Канышанын чечими
(аңгеме)
Айылга жаңырыктап келе жаткан бир суук кабардын шойкуну бар. Аны байкап жакасын кармап турган бир гана Айжангүл байбиче. Бул байбиче ажалдын келеринен башканын баарын билет. Мындагылардын үрөйү учуп байбиченин айланасына чогулуп турат.
*****
Тээ алыстан эле уюлгуп чаң чыгат, боз үйдүн алдында ийик ийрип олтурган Айжангүл эненин жүрөгү бир нерсени сезгендей опколжуй түшүп ийик колунан ыргып кетип, тегеренип боз үйдүн алдындагы очоктун жанына жиби чубалып барып жатып калды.
-Ээ жараткан кудай, өзүң сактай көр, бул жамандыктын белгиси, – деп ордунан тура калып, ийикти алды да жанында турган арча кесеге суу куюп, башынан үч жолу тегеретип чачып жиберип, жакасын карманып, уюлгуп чаң чыгып бир катуу келе жаткан тарапты карап селейип туруп калды. Атты жүрүшүнөн эле боолготуп тааныды. Бул чаар ат го деди күбүрөнүп, ошол эле, үстүңдөгү баягы биздин жаман го. Кудай сактай берсин, бул душмандын алдын тосуп жортуулга кеткендер менен кеткен Сакей болчу. Жоо келе жатыптыр, алдынан чыккандын баарын күлүн асманга сапырып, таш талканын чыгарып, алып кетип жатыптыр, Афлатунду, анын ичинде Оутту чабат имиш деген кабар келгенден баштап, мындагылардын тынчы кетип, жер үчүн кашык каныбыз калганча чабышабыз, жерибизди кантип душмандын колуна жөн эле берип коелу деп даярданышып, айылга жеткирбей жолдон тособуз деп, таяк көтөргөнгө жарагындын баары кеткен. Айылда айылдын кут түшкөн жалгыз карысы менен кемпирлер, келин кесектер менен жаш балдар калган. Бирок алар деле туулуп өскөн жерин кымбат көрүшөт.
Үйдүн жанында чүкө талашып ойноп жаткан үч бала келе жаткан жаманчылыктан кабары деле жок, бири ыйлап, бири мурчуюп “сен кылдың” дешип бирин-бири күнөөлөп жатышат. Ушулар урушпаса эмне десең деп, аларды жараштырганча тигил чаар ат айылга жакындап келе жатты. Мынча шашып келе жатканына караганда суук кабар бар. Тынччылык болгой эле деп Айжангүл байбиче сестейип эле ошол жакты карап турду. Колу жакасына барып калганын өзү деле баамдабай калды.
*****
Бул чакан айылды Оут деп атап коюшкан, эмнеден мындай аталып калганын Айжангүл байбиче деле билбейт. Оут деше берет. Көрсө бул айыл жайгашкан жерде алтындын уюган кору бар экен, аны кара чаар жылан кайтарат экен. Кайдан жоо келсе да мына ушул жер талашка түшүп, ушул жерди чаап алууга бел байлап, бирок бир да жан, бир да баатыр бул жерди алалбаган экен. Ал эми ал алтын бул жердин кайсыл жеринде экенин мына ушул айылдын кылым карыткан карылары да билбейт. Ал эми тирүү адамды тирүүлөй жутуп койчудай болгон кара чаар жылан али айылдын түндүк тарабынан, али түштүк тарабынан көрүнүп, бирок айылдагыларга жамандык кылбай жашап келет. Ал алтынды мындагылар издеп деле, жыландын тынчын алып деле убара болушпайт. Анткени анын кайда экенин таба алышпайт, тапса да бир жамандык болуп кетерин мындагылар билишет. Ошондон улам айыл тынч, алтын менен иши деле жок, ынтымакта жашап келе жаткан. Бир гана Айжанбү байбиче жамандыкты сезип, тынчы кетип, сыр алдырбай, жакасын кармап, жамандык болуп кетсе эмне кылуу керектигин ойлоп, санаасы тынчыбай, карап турду.
*****
Айылга жаңырыктап келе жаткан бир суук кабардын шойкуну бар. Аны байкап жакасын кармап турган бир гана Айжангүл байбиче. Бул байбиче ажалдын келеринен башканын баарын билет. Мындагылардын үрөйү учуп байбиченин айланасына чогулуп турат.
