Джозеф Эссбергер: Чиркѳѳ

Чиркѳѳ (часовня)

Так төбөдөн ачуу тийген апрель күнү ал илкий басып келе жаткан. Анын кол чатыры күндүн нурунан коргогону менен, ысык аптабы алсыздандырган күндүн илебинен эч нерсе коргой алмак эмес. Какыраган жерди жалмалаган бир нече буйвол кокостун астында байланып турган. Маал-маалы менен суу үстүнө из калтырган кораблдей унаалар эриген асфальттын бетине из калтырып өтүп жатты. Болбосо тымтырс, жан киши көрүнбөйт.

Жекшемби күн үчүн кийинген, узун ак көйнөкчөн Джинни Наринди он беш, он алты жаштагы кыз деп ойлошуңуз мүмкүн. Чындыгында ал он эки жашта эле, белине жеткен кара чачын кооздоп турган кызыл гибискустай ачык, жөнөкөй жана бактылуу кызбала болчу. Анын ата теги Тринидаддан Индияга кант плантациясына көзөмөлчү катары келген эле. Анын атасы Рио Кристалинонун айланасындагы жерди сатуу, тазалоо жана кофе айдоо жолу менен ийгиликтин көзүн тапкан эле.

Чаң ызгыган жол жээгине Джинниден эки чакырым алдыда унаа токтоду. Мурда бул унааны байкаптыр, бирок кайсы унаа экенин, унаанын түсүндөй жылтылдаган капкара болгон айнектеринен айдоочунун ким экенин тааный алган жок. Кыз унаанын жанынан өтө бергенде айдоочунун айнеги ачыла баштады.

«Салам, Джинни» деген үн аркадан угулду.

Ал саамга токтоп, бурулду. Кара тору жүзү бир аз албыра түштү. Шыңга бойлуу, арык чырай Рави Кирьяни дайым жарашыктуу кийинип жүрөр эле. Анын кара көздөрү жана чоң, аппак тиштери ал сүйлөп жатканда күнгө жалтылдап турду. Рио Кристалинодо Равини баары билчү. Турмушка чыга элек эжелери ал тууралуу, алардын атасы тирүү болуп, дагы жерлери болгондо, алардын бирөөсү Равиге турмушка чыкмак деп үшкүрүнүп сүйлөшүп атканын Джиннинин кулагы чалган. Анан кимибиз чыгабыз деп ич ара кыжыңдашып, Джиннини шылдыңдашмак, анткени анын жөнөкөйлүгүн деги эле эркектана жактырмак эмес.

-Менин атымды кайдан билесиң, Рави? – ал толкундана сурады.

-А сен меникин кайдан билесиң?

-Бардыгы билишет. Сен Кирьяни мырзанын баласысың да

-Туура. Джинни, сен кайда бара жатасың?

-Чиркөөгө, – ал жылмайымыш болуп жооп берди.

-Бирок Джинни, индустар храмга барышат. Же храмдагы пандиттердин түсү сенин табитиңе ылайык келбейт го, – деп, күлүп кошумчалап койгондо анын жумшак жагымдуу үнү аны шылдыңдагандай сезилди.

Оливье патерди эстеткенде ого бетер жүзү албырып чыкты. Ал эмне дээрин билген жок. Күлкүлүү акценти бар, көк көздүү жаш француз ыйык кызматкерди жакшы көрөөрү ырас эле, бирок Джинни ал келе электе эле айлап католик чиркөөсүнө барып, сыйынып жүргөн. Үйдөгү эжелери сымал өз ара кыжыңдашкан Хинду кудайларынан бир топ айырмаланып турган бир кудайга сыйынууну жана шайыр гимнди аябай жактырчу. Ага кошумча Равинин орой сөзү аны уялтып койду, анткени анын үй бүлөсү маданияттуулугу менен белгилүү эле. Рави да атасындай асыл адам болот деп эл көп айтчу.

Күтүүсүздөн Рави олуттуу боло түштү. Анын каралжын териси ого бетер караргансып кетти. Сыягы ал айткан кебине өкүнгөндөй. Мүмкүн ал Джиннинин бакыракай кой көздөрүндөгү уялууну байкагандыр. Эмнеси болсо да ал жоопту күткөн жок.

-Жыйырма бир жаш туулган күнүмө белек катары сени чиркөөгө жеткирип койбоймбу? – көз айнегин кайра кийип жатып сурады. Анын алкактарынын жоондугун байкады. Билегиндеги чоң, калың саатындай эле чыныгы алтын болуш керек деп ойлоду.

