Көркөм котормонун залкары – Мырзаян Төлөмүшов
2022-жылдын 20-ноябрында кыргыз элинин таланттуу уулдарынын бири, залкар котормочу, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Мырзаян Төлөмүшов 80 жашка толуп, кутман курагын белгиледи. Ал 1942-жылы Нарын областынын Тянь-Шань районуна караштуу Кум-Бел айылында туулган. 1961-жылы Казан-Куйгандагы Оттук орто мектебин бүтүргөндөн кийин Кыргыз мамлекеттик университетине (университет ал учурда ушинтип аталчу) филология факультетине кирген, бирок ошол учурдагы аскердик тартипке ылайык 1963-1966-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөөгө туура келет. Армиядан кайтып келип, 1966-жылы окуусун университетте кайрадан улантат. Биз, курсташтары, Мырзаян Төлөмүшов менен ошол мезгилдерде таанышкан элек. Мырзаян байке (бизден улуу болгонунан улам байке деп кайрылып калгам) армиядан орус тилин мыкты үйрөнүп, өздөштүрүп келгендиктен, айылдан мектепти жаңы гана бүтүп келген сары ооз балапан бизге караганда орус адабиятынын, дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрү менен тааныш эле. Анын котормочулукка ык коюшуна, менимче, бул фактордун да ролу болгону айныксыз чындык. Бүгүн М.Төлөмүшовдун залкар котормочу катары, кыргыз адабиятын котормо адабият менен байытышынын узак жана байсалдуу жолуна сереп салып отуруп, буларды өзгөчө белгилегим келди.
Ал филфакты бүтүп эле “Кыргызстан” деген басмада 16 жыл, тактап айтканда 1970-1986-жылдары үзгүлтүксүз иштеп калды. Басмада иштөө менен тегирмендей тынбаган эмгектин түйшүгүн тартып, басмадан жарык көргөн эчендеген адабий чыгармаларды редакциялап, көркөм сөз өнөрүнүн улуу дүйнөсүнө сүңгүп кирди. Ошол эле мезгилде өзүнүн чыгармачылыгына жол издеди. Аны эмнегедир котормочулуктан тапкандай болду. Анын да объективдүү себеби болгон. Ал мезгил маданий турмушубузда котормого зор көңүл бөлүнүп, орустун, көп улуттуу совет деп аталган адабияттарын, дүйнөлүк адабияттын шедеврлерин которуу ишине олуттуу маани берилген мезгил эле. Жаш котормочу Мырзаян Төлөмүшов шымаланып дүйнө адабиятынын классиктеринен тартып, ошол мезгилдеги совет адабиятынын көрүнүктүү жазуучуларынын чыгармаларын которууга белсенип киришет. Атап айтсак: Л.Толстойдун, К.Чапектин, А.Зегерстин, К.Симонов, В.Быков, В.Астафьев, А.Упит, В.Тендряков, И.Шамякиндин аңгеме, повесттерин кыргыз тилине которот. Мындан тышкары түрк жазуучусу Яшар Кемал, болгар жазуучулары Э.Станев, Н.Хайтов, А.Антонов, Д.Чавдаровдун, болгар жазуучуларынан К.Чапек, Л.Суходольчан, Х.Карим, К.Насыри, Ж.Одинаев, уйгур Ш.Шаваев, армян Р.Кочар, белорус Я.Брыль, Н.Гилевич, дунган А.Арбуду, хакас Доможаков, чуваш М.Юхманын прозаларын которот. М.Төлөмүшов жогорудагы чыгармаларды кыргыз тилине которуу менен котормочулук өнөрдө белгилүү бир тажрыйба топтоп, котормочулук чеберчиликтин сырларын өздөштүргөн десек болот. Бөтөн тилдин табиятына кирип, башка бир жазуучунун индивидуалдуу стилдик өзгөчөлүгүн өздөштүрүп, аны которуп жаткан тилдин берметтери менен кемелине келтире иштөө канча түйшүктү, эмгекти талап этээрин сааамга көз алдыга келтирип көрөлүчү. Неси болсо да алган багытынан жазбаган М.Төлөмүшов көшөрүп иштеп отуруп акыры өнөрдүн сересине чыга келгендей. Анын далили тээ ХХ кылымдын 90-жылдарында эле орустун таланттуу жазуучусу В.Распутиндин дээрлик бардык чыгармаларын которгондугу дээр элем. Анын “Живи и помни” повестин “Жаша жана эсте” деп, келегей тилге салып кыргызчалап салбастан, “Эсен болуп эстей жүр” деген поэтикалык ат берип которушу эле котормочунун дараметинен көптү кабарлап турбайбы. Мындан кийин В.Астафьевдин “Аюулар келет из кууп” аңгемелер жыйнагын которду, Р.Жаваньолинин “Спартагын” которуп, калайман калкка тартуулап салды. Ч.Айтматовдун чыгармаларын кыргызча сүйлөткөн Ашым Жакыпбеков дүйнө салып кеткенде М.Төлөмүшовдун Ч.Айтматовдун эң татаал стилде жазылган “Кассандра тамгасын” которууга белсенип киришинде эле не деген дымак, өткүрлүк, талант жатат!
