Айтмамат Үмөталиев: Сүйүү кийим эмес, Күндө жаӊылап кийген

22 жашында акын, жазуучу, котормочу жана драматург катары элге таанылып, өмүрдөн эрте өткөн таланттуу инсан Айтмамат Үмөталиевдин сатираларын окурмандарга сунуштайбыз.

Айтмамат Үмөталиев 1931-жылы 25-майда Алай районунун Корул айылында жарык дүйнөгө келген.  Мугалимдик кесипти окуган Айтмамат Үмөталиев кичи мекени Алайда аз убакыт иштеген соң, журналисттикке ыктап, жөндөм-шыгынын арты менен 1954-жылы республикалык “Кыргызстан пионери” гезитине иштөөгө Фрунзеге чакыртылган. Аз өтпөй Москвадагы Горький атындагы адабий институттан билим алууга жөнөтүлгөн. 27 жашка чейин Москвада комсомолдук мектепте, адабият институтунда окуп, эки тилде бирдей жазган. “Эркиндик булбулу” (1959), “Арча” (1967),  “Ырлар” (1998) жыйнактары жарык көргөн. 1955-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өткөн. 1980-жылы каза болгон. Көзү өткөндөн 35 жылдан кийин күйөрманы Алмазбек Адишов кол жазмаларын топтоп, “Сынган калем” деген ат менен китеби жарык көргөн.

Эненин мээрими

Белдемчисин Нускама эже курчанып,

олтура албай диванында тынч алып

турган кезде Шайыр кирди эшиктен –

-Эмне шашып чакырттыӊыз мынчалык?

 

-Жакшы келдиӊ, жакшы келдиӊ каралдым,

Доктурсуӊ го дартын билчү адамдын.

Он жыл көрбөй калганмынбы жатыркап,

Сырын билбейм жаӊы келген агаӊдын

 

Болгон эмес башта мындай кыялы,

Жолуккан го бир ооруга сыягы

Жалгыз өзү азаптанат күнү-түн,

Эрмек кылып кагаз менен сыяны.

 

Кээ кездери жаш баладай шолоктойт,

Жапайыдай жанына эч ким жолотпойт.

Ботом кээде жинди эмедей каткырат,

Эмне билет, эмне сезет, не жоктойт?

 

Жашыра албай ичиндеги капасын,

Эстеген го согушта өлгөн атасын.

Неберемди мен да аяп үшкүрөм:

“Кой кулунум, өзүӊ эми атасыӊ”.

 

Кубаныч каптап анын жүзүн бир замат,

“Сүйөмүн” деп ким бирөөгө жалбарат.

“Кагылайын тилегиӊе жете көр”

Мен шыбырайм жакаларым кармалап.

 

Жүрөр кези кыз колтуктап жасанып,

Кагаз кармайт качан болсо маталып.

Унуткандай араӊ ичет тамакты,

Алкымына жаткан өӊдүү такалып.

 

Жетпегенсип көп жыл окуп келгени,

Элди аралап кетип калуу эрмеги.

Кайра келет чарчаӊкы анын жүзүнөн,

Себеленип кубанычтын терлери.

 

Баягыда мен оорудан арылган,

Берсеӊ кызым ошол күчтүү дарыӊдан.

Сапарымды айыктырсаӊ, эсимден,

Кантип чыксын ал эмгегиӊ, Шайыржан.

 

Шайыр муну укканда жөн турабы,

Кемпир сөзүн шаттуу күлкү улады.

Кыз күлкүсү эне үрөйүн учурду:

-Бирдемеге жолуккан го бу дагы?

 

-Айтып берсем сизге энеке ырасын,

Күчү жетпейт бул “ооруга” врачтын.

Жалгыз эмес көп киши бар жанында

Сапар агай- элдин уулу, жаш акын.

 

Алар менен бирге туруп бир жатат,

Алар күлсө кошо күлөт, сырдашат.