-Бул мерседес атамдын белеги. Жактыбы? – көңүл кош кошумчалап койду.

Джинни кол чатырынын көлөкөсүнөн көктө каалгыган жалгыз булутчага карады. Күн ачуу, аёосуз тийип турган, илеби кайта турган эмес. Жүз аарчысы менен чекесиндеги терин аарчыды. Рави жакасын оңдоду.

-Унаада желдеткич бар, Джинни. Чиркөөгө да кечикпейсиң, – анын оюн окугансып сөзүн улантты.

Ыргылжың болуп жатып сунушун кабыл алганда, чиркөө Равинин акылына келген эң акыркы амалы болсо керек. Ал аны чиркөөгө алып барбастан шаардын чекесиндеги бал камыш айдалган ээн талаага алып барып, камыштардын арасына мерседесин жашырып коюп, өзүн жакындан тааныштырды. Джинни эс мас абалда эле. Жаш болгондуктан эмне болуп жаткандыгын түшүнгөн деле жок. Желдеткичтин муздак илеби тизесине уруп жатканда калипсо музыкасынын ыргагы кулагына жаңырып, бал камыш заңкайып турду. Кийинчерээк чачынан алган уйпаланган гүлдү кармаган боюнча тропикадагы күүгүм коюу жылдыздуу түнгө айланганга чейин бийик, жыттуу камыштын арасында өксүп, ыйлап жатты.

Бирок ал бул жөнүндө эч кимге, жада калса Оливье патерге да айткан жок.

Эки жумадан кийин Рио Кристалинодогу шаар-базарча ушак айыңга толуп чыкты. Рави Кирьяниге Сунита Мурпаланинин колун сурашыптыр. Кирьянилер сыяктуу эле Мурпаланилер да Карибдеги эң бай, оокаттуу индиялык үй бүлөлөрдөн эле. Кирьянилер дипломаттар болсо, Мурпаланилер соода сатык менен алектенчү. Алар мунайзаттын баасы арзандаганга чейин аны чекене баада сатып, кардарлардын чөнтөгүн кагып, дүнүйө топтошкон; азыр Мурпаланилердин дүкөндөрү Тринидаддын жана башка аралдардын булуң бурчунда бар. Алар тапкан акчасын банк иштерине, камсыздандырууга жөндүү жумшашты, жыйынтыгында алардын таасири өтө бийик деңгээлде байкалып турду. Алардын Порт офф Спейн, Тобаго жана Барбадосто, Англияда жана Индияда үйлөрү бар эле, негизги жашаган жери Рио Кристалинонун түндүгүндө жайгашкан чоң колония стилиндеги особняк эле. Макулдашылган нике келерки жылдын коомдук окуясы болмокчу. Равинин никелешүүсүн укканда Джиннинин ага болгон жек көрүүсү күчөп чыкты. Мерез, бой көтөргөн айбандан өч алуу тилеги Джиннини биротоло ээлеп алды. Аны кемсинтүү жана менменсиген күлкүсүн жүзүнѳн жок кылуу үчүн бүт нерсесин бермек. Сыртынан караганда кайдыгердей болуп жүрдү. Жума ичи мектепке, ал эми жекшемби күндѳрү түштѳн кийин ибаадат кылуу үчүн Оливье патерге барып жүрдү.

-Кызым, тиги апакайыңа айта турчу нерсең кѳп го, – ар дайым чиркѳѳдѳн кеч келгенде апасы ага айтчу.

-Ал апакай эмес, ал Кудайдын адамы.

-Ошондой болушу мүмкүн, балам, бирок унутпа ал биринчиден эркек.

Айлар ѳтүп жатты, ал Равини башка кѳргѳн жок.

Андан кийин жаан жаады. Август ичи жаан кескин токтоду. Ал цинктелген чатырды токтоосуз, адамды жинди кылып жиберчүдѳй дыбыратып жатты. Жаан токтогондо, аба сироптой жабышчаак болуп калганда, кайра жаан жааса экен деп тиленесиң.

Бир күнү октябрь айында жаанчыл мезгилдин аяк жагында анын жалгыз агасынын он бешинчи туулган күнүн Джиннинин үй-бүлѳсү белгилеп жатканда, аны жумалап азапка салган бир окуя болду. Ал балкондо алты жаштагы жээни Пиннини ойнотуп асма керебетте (гамак) жаткан.

