Адабият жана атак-даңк жалгыздыгы
(“Латын Америка” журналында жазуучунун котормочулар, адабиятчылар, сынчылар менен болгон жолугушуусунан (1980)
–Бир ирет поюзга түшүп, Женевага баратат элем. Он эки саат жол жүрүш керек, убакытты кыскартып, окуй турган эч нерсе жок, жанымда досторго апараткан “Жалгыздыктын жүз жылы” бар экен. Арга жок өз романымды окуй баштадым. Баарын эмес, үчпү, төртпү бөлүмүн окудум сыяктуу…
–Сизге жактыбы?
–Ачыгын айтсам, жаккан жок. Аны жазып бүткөндө дүйнөдө мындан ашкан китеп жок деп ойлогом. Арийне, Женевага бараткан жолдо уялганымдан жерге кирип кете жаздадым: аны ийине келтирип жазууга убакыт жетпей калганына көзүм жетти. Жөн эле аңыз кепти аңгемелөө менен чектелипмин.
–А бизге аябай жакты…
–Ошон үчүн чогулуп отурабыз да…
–Бардык чыгармаларыңыздын эң мыктысы ушул сыяктуу…
–Менимче, “Полковникке эч ким кат жазбайт” болуш керек.
–Ооба, көп ирет ошентип айтканыңызды билебиз…
–Балким, жаңылып жаткандырмын, жолдо баратып “Жалгыздыктын жүз жылдыгын” окуганымда аны маштап-саздап жазууга автордун убакыты өтө аз болуп калгандыгын сездим. Ооба, ал кезде мен өрт куугандай иштегем: бир четинен, басма ээси убаданы өз убагында аткар деп желкелеп турган, экинчиден, минген машинем менен кирген үйүмө алты айлык карыз болуп калгам. Романды алты айда бүтүрөм деген дымак күчтүү эле, бирок он сегиз айда араң бүттүм. Бул мен үчүн эң узак убакыт катары сезилди. А “Уруу улугунун күзү” китебимдин жөнү башка, аны жети жыл жайкерчиликте жаздым. “Жалгыздыктын жүз жылы” мен үчүн кыйла кыйын учурда жазылды, атүгүл Буэндианын эки муунунун тарыхын таштап кетүүгө туура келди. Өзүм начар окурманмын – кичине көңүлсүз боло баштаса эле китепти ыргытам да, басып кетем. Жазып атканда да ошондоймун. Окурман үчүн көңүлсүз боло баштаганын сезсем, ошол замат окуяны жандантууга жан үрөйм. “Жалгыздыктын жүз жылын” жазып атканда да ошондой болду. Китеп көптөгөн муундар баянына басылып калчудай сезилди. Абалы алардын өтмө катар чырмалышып кайталануу кереметин сездирейин дегем, антсем огеле зериктирме болуп кете турган, андыктан китептин ортосундагы согуштан кийинки Макондону сүрөттөгөн бөлүмүндө эки муундун таржымалын жазбай таштап кеттим. Женевага келаткан жолдо ошону ойлодум, аттигиниң, убактым болгондо аны кемелине келтире жазбайт белем дедим.
–Айрым адабиятчылар “Жалгыздыктын жүз жылын” сиз “Уруу улугунун күзүнө” күү башы катары карарыңызды айтып жүрүшөт. Аны менен эмнени эске алдыңыз эле?
–Сиз андай суроо койгон соң, мен “Жалгыздыктын жүз жылын” кайра баштан окуп чыгууга туура келет. Бул китептин эмне өнтөлөөр өзгөчөлүгү бардыгы сиздерге кызык болсо, албетте, мага да кызык, андыктан карап чыгуу керек го.
Сынчылар бул китеп тууралуу көп жазды, алардын бардыгы менен эле таанышмын, атүгүл акыркы учурда андай макалаларды окугум да келбей калды. Дегеле сынчыларды табиятыман жактыра бербейм. Жазуучу менен окурмандын карым-катышы түз болушун каалар элем. Жазып жатканда да окурмандарга эч кандай арачысыз түз жеткирүүнү мелжеп жазам.
Айрым сынчылар окурман окуй электе эле автордун эмне айткысы келгенин элеп кирет. Демек, окурман менен түз байланышка жолтоо болот. Сынчыларга мамилем ошон үчүн терс. Мага алар автор менен окурмандын ортосунда туруп алып туурадан ажылдап аткандай сезилет. Айрым учурда: “Мындай болчу айланайын, мен сени менен эмес, окурман менен сүйлөшөйүн дедим эле” дегиң келет.
