Казат Акматов: Бүгүн кино согуш жөнүндө эмес

 

НОВЕЛЛА

Ошол жылы жесир калган жаш келиндердин алды бирин-сериндеп кайрадан күйөөгө чыга башташкан.

«Кантебиз, өлгөн киши менен кошо жан кечип, өлүп кете албайт экенсиң же, маңдайга жазылган шор ушул тура, кудай-ай» дешип белдерин бууп, кайрат кыла кээси өз ыктыяры менен кайната, кайын энесин таштап кетип жатышты.

Чанда эле бир бирөө: «Минтип жүрө берген менен, өлгөн кайра тирилмекпи, болору болду, жаш баланын убалына калбайлы» деп өз келинин өз колдору менен башка күйөөгө узатып берип өрттөнүп күйүп кала беришти.

Шосседен алыс, бура тарткан тоо түбүндөгү кичинекей айылда кийин-кийин эки-үч эле жаш келин калды «жесир» атанып. Ошол калган үч келиндин экөөнө түз болбосо да каймана сөз чыгарып, жер тиктеп, кошуна-колоң айылдардан кер мурут серпкен жигиттер келип жүрүшөт. Бирок, азырынча жыйынтык чыга элек. «Көңүлдөрү төп болбой жүрүшөт кой бечаралардын» деп коюшчу эртели кеч кобураша түшкөн эл. Үчүнчү келин жөнүндө эч ким өйдө-төмөн сөз сүйлөп ооз ачпайт.

Анын күйөөсүнүн өлүү-тирүүсүн билген жан жок. Башкаларга келгендей «кара кагаз» да келбеди, төрт бүтүп, бешинчи жылга кетти «мен тирүүмүн» деп кат да жазбайт. Үчүнчү келиндин кичинекей үй-бүлөсү ошентип арабөк, эл окшоп мөгдөп ыйлап деми суубайт, же кабак жарып биротоло күлө албайт.

Бир эсептен ошол да жаман, ары же бери болуп, үмүт үзүлсө же көп кыйнабай жакшылык кабар келсе. «Койчу, Сейилкан көп муңайбачы, күйөөңөн буюрса бир күн кабар келет, көрөсүң го» деп койсо бирөө, келин ошол кишини кучактап алып өрөпкөп ыйлагысы келет, өз денесинин салмагын сезбей, басып турган кыймылы илбериңки, көңүлдүү өңдөнүп кетет. Бирок барып-барып эле кайрадан көңүлү чөгөт, кечке чейин ооруксуп эптеп кыймылдап жүрөт да, жаздыкка баш коюп, чырак өчөр менен көлбүп, толуп чыгып келген ысык жашын шар коё берет. Антпесе, таңдан кечке эл менен аралашып жумушта жүрүп, ыйлаарга чолоо жок, анын үстүнө ачык дайны жок кишиге ыйласаң, бирөө ыйлайт деп жаман көрөт, күлсөң, бирөө күлөт деп жаман көрөт.

– Кой балам, көз жаш деген жаман жоро,- дейт кайын энеси Умсунай, эртең менен келинин жумушка жөнөтүп жатып. – Муңайбагын, жакшылык тилегин, эмне, жөнү жок эле жашык болуп!

Анан Сейилкан ишине кетип, небереси али ойгоно элек үй каңгырап ээн калган арада кемпир өзү ак болотнай жоолугунун улам бир учун кургактап имерип, кайра-кайра көздөрүн басат. Мурду менен шуу дем тартып, кайра оозу менен өрттөнгөн ысык желди сыртка үйлөп, көпкө чейин солуп олтурат. Кечке чуркап жүрүп суй жыгылган Акжолтой күн өйдө болгуча сергип ойгоно албай чала уйкуда.

«Алдыңа кетейин карааным, атың да Акжолтой, өзүң да ак жолтой боло көр…» деген сөздөрдү угузар-угузмаксан шыбырап чоң энеси кашында олтурганын бала сезип жатат, ошон үчүн ого бетер тургусу келбейт.

Азыр чоң эненин күрөң жылуу манчалары маңдай чачын жумшак сылагылап, анан ээгине, беттерине, мойнуна тийип өтсө кандай жыргал. Ошол жумшак күрөң манжалар ар дайым эртең менен жаңы сааган жылуу сүт же казанга таптап бышырган калама токоч жыттанып турат. Ошон үчүн Акжолтой эртең менен дайыма чоң энесинин колдорун күтүп, уктамыш болуп жатканга куштар. Бир оокумда экөө маңдай-тескей олтуруп, кемпир каймак куюп чай ичет, небереси жылуу сүткө калама токочтон туурап жейт.

