Өмүрбек Тиллебаев: Кайрат айтам, Назым Хикметтин улуу элине!

Тур, түрк боорум

Көчкөн үйлөр,

Өчкөн өмүрлөр,

Бозоргон чаң,

Боздогон үн,

Ай-ааламдын жүрөгүн

Козгогон үн.

Айтарга сөз жетпейт,

Сөздөр кулаган үйлөргө

Калган басылып.

Ач арбактай,

Асман-жердин ортосунда турам асылып.

Тур, түрк боорум!

Түбүң Ала-Тоодон кеткен,

Учуң деңизге жеткен,

Кулачыңы жайып тур.

Жараткан алардын жараатын,

Тезирээк айыктыр.

Сүзүп барам силерге,

Жүрөгүм-кайыктыр.

Менин рухум рухуңа,

Жаңы эле жан уруп жаткан,

Менин ырларым сенин тилиңде,

Жаңы эле жаңырып жаткан,

Жүзүңдү көрсөм дегем,

Көрдүм го үйлөрдү жарылып жаткан.

Тур, түрк боорум!

Келет ак таң.

Күч кошулсун күчүңө,

Дем кошулсун демиңе,

Кайрат айтам,

Назым Хикметтин улуу элине!

Кулап бараткан үйлөрдү,

Ала-Тоодой сүйөп калсам эмине?..

Өмүрбек Тиллебаев

Бишкек. Көлмө. 2023-жыл, 10-февраль.

 

Тур, Түркия, ыйлаба

Түркияны титиреттиң, зилзала,

Каран түндө кайдан келдиң, сен балаа?!

Күтүүсүздөн күм-жам болду өмүрлөр,

Күтүүсүздөн кумга айланды гүл калаа!

 

Адамзатты титиреттиң, зилзала,

Бул кайгыга титиребейт ким гана?!

Бүтүн дүйнө кайгыңды тең бөлүшөт,

Кайрат кылгын, тур, Түркия, ыйлаба!

 

Болду, токто, кайткын артка, зилзала!

Калк башына кара булут чулгаба!

Карайлаба, кайгы-муңга чөмүлбө,

Кайрат айтам, тур, Түркия, ыйлаба!

 

Болду эми, жайыңа кайт, зилзала,

Эмне өчүң бар, Жер Энени кыйнаба!

Түптүү өлкө, күчтүү өлкө, зор өлкө,

Мүңкүрөбө, тур, Түркия, ыйлаба!!!

Сулайман Рысбаев, 10.02.23.

 

Көтөр башты кандашым

Суук кабар титиретти жүрөктү,

Түркияда жер титирөө болуп өттү.

Бир силкинип айландырды топого,

Элдер жашап, күн кечирген түнөктү.

 

Канчалары калды экен жанчылып,

Канчалары кыйналды го жан чыгып.

Канчалары жатат азыр ушул күн,

Бетондордун арасында кыпчылып.

 

Кырсык басып кайгы түшүп турганда,

Кайрат айтпай кантип чыдап турабыз.

Белиңди буу, көтөр башты кандашым!

Башыңа түштү оор жоготуу чыдагыс.

 

Табигаттын кырсыгына айла жок,

Капилеттен астын- үстү кылат эх!

Жаратканым кечире гөр бир өзүң,

Адамзаттын билбей кылган күнөөсүн.

Жетигенова Жыпаркүл, 10.02. 202З жыл

 

Түрк боорума

Канткенде мен ыйлабайм сени жоктоп,

Канткенде мен сыздабайм, боорум толгоп.

Боордошум, түрк тууганым, санаалашым,

Катыгүн, канткенде эми ордуң толот?

 

Жер силкип, жети өмүрүң кирди жерге,

Ыйладың көзүңдө жаш, ооздо келме.

Жараткан, пендем десең мындан ары

Бул өңдүү алааматты бербе элге…

 

Оң көздөн жаш токтобойт, солунда кан!

Оң колум сыздайт, солу соолуп калган.

Бак көрөм, көчө көрөм, асман көрөм

Түнөрүп, аза күтүп ооруп калган.

