Меңди Мамазаированын “Жазуучу жана театр” аттуу чыгармачылык кечеси өттү

Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында Кыргыз Республикасынын Эл акыны, жазуучу, драматург М.Мамазаированын 80 жылдыгына арналган “Жазуучу жана театр” аттуу чыгармачылык кечеси болуп өттү. Кечеге КР Мамлекеттик катчысы С.Касманбетов, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары К.Иманалиев, “ТҮРКСОЙ” эл аралык уюмунун баш катчысы С.Раев, КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбеков, акын-жазуучулар, театр ишмерлери, маданият өкүлдөрү катышты.

Келген меймандар авторго куттуктоолорун айтышып, М.Мамазаированын чыгармаларынын негизинде театралдаштырылган поэзия кечеси тартууланды.