Алар көпчүлүк учурда автордун да, окурмандардын да башына келбеген нерселерди ойлоп таап, таңуулай берерин байкап жүрөм. Мүмкүн, ал да туурадыр, мүмкүн, китепте аң-сезимден тышкары кубулуштар бардыр. Ошентип автор билбеген, билмек түгүл түшүнө да кирбеген нерселерди сынчы аңтарып-теңтерип таап атпайбы. Ошон үчүн сынчылардын айтканына анчалык маани бербейм же оюна келгенди оттой берсин деп коём.
Ал эми “Жалгыздыктын жүз жылы” – “Уруу улугунун күзүнө” күү башы деп качан, кай жерде айтканымды билбейм, силерден биринчи угуп атам. Бирок ошентип ойлойм. “Жалгыздыктын жүз жылы” түгүл, ага чейин жазгандарым бүт “Уруу улугунун күзүнө” күү башы.
Мени ар дайым жандап, арбап келаткан негизги тема – бийлик маселеси. Мага полковник Аурелиано Буэндиа согушта жеңилип калбай жеңген болсо, сөзсүз, уруу улугуна айланчудай сезилет. Жанындагы жолдошун атаар маалда анысы айтат эмеспи: – Сен бул согушта жеңсең, өлкө өмүрү көрбөгөн көрчеңгел диктаторго айланасың. Буэндиа согушта жеңишке жетип, бийликке ээ болуп, кандуу диктаторго айланар көп эле жагдайлар бар. Бирок китеп анда таптакыр башкача чечилмек, андыктан андай бурулушту мен кийинкиге, кийинки башка китепке, диктатор тууралуу китепке, небактан бери мен жазайын деп аңкап, чаңкап келаткан китепке калтырдым. Ушул ыңгайдан караганда, “Жалгыздыктын жүз жылы” “Уруу улугунун күзүнө” күү башы деп ойлойм. Башкача айтканда, ар дайым жазайын деп изденип, тиштенип келаткан китеп –“Жалгыздыктын жүз жылдыгы” эмес, “Уруу улугунун күзү”.
Ошентип полковник Аурелиано Буэндиа согушта жеңишке жетсе диктатор болмок, окуя оңуту башкага оомок. Диктатор тууралуу китеп таптакыр башка мамиле талап кылмак. Мен “Жалгыздыктын жүз жылы”, балким, камгактай жеңилдигинен окурман журтуна өтө жугумдуубу деп корком. Ошол эле учурда китеп окурмандарга жакшы жагына караганда начар жазылганынан улам жагып жатабы деп да чочуп кетем. Мага ал көп сериялуу телероманга да окшоп кетет.
“Уруу улугунун күзү” тескерисинче, окурмандан олуттуу адабий даярдыкты талап кылат, адабияттын илме кайып ишине ишендирет. Ал мага дал ошонусу менен жагат. Жакканда да аябай жагат, анткени мен аны жети жыл жыргап жаздым; жазылбай баратса, токтотуп салдым; окуя андан нары кандай өнүгөрүн билбесем, кол жазманы эс алдырып, өзүм да эс алдым.
Менин, Латын америкалыктын ыкыбалы анда таптакыр башкача эле: мен диктатура тушунда жашап көнбөгөм. Ал мезгилде Латын Америкасында мен диктатура дегидей диктатура жок болчу, анын анык жүзүн көрүү, таануу үчүн Испанияга бардым. Бир кишинин бийлигине чырмалган чыныгы эски диктатура ошоякта экен. Бул жаатынан караганда, Сомосанын үй-бүлө диктатурасы эски деле эмес, ал колдон колго өтүп жаткан диктатура. Арийне, Испанияда туруп, Латын Америкасын эске тутуп жазуу эң кыйын иш.
