Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Абдиламит Матисаковдун “Баткан күндү аяймын” аттуу китеби жарык көрдү. Аталган китептин бет ачары 2022-жылдын 29-мартында саат 10:00дө Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин чоң залында өтөт. Бардык окурмандар үчүн эшик ачык. Китептин киришүүсүндөгү философия илимдеринин доктору, профессор Ж.Бөкөшовдун пикирин назарыңыздарга коебуз.
Улуулуктун жөнөкөйлүгү жана жөнөкөйлүктүн улуулугу
Чыныгы жазуучунун калеми чийсе теманын майда-чоңу, окуянын болгон-болбогону, каармандын оң-терси жок. Нукура сүрөткер чындыкты издейт, чындыкты көрсөтөт. Ал эми чындыктын чоң-кичинеси болбойт, чындык- бардык жерде, бардык убакта чындык. Майда-барат нерседен улам калп айтылып, чындыкка доо кетсе, бул жалпы эле чындык дүйнөсүнө доо кеткени.
Роман жанрында жаңы чыйыр салган атактуу француз жазуучусу Марсель Пруст “Сиз майда-барат жагдайды таасын баамдайсыз, деталды бадырайтып сыпаттайсыз, калемиңиз микроскоптой” деп мактагандарга “Жо-ок! Менин жазыш куралым микроскоп (кыпындай, көзгө көрүнбөс нерсени чоңойтуп көргөзгөн шайман) эмес, телескоп (өзү чоң, бирок, алыстан кичинекей көрүнгөн нерсени, планета-жылдызды, жакындатып, чоңойтуп көргөзгөн шайман)” деп жооп берчү экен (Мамардашвили М.К.1995).
Кепти алыстан баштаганыбыз- Абдиламит Матисаковдун жазуучулук өнөрүнө мүнөздүү негизги өзгөчөлүктү баса белгилеш ниетинен улам. Колубуздагы жыйнакта Абдиламит Матисаковдун чыгармачыл таланты эки кырынан даана көрүнөт: биринчиси- прозачы катарында, экинчиси- журналист катарында. Албетте, дагы бир капталы- калемдештеринин чыгармалары тууралуу жазган макалалары. Булар да өзүнчө сөз кылууга татыктуу. Авторду “адабий сынчы” деп атабай эле коёлу- адабий сындын жөнү башка, жолу башка-, бирок, бул макалалар да жазуучунун көркөм-эстетикалык жол-жоболорун, ой-түшүнүктөрүн, көркөм сөзгө жасаган мамилесин, адабий дараметин айгинелейт. Ал эми чындай келгенде талант- бир, эмнени жазбасын, кайсы жанрга кайрылбасын, түбүндө бир чыгармачыл акыл-эс турат, демек, теги- бир, деми- бир.
Эгер жалпылап чулу мүнөздөсөк, ток этерин айтыш керек болсо, мындай десек ылайык болот деп ойлойм: Матисаков прозасында жөнөкөй нерсенин улуу маани-маңызын сүрөттөйт, журналистикасында (очерк, эссе, макалаларында) улуулуктун жөнөкөйлүгүн көрсөтөт. Арийне, бир сүйлөм менен жазуучунун бай дүйнөсүн айгине кылыш мүмкүн эмес. Биз калемгердин дүйнө түшүнүм өзгөчөлүгүнө мүнөздүү бир касиетти баса белгилегибиз келди. Бул касиет Матисаковдун көркөм сөзгө жана дүйнөгө карата күткөн мамилесинин өзөгүнө байланышкан деп ырастагыбыз бар. Дүйнө улуу жана жөнөкөй. Сөз дагы.
“Турмуштан тамган тамчылар”. Жыйнак ушундай аталган серия менен ачылат. Жыйнак түзүүнүн, китеп мазмунун иреттештин өзүнчө маданияты, жүйөөсү, тартиби болот. Ар кыл чыгармаларды бир түндүктүн алдына бириктирген максатка шайкеш келсе – жакшы. Автор кепти минтип баштайт: “Күндө болбосо да күн алыс өзүбүз күбө болуп, этибар албай жүргөн, сезимге жылт эттирип оттук учкунун жандырган турмуштук жагдайлар күндөлүк сыңары кагазга чиймеленип жүрөт. Сезимтал окурман көңүлдү куюндай көтөрүп кеткен ошол чырымтал ойдон чоң ой ултарып аларына кудуреттүү деп ойлойм”.
Бул сериядагы этюд, икая, кыска аңгемелер кадимки эле турмушубузда кезиге калчу, тигил же бул кыязда ар кимимбиз эле күбө болгон же баштан кечирген окуя, жагдайларды сыпаттайт. Мындай “окуяларды” баарыбыз эле ыңгайы келе калса, бири бирибизге жобурап айтып жүрөбүз, бир бирибизден сөз талашып, кайсы бир жагынан окшош же үндөш окуяны эстеп, ар ким алына жараша, сөзмөрлүк усталыгына жараша баяндап берет. Матисаковдун калеминен ушундай жөпжөнөкөй окуялар назар салып окуй турган чыгармага айланат. Сөз саманын сапырбай автор ток этерин сүрөттөп, кыска сапка чоң мазмун батырып, чакан аңгеме тартуулайт.
