Акын, жазуучу Эркалы Өскөналиев дүйнө салды

Кыргыз адабияты жоготууга учурады. КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Эркалы Өскөналы 63 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маркум бүгүн түштөн кийин Ак-Ордо конушунда акыркы сапарга узатылат.

Белгилүү акын, жазуучу жана журналист Эркалы Өскөналы 1958-жылы Жумгал районунун Кабак айылында туулган. 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун Жумгал райондук «Демилге» гезитинин редакциясында кабарчы болуудан баштаган. 1982-1985-жж. Компартиянын Жумгал райкомунун идеология бөлүмүндө инструктор болгон. 1985-1987-жж. Советтик Армияда рота командиринин саясий иштер боюнча орун басары катары кызматын өтөгөн. 1987-1990-жж. Компартиянын Жумгал райкомунун уюштуруу бөлүмүндө инструктор болгон. 1990-1992-жж. Жумгал райондук «Демилге» гезитинин редактору болуп иштеген.

Анын ырлары 1980-жылдардан баштап республикалык гезит-журналдарга жарыялана баштаган. 1991-жылдан Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин мүчөсү. Кыргыздын көрүнүктүү куудулу жана акылгөйү Куйручук тууралуу узак жылдар бою изилдөө жүргүзүп, улам толуктоолор менен 3 китеп жазып чыгарган.

“Тирүүлүк” (1988), “Ырдаган ай” (1995), “Үч дабан” (2017), “Эй, Куйручук” (1997), “Кудай сүйгөн Куйручук” (2011, 2018) аттуу китептердин автору.

Кыргыз улуттук адабиятын колдоо максатында «Турар» басмасы менен эл аралык адабий-көркөм «Жаңы Ала-Тоо» журналы 2010-жылы мыкты чыгармаларга конкурс жарыялаган. Э.Өскөналиевдин ырлары мында 3-орунду ээлеген. Ошондой эле, акындын балдар үчүн жазган чыгармалары да респуликалык сыйлыкка татыган.

Акыркы жылдары Чыңгызхан тууралуу тарыхый роман жазуу үчүн керектүү материалдарды топтоп жаткан.

Маркумдун үй-бүлөсүнө, уул-кыздарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

КРУЖС Башкармалыгы