Албетте, Испания китепке көп материал берди, турмуш чындыгы менен толукталды. Анткен менен китептин өзөгү, маани-маңызы өзгөрө баштаганын, атүгүл тилим да башкача болуп баратканын, китеп жазылып аткан тилде эмес, мен аралашып жүргөн күнүмдүк турмуштук тилде сүйлөй баштаганын байкай койдум. Андыктан китепти жыйыштырдым да, Кариб аралдарына жүрүп кеттим. Андай эркиндик “Жалгыздыктын жүз жылын” жазып жатканда жадыма да келген эмес. Ошентип аралдарды эки-үч ай аралап саякат куруп келип, ишке киришсем суутулган аттай болуп калыпмын, кайрадан баары шыр кетти. Чыгармачылыкка ушундай шарттар канат байлайт. Aндан ашса ашкан, асти кем эмес дагы бир шарт: жазгандарың жакпай баратса, баарын тытып ыргытып, басып кетүү. “Жалгыздыктын жүз жылын” жазып жатканда менде андай шарттын бири да жок болчу.
–Андай шарттардын болбогону абдан жакшы болуптур. Мына, канча бир жылдан бери “Жалгыздыктын жүз жылынын” көрүнбөс кенендиги менен билинбес тереңдигин ачуу аракетиндебиз.
–Менден бир ирет роман деген эмне деп сурашты. Мен роман деген дүйнөнү табуу, түшүнүү дедим. Аныңыз эмне дейт, мен аным эмне экендигине жооп табалбадым.
Ал эми “Жалгыздыктын жүз жылдыгы” китебин акыл айраң каларлык адаттан тыш окуялар коштоп кетти. Буэнос-Айрестеги бир басмакана ээси аны 5 миң нуска менен чыгарам дегенде, мен чын эле чочуп кеттим. Мен ага анчалык тобокелчиликке барба, менин китептерим 700-1500 нусканын тегерегинде эле өтүп жүрөт деп кат жаздым, ал азыр да сакталуу… Арийне ал айтканыма көнбөй, 1967-жылдын майында 8 миң нуска менен чыгарды. Декабрга чейин сатылып кетер деп болжоптур. Анын ортосунда китепти “Биринчи план” беле, айтору, бир журналга бастырып, журнал толук чыгалекте романга пикир жазып бергиле деп бир топ нускасын сынчыларга, рецензенттерге, окурмандарга таратат. Журнал толук даяр болгондо Жакынкы Чыгышта алты күндүк согуш башталып кетти. Редакция журналдын мукабасын шашылыш алмаштырып, китеп тууралуу пикирлерди кийинки санга калтырат. Журналдын кийинки саны чыга турган жумага чейин 8 миң нуска китептин бири да калбай сатылып кетиптир! Басма ээси аны кайрадан басып чыгарайын десе, үчпү, төрт айга чейин кагазы жок, түгөнүп калыптыр. А “Жалгыздыктын жүз жылын” издегендер басма ирегесинен кетпейт имиш. Автор менен окурмандын түзмө-түз катышы деп мына ушуну айт! Ал байланыш кантип түзүлдү – мен үчүн таптакыр түшүнүксүз. Анткени басма ээсинин айтуунда, китептин көпчүлүгү магазинде эмес, Буэнос-Айрестин көчөлөрүндө, метронун кире беришинде ж.б. жерлерде сатылыптыр.
Андан бери ал китеп ай сайын 10 миң нуска менен басылып жатат. Ушу тапта ал испан тилинде экиби-үчпү, айтору, канча миллион нуска басылганын санаган эч ким жок. Андан башка “каракчылык” жолдор менен да басылып жатыр. Мен ага эч капа болбойм, анткени басма ээлери мага өздөрү каалагандай, баалагандай баа бычып төлөшөт. Анын үстүнө “каракчылык” кылган басмакерлер аны жетпеген жерлерге жеткирет. Ошону менен мыйзамдуу басма ээлери толтура албас боштукту толтурат. Ал жазуучу кошумча окурмандарды таап, утуштун үстүндө болот.
“Жалгыздыктын жүз жылы” дегенде, мени китеп өмүрүнүн канчага созулары кызыктырат. Адабият тарыхында чагылгандай “жарк” деп жанган, бирок көп узабай “жалп” деп өчкөн чыгармалар чачтан көп. Суроо туулат: кечээ каны жерге тамбай колдон колго өтүп окулган эң сонун рыцарь романдары бүгүн канаке? “Жалгыздыктын жүз жылы” алардын жолоюндагы чыгармабы? Эч ким билбейт… Ошентип мезгил менин китептеримди эмне кылат деген маселе – мени ар дайым дүпөйүл кылган маселе. “Жалгыздыктын жүз жылына” келсек, анын аябагандай көп басылып, сатылып жатканы мен үчүн эч мааниге ээ эмес, чындыгында, роман үстөккө-босток басылып, сатылып атат, отуздан ашуун тилге которулду, мына, Советтер Союзунда, анын улуттар республикаларында чыга баштады, ал китептин бир муундан экинчи муунга өтүшү, аталар окуган китеп балдарына жетиши, неберелерине жагышы эбегейсиз зор мааниге ээ. Ушунун өзү гана “адабиятта изи калуу” дегенди билдирет деп ойлойм.