Түш ченде Акжолтой таар баштыгын асынып алып мектепке кетип калгандыктан, кайра келгиче чоң энеси эмне иш кылып жүргөнүн билүүчү эмес.

Ал кезде отуз-кырк түтүн бириккен ошол кичине колхоздун жол боюндагы ат короосу, узата салынган эки бөлүм жапыз кампасынын алды бардык турмуш-тиричиликтин, кыймыл-аракеттин борбору болучу. Таң заардан ошол жерге эл чогулуп жумуш бөлүшөт, ат-көлүк сурап, активдерди издеген эл да керээли кечке ошол тегеректен алыстабай, бирде жыгач устанын эшигине баш багып сагаалашат. Кайсы бир күндөрдө бир ат чеккен арабага шайман-жабдыктарын жүктөп алып «киночу» келип кала турган, ошол ат короого.

«Кино!, киноо!, киноо-о!» – деп ал күнү мектептен тарай берген балдар туш-тушка таранчыдай жамырап учушат. Анан бат эле кеч кирип, айыл үстү ызы-чуу, өз-өз кой-эчкисин бөлө кууп удургуткан балдар, мөөрөгөн, уй, адашкан козу-улак, өйдө-төмөн калдастап жүгүргөн аял-эркектер. Ошолордун ичинде элирип чуркап Акжолтой да жүрөт. Чоң энеси артынан калбай ээрчип, бөкчөңдөп: «чеберде, катыгүн, жыгыласың, адам эй, жай эле бассачы…» деп жүргөнү менен иши жок анын. Анан кантет, бала аттуунун баары эле ошол, ошентип, анда-санда бир кино келгенде жерге батышпай, учуп-күйүп, делөөрүп кетишет. Мал жайланып, айыл ичи тынчый түшөр менен оозуна салган ашты жутууга чолоосу жетпей Акжолтой да үйдөн безе качып чыгып, ат короону, кампаны көздөй жүгүрөт. Ошенткен күндөрү казан асып, сүт бышыруучу коломтону тегерене күйпөлөктөп жүргөн Умсунайдын тынчы кете турган. Сүт сапырган жыгач сузгуну улам бир колуна оолап, коёрго жер таппай убара. Жадеп чыдамы кеткен соң, үйдө жүргөн келинине: «Тиги сүт ташып кетпесин, Сейил, түбүң түшкөн чакчада асмай да калыптыр…» деп үн салып, күрөң баркыт бешмантынын көкүрөк топчусун бекем топчулайт да короодон жылып чыгат.

Ат короонун арка жагындагы жапыз тамдын жыртыгынан эптеп өтүп, Умсунай жакындап келгиче кампанын акталган бетинде төрт бурч болуп жаркылдап кино жүрүп жаткан болот. Кинонун ичиндеги караңдап баскан кишилер даана көрүнө турган аралыкка чейин барып, ал жан жактагы жыйылып турчу колхоздун жыгач-ташына далдаланып, олтура кетет сыз жерге. «Бирөө жарым киши көрүп калбагай эле» дейт Умсунай улам ылдыйлап кымырылып. «Бечара кемпир, жаш бала болуп калган экен го карыганда» дебейби бирөө тааныса. Менден башка кемпир-кесек аттуудан бири да басып келбейт же киного. Аларга эмне, башы оорубагандын кудай менен иши жок, тирүү болсо балдары кашында, өлүү болсо – анысы дайын. Кара башыл кишимди дайынсыз жоготуп, менчелик ким болсун!.. Ошенткенде кирпиктерге чалынып, жылтырай түшкөн майда бермет жаштын арасында калган кинонун төрт бурч экраны сынып-сынып дайынсыз чачылып кетет. Умсунай шашкандан көздөрүн бат-бат ирмеп, жоолугунун учун таппай карбаластайт.