 

Күн көрөм күн жүрүштө өрт чулгаган,

Ай көрөм алоолонгон же кулаган.

Асманды карап улуйт көк карышкыр –

Энеси Улуу түрктүн улагадан.

 

Капилет келген кырсык жалкы болсун,

Кандашым, кайгы-муңуң жалпы болсун!

Жакшылык артып ар бир үй-бүлөгө

Жараткан мекениңе жакын консун!

Таштанбек Чакиев

 

Урандылар

Канча максат күм-жам болду,

Канча кыял урады.

Канча үйдүн очогу өчүп,

Күйбөс болду чырагы.

 

Урандылар, урандылар,

Канча өмүр бар жайраган?

Табылат деп тирүү жандар,

Канча үмүт бар байлаган?

 

Урандылар, урандылар,

Тыңшайлычы, угалы.

Акыретте сурагы бар,

Сынагыбы бу дагы?

 

Урандылар, урандылар,

Жүрөктөрдө уранды.

Бир сабагын алар бекен,

Унуткандар Кудайды?

 

Зилзаладан, урандыдан,

Издей албайм күнөөнү.

Ач көздүктөн кутулбаган,

Накта адамзат күнөөлүү.

 

Урандылар, урандылар,

Тыбырчылайм жата албай.

Урандылар алдындагы,

Жүрөгүмдү табалбай…

Толукбек Байзак

 

Аман болсун бир боор түрк эли

Тынчтык десек сөздү үн улап,

Кандай гана жагым угулат.

Жер силкинген кезде кокустан,

Ааламдын да көзү жумулат.

 

Түбү бир деп кылчу канагат,

Түркияда болуп алаамат,

Тагдыр сынак жүрөк канатып-

тамырлардан акты аралап.

 

Таразасын Кудай тең деген,

Табиятка ким бар көнбөгөн.

Анын сыры сабырдуулукта,

Ажырагыс турат эл менен.

 

Жаш төгүлүп көңүл сууган бар,

Жамгыр сымал артын жууган бар!

Салты болсун арты жакшылык,

Сабыр дейли түрк биртуугандар!

 

Кайгы кетип, колдоп күн деми,

Кабактары калбай бүркөлүү.

Коломтосу жылып көңүлдөй,

Аман болсун бир боор түрк эли!

Бактыгүл Чотурова, КР эл акыны

 

Табият сыноосу

Түркия, Түркия, Түркия.

Ооруган жүрөктүн кагышы.

Миңдеген онтоонун акыркы

Угулбай уланган дабышы.

 

Түркия, Түркия, Түркия.

Түтөгөн көңүлдө оорумсуң.

Араны аралык бөлө алгыс,

Түбү бир, дили бир боорумсуң.

 

Адамдар… адамдар… адамдар.

Кечтеги жүрүшкөн таңда жок.

Эл кайда? Күч кайда? Кайда илим?…

Баарына баш ийдик, айла жок.

 

Бөлүнгөн, күрөштөн, согуштан

Ойгончу, ойлончу адамзат!

Сестенди, сыноосун жиберип,

Улуу күч, бирдиктүү табигат.

Сариева Калбүбү, Бишкек, февраль 2023

 

*****

Эки күндө арыктадың карасам,

Санаа тартып гүл көңүлүң соолуду.

Азыр эле жайнап турган сулуу жан

Сени сезип менин жаным ооруду.

 

Сездирбейм деп күлгөн болдуң сабакта

Сезип турдук унутулмак каяктан.

Алыс жүрсө, Ата журттан шум кабар

Кандай жаман санаа менен таң аткан.

 

Оо ,түрк кызым! Мугалимим -эжекем,

Сенин кайгың эл кайгысы деп сезем,

Жараткандын бир буйругу бул дагы

Артын тиле,артын тиле берекем.

Чынаркан Бектурова, 8.02.2023ж.

 

Түркиям

Оо Жараткан! Баш ийебиз өзүңө,

Кандай апаат… ишенбейсиң көзүңө,

Сабырың бер кайратың бер кудайым,

Каран күндө турган элдин көчүнө.