Китепти сынчылар көкөлөтө мактап, китептин окурмандары опсуз көп болгону менен ата-энесинин көркөм табитине айыгышкан балдардын баасы дегендей, табигый жана салттуу жагдайлар да бар. Арийне, аталары да, балдары да, неберелери да окуган китептер арбын. Адабияттын андан ашкан мааниси жок.
–Ар бир муун ар чыгармадан өзүнүн ой-тилегине өзөктөш өрнөк издейт эмеспи? Мүмкүн, адабий сын ошол озуйпаны аркалаган кубулуштур?
–Тилекке каршы, мен сынчылар менен адабий даярдыгы бар окурмандардын гана пикирин билем. А карапайым окурмандардын пикирин билүүнү авторго тагдыр буйрубаптыр. Анткени ал, биринчиден, айткысы келбейт, экинчиден, эң эле жаман жөрөлгө – ага автордун атак-даңкы жолтоо болот. Аялым Мерседес экөөбүз кечинде эңгиреп үйдө жалгыз калган учурлар бар, ошондо кимдир бирөө дасторконго чакырса же бир жакка ээрчитип кетсе деп ойлоп калабыз. Дос, тууган, жолдош-жородон көп эч нерсе жок, тек алар телефон чалгандан айбыгат, анткени ал мезгилде биз аябагандай маанилүү жолугуу өткөрүп аткандай элес түзүп алышкан. Айрым учурда жапжалгыз түрмөнүн түпкүрүнө түшүп калгандай сезим пайда болот; ушунун өзү бийлик тартуулаган жалгыздык сыяктуу эле атак-даңк тартуулаган жалгыздык.
–А окурмандардын катычы?..
–Окурмандар автограф сурайт, сенин чыгармачылыгың тууралуу диплом же диссертация жазса, кандайдыр бир суроолорду берип кат жазат. Болбосо, ашыктык жайын айтышат. Андай каттар Мерседесте бир сандык. Албетте, мага жооп бердирбейт… бирок сактайт.
Тилекке каршы, жазуучу менен окурмандын карым-катышына окурмандардын тарткынчактыгы жолтоо болуп келет. Сенин чыгармаларың тууралуу карапайым окурман кандай ойдо калгандыгын билбөө, албетте, аябай өкүнүчтүү. Туура, “Жалгыздыктын жүз жылы” – алардын үй-бүлөсүнүн тарыхы экендигин айтып, кат жазгандар болду. Аны Кариб аралдарында же Латын Америкасында жашагандардан угуу анчалык деле жаңылык эмес. Арийне, мен бир ирет атын унутуп атам, айтору, Германиянын бир булуңундагы тоодо жашаган немис аялдан кат алдым. Ал да ошентип, “Жалгыздыктын жүз жылы” – биздин үй-бүлөнүн тарыхы, Макондо – биздин айыл деп жазыптыр.
“Жалгыздыктын жүз жылы” романынын негизинде кино тартууга макул болбогонумдун бир себеби да ушунда. Мен макул болбойм, ага карабай режиссёрлор, айрыкча Түндүк америкалык режиссёрлор түп көтөрө жабыша беришет, арбын акча сунуш кылышат. Башында, мындан он эки жыл мурда экрандаштыргыңар келсе, миллион доллар төлөгүлө десем, жаа бою качышкансыган. Арадан көп өтпөй, аныңа деле макулбуз деп келиптир, биз анын баасын эки миллионго көтөрүп жибердик, эми үч миллионго деле макулбуз дешет. Киного бербегенимдин чыныгы чоо-жайы бул: “Жалгыздыктын жүз жылын” окугандар китептин каармандарын өздөрү каалагандай, өздөрү көргүсү келип, өздөрү элестеткендей кабыл алсын дегеним. Эсеби маселен, бир окурман Урсуладан өз чоң энесин көрүшүн, башкасы андан бир тууганын табышын каалар элем. Ар бир окурман китепти окуп, өз образын түзсүн. Ал эми экранда ар каармандын өзүнө тиешелүү гана жүзү болот. Башкасын билбейм, бул менин көңүлүмдү кайт кылчудай сезилет, бери дегенде, окурмандардын көңүлүн кайт кылуучу тобокелчиликке баргым келбейт. Мейли, ар бир окурман ар кандай элестетип, мисалы, Урсула Софи Лоренге эмес, улуу жеңеме окшош дей берсин. Мейли, Урсула андай сулуу эмес, арийне, анын окурмандар менен анык байланышы бар…
–Экрандаштыруу образды бузууга гана өбөлгө түзөт дейсизби?