Кокустан Пинни кыйкырып жиберди: «Джинни, эмне мынча семирип кеткенсиң?»

Жыгач үйдүн ичинде майрам токтоп калды. Балкондо баарынын кѳздѳрү Джинниге бурулуп калды. Бала эмнени айтканын сиз деле түшүнмѳксүз.

«Кудай ѳзү кечирсин, Вирджиния! Ичиң кантет» Нарин айым кулак түргѳн коңшулардан далдалап, кызын үйгѳ сүйрѳп кирип, ачуусунан жарылып, кыйкырды. Үнү ачуу жана ѳктѳм эле, кѳздѳрү күн күркүрѳрдѳгү асмандын ѳңүндѳй карарып чыккан эле. Анын кѳзү кантип кѳр болуп калды экен? Ал ѳзүн каргап-шилеп, катаал суроолорун жаадыра баштады.

«Кантип бизди уятка калтырдың? Кандай уятсыздыкка бардың? Эми сени ким алат? Албетте, адептүү киши албайт. Ушул жашыңда атаңдын атын эмне үчүн булгайсың? Ал байкуш сенин бул жашоого келгениңди кѳргѳн жок. Анын бул тууралуу билбей калганына шүгүр. Балам, эми кудайдын сүйүктүү кишисине накта айтчу кебиң бар.»

Акырында анын сѳздѳрү алсызданып, ѳзү оорлошуп отуруп калды, алсыз жүрѳгү коркунучтуу согуп турду, ачуусунун күчѳгѳнүнѳн кѳкүрѳгү ачышып чыкты.

Андан кийин Джинни апасына Рави Кирьяни менен болгон ишти айтып берди. Узакка жымжырттык болуп турду, андан кийин Нарин айымдын кышылдаган гана үнү угулуп турду. Акыры ал сүйлѳгѳндѳ анын сѳздѳрү оор, түшүнүксүз болуп калды.

«Каргыш тийсе, Кирьянинин баласына тийсин» – деди ал.

Джиннинин эжелери делдиреп калышты.

-Апа, ден-соолук борборуна алып барабызбы? – Индра сурады. Акушер айым бүгүн келет.

-Кыз, сен соосуңбу? Ал «ѳрдѳктүн бир жериндей» оозу менен эмне кыларын баарыңар билесиңер да. Бул ишти ѳзүм бүтүрѳм.

Ал түнү Нарин айым кичүү кызын күйѳѳсүнүн эски досу, ишеничтүү, акыл кошчу доктур Кханга алып барды.

Кыздын кош бойлуу экендигинде шек жок эле.

-Бизге эмне жардам кыла аласыз, доктур Кхан? – Нарин айым сурады.

-Мүмкүн болушунча эртерээк күйѳѳгѳ бериш керек, – арык, кары доктур так кесе жооп берди.

Нарин айым мыскылдады

-Эми муну ким алат, Доктур? Суранам сизден. Башка жолу жокпу? Бизге эч нерсе кыла албайсызбы?

Хирургиянын терезелеринен жагымдуу жел келип турду. Сыртта цикадалардын тажатма үндѳрү угулса, кадимки партанын үстүндѳгү ачык лампанын жарыгы түшкѳн экрандарга москиттер үймѳлѳктѳшѳт. Доктур Кхан үшкүрүнүп, кѳз айнегинин үстүнѳн карады. Анан ал үнүн басаңдатып, бир эле нерсени кайра кайра кайталагандан чарчаган кишидей айтты.

-Бала тѳрѳлгѳндѳн кийин бир нерсе кыла алышым мүмкүн. Урматтуум, ал тѳрѳлүшү керек. Сенин кызың арыкчырай, ал жаш, дале бала. Ал сага үч айлык боюнда бардай сезилип жатат. Ал айткан дата туура болсо, ал үч айдан кийин кѳз жарат. Эми бардыгы татаалдашып кеткендей.

-Эгер тѳрѳлсѳ, – Нарин айым үзүл кезил сурады  -эгер тѳрѳлсѳ, эмне болот?

-Жок, апа, эмне болсо да тѳрѳйм, мен аны сактап калгым келет, – Джинни жайбаракат жооп берди.

-Келесоо болбочу, бала.

-Бул менин балам, апа. Мен тѳрѳйм. Жарык дүйнѳгѳ келишин каалайм.