 

Кандашыбыз, бир тууган эл- Түркиям

Кан жанымдан кайгы капаң бир туям.

Оо боорлошум,сабыр сага! Кайрат кыл!

Бири түшсө кайра турат миң уяң.

 

Ынтымагың, кадыр баркың билинип,

Канча жүрөк турат ыйлап ийилип,

Ар бир тапкан тирүүлөрдү көргөндө

Силер менен биз да кошо сүйүнүп…

 

Сен сыласаң табылганды жүзүнөн,

Менин дагы жашым акты жүзүмдөн

Жаным күйүп жарылчудай көргөндө

Корккондорун наристенин алаңдаган көзүнөн.

Чынаркан Бектурова, 8.02.2023.

 

Сабыр тилейм

Ай түнөрүп, Күн түнөрүп,

Аалам, асман түнөрүп.

Аза күтүү… айтууга сөз табылбай,

Оо арман, арман, арман ай…

 

Алааматты башка салган,

Азабыңды Жараткан.

Кайгы муңун кандаш элдин,

Азайт, азайт суранам.

 

Сабыр бергин уулдарыңа

Сабыр бергин, энелерге, атага.

Сабыр бергин, кандаш, боордош,

Түрк дүйнөсү, түрк элинин баарына.

Айтумар Бекзат кызы

 

Түркия, көтөргүн башыңды

Сындырып, кайрытып канатты,

Түн ооду, ак жарык таң атты.

Жер огу айланып термелип,

Кулатып тирелген кабатты.

Күүлөнгөн күүсүнө чыдабай,

Түркия калкылдап баратты…

 

Кудай ай, бул эмне дегенче,

Оозунан келмесин айталбай.

Уул- кызын кучактай жыгылды,

Уйкудан көз ачкан беймарал.

Күп этип үстүнө оор нерсе,

Үмүтсүз үзүлдү адамдар.

 

Каректен төгүлүп кандуу жаш,

Капырай, бул эмне шумдугуң?

Тилсиз жоо, түгөнгүр зилзала,

Тилегин катырдың түрк боордун.

Эзилтип далайдын жүрөгүн,

Боздоттуң, сыздаттың, кургурум…

 

Асмансыз күндөргө туш келип,

Армандуу желегин түшүрөт.

Түркия жаркыган өлкө эле,

Ый, арман коштосо түнөрөт.

Ырыссыз өчүшкөн жандардын,

Ыйына бу күндөр ким түтөт?

 

Түркия! Көтөргүн башыңды!

Боордош эл кыргыздар биз барбыз!

Кылымдар тарыхта тамырлаш,

Тууган эл, бир боорбуз, кандашпыз!

Кырсыктан жабыркап ыйласаң,

Кошулуп бир ыйлаар жандарбыз!

Түркия, көтөргүн башыңды!

Босумбаева Чолпон

 

Кайрат кыл боорум

Кулаган үйлөр,

Угулбай үндөр.

Агарбай таңы,

Соолуган гүлдөр.

Кайрат кыл боорум,

Айыгар ооруң.

 

Силкинген жерден,

Бир ажал жеңген.

Наристе кетти,

Энесин эмген.

Кайрат кыл боорум,

Айыгар ооруң.

 

Жүрөктөр үшүп,

Үн чыкпай бүтүп.

Каралуу бүгүн,

Байрагың түшүп,

Кайрат кыл Түркүм,

Күн чыгар бир күн.

 

Бир боорум элим,

Дем болсун демим.

Кайрадан жайнап,

Гүлдөсүн жериң.

Кайрат кыл Түркүм,

Күн чыгар бир күн.

Жылдыз Аскарбекова

 

Бар кайгыңды бөлүшөбүз боордоштор

Жер силкинип онтогонун уктуңбу?

Кайран Түркүм, кара кайгы жуттуңбу?

Чаң тополоң бир заматта түшүрүп,

Боз топурак курчап алды журтуңду.

 

Кахраманмараш, Антеп, Хатай жерлериң,

Бүгүн жерге түшүп турат желегиң.