–Ооба, образды бузат, кино: “Кейип-бешенеси ушундай” – деп айтар замат биздин көңүл ар дайым кайт боло түшөт… Баса, мен акча Латын Америкасындагы революцияга жумшалса, “Жалгыздыктын жүз жылын” үч миллион долларга берер элем дегенден эки күндөн кийин Эрнесто Карденаль телефон чалып: “Китебиңди сат, революцияны биз жасайбыз” – деп атпайбы. Революцияны менин китебимсиз эле жасашты, ал дагы бир революцияны күтүп калды сыяктанат…
–Сизге окурман катары, жазуучу катары олуттуу таасир тийгизген үч жазуучуну атап бераласызбы?
–Үч, мейли, он же жыйырма жазуучуну атап, калыстык кылалбаймбы деп корком. Анткени адабий таасир деген эмне экендиги анык эмес. Адабий таасир деген эмне жана анын таасири кандайча тиет маселеси мени да аябай кызыктыргандыктан кеңири токтолоюн.
Бир ирет “Уруу улугунун күзүн” кантип улантарымды билбей уйпалана түштүм, иш илең-салаң жүрүп атат. Анан эле Хемингуэй баш сөз жазган “Африкадагы аң уулоо” аттуу китеп кокусунан колума тийип калды. Мени китептен да Хемингуэйдин баш сөзү кызыктырып, атайын сатып алгам. Баш сөздү окудум, анчалык деле кызыктуу эмес экен. Анча болду, китебин карап чыгайын деп окусам, аң уулоо, пилдердин кулк-мүнөзү жөнүндө айтылыптыр. Пилдердин кулк-мүнөзүн окуп атканда менин кемчилигим кайсы экендиги, мындан нары кантип улантып жазыш керектиги көңүлүмө кылт эте түштү. Башкача айтканда, каармандын кулк-мүнөзүнө, жүрүм-турумуна капысынан ачкыч таап алгансыдым…
Таасирдин канчалык даражада тийгенин так айтуу мүмкүн эмес. Сынчылар айрым учурда жазуучулар колуна кармай элек китептен деле ага тийгизген таасир таба беришет. Арийне, сынчылардын тапканы таптакыр жалган деп так кесе четке кагууга да болбойт, анткени жазуучу окубаган автор аны окуган башка бир жазуучу аркылуу таасир бериши ыктымал. Арийне, мага түздөн-түз олуттуу таасир эткен жазуучу, сөзсүз бар – ал Франц Кафка. Мектептеги кезимде эле мен окуган жазуучулар түзгөн эрежелерди бузуп, эмин-эркин жазууну эңсечүмүн. Кийин университетте окуп жүргөндө Кафканын “Метаформозалар” аттуу аңгемелер жыйнагы колума тийип калды. Окуп баштаганда эле: “Адабият ушундай болсо, жазса болот экен!” – деп ойлодум. Мен андай жазууга болбойт, ага тыюу салынган деген түшүнүктө элем, көрсө, болот экен, менин көкүрөктө көксөгөнүм ошондой эле. Эртеси отурдум да жазып кирдим.
Азыр жарыяланган аңгемелер түрмөгүм Кафканын таасирине түздөн-түз милдеткер. Ал алгачкы аңгемелерим эле. Аларды качандыр бир кайталап окуп, аңгемелер ашкере интеллектуалдашып кеткенин байкадым, алар азыркы түгүл, андагы өтөгөн турмушум менен өткөргөн таржымалыма эч тиешеси жок. Кийинчерээк туулуп-өскөн айылыма кайтып келдим, турмуштун суу кошпогон чындыгын дал ошол жерден көрдүм, андан кагылдым, согулдум. Ага чейин жыйнаган, анын ичинен Кафканын “кампасынан” алган адабий камылгам жазайын, айтайын дегендериме таптакыр жараксыз экендигин түшүндүм.
