экөөнүн доору эле” деп калсын.
Көңүлдөрдө кайгы жок,
Кубанбасак тагдыр бизди соттосун,
Ушул ирмем сокпой калсын жүрөгүм,
Сеники да токтосун.
Анан.
*****
Бейиш жыты мени ойготкон таң мына,
Жаннат жайга тааныш балким бөтөнбүз.
Эмне кыла алар, биз да экенбиз,
Гүлгө оронуп туруу үчүн айлана.
Мээримге суусап турган адамды,
Жылдыз күткөн, айсыз кара түн деймин.
Биз куткара алабызбы билбеймин,
Махабатка суусап турган Ааламды.
Тапсак дедик ошол кайгы дарегин,
Ага эми убакыт тап, жол кыска.
Биз сездире алабызбы эл – журтка?
Чын сезимди кандай сыйлоо керегин.
Шайтан ойдун бак – бак этип күлгөнүн,
Угабыз да, укмаксанга салабыз.
Кайсы ырга, кандай кылып жазабыз
Эркиндиктин жалган чепкен кийгенин.
Ынтызарлык
Чиркин, тилин билсем,
Чиркин, күндүн тилин билсем.
Жаздыкка айтар сырларыңды
Ага айттырбай билип жүрсөм.
Чиркин таңдан озор болсом,
Чиркин кардан таза болсом.
Сен тууралуу саат сайын
Керемет ыр жазар болсом.
Сулуулукка кумар болсом,
Жылуулукка кумар болсом.
Мен тууралуу ойлоруңду
Карашыңдан туяр болсом.
Сезимиңден бомбалансам,
Роза гүлдөн көп суна алсам.
Көзүңдөгү мээримиңди
Көңүлүмө кондура алсам.
Жүрөгүңдүн оту болсом,
Тилегиңе кошула алсам.
Эрдиңдеги мөлтүрлүктү
Эриниме көчүрө алсам.
Чиркин.
*****
I
Бизге эми боло көрбө жол туюк,
Берчи өмүр, кубанчыңды толтуруп,
Бүт дүйнөмдү – курчап алган мукам ыр
Кай бириңе багынам?
Сен укчу, күн, ошол сулуу ырларын,
Мен ал үчүн канча ыйлап чарчадым.
Сен өпчү, түн, ал сулуунун бетинен,
Бирок, бирок из калбасын өтүнөм.
Бермет жылдыз, сен мазактап күлбөчү,
Ал аруунун балалыгын издечи.
Мени менен бирге.
II
Мыкты болсоң кир дейсиң ээ түшүмө,
Сен башканы жолотпойсуң өзүңө
Төлгө салам эртеңибиз тууралуу,
Кайра адашам карап алып көзүңө.
Жете албай жүрөт сага көлөкөм,
Бир кайрылып кайра келчи сен эртең.
Мага, мага, мага жетпей турганы,
Сага, сага, сага барар жол экен.
Барам сага кучак толо гүл менен,
Акындардай эң бийик үн менен.
Кыялданып жазган ырым окусам
Жөнөкөйлүк көрөттүрсүң түрүмдөн.
Жаасын үмүт жарышып бир жел менен,
Эртели – кеч сен деген.
Сага карап, эч ким билбес ыргакта
Тилим эмес, көзүм чыгар сүйлөгөн.
Куткар мени “эңсөө” деген түрмөдөн,
Азап муңга салайынбы дүрбөлөң,
Сен экенсиң көөдөндөгү чогумду,
Эби менен үйлөгөн.
Жыпар
Махабат. Ырдап алып мукам ырды.
Мен бирөөгө роза гүлүн бердим,
А колумда ал гүлдүн жыты калды.
Наалуу
Ар таң атса, ичимде арманым көп.
Ушу мен акын эмес чыгармын ээ,
Анткени, миф жарата алганым жок.
Доссуз Император
Бул өзү сан кылымдык дарек эле,
Наполеон “менде нагыз дос жок” дептир,
Согушканча дос издеш керек эле.
Ал кызга
Жашоону жүрөк тыңшап улантабыз.
Сенин үнүң эмеспи, сенин үнүң
Жүрөгүмдө угулган мукам дабыш.
Эңсөө
Дүнүйө – ай, эриниңден сүйгүзбөйсүң.
Сенде азыр тек кана бекем тартип,
Менде азыр баары тең күн менен түн.
Куш окшотуу
Окшошот кыйкырганы, учканыбы?
Алматыга топ этип коно калган
Ушулар биздин айыл куштарыбы?!
Сагыныч. Homesick
Миң сагыныч, жана да миң эңсөө бар,
“Биздин бала айылды унутту” деп
Чакчасына түкүрөт ана чалдар.
Кыргызчалаган: Кадырбек Аблабеков