Атактуу семиотик жана жазуучу Умберто Эко көркөм чыгарманын маани-мазмунун чечмелөөдө окурмандын кызматын бийик баалап, анын мээнетин авторду “коштогон чыгармачыл интерпретация” деп аныктайт (Эко У. 2005). Ал сунуштаган “ачык чыгарма”, “ачык текст” деген түшүнүктөр адабият теориясынын кыйырын кеңейтти десек жарашат. Матисаков да окурманга ишеним жүктөп жатканы, “тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт” демекчи, окурман да мээнет этип, акыл-ой калчап, чыгарманы чечмелеп өзү түшүнсүн деген ишараты анын жазуучулук кредосунан келип чыгат жана Эконун оюн колдосок биз кеп кылып жаткан чыгармаларды “ачык тексттердин” катарына кошконубуз орундуу. “Жабык тексттер” окурмандын ой-кыялын жээрийт, “бөтөн” маанини жолотпойт. Ал эми “ачык тексттер” интерпретация жолдоруна жана чектерине кеңири мейкиндик калтырып, ошонун эсебинен маани-мазмуну байып, кеңейип отурат.
Матисаковдун прозасында кимдер каарман? Далдалчы, дубалчы-ылайкеч, почточу кыз… Биз менен эле аралашып жашап, иштеп, сүйлөшүп жүргөн адамдар. Айрыкча бир эрдик кылган же аңыз кепке айланчу жорук жасаган деле кишилер эмес. Бирок, жазуучунун өнөрү ушундай экен, ошол демейки эле адамды “каарманга” айлантат экен, эсте каларлык өзгөчө бир образ түзөт экен. Кадимки эле турмуштун бир үзүмүн көркөм баянга көчүрөт экен. Атактуу австриялык жазуучу Робер Музиль минтип жазат: “Биздин турмуш өтө эле жөнөкөй. Ал өзүң жөнүндө ойлогондо гана баш-аягын тапкыс чиеленишкен нерсеге айланат. Ал эми өзүңдү ойлобой башканы ойлосоң, башка адамга кантип жардам берсем деп суроо койсоң, турмуш өтө эле жөнөкөй”. Чынында эле адам жардам аркасында адам. “Жардам” сөзсүз эле бирөөгө акча карматыш же табагына аш салыш эмес. Жардам адамдын ар бир кадамына, башкалар менен карым-катышынын ар бир ченемине байланышкан.
Базарга барбаган киши болбосо керек. Бирок, “Палван” жана “Далдалчынын уулу” сыяктуу аңгемелерди окуган соң базар деген эмне экенин жаңыча түшүнөсүң, базарды базар кылып турган эмне экенин ойлоносуң. Базардын көркү чыгып, ажары ачылат. Ата-эне деген ыйык жана бийик. Муну баарыбыз билгендейбиз. “Тандыр” же “Атамды көргөн өлбөсүн…” аңгемелерин окуп, ушул кайталана берип кулак көнгөн, айтыла берип жылмакай тарткан чындыктын маани-маңызын кайтадан баамдап-баалашка аргасыз болобуз. Кеп “Ата-эне деген ыйык” деп айтып коюшта эле эмес. Кеп аны жүрөктөн өткөрө, мээге сиңире түшүнүштө, сай сөөгүңө жеткидей сезиште. Жазуучунун сөздөн сөз тандап, окуядан окуя чубап, жаны тынчыбай далбас урганы ушундан улам. Аңгемелер ар кыл мүнөзгө, ар кыл тагдырга ээ каармандарды окурмандын көз алдына алып келет. Алардын жорук жосунун, кылган ишин, айткан кебин окурмандын назар салышына татыктуу көркөм образдар дүйнөсүнө жалгаштырган касиет – адамгерчилик. Адамгерчилик – Матисаковдун чакан аңгемелеринин чоң каарманы. Бул чыгармаларды окуган адам (“сезимтал окурман”) адамгерчиликти “тематикалык” деңгээлде сезет, ойлойт. Адамгерчиликтин деми анын аң-сезимине жылжып кирет. Матисаковдун көлөмдүү чыгармасы- “Ак коргон” повести. “Ак коргон”- бул Мадимар курган коргондун боз топурактан турганы эле эмес. Ал махабаттын, жаштыктын, ар-намыстын, адамгерчиликтин “ак коргону”.