А мен бала чагымда көргөн-баккандарымды жазайын дегем. Мен киндик каным тамган жерге, Аракатакага, апамдын кашына кайттым. Андан мен сегиз жашымда кеткем, кайтып келгенде 20-22де экем. Айылымдан чындап аң-таң калар таасирлердин бирине туш болдум: адамдары да, буюм-тайымдары да андагыдан эч өзгөрбөптүр, болгону аябай эскирип, кичирейип кетиптир. Эшиктери мен элестеткенден жапыз экен, столдору ошол бойдон, бирок кичине. Көчөлөрү мага эбегейсиз кенендей көрүнчү, көрсө аябай тар экен. Үйлөрдүн шыптары бийик эле, жапыс тартып калыптыр. Терең, кенен деген көлмөлөрүбүз көрсө, жөн эле көлчүк тура. Кудум дүйнө мага куруша, чуруша түшкөнсүдү, кудум кимдир-бирөө мага эртеги эсимдегилердин макетин куруп бергенсиди. Уильям Фолкнерди окуганча ал сезимден арылбай жүрдүм. Кийин Фолкнердин таасири тууралуу ойлоно келгенде, маселенин түйүнү ал экөөбүз жашаган дүйнөнүн тирлик тартиби окшоштугуна байланыштуу сыяктанып кетти.
Фолкнер жазган жерлерди көрүү үчүн Кошмо Штаттардын түштүгүнө бардым. Алардын кыштактары мен төрөлгөн Аракатакага аябай окшош экен. Себеби жөнөкөй. Аракатаканы “Юнайтед фрут кампани” курган. Курганда да Кошмо Штаттар түштүгүнүн тиричилик маданиятын – архитектурасынын агыш-көгүлтүр калай менен жабылган чатырлары менен кошо темир жол вагондору, пальмалары, жайыттары, айтор, бүт жылтыр-мылтырларын көчүрүп курган.
Аны мен кийин, башымды байлап издеген адабий камылгаларга ээ болуп, дасыгып, машыгып калганда көрдүм. Менин көңүл-көкөйүмдөгү дүйнө жөнүндө айтып берүү менен Фолькнер мени көп нерсеге үйрөттү. Фолкнердин мага тийгизген таасирин тануу калыстыкка жатпайт.
Дагы бир таң каларлык таасир. Аны бир да сынчы менин чыгармачылыгымдан таппаганы бар! Ал – Вирджиния Вульфтун таасири. Вирджиния Вульф дүйнөнү жана анын кыбыр эткен кыймылын ушунчалык өзгөчө, ушунчалык алакан жаярлык аңдайт, эң негизгиси – мезгилдин күрөө тамырын жаңылбай кармайт, дал ошол касиети менен ал мага катуу жардам берди.
Мен атаган жазуучулардын арасында испан тилинде жазган бирөө да жоктугу кызык сезилип атса керек. Арийне, алардын арасынан мага белгилүү даражада даана, так таасир эткени болду – ал испан поэзиясынын Алтын доору. Башкача айтканда, бүтүндөй испан тили, асыресе мен окуган, демек, мен ээ болгон поэтикалык билим, кийин ошол билим негизинде жазгандарым испан поэзиясынын Алтын доору, анан да романсеро поэзиясынын таасиринде жаралды… Мен испан поэзиясын жакшы билем, көбүн жатка да айтам. Алар менин адабий ишмердигиме канат байлады…
Анан да мага карапайым Кариб музыкасы катуу таасир тийгизгенин моюнга албаска арга жок. Ал “Уруу улугунун күзүнө” акыл жетегинде атайын киргизилди. “Уруу улугун…” которгондор кандай кыйынчылыкка туш болорун боолголоп турам… Китепте кариб элдеринин ырлары жыш: анда Куба, Мексика ырлары, анан бир Пуэрторика ыры бар. Чынын айтсам, анын баары акылдын жетеги, автордун кычуусун кандырган адабий оюн деп койсо болот. Анткен менен ал ырлар китептин бардык барактарына чачылган. Алардан башка Рубен Дарионун поэзиясына толгон. Бардык котормочуларды кокуйлатар кыйынчылыктын бир түйүнү да ушунда: Рубен Дарио испан дүйнөсү менен Латын Америкасынан башка жерлерге белгисиз акын. Анын ырлары башка тилдерге которулалек деп койсок да болот.
