Жаш акын-жазуучулардын Эгемберди Эрматов атындагы республикалык адабият фестивалы ар бир эки жылда 24-26-майда Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлөт.
Фестивалга 35 жашка чейинки акын-жазуучулар катышып, алардын чыгармалары окулуп, талкуулар болот.
Жаш акын-жазуучуларды колдоо максатында фестивалдын алкагында үч багыт боюнча байгелер уюштурулган.
Байгелер эң мыкты чыгармалар боюнча:
- эң мыкты поэзия
- эң мыкты проза
- эң мыкты адабий изилдөө
деген номинацияда берилет.
Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталат жана аларга жаш акын-жазуучулардын Эгемберди Эрматов атындагы адабият фестивалынын лауреаты деген төш белги жана акчалай сыйлыктар берилет.