Каныштын күйөөсү менен көлгө келгенинин экинчи түнү.
Ушул эки түн теӊ буларда уйку жок. Кечээ саат түшкү бирлерде келип түшүшкөн. Анан дароо эле жатар жер таап, буюм-тайымдарын жайгаштырып, көлгө түшүп келишти. Көлдүн ызы-чуу жээгинде бири-биринен алаксымыш этишти. Сыртынан караган бирөөгө бул экөө өтө эле ынтымактуу, бири-бирине сыпаа жуптар болуп көрүнөт. Алтургай, экөөнүн мамилеси сууган сайын, сыртынан экөө тең бири-бирине акырын сүйлөгөнгө өтүшкөн.
Шаардан чыкканда, көлдө ачык сүйлөшүп аларбыз дешкен эле. Эми мына экинчи күндү карытып, түндө керебеттин эки четинде бири-биринин дем алганын тыңшап уйкусуз жатышат.
Саат канча экени белгисиз. Каныш күйөөсүнүн уктабай жатканын билип турганы менен, ага айтар сөзүнүн баш-аягын таба албайт. Эртең кеч курун жолго чыгышат. Бири-бирине болгон таарынычтарын, түпөйүл түшүнбөстүктөрүн ортого оңой-олтоң айтуу экөөнө тең азаптын иши болду.
“Башкалар кантип ажырашат болду экен?” деп ойлоду Каныш. Алардын да сүйлөшөргө ушинтип сөзү түгөнүп калат бекен… же… биз эле ушундайбызбы?..
Эртең ачык сүйлөшүп алышыбыз керек. Кандай болбосун, ажырашуу экөөбүзгө тең жакшылык алып келбесин эбин таап түшүндүрөм го… Он жыл чогуу жашадык. Эми кантип ажырашмак элек. Кантип жалгыз калайын… он жыл аз убакыт эмес го”.
Каныш күйөөсүнүн турган турпатынан экөөнүн турмушунан эбак эле көңүлү сууганын, жөн гана ишке эрте кетип, өтө кеч келип, убакытты өткөрүп жашап жатканын ачык эле көрүп турат. Бирок… бул ага убактылуу көрүнүштөй, биртике чыдап койсо, өтүп кетчүдөй сезиле берет.
Мындай суук мамилеси качан башталганын деле эстей албайт. Же башынан эле ушундай беле? Балким, акыркы мезгилдерде анын кырс мүнөзүн көтөрүү кыйын болуп кетти окшойт. Аны өзү деле жакшы түшүнө бербейт. Деги ортолорунда сүйүү болгон-болбогонун да аңдай албайт. Бир тууган жеңеси врач болуп иштеген зыңгыраган жигитке турмушка чыгууга көндүргөндө, турмушун башкача элестеткен. Жеңесинин сөзү да таасир берсе керек анда. Жаңы баш кошкон учурда күйөөсүнүн суз мамилеси, кырс мүнөзү ага салабаттуу көрүнүп, көнүп жашашым керек эми, күйөө деген ушундай эле болсо керек да деп кабыл алган. Ошентип, жылдар өттү.
Акыркы убактарда гана сабыры түгөнүп, сарсанаа жүрөгүн эзчү болду.
Бирок дагы деле ажырашканда ким жыргап кетиптир дейт ичинен. Он жыл жашаган күйөөмдүн болгон мүнөзү ушул да. Ажырашам деп өзү айткан чакта да, кетирбей кармап калышым керек. Ажырашуудан ким жыргап кетиптир… деп жүз кайталайт ичинен.
***
Канышты жүрөгүн зилдетип турган ойлорунан сыртта капыл-тапыл пайда болгон үндөр селт эттире чочутту.
Бирөөлөрдүн дүпүрөгөн дабыштары Каныштардын терезесинин дал түбүнө келип токтоп туруп калгандай болду. Келгендер үч-төртөө окшойт.
– Ачпайт, көрөсүӊөр го. Ачпай кууратат да эми бул, – деди аялдын үнү.
– Ачат эле. Уктап эле калганы болбосо. Кел мен такылдатайын, – деген эркек кишинин үнү угулду.
Алар Каныштар жаткан экинчи кабаттагы бөлмөнүн айнек тушуна келип туруп калышты. Биринчи кабаттагы бөлмөнүн каалгасын катуу-катуу такылдатып киришти. Бир маалда эркек киши кыйкыра бакылдады:
– Ач, Темир, ач, биз келдик. Андан соӊ аял да үнүн катуу чыгарып:
– Темир, ач. Уктап калдыӊ беле?..