*****
Оутту жоо чаба берип, жоонун кабарын укканда эле, мындагы эр азаматтар уюктуу жыландай чогула калышып, тез эле биригип, даяр боло калып, жоо жарагын алышып, сактанууга түшчү. Бул ирет алар келе жаткан жоону айылга жеткирбей капчыгайдан талкалап жок кылуу үчүн аттанып кетишкен. Оуттан көчүп конуп, кайра келип отурукташып, нечен ирет жок болуп кете турган болуп кайра биригишип, ушул жыландын түсүндөй ийри-буйру болгон жалаң какыраган таш менен башталган сайдын баш жагында гана үркөрдөй болгон чакан элди көп ирет келген жоо чаап алалбай, чаап чаңын асманга сапырып жибергендер мындан эч деле олжо алалбай, алтынды таппай жашоого шарты жок болгондон кийин кайра таштап салып кетип калып келген. Бул ирет да ошол санжырасы санат болуп айтылып, бул жердеги бар жогу билинбеген алтынды алып кетүүгө жоо келе жатканына элдин үрөйү учуп, андан сактанууга баары даяр болуп турган учуру. Бирок бул келе жаткан жоо, мынча чоң өрөөндүн кайсыл жеринде Оут деген айыл бар экенин деле жакшы билбейт, чаап алууга келе жатышат.
Нечен ирет жоо чаап, нечен мыкты жылкыларды, нечен сулуу кыздарды, жер жайнаган мал жандыкты айдап, чаңын асманга сапырып кеткен менен баары бир мындагы элди түп тамыры менен жок кыла албаган. Жылдар өтө кайра эле айыл болуп жашап кала беришкен. Бир гана бул чөлкөмдөгү кара чаар жылан гана өлбөй жашап келет. Ал нечен жыл өмүр сүрдү, өлүп кайра тирилдиби, эч ким билбейт. Ушул жылан менен айылды экиге бөлүп шылдырап агып жаткан булак суусу гана калган жылдар болгон, бирок алар жок болбогон. Айыл менен мындагы алтындын санжырасы эле күч болгону менен ал уюган алтындын кору бул чөлкөмдүн кайсыл жеринде, канча салмакта экенин али көргөн жан жок. Бирок эл ичин шамалдай аралап жүргөн ошол алтын тууралуу улуу баяндын азабын тартып келе жатса да, куту бар бул жерди таштап кете алышпайт, убактылуу жашынып, качып кетишсе да кайра эле айланып келип ушул жерди байырлап калышат.
*****
Айылга жаңырыктап келе жаткан бир суук кабардын шойкуну бар. Аны байкап жакасын кармап турган бир гана Айжангүл байбиче. Бул байбиче ажалдын келеринен башканын баарын билет. Мындагылардын үрөйү учуп байбиченин айланасына чогулуп турат.
*****
Уюлгуган чаң айылга жакындаган сайын эми мындагылардын да үрөйү учуп, баары Айжанбү байбиченин айланасына топтолуп, тигил сайдын этегинде келе жаткан ат, анын үстүндөгү чарбарман жөн келе жатпаганын сезишип, жаш балдар коркконунан баары бир заматта коңулга киргени коңулга кирип, бадалга жашынганы бадалга жашынып жок болушту. Жоо келет дей берип балдардын деле жүрөгүнүн үшүн алып коюшканбы. Тынчып калышты.
-Астаафирлах, астаафирлах, тынччылык болгой эле, бир кубанычтуу кабар менен келсе экен. Кубанычтуу кабар болсо мынчалык катуу келбеш керек эле. Чаар аттын оозунан, омуроосунан ак көбүк атып, мурдунан булоосу чыгып, бышылдап, тер басып, өпкөсү көөп өр тарта өкшүндөп келе жатты.
-Эмнеси болсо да арча аякка суу суюп ырастап койгула, – деди Айжанбү байбиче буйрук бере сүйлөп. Балакет-салакет бизден алыс болсун деп суу тегеретип коёюн,- деди. Чаң уюлгуп жакындап келе жатты.
Айжанбү байбиче акыл токтотуп,
-Демек биздин эр азаматтарыбыз соо эмес, соо болгондо жалгыз келмек эмес. Биз эми жоодон өзүбүздү сактап калуунун аракетин кылалы дегенде айланасы ызы-