Бизден мыкты, бизден шайыр, сүйкүмдүү,

Адамдарды ою менен жаратат.

 

Биз билбеген көп ойлорун башында,

Жазып бүтүп эс алат ал жакында.

Эӊсеп жүргөн элдин баары окушуп,

Алкыш жаайт ар тараптан акынга.

 

Жеӊи менен көздүн жашын жашырып,

Шайырга айтты Нуска эне ашыгып:

-Анда үстүнө кирбей эле коёлу,

Жакшы ойлорун жибербейли качырып.

 

… Үйдө кайра коюу тынчтык уланат,

Төркү үйдө жаӊы адамдар куралат.

Басып эне башы менен бутунун,

Боз мышыкты үйдөн чыкты кубалап.

 

Эски жыл менен калсын

(Сатира)

Кубантып элди,

Жаӊыртып жерди,

Жаӊы 74-жыл

Жаркырап кирип келди.

Ал карыга да,

жашка да,

Жадырап салам берди.

 

Эски жылда

Эчен иштер жаралды.

Элибиздин даӊкы

Эӊ алыс жакка таралды.

Антсе да, айрым адаттар бар

Жаӊыга болгон аралжы.

Алар жөнүндө азыраак

Айтып берели кабарды:

 

Айрым чабандар бар,

Ак ниет болчудан качкан,

Ар кандай кылмыштын

Айласын тапкан.

Кой-айга болбой

Коомдук койго араанын ачкан,

Корголотуп

Козуну коӊулга каткан.

Койдукун токтуга

Токтунун тонун козуга жапкан.

 

Арабызд азыр да

Айрым жетекчилер жолугат.

Тууганынын бетинен сүйүп

Өзгөнү өгөй баладай кодулап.

Кайниси,

жээни,

баласы,

иниси

Айтор бир санаалаштары чогулат.

 

Айрым педагогдор бар,

Алды институт,

Арты училищаны бүткөн.

Үйүндө үстөлү жок,

Сабак даярдаганга

Бирөө жыга чапкандай

Көмкөрөсүнүн түшкөн.

 

Кээ бир сатуучулар,

Дүкөнүн саат он экиде ачкан.

Бир саат иштеп, экиде кайра жапкан.

Помбаркут, жөн баркут,

Жүн жоолук келсе

Прилавкага каткан.

Жакын көргөндөрүнө

Жашырып саткан.

Коомдук контроль деген

Козголткус капкан.

 

Жаӊы жылда жаӊы таалай бассын,

Мекендин калкын.

Дагы бийик көтөрсө

Ата Журт баркын.

Ал эми-

Айтылган эски адаттар

Эски жыл менен калсын.

 

Оолукма Осмон

Курбум бар- аты Осмон,

Өзү жердеш, ушул Оштон.

Тайманбаган жигит

Каршы келсе өрттөн, оттон

Көрүнүшү көзгө толо

Кийгени коверкот, бостон.

Окуучулар калыс болсо,

Осмон жөнүндө бир ооз сөз кошсом.

…Осмон ойлонуп,

Айсулуу аттуу кызды сүйдү,

Амалын тартып

Амалсыздан күйдү.

Анын дартынан

Телмирип артынан

Анда-санда барып

Араӊ көрчү болду үйдү.

Ошентип, Осмон

Сүйүүнүн жалынына кабылды.

Айласын таппай

Ары- бери кагылды,

Айсулууга барып Осмон:

-Акиш!

Сындырба шагымды,

Сен үчүн мал турсун

Аябайм жанымды,

Жылдызымды түшүрбө,

Качырба келген багымды.

Сени сүйөм,

Сезгич мүнөзүӊдү

Түбөлүккө

Сезимиме түйөм-

деп жалынды.

Акыры Айсулуу

Ишенди,

-Макул! – деп убадасын да берди.

Осокеӊ турсунбу

Той өткөрө баштады

Шымаланып, түрүп жеӊди,

Тоюна чакырды,

Жакын курдаштарды, элди.

