Дыйкан – ал мен
Таң.
Шүгүрчүлүк ушул таңга жеткениме.
Талаада турам,
Торгойдун ырын тыңшап,
Таянып кетмениме.
Каниет кылып өмүрүм жеткенине.
Ал түндөрдү сагындым
Түн.
Жылдыз толо асманда,
Көзүн ымдайт жымындап,
Биз энчилеп алган жылдыз жаш чакта,
Сырдашчубуз келечекке кол сермеп,
Кыналышып кош жылдызга айланып,
Кыял менен учуп кетип жатаарда,
Уктачу элек жылдыз нурун жамынып.
Ал түндөрдү жатам азыр сагынып.
Фантазия кыялдарым
Бийлеп алган кыялымды фантазия болмуштар,
Ынандырып санариптик жаңы термин конуштар.
Ылдамдыктын заманыбы, кыялдан да учкулураак,
It заман бүт өзгөртүп дүйнөнү, аттар дагы электрондук коюлат.
Айтты деген, имиш деген жок болуп, эс учунду жыйгыча токтолуп,
Ракеталар учуп чыгып, атылган окту токтотуп.
Кейпи биз да баратабыз, бөлөк планетадан келгендерге окшошуп.
Чынгыз жазган иксроддор төрөлүп, жаткандайбыз заман менен коштошуп.
Билбейм кандай болот, атам мага таштап кеткен нарк-нуска,
Ыйман, мээрим, сүйүү баары кетсе балким жок болуп, ойлон кыска.
Күч, кайраттар, баатырлар, Кожомкул жок, окшошуп эркек кызга
Эсиңди жый маңкурт болбо, жаңы доор, тарелкалар, болот учма.
Марста таңкы тамак ичип, Юпитерде түштөнүү,
жер таштандыны көтөрө албай.
Ядролук, атомдук, азык түлүк калдыктары,
тоого айланып, адам калбай.
Кометаларга айланып, кыйма чийме учуулар, бекетсиз талбай учуп.
Жети кабат асмандын жетинчи кабатында,
фантазия -бул чындык.
Кыялдарым адашты, билбей калдым кайсыл кыял, биз сындык.
Талкаланып, байыркылар жакаларын кармап турат.
Баары ылдамдыкка таянган, келатат бир тири укмуш.
Фантазия кыялдарым бул чындык, жерде төрөлгөнүмө ишенүү кыйын.
Жок болгон сом- тыйын, жок болгон өчүрүп жандыруу.
Сени эч ким дебейт сыйын.
Ноократия- бийлиги да алсыз,
шоккратия жаңылык эмес.
Амансыңбы ХХII кылым.
Бул ырды Роботтор жаза баштады.
Көздө жок жаш, боору ачыган адам жок, угулбайт ыйың.
Ыймандуу адамдын акыркысы менмин го,
бул кыял.
Балким кыялым чындык, айта албайм.
Дүйнөнүн улуу аалымдары ноос-акыл бийлиги,
ноосферанын аң-сезимдүү баскычына-
ноократияга- өнүккөн акыл бийлигине өтпөсө-дүйнө жок болот
деп конгуроо чалууда.
Ноос-бул акылдын бийлиги
Өнгүүнүн бороону жүрүп турат,
Акылдуулар бул заманда күлүп турат.
Ноократия бийлиги келмейинче,
Бечералар мезгилге кулдук кылат.
Маалыматтар жакшылыкты жар салмайын,
Этропия алааматы токтотпойт жалмамайын.
Акыл эстин бийлиги бийлебесе,
Кулчулуктан кутулбайсын айланайын.
Ноократия килемин төшөгүлө,
Асылдыкты адамзат өтөгүлө.
Тирешүүдөн пайда жок кырчылдашып,
Ынтымаксыз дүйнө чыкпайт көркөмүнө.
Нарк нусканы карманган аталарым,
Унутпай касиеттүү бата барын.
Жол көрсөтүп алдыда жүрүп келген,
Бакай, Кошой касиеттүү акылман бабаларым.
