Дүйнөлүк акындар кыймылы (WPM) Кыргызстанда

Дүйнөлүк акындар кыймылы (WPM) 

Дүйнөнүн беш континентиндеги акындар менен поэзия сүйүүчүлөрүн бириктирген эл аралык уюм – англис тилинде “WORLD POETRY MOVEMEND”, кыскача – (WPM) деп аталат. Өзөгүнө гуманисттик идеяларды камтыган бул Глобалдык кыймыл биздин кыргыз поэзиясы менен акындарынын турмушуна да келип жетти. Дүйнөлүк акындар кыймылынын (WPM) түзүлүш тарыхына кайрылсак: 2011-жылы Колумбиянын Медельин шаарында өткөн кезектеги чоң Эл аралык Поэзия фестивалына дүйнөдөгү башка да чоң фестивалдардын уюштуруучулары менен акындары чогулуп келип, биригип, бирге иш жүргүзүүнү чечишет. Дүйнөлүк масштабды камтыган бул кыймыл, дүйнөдөгү бардык өлкөлөр менен элдерди кучагына алууда жана алардагы поэтикалык уюмдар менен акындардын башын бириктирип байланыштырууда: Колумбия, Индия, Кытай, Франция, Россия, Турция, Куба, Швеция, ЮАР, Чили, Венесуела, Непал, Жаңы Зеландия, Португалия, Кения, Нигерия, Марокко өлкөлөрүнүн белгилүү акындарынан турган 17 мүчө Координациялык Комитетти түзөт. Андан тышкары ар бир континенттин өз координаторлору бар. Ар бир өлкөдө улуттук координаторлор иш жүргүзөт. Бул кыймылга 170 өлкө катышууда. WPMдин генералдык координаторлору – альтернативдик Нобель сыйлыгынын лауреаты, колумбиялык залкар акын, WPMди түзүүчүлөрдүн бири – Фернандо Рендон менен Индияда Эл аралык Kritiy фестивалын түзгөн индиялык акын жана адабий изилдөөчү – Рати Саксена. Эл аралык поэзия фестивалдары, басма иштери жана поэтикалык билим берүү долбоорлору, эстетикалык тарбия жана адабий мектептер, экологияны коргоо жана маданий укуктарды коргоо, элдердин достугу менен социалдык теңдик, ушунун баары – WPM мүчөлөрүнүн көз алдында болот. WPM ачылганы көптөгөн өлкөлөрдө Эл аралык фестивалдар өткөрүлдү, көптөгөн китептер жана антологиялар чыгарылды. Бул жерде котормочулук чеберчилик өтө маанилүү. Таланттуу котормочулар гана учурдагы адабий жетишкендиктерди татыктуу чагылдырып жана эл аралык адабий процесстен кабар алып турууга өбөлгө түзө алат. Учурдагы дүйнөлүк поэзия жана адабий процесс кыргыз поэзиясын да бийик көтөрүп жандантаары шексиз. Бул рубриканын окурмандары дүйнөлүк акындар кыймылынын (WPM) ар бир өлкөдөгү көрүнүктүү өкүлдөрү менен ушул рубрика аркылуу акырындан тааныша аласыздар. Сиздерге чыгармачылык жигер жана эстетикалык рахат алууну каалайм.

Алтынай Темирова – акын, драматург жана котормочу “WPM”дин Кыргызстандагы улуттук координатору