Шампанды ыстаканга толтуруп

Анан момундай деди:

-Жолдоштор, Курбулар!

Далайдан бери сактаган сөзүм бар.

Ушул шампандай

Тунук өтсүн

Биздин келечек жылдар.

Эӊ бактылуумун

Жанымда Акишим бар,

Өмүрүмдүн эӊ кубанычы

Ушул отурган кырдаал.

Эл айтышты кубанып:

“Ушундай болсун сүйгөн жар!”

 

Арадан күндөр өтүп дагы… дагы…

Өмүр да өз кийимин жаӊылады,

Осмон да чоӊ кызматка дайындалды.

Тойдогу айткан сөзү

Жомоктой жолдо калды.

Осмон оолугуп

Күндө

Үйгө чатак салды.

Мурдагы

“Акинтай” деген ардактуу сөз

“Акмакка” алмашты,

Баягы сылыктыкка

Оройлук жалгашты.

Баштагы тынч пейилге көпкөндүк оорусу жармашты.

Башта Айсулуу айдай көрүнсө,

Эми айтчу болду “албарсты”.

Жаттап алгансып

Жалаӊ “атаӊкына кет” деп зарлантты.

Айсулуу канетсин

Баягы аппак өӊдөн айрылып,

Күлүштүн ордуна

Күйөөсүнүн жоругуна кайгырып

“Баягы сөзүӊ кана?” деп

Айтайын дейт бир сөз кайрылып.

Кайра-

Адамгерчилик тепкичинен

Осмон түшпөс го тайгылып,

Жаман мүнөзүн таштар деп,

Жакшы эле чыдады айбыгып.

 

Бирок абийир чындап кетип

Осмон “достон”,

Наадандык менен коштошкон.

Чоӊ атты минип чочоӊдоп,

Бир күнү Ноокатта жүрсө

Эртеси көрөсүӊ Оштон.

Кылар кызматын билбей

Башы айланган боштон,

“Дагы бир аял алсам” деп

Жаман ой тапкан жоктон.

Баягы таза сүйүү кирдеп

Осокеӊ убагын

Көбүнчө аракка койду иргеп.

Мас болуп эсин билбей

Үй деп короого кирип темселеп,

Катыным деп, караӊгыда музоону

тилдеп.

Кайра жарашып,

Канча жолу кучактап өпкөнүн

Кайдан билет?

 

Өз оюна койду.

Кооздоп мурутту.

Аткарчу милдетинин

Арбынын унутту.

Такыр койду

Эмгекчилердин талабына

Өз убагында жооп берип турушту.

Ким жооп берет

Осмондун бул иши

Бурушпу же

Дуруспу?

Эмесе жөнүбүз бар го

Биздин да бир аз урушчу.

 

Кандай, Осоке!

Тойдогу жыргалыӊыз,

Канакей

ошондогу кырдаалыӊыз?

Угулбайт го азыр

Тойдогу созолонткон ырларыӊыз?

Көмгөн менен да көрүнүп турат

Ичте каткан “сырларыӊыз”.

Айтыӊызчы акырында,

Бул эмне кылганыӊыз?

Андай эмес Осмон!

Бул кылыгыӊды дагы да созсоӊ,

Анда айрыласыӊ

Элиӊден, достон.

Айсулуу деп арзып

Ким эле… үнүн созгон?

Адамгерчилик ак сүйүүнү

Алган эмессиӊ сатып Оштон.

Сүйүү кийим эмес

Күндө жаӊылап кийген

Билсең ысык оттон.

Айсулуу ошол өмүр отуӊа

Өмүрүн арнап тоскон,

Ар дайым сүйлө чындык

Адашкан ордон чык

Анык азамат болсоӊ.

Ичиндесиӊ элдин

Келечекке салымын кошкон,

Сени жакшы көргөзбөйт

Үстүӊдөгү коверкот, бостон.

Элге колуӊду бер

Айрылба ошол топтон!

1955-жыл