Эшикти такылдаткандары катуулады. Темир дегени эшикти ачкан жок. Үн да чыгарган жок.
– Темир дейм, ачпайсыӊбы, бол, – деди дагы бири тынчсыздана.
– Айтпадым беле, ачпайт эми деп. Эми ачпайт… – деди аял тигилерге.
Бир аз күбүр-шыбыр болушту да, эшикти тепкилеп киришти.
– Эмне?.. – Үн бөлмөдөн чыкты. Темирлери ойгонгон окшойт. – Саат канча болду?! Саатты карабайсыӊарбы? – деди ал эшикти ачпастан.
– Ач ай эшикти! Бол, күтүп калдык, – деди беркилерден бирөө.
– Ач, Темир, болчу эми, – деди аял да тиги менен жарыша. Эшикти дагы тепкилей башташты. Эшик ачылды. Бөлмөдөн чыккан Темирдин үнү угулду:
– Эмне, эмне түн бир оокумунда келип, эшикти сындыргыдай тепкилейсиңер?.. – деп келатканда, тигилер жаалап кетишти.
– Анан сен ачпасаӊ, эмне кылалы!
– Ары жыл, ичкери кирейин, – деген аялдын үнү чыкты.
– Качпайм, кайда жүрдүӊ, ушуга дейре? – Темири бурк этти.
– Ой булар менен отуруп калдык да. Жыпарлар тигиндейинен кетишти. Мени булар жеткирип келишти! Эми эмне болуптур, кач дейм, ичкери кирейин!
– Эй сенин башыӊ барбы? Ушуга чейин да жүрөсүӊбү? Бар эми, кайда жүрсөӊ, ошол жагыӊа. Башыӊ жок сенин… – чап эткендей үн угулду. Темир аялга кол көтөргөндөй болду. Опур-топур боло түштү. Беркилер арачалап ортого түшүшкөндөй. «Темир! Темир, кой, кой дейм эми, болду, болду!! Кантет!» деп жатышты жабалактаган үндөр. Ушул маалда аял буйтап үйдүн ичине кире качкандай болду. Анын үйдүн ичинен чыккан үнү угулду:
– Айтпадым беле ушинтет деп! Мен муну билем да! Айткам ээ Жыпар! Ошо! – деп келе жатканда, Темир эми үйдүн сыртынан:
– Эй ушунча да жүрөсүӊбү? Кичине бет болуш керек да. Тигил жерден эле баса бербейсиӊби, ушуга чейин жүрбөй? Же телефон кылып койбойсуӊбу, ушул жакка кетип жатам деп.
– Иий, сен жейсиӊ да эми ушинтип. Тигил жактан келе берейин десем, Жыпарлар болбой жүр деп туруп алышты. Анан бир аз отуруп кайтайын десем, акчасын төлөп коюшуптур, кетип каласыӊбы дешпедиби. Болду да эми. Келдим го.
– Келдим!.. Келдиӊ сен! Билесиӊби саат канча болду? Үч болду эй! Үч… үч болду! – Темир дагы аялына опурулду окшойт. Тигилер дагы дүпүрөп калышты.
– Үч эмес, эки, – деди аялы үйдүн ичинен.
– Үч, – деп Темир кыйкырып айтты.
– Эки, – деди аял да үнүн бийик чыгарып, – экиде келгем, сен эшикти ачпай туруп алдыӊ го. Анан үч болот да. Бир сааттан бери жейсиӊ кишини…
– Эй мен жейминби!?. – Темир дагы жулкунду окшойт. Беркилер эрди-аялдын бул кайым-айтышын токтото алышпай, Темирди айланчыктап жатышкандай.
– Темир, Темир дейм, болду! Отурдук жакшынакай болуп, мына аяшты алып келдик. Эми тынчтан да. Эмне, аяш башкалар менен жүрүптүрбү? Биз менен жүрдү го. Эмне эле мынча? – деди бири.
– Эй, мага баары бир ким менен жүргөнү. Главное түнкү саат үчтө арактан өлөйүн деп калгансып, арак сасып келдиби? Мен эмне силерден кызганып жатат деп турасыӊарбы? Кызганганым жок. Кызганбайм да. Керек болсо, катын кылып алып алгыла баарыӊ. Мага баары бир… Темир оозуна ак ит кирип, кара ит чыгып сөгүнүп-сагынып кирди.
– Апеей, жинди го мобул!? Эй оозуӊа карап сүйлө! Эмне деп атасыӊ! Жинди го!?.