-Ким сага каралашат, балага ким тѳлѳйт? Кирьяни тѳлѳп берүүгѳ макул болгон күндѳ да ким сага үйлѳнѳт?»

-Мен турмушка чыгам, кабатыр болбоңуз.

-Турмушка чыгам! Сен келесоосуң. Кимге чыгасың?

-Кирьяниге, апа. Мен Кирьяниге турмушка чыгам.

Доктур Кхан бүлкүлдѳп күлдү.

«Аа, кызың сен ойлогондой жинди эмес экен» – ал айтты. Айттым го турмушка узат деп. Кирьянинин баласын кѳргүлѳ. Кызың эмне жоготмок эле? Ал ѳтѳ, ѳтѳ акылдуу!»

Ошентип Кирьянини кош бойлуу Джинниге жолуктуруп, жекшемби күнү түштѳн кийинки бал камыш бышкан кургак мезгилдеги окуяны эсине салышты. Нариндерди таң калтырган нерсе – ал такыр талашып-тартышкан жок. Ал дароо Джинниге үйлѳнүүнү сунуштады. Же ал үчүн ѳтѳ каалабаган, макулдашылган никеден баш тартуу мүмкүнчүлүгү болдубу, ким билет? Сунита Мурпаланинин билими болгону менен, анын кебетесинен улам, анын колун эч ким сураган эмес. Же мүмкүн ал эккен жемиштин мѳмѳсү бышып жетилген күнү жооп берүүгѳ оңтойсуз кылуучу полициянын ыңгайсыз суроолорун алдын ала сезгендир. Нарин айым калчылдап калды. Жада калса анын каршылык кѳрсѳтпѳгѳнүнѳ Джинни таң калды.

«Балким», жылмаюу менен ойлоду, «ал анча деле жаман эмес окшойт».

Анын кандай гана себептери болбосун, сиз Равинин адилеттүү иш кылганын мойнуңузга алышыңыз керек. Сызга отуруп калган Мурпаланинин үй бүлѳсү да ошондой кылды. Мындай шылдың аларга катуу тийсе да эл кѳзүнѳ бир калыпта алып жүрүштү, алардын үй бүлѳсүндѳгү бир аялзатын шылдыңдап, жүрѳгүн ооруткан адам менен дагы деле сүйлѳшүп жүргѳндүгүнѳ эл таң берип жатышты.

Сунитанын беш агасы Майародогу деңиз жээгиндеги вилласында чогуу бир күн ѳткѳрүүгѳ Равини чакырышты. Рави бул үй бүлѳнүн досу болгондугу үчүн баш тартууга негиз жок болчу.

Мурпалани ага-инилер шейшемби күндү тандашты – жумуштагы адамдар пляжды булгаган аптанын аягында баруудан жана Рио Кристалинодон жыйырма чакырым алыстыкка Лэнд Роверлеринин бирѳѳсүн айдоодон пайда жок – деп айтышты. Алардын маанайы кѳтѳрүңкү эле, үй кызматчылар тоок этин, салатты арткы орундуктун астына коюп, пиво жана ром менен пуншту муз менен ороп салып жатышканда, алар Рави менен тамашалашып турушту. Андан кийин алар кѳктѳгү булуттарга карап, ушундай жакшы күндү тандашканына бири-бирин куттукташты. Ага-инилердин эн улуусу Сураж саатына карады, ал сүйлѳп жатканда, буттары тынчсыздана кыймылдады.

«Жолго чыгууга убакыт келди»

Инилери каткырышкан тейден машинеге отурушту. Бул башкача, ачуулуу каткырык эле.

Хардтоп кузовдуу лэнд ровер Рио Кристалино аркылуу шаардын борборундагы кесилиштерге баратты. Базардагы сатуучулар жол жээгине текчелерин, күндѳн же жаандан коргоочу брезент чатырларды орнотуп жатышкан. Соода-сатыктын жакшы болору сезилип турган, текчелерди жаңы бышкан манго менен толтуруп жаткан же целлофандын астындагы ширелүү, жылтыраган чон коондорду коюп бүткѳн сатуучулар кѳптѳн үмүттѳнгѳндѳй кѳрүнүшѳт.

Лэнд ровер Майарону кѳздѳй чыгыш тарапка бурулду, бир аздан соң шаардын четиндеги күмбѳздѳрдѳн ѳтүп баратышты. Жээкке алып барчу жолдун эки тарабы тең базарга жаңы бышкан жашылча-жемиш ташыган машинелер менен жык жыйма болчу, чукул бурулуштар жана жолдогу чуңкурлар жолду жайлатып жатты. Акыры Майародон алты чакырым алыстыкта гана ѳйдѳйүштѳ лэнд ровер ылдамдыгын тездете алды.