–Орус тилине которулган.
–Анда абдан жакшы, романдын орусча котормочуларына чоң жардамы тиет, не дегенде – “Уруу улугунун…” өзөгү Рубен Дарионун тилин кармоого, тууроого багытталган. Ал атайын акылдын жетеги менен аткарылды, башкача айтканда, кудум кулап бараткан феодалдык доорду башкаргансып бийлик жүргүзгөн улуу диктаторлордун заманында кандай акын болуш керек деп, суроо коюп, жооп таптым. Андай улуу акын Рубен Дарио болмогу талашсыз. Ал атайын акылдын жетеги жасалды дегениме таптакыр эле ишенип албагыла, китеп эч качан механикалык жол менен жазылбасын жакшы билесиңер.
Ошентип, мен таасир тууралуу суроого өтө кыска жана кыйыр жооп бердим сыяктуу. Кыйыр дегеним, мага баланча-түкүнчө таасир берген менен кутулууга болбойт, кутулса да өтө чектелген жооп болуп калар эле. Менимче, биз окуган бардык китеп, биз мамиле жасаган бардык адам, биз катышкан окуялардын бардыгы адабиятка таасирин тийгизет, анын бардыгы жазуучуга тийгизген адабий таасир…
–Орус жазуучуларынан кимди жактырасыз? Дегеле орус адабиятына мамилеңиз?
–Маселени мындай коёлучу: мен биринчи кимди билдим? Албетте, Достоевскийди! Эгер мени бүт дүйнө адабиятынан бирөөнү танда дешсе, орус жазуучусу Толстойду атамакмын. “Согуш жана тынчтык” адамзат тарыхында жазылган эң улуу роман деп ойлойм. Бул салмагы салдай кирпич, бирок эмне деген гана керемет! А орустардын мен окуган аңгемелеринин баары жагат. Достоевскийдин эң начар котормолорун да берилип окудум. Кийин француз тилиндегисин окудум, аны орустар которгон экен, испанчадан төөлүк өйдө чыгыптыр, а испанчасынын жүзү курусун.
Менимче, дүйнөнүн кайсы гана жазуучусуна болбосун орус романчылары баш белги бойдон кала берет.
–Гоголду окудуңуз беле?
–Албетте, окугам…
–Булгаковдун “Мастер менен Маргаритасынчы?”
–Нан тиштеп карганайын, мен ал китепти “Жалгыздыктын жүз жылын” жазгандан кийин окудум. Ишенип койгула.
–Бирок “Уруу улугунун кузүнөн” кийинби же мурдабы?
–Мурда. “Жалгыздыктын жүз жылы” Италиядан жарык көргөн соң, сынчылар аны аяктан жаңы басылып чыккан “Мастер менен Маргаритага” салыштырып жатып алышты. Ал китепти ошондо, италия тилинде окудум. Бул эми ажайып укмуш китеп, ажайып китеп. Жакында ал испан тилинде чыкты. Ошентип мен аны “Уруу улугунун күзүнөн” мурда италия тилинде окудум, бирок “Жалгыздыктын жүз жылынан” кийин… Муну менен жок дегенде, “Жалгыздыктын жүз жылын” сактап калгым келет…
–Сиз эмнени жазарыңызды жана эмнени жарыя кыларыңызды күн мурунтан айтарыңызды байкап жүрөбүз…
–Эми мындай. “Азыр эмне жазып жатасыз?” деген дамамат демитүүнүн үстүндө иштөө кыйын. Андыктан ага окшогон суроолордон кутулуу үчүн ар кандай жоопторду ойдон чыгарып даярдап алам. Чын эле куткарат. Арийне, мен кечээ айтканымды бүгүн унутуп калам жана эртең эмне деп айтарымды ойлонбойм. Көрсө, менин айткан-дегендеримдин баарын жазып алып, кийинкилерине салыштырган досторум бар экен, ошондуктан боткого айланып атпайбы. Анткен менен анда чындыктын үлүшү жок эмес, бар…
Которгон: Алым Токтомушев