– Болду да! Эмне деп дөөрүп жатасыӊ? Биз сага эмне… “баары” болуп калдыкпы?!.
Дүпүрөп калышты. Жакалаша кетишти окшойт. Эми беркилердин үнү бак-бак этип чыга баштады. Темир да алардан калышпайт. Бир маалда Темир бирин муштап жибердиби же тигилердин бири муштап жибердиби,топураган мушташтын үнү чыкты. Үйдүн ичинен жанатан бери дымы чыкпай калган аял чыӊырып жиберди:
– Ай, койгула! Жөнгүлө! Өлтүрөсүӊөр дейм! Түш үстүнөн! Өлтүрдү!.. Темир, Темир! Кач, кач дейм. Түш сен үстүнөн! Коё бер!
***
Каныш тиги мушташкандар булардын бөлмөсүнө кирип келчүдөй чочуп, далысын салып жаткан күйөөсүн кучактай калды. Күйөөсү бул ызы-чуу башталганда эле, ушул эле жетишпей жатты эле деп сүйлөнүп барып, терезени жаап келип жаткан. Бирок жайкы эс алууга эсептелип салынган бул котедждин жыгач терезелеринен сырттан кирген добуштардын үнү азайган деле жок. Артынан артылып түшкөн Каныштын билегин күйөөсү коомай кармады. Каныш анын далысына башын жөлөп, бүт денеси менен жабыша кучактап алды. Бул экөөнүн мындай жакындабаганына көп болгон.
– Эми кандай болот десең… Тиги байкуш аялы эртерээк эле келе бербептир да. Күйөөсү катуу неме көрүнөт, – деди Каныш акырын үнүн чыгарып.
– Эмне болмок эле, ажырашат да. Мындай аялга ким чыдап жашасын. Ушуну көрмөк. Мээси иштебеген келесоо аял экен. Ажырашып алып, түнү менен ичип жүрө берсин эми. Ушундайында кутулганы жакшы мындайдан, – деди күйөөсү.
Каныш ичинен «а меничи, мени кайсы айыбым үчүн жектеп атасың» деп ойлоду. Бирок, бул оюн ачык айтып, араздашып алыш кайда-а… Жада калса ушундай кыязы келип турган учурда да айтууга даай албайт. Сөз тургай, турган турпатын, бир ашыкча кыймылын көргүсү келбей калган күйөөсүнө теңелгиси келбеди.
– Койчу, эми жаш кезде ар кандай болушу мүмкүн да. Булар али токтолгуча дагы убакыт бар. Эми катуу уруп салбагай эле аялын, – деди Каныш. –Уруп кирсе, чыгалы биз да ээ? – деди аял. Күйөөсү мунусуна эмне дейт деген таризде бошоңку.
– Маа десе өлтүрүп салсын. Чыкпайм! – деп кесе айтты күйөөсү. Аялынын колун ары алып, төшөгүн өзүнө тартып кымтыланып алды.
***
Бул тапта сырттагы аял эркектердин мушташына кошулуп, алардын улам бирин тытмалап жатты окшойт.
– Силердиби? Азыр карап тургула. Тим эле буларды! Эннеӊди урайындар… – Темир сөгүнүп жатты.
– Сөгүнбө! Жап оозуӊду! Сен да нары турчу, тытып салдыӊ колумду! Коё бер дейм, коё бер. Азыр жейсиӊ, ой эннеӊди, – тигил аялды түртүп жиберди окшойт. «Ай» деп бир кыйкырып барып жыгылгандай болду аял.
– Тарт колуӊду Мирадан. Түртпө. Муштадыӊбы эй. Мен сага көрсөтөм муштаганды! – Темир ордунан турдубу, айтор, дагы токмоктошуп калышкандай дүпүрөшөт. Кайрадан аялдын үнү чыкты. Тигил топураган эркектердин үндөрүн аялдын чаӊкылдаган үнү басып кетип жатты.
– Качкыла, шүмшүктөр. Өлтүрөсүӊөр. Темир… Милийса чакыртам. Силердиби?! Тынч жаткан кишини келип сабаганын кара булардын…
Тигилер аялдын кыйкырып жатканын угушкан да жок. Топурап, жинденген Темирди баары басып жатышкандай.
Ушул маалда башка бир аялдын үнү чыкты.
– Ай, тынч болгула! Буерде башка эс алуучулар да бар. Элдин баары уктап жатышат. Тынчтык бергиле.