«Ураа! Ураа-аа!» деген үндөр чыгып, аңгыча дөңсөдөн ылдый куюлуп, өтүкчөн, мылтыкчан жер жайнаган солдаттар жүгүрүп жөнөп калышат. Колун караңгыга шаша сермеп, өйдө боло түшөт ошондо Умсунай. «Айланайын, баабедин! Какенимди көрдүм го! Какеним эле го, ошол көп аскердин тобу менен кошо жүгүрүп токойго кирип кеткен! Мал-сал тосо жүгүргөндө да ошентип бөкчөйө ийилип алчу эмес беле, каралдым».

Умсунайдын жүрөгү акылдап оозуна тыгыла, улам арылап, тарса-тарс болуп кеткен солдаттардын артынан кошо лекилдеп жөнөп барат. Ошол арада төрт бурч экран бир ирмемге жылт этип, анан көз алдыга ийри тумшук, чап жаак келген чоочун кишилер чыга түшөт.

«Кара баскан киночу, ойкуштатпай жөн койсочу киносун!..»

Кино андан ары уланып, аягына чыгып бүткүчө Умсунай тикчийген нурсуз көздөрүн ирмегенге ыраа көрбөй, там боорундагы төрт бурчтукка кадайт. Бирок жанагы бир сапардан кийин кыргыз түспөлдөш, жылдызы жакын «аскерди» көргөн жок.

Аңгыча төрт бурч жалп этип өчүп, ортосуна таш түшкөн чар карга тобундай дуу коюп чачылып, олтурган балдар жок. Ат короонун ичи тым-тырс болуп ээн калганда Умсунай да жер таянып туруп, үйүн көздөй илкип жөнөйт.

«Эмки келчү кинодон көрүнөр бекенсиң көзүмө, чырагым!»

Бир күнү ошол кыш өтүп, жер жылымдап калган жаз маалында чолок куйрук ат минген, тээ атам замандан бери эле почто тартчу абышка, Умсунайдын аталаш тууганы Шакирттикине белгисиз бир келген катты таштап кетет. Ошол күнү айыл-апа чогулуп келип Карыпты угузушат, ошол күнү Умсунай келини экөө тең жүздөрүн так салып, олтуруп калышат. Алардын колунан башка эч нерсе келген жок. Айылдын эли жапырт туруп, болгон ырым-санаттарын жасашты да, аздап-аздап суюлуп, анан тарап кетишти. Эч ким эч нерсе кыла алган жок.

Жаздын бир аптадайын Сейилкан ишке чыкпай кара кийип үйдө олтурган соң, аздап аяк жазып, адегенде эртели-кеч мал тосуша сыртка басып, анан эл көзүнө үйүр боло түшкөн соң кадимкидей жумушуна чыгып кетти. Адепки күндөрү ал жумуштан колу бат талыкшып, өз курдуу келиндерден обочо кетип, нес болгондой олтура калып жүрдү.

– Баарыбыз эле сен көргөндү көрбөдүкпү, кайгыдан пайда тапсак кана биз таппайт белек, кой, өзүңдү-өзүң колуңа алып кайрат кыл,- дешет ага келиндердин улам бири. Улуу-кичүү болуп жалпы эл айткан ошол көңүл насаат сөздөр жүрө-жүрө Сейилкандын көкүрөк жүгүн жеңилдетип, кийин ал күлкүгө да, сөзгө да аралашып, бел көтөрүп кетти.

«Кино! киноо! киноо…о! – деп көчөдөн-көчөгө өтө кыйкырып жүрүштү бир күнү кечте мал тоскон балдар. Акжолтой эми алардын ичинде жок. Ал нарыдагы айдоо четинде таноолорунун астын каралжын жука түк жайыган үч-төрт боз улан болуп, шатырата күлүшүп кайдадыр кетип бара жатышат.

«Балакетиңди алайын тыртайган арыгым, атасынын жогун деле жадемине алып койбойт. Кантсин анан, бешиктеги маалында калбады беле. Жараткан ай-е, баланы биротоло бербеген соң көзгө көрсөтпөй эле койсоң не!». Үрүл-бүрүл арылап, кол серепчилеп, сүйлөп бара жаткан небересинин караанынан үзүлбөй Умсунай ээрчий карап жылмайып, ошентип шайы кетип эшик алдында олтурат.

Күүгүм коюлуп, эл орунга олтурган тушта көк гүлдүү саргыч жоолугун чекесине кыя салынып, ал көптөн бери баспай калган жалгыз аяк жолдун чекесине бут койду да ылдый, кампаны көздөй бөкчөңдөп жөнөдү. Бирок ал күнкү кино согуш жөнүндө эмес болучу…