Атагы таш жарган адабий сынчы Абдыганы Эркебаевдин алгачкы макаласы – “Очерк майда жанр эмес” деген ат менен жарыяланып, адабият жанрларын талдоонун жаңы доорун ачкан эле. Атактуу жазуучубуз (ал кезде “жаш жазуучу”) Султан Раев Кыргызстан Жазуучулар Союзунун чоң жыйынында жаш очеркисттердин тажрыйбасын талдап баяндама жасап, очерк жанрынын бийик вазийпасын белгилеп, уу-дуу кепке айланган ойлорун ортого салган эле. Азыркы айтарыбыз- бул жанрдын кадырын көтөргөн, беделин бекемдеген калемгерлердин алдыңкы сабында тургандардын бири – Абдиламит Матисаков. Колубуздагы жыйнакта “Жакшы жазган- жакшылык” аталган макала бар. Анда автор публицистика жанрынын табияты тууралуу ой толгойт. “Он беттик макаланын сүрөр доору саратандыкынча болбосо, анда беш жүз беттик романдын көрөр күнү узак деп ким айта алат! Пенде баласына белгилүү чындыктын эки тарабы болбойт, эгер он беттик макаланы дагы таланттуу калем жазса кайсыл кылым колуна албасын, кулпуруп, окуганды өзүнө азгырганы-азгырган. Бул чындык! Аны бизге аты өчпөс кылымдар калтырган!”- деп жазат. Айтса-айтпаса төгүнбү?!
Ыраматылык Советтер Союзунун учурунда Москвадан “Чет элдик көркөм публицистика жана даректүү проза” деген серия чыгар эле. Анда Герман Гессе, Томас Вулф, Андре Мальро сыяктуу даңазалуу жазуучулардын публицистикалык чыгармалары, алардын арасында бул жанрдын оош-кыйышы, ысык-суугу тууралуу ой-санаалары да жарыяланчу. Ошолордун бири Гилберт Кит Честортон өзүнүн “Гезитте иштеген жазуучу” аталган китебинде “публицистиканын жакшы-жаманы болот, адабиятта деле, футболдо деле” деп келип, “начар журналистиканын” мамлекеттин (Англиянын) өнүп-өсүшүнө канчалык кедерги болуп жатканын кейип-кепчип жазат (Честертон Г.К. 1984. 171-бет).
Анысы кандай, Абдиламит Матисаков да публицистикалык макалаларына бар талант-шыгын арнап, окулуп-окулбай күнү бүтчү материал эмес, окурмандын акыл-эсине, жан дүйнөсүнө азык болчу чыгарма катары карап, калемгерлик чоң жоопкерчилик менен жазат. Ошондуктан жазуучунун аңгемелери очерктей, журналисттин очерктери аңгемедей. Арасы алыс көрүнгөн бул эки жанрдын чеги жоголуп, бири бирине өтүп, турмуш чындыгы бир экенин, аны сыпаттоонун ар кандай жол-ыктары бар экенин айгинелейт. Армияда жүргөндө кырсыкка дуушар болуп, баспай калган жигиттин тагдыр-таржымалы, арыз-арманы мыкты жазылган аңгеме (“Күзгү”), ал эми айылына келип, маркум атасынын теңтуштары менен учурашып турган жигит тууралуу аңгемеси (“Атамды көргөн өлбөсүн”) жакшынакай очерк.
“Элестелип дүйнөгө бүт таркады,
Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй”.
Бул саптар айтылуу акын Жолон Мамытовдун калемине таандык. Акындын көрөгөч баамын, курч сезимин, таамай сөзүн айныбай тастыктайт. Ал эми окурман журттун кеңири катмарына тааныш “Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй” деген сап Абдиламит Матисаковдун калемине таандык. Акындын айтканын кайталаганы менен журналист өз Чокморовун тапкан. Баланча кинодо бастанча роль аткарып, анан аны түкүнчөлөр түрө мактаган деп, эл билген маалыматты тизмектеп отурбай, кыргыз элинин сүймөнчүк актерунун эч ким билбеген дээрлик ой-санаасын, уйгу-туйгусун, жорук-жосунун ачып берген. Эгер Матисаковдун макаласы болбогондо улуу актердун адамдык жана атуулдук бийик касиеттери көп жагынан көмүскө бойдон калмак. Ушул эле ойду улуу комузчу Болуш Мадазимов, атактуу актер “Момун чал”, белгилүү жазуучулар Кубатбек Жусубалиев жана Мурза Гапаров туурасындагы очерк-маектерге карата айтсак жарашат. Эл-журтка аттын кашкасындай белгилүү адамдардын көпчүлүккө беймаалым жактарын жарыкка алып чыгып, алардын улуулугун айгинелеген чыгармачыл тажрыйбасын күтүлбөгөн жана таң каларлык ракурстан карап, өнөр ажарына жаңы боек сүртүп, окурманын кубантып, рахат тартуулайт.
Албетте, Абдиламит Матисаковдун бул жыйнагынан окурмандын моокуму канып, көркөм канагат алып, көп нерсеге жаңыча караганга үйрөнөт деген ойдобуз. Ошондой эле бул жыйнактын дагы бир маанилүү сабагы: эмне жазсаң да- аңгемеби, очеркпи-, калемди сыйласаң, окурманды сыйласаң, мээнетиңдин акыбети кайтат.
Жамгырбек Бөкөшов,
Философия илимдеринин доктору, профессор (КТМУ),
Кыргыз Республикасынын Илимине эмгек сиңирген ишмер.