Бул ушул жердин кожойкеси экенин Каныш үнүнөн тааныды. Беркилер тынчтана түштү. Бир-бирден жерден туруп жатышкандай болушту. Темирдин аялы күйөөсүн ордунан тургузушуп жатты окшойт.
– Эч нерсе болгон жоксуӊбу? Тур, бас мындай. Кана, бери карачы. Чекеӊ сыйрылып кеткенби?
– Нары турчу. Жөнчү! Кармаба колумду. Кир үйгө, барчы, кире берчи дейм, – Темирдин акыркы сөзү бир аз жумшагыраак чыккансыды.
Беркилер да кагынып-сагынып жатышкансыйт.
– Эже, кечирип коюӊуз. Биз бир аз майрамдап алдык эле. Кечирип коюӊуз, – деп жатты беркилерден экөө алмак-салмак.
Бир аздан соӊ шамалга шуу-шуу эткен дарактардын гана шуулдаганы угулуп, айлана тынчып калды.
***
– Жакшы тынчышты, – деди Каныш.
– Күйөөсү да аялынын шериги экен, – деди күйөөсү. – Келесоолор. Мындайларды кемчонтой деп коёт. Мүнөт сайын урушуп, мүнөт сайын жараша беришет. Кишини да уйкудан калтырышты. Эмнеге ушу журттан калган котеджди тандадың сен?
Күйөөсү адатынча Канышты күнөөлөй кетти. Бул котеджди кесиптеши сунуш кылган эле чыны. Арзан, бардык шарттары бар, таза, каалаган тамагыңарды өзүңөр жасап жесеңер болот деген. Көлгө эс алганы келгендер үчүн булардан башка эмне керек. Баары эле жакшы. Бул жаш эрди-аялдын урушу деле эч нерсе эмес.
Каныш күйөөсүнүн «уйкудан калтырышты» дегенине ичинен жылмайды. …кайдагы уйку. Канча күндөн бери экөө тең ичтен жеген сарсанаадан чала уйку болуп жүрүшөт.
***
Эртеӊ менен чай койгону ашканага кирген Каныш бети-башы шишип-көпкөн картөшкө туурап жаткан келин менен алик алышты. Тигил келин Канышка күнөөлүүдөй тик бага албай, ыӊгайсыз күлүмсүрөдү да:
– Түндө тынчыӊыздарды алдык го. Кечириңиз!.. – деди.
Каныш бул келинди кечээ келгенде көргөн. Көрсө, түндө ызы-чуу салган келин ушул экен да.
– Эч нерсе эмес, – деп жылмайып койду Каныш.
Ушул маалда сырттан толугураак келген, жапалдаш бойлуу эркек киши жайдары жүз менен баш бакты. Сыйрылган чекеси көзгө урунду.
– Мику, жардам керекпи? Эмне кылайын? Кийимдерди салыштырып койдум, Мику. Кел туурашайын. – Нары жакта турган Канышты көрө сала. – Жакшыспы?.. – деп койду.
Каныш башын ийкеп алик алды да, сыртты көздөй басты. Бир аздан кийин ал газга койгон чайын алганы кайра келип, ичкери кире албай, эшиктин жанына тык токтоп калды. Ичкериден Мира менен Темирдин эркелешип жаткан үндөрү ага даана угулду. Кирип барууга даай алган жок.
Жогору караса, күйөөсү терезеден ага тигилип туруптур. “Болбойсуңбу” дегендей кабагын чытып ишаарат кылды. Каныш аргасыз ашкананын эшигин тарткылап ача албай жаткан түр көрсөтүп, ичкери кирди. Темир менен Миранын жүздөрү жайдары, көңүлдөрү ачык. Экөө тең күлүмсүрөй Канышты карап калышты. Темир тура калып чайнекти алып бере да салды.
***
Кеч курун шаарды көздөй жеңил машине зуу коюп келатты. Каныш жаш эрди-аялдын урушун, эртең мененки картошка аарчып отурушканын эстеген сайын жылмайып алат.
Машиненин терезесинен башын буруп, күйөөсүнө карады. Күйөөсүнүн уйкудан калган чарчаңкы тарткан көздөрү жолду тиктеп ойлуу. Анда-санда гана рулду бурганы болбосо, денеси да кыймылсыз бир калыпта баратат. Тик сайылган кирпигине жашынган тээ алыска тигилген жылтыраган көздөрүнөн, былк этпеген нык тулку боюнан дагы деле муздак илеп уруп турат.
Бирок бу сапар ал баштагыдай Каныштын дене боюн ичиркентип, эт жүрөгүн муздата алган жок.