М.Төлөмүшов прозаны эле эмес, поэзияны да ийгиликтүү которуп жүргөн котормочуларыбыздан. Анын калемине австралиялык Р.М.Рилькенин, молдован акыны Г.Виерунун, хакас акындары Н.Доможаковдун, М.Кильчичаков, А.Майтакованын ырларынын котормолору таандык. Ошондой эле М.Төлөмүшовдун М.Булгаковдун “Золянын квартирасы” драмасын, А.Несиндин “Жанга баткан жалгыздык” пьесасын которгондугун, алар учурунда театрларда ийгиликтүү коюлганын билбегендер да көп чыгар.
Котормочулук өнөрдү тагдыр кылган М.Төлөмүшов “Кассандра тамгасын” (1991) которгондон кийин да бир тынбастан, Г.Мишевдин “Чала жетим”, С.Шелдондун “Асман жерге түшөрдө” аттуу романдарын которуп салды. Ал эми өзүнүн 80 жылдык юбилейин утурлап, А.Лихановдун “Кыялдын кыйрашы” (2022) романын кыргызчалап, окурман журтчулугуна тартуулаганы эмне деген эрдик!
Мырзаян Төлөмүшовдун чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн экинчи тарабы түздөн-түз “Манас” эпосуна байланышканын да кыстара кеткеним жөн болчудай. Ал КМУнун филфагын бүтүрүп жатканда академик Б.М.Юнусалиевдин жетекчилигинде “Манас” эпосундагы туруктуу эпитеттер” деген темада дипломдук ишин ийгиликтүү коргогон. Кийин 1986-1990-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунда “Манас” секциясын башкарган мезгилинде Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосун орусчага которууга кыйла эмгек сиңирди жана улуу манасчынын 125 жылдыгына карата “Улуу манасчы Сагымбай” деген жыйнакты да түзгөн.
Арийне, жогорудагыдай эмгектерди жасоо М.Төлөмүшовдун көп убакытын, мээнетин алды. Өзүнүн оригинал чыгармаларын жазуусуна, менимче, кандайдыр бир деңгээлде жолтоо да болду, алаксытты десек болот. Ошентсе да дилден чыккан асыл ой берметтерин “хоббиси” катары өзүнчө кыска оригиналдуу аңгеме жанрында “Деген экен”, “Жан эрмек”, “Тоолуктардын эрмеги” деген китептерин, “Кыска серенада” аттуу туптунук ыр жыйнагын чыгаруу менен моокумун кандыргандай болду окшойт деп ойлоп кетем.
Мырзаян Төлөмүшов кыргыз котормо адабиятынын өнүгүшүнө зор салым кошкон залкар котормочу экендигин анын жогоруда биз учкай санактан өткөргөн эмгектери айгинелеп турат. Ал – котормо өнөрүндөгү акыркы магикандардын бири экени да айныксыз чындык. Мындай адамга тээ В.Распутин, В.Астафьев, Р.Жаваньолин, Ч.Айтматовдун чыгармаларын жогорку деңгээлге которуп, окурман журтчулугуна тартуулаган ХХ кылымдын 90-жылдарында чыгармачылык чеберчилигинин чокусуна жетип турган мезгилинде эле, өкмөт “Эл жазуучусу” деген наам берип койсо жарашмак! Кээде мээнеткеч, жөнөкөй адамдарга “эмгегине жараша урмат” болбой калганына жүрөгүң ооруп, өкүнөсүң… Азыр да, залкардын көзү тирүү кезинде, катаны оңдоп коюуга неге болбосун?!
Жазуучу жана котормочу, асыл адам М.Төлөмүшовдун баскан жолу кийинкилерге өзүнчө өрнөк. Анын котормочулук чеберчилиги ар тараптуу изилденсе, “Котормонун тоериясы жана практикасы” аталышындагы фундаменталдуу илимдин өнүгүшүнө чоң салым кошулган болор эле.
Арыбаңыз, бар болуңуз, көркөм котормо өнөрүнүн кажыбас дыйканы!
Лайли Үкүбаева
Филология илимдеринин доктору, профессор
29.11.2022