Анын протекторлуу дѳңгѳлѳктѳрү багыт кѳрсѳтүүчү линияларды барабандай ургулап баратты, эртең мененки күн кокос пальмалары аркылуу тийип турду. Кокустан ойго келбеген нерсе болуп кетти. Лэнд ровердин арткы эшиги шарт ачылып, Рави Кирьяни ыргып кетти да оор жүктѳлгѳн жүк машинанын дѳңгѳлѳктѳрүнүн астында калды.

Тергөөчү Равинин алган жаракатынын табияты жана даражасы ыргып кеткенден мүрт кеткенби же жүк машинеден улам болгонун аныктоого мүмкүн болбогондугун тергөөдө айтып чыкты. Ленд роверден ыргып кеткен учурда, анын тирүү болгондугу айдан ачык экенин тергөөчү деле сезип турган. Тергөөнүн чечими – кырсыктан болгон өлүм деп табылды.

Үч күндөн кийин Равинин калдыктары Хиндунун эрежелерине ылайык өрттөлдү. Адаттагыдай эле Тринидаддагы болгон эл: алыскы тууган-туушкандар, эски классташтар, маркум менен ылым санаалаш адамдар Майаронун чет жакасындагы дарыянын жээгине акыркы сапарга узатууга келишти. Кээ бирлери Равинин өлүмүн кудайдын буйругу деп ынанып жатышты, ага далил катары бозоргон асман менен мезгилсиз жаанды айтып жатышты. Бирок жалын жаанга карабай күйүп, өрттөнүп жаткан дененин сасык жыты келип турду. Кээ бирлери ал киши колдуу болгонун айтып жатышты. Мурпаланилердин мотиви күчтүү болгон жок беле? Мүмкүнчүлүктөрү жана каражаты болгон үчүн баарын калчап жатышкан. Бирок көбүнчөсү мунун кырсык экендигине макул болушту. Равинин эсебин тапкан жүк машина Мурпаланиге таандык экендиги аларды ойлондурган жок. Мурпаланинин жүк машинелери бүт жакта бар эле.

Андан кийин анын күлүн Атлантика океанынын жылуу суусунда жок болсун деп Отоэр аттуу суусу кир дарыяга ыргытышты.

«Эмнеси болсо да» тажияга келген кары киши ийнин куушуруп айтты «биз кимбиз суроо бергидей? Полиция анын денеси сууй электе бул ишти жаап салды» Ал кол чатырындагы жаандын акыркы тамчыларын силкиди да москитти бир чапты.

Равинин күтүүсүз ѳлүмүнѳн Джинни ай күнүнѳ жетпей кѳз жарды деп ойлодуңуз болуш керек. Бирок теңирден тескери болду. Ал суракка да барды, тажияда аза да күттү. Кѳптѳн күткѳн убакыт да келип жетти. Ал он үч жашка чыкканча дагы алты жума ѳттү, Джинни Сан Фернандодогу коомдук тѳрѳтканада эркек бала тѳрѳдү. Медайымдар ымыркайды кѳргѳндѳ бири-бирин тынчсыздана карап калышты. Анан алар аны Джинниге кѳрсѳтпѳcтѳн алып кетишти.

Акыры алар Джиннинин баласынын дени сак экендигин айтып ишендирет деп чоң креол доктордун коштоосунда кайтып келишти.

«Кымбаттуум, ал чындап эле бир аз кубарып турат» – медайым баланы Джинниге берип жатканда доктур айтты, «бирок унутпа, сен али жашсың… экѳѳңѳрдүн тең башыңардан оор күндѳр ѳттү. Бир күн … үч күн чыда … анын кѳздѳрү жана ѳңүнүн түсү ѳзгѳрѳт»

Джинни баласынын кѳк кѳздѳрүнѳ карады да ѳѳп койду, ошондо ал чарчаганын сезди. Анын кѳздѳрү кудум Оливье патердикиндей кѳпкѳк эле. Ал болбогон кепке, убаракерчиликке үшкүрдү. Чындап эле креол доктур ушунча келесообу? Кубарган кѳз караш эч качан ѳзгѳрбѳсүн Джинни түшүнгѳндѳй эле билет да.

Которгон: Алтынай Токтоматова