Ноократизм болуш керек башкы максат,
Энелер ыйлабасын көзүн жаштап.
Ынтымакта алдыга умтулалы.
Келечектүү заманга кадам таштап.
Кээде
(чын, тамаша аралаш)
Жан дүйнөмө бүлүк салып жаман ой,
Талкаланат. Жакшыларын мындай кой.
Үмүт кылып тирек болор достордон,
Күтүү менен олтурамын жалгыз бой.
Сөзү менен көтөргөнгө көңүлдү,
Ишенгендер чабалыраак көрүндү.
Ак баракка айтып бүтпөс арманды,
Жазайын деп жан дүйнөм бүт төгүлдү.
Жазган менен окуй турган жан таппай,
Сырдашарга ээн эркин жай таппай.
Көңүл деген аяр, назик нерсеби,
Жылуу сөздүн кулу болгон бул кандай?
Билбейм, билбейм таянамын кимдерге,
Дос көп эле жөн-жай басып жүргөндө.
Өзүмө өзүм кайрат айтам айла жок,
Сен асылсың, кадырыңды билгенге.
Кулу болбо, ушак –айың сөздөрдүн,
Кайраттуу бол, сабырдуу бол, өзгөргүн,
Баары келет күлүп жайнап досторуң,
Аш бастырсаң күрүчүнөн Өзгөндүн.
Тилегим
Билинер билинбес бир чекиттеймин,
Жакшы ой келсе сезимге бекитпеймин.
Ийгилик болсо эгер мага келген,
Элиме болсо экен деп көп тилеймин.
Таң менен жөнөп жатып жумушума,
Тынчтык каалайм элимдин турмушуна.
Алыста жашап- иштеп жатышкандар,
Эсен- аман келсе дейм конушуна..
Жамандыкты туш кылбагын турмушта,
Кабылбасын эч ким жаман кылмышка.
Табылгасын кыйналбастан көтөрүп,
Жетсе экен дейм өз үйүнө кумурска.
Эли журтум тынччылыкта жашайлы,
Ар нерсени өз атынан атайлы.
Элибиздин жакшылыгын жар салып,
Жамандыгын ичибизге катайлы.
Касиеттүү элим, жерим, айылым,
Аман болсун, ошол менин байлыгым.
Балалыкта эмгек менен өскөнмүн
Биз турмушта эмгек менен чоңойдук,
Ата -энеме туура келген оор жүк.
Жылкы үйрүп, кулун байлап желеге,
Кой кайтарып, жайлоолордо көп жүрдүк.
Кыштын ызгаар күндөрүндө атакем,
Ойлоп көрсөм тынган күнү аз экен.
Жылкыларды карышкырдан асырап,
Талбай иштеп, чырым этип азыраак.
Ачык болчу чатыр, үйдүн эшиги,
Бизге тийип карылардын кешиги.
Нарк-нускалуу болчу анда аталар,
Ыйык болчу наристенин бешиги.
Жардам берип ат жалында уктадым,
Билбейм анда канча жашка чыкканым.
Чыйрак өстүк, чыдап өстүк турмушка,
Көп нерсени билдим ошол утканым.
Китеп окуп шам чырактын түбүндө,
Жарыгы жок турак үйдүн биринде,
Элестетип чоң шаарда окууну,
Чанкоо канбай умтулчу элек илимге
Элдик мүлктү меники деп айтчу эмес,
Ысырап кылып туш тарапка чаччу эмес.
Бардык адам камсыз болуп иш менен,
Үйдө эч ким бутту созуп жатчу эмес.
Анда деле дал ушундай таң атчу,
Жалпы элдер жумушуна баратчу.
Радио, газета, журнал тынбастан,
Жаңылыкты ар бир үйгө таратчу.
Эрезеге эмгек менен жеткенбиз,
Аталардын жолун басып өткөнбүз.
Кыйынчылык, жыргалы да бар эле,
Балалыкта дал ошентип өскөнбүз.