Адияман, Аданада, Урфада,

Кайдан билдиң чоң кырсыктын келээрин.

 

Диярбакыр, Малатья, Килисте,

Османие шаарың кыйрап, кириште.

Он шаарың тең даяр турмак уктабай,

Кырсык каптап келетканын билишсе.

 

Эртең эле гүлдөйт кайра жерлериң,

Жүрөгү тоо, иштерман го элдериң.

Бар кайгыңды бөлүшөбүз Түрк элим

Өйдө көтөр Ататүрктүн желегин.

Жылдыз Аскарбекова

 

*****

Кудай сакта бөөдө келген кырсыктан,

Жер титиреп, жердин бетин тынчыткан.

Тилибиз бир, динибиз бир түрк элге,

Көңүл айтам боордош эли кыргыздан.

 

Жүрөк сыздап, жан ачыды, боор ооруп,

Жакшы тилек мен силерге ойдомун.

Кайрат кылгын! Тууган элим сабыр кыл

Бар болгула аман эсен боордошум.

 

Мындан ары, мындай кырсык болбосун,

Бир кудайым баарыңарды колдосун.

Улуу элсиң! Баш көтөргүн Түрк эли,

Урандылар кайра туруп оңдолсун.

 

Өтүп турмуш бейпилдикте күнүгө,

Өсө берсин жер бетинде түрк дүйнө.

Кайгы, капа өтүп күндөр азаптуу,

Кубанычтар келсин элдин жүзүнө.

Бакыт Асанов

 

Эрдигиңе таазим этип турамын

Бир боор элим, кабыргам миң кайышып,

Бөлүшөмүн бүгүн аза кайгыңды.

Сен мертинсең, кошо сыздап тамырым,

Тыя албастан турам көздөн жашымды.

 

Боорукерлик ушу күндө көзүңдө

Кайгың менен көрдүм бирге турганын.

Ынтымагың эт жүрөгүм эңшерип,

Эрдигиңе таазим этип турамын.

 

Аза күтүп тууң түшүрүп турганда,

Мен Кудайдан сага кайрат сурадым.

Алп Түркия, мындан ары таңыңда

Аппак нурлуу аткан күнүң батпасын!

 

Сен өлкөсүң күчтүү жана кубаттуу

Түрк дүйнөсүн тартып турган бооруна.

Алп Түркия, тиреп турат кош колдоп,

Боордошторуң оңуңда да, солуңда.

Гүлзада Станалиева

 

*****

Жаңы гана жарык таанып төрөлгөн,

Жаңы гана ак сүйүүгө бөлөнгөн.

Жаныңардын жанчылганын көргөндө

Жаным сыздап жаш токтобой төгүлөм.

 

Амандыгын тилеп күткөн үмүттөр

Акка моюн сунду баатыр күлүктөр.

Азабыңды бөлүшсөм да кемибес,

Кабыргамды кайыштырат күйүттөр.

 

Ыйыңарды көрүп дүйнөм өрттөндү

Өчтү жылдыз, өчтү миңдеп жарыктар.

Көзүн ачып тирүүлүгүн билдирген

Боордошторум боорго кысып алгым бар.

Жыпаркан Кутпидинова

 

*****

Боордош элим бооруң бүгүн жаралуу,

Сезем, туям сендеги оор жараны.

Колдон келсе сыйрып алып салмакмын,

Үстүңдөгү аза күткөн караны.

 

Кырсык жерден кыйырыңды кыйратып,

Асманыңда ак чардактар ыйлашып,

Деңиз болуп кеткен чыгар көз жашың,

Дене бойго көлкүп, агып, сыйбай түк.

 

Ыйлайм мен да, азабыңды бөлүшөм,

Ыйлайт дүйнө, касыретти бөлүп тең.

Оо жараткан, мээримиңе ала көр,

Адамдарды кечээ, бүгүн өлүшкөн.

 

Ыйлагыла. Жоктогула жокторду,

Бул алаамат адамзатка сот болду.

Дүңгүрөтпөй Жер энени дүйнөдө,

Токтоткула! Согуш деген отторду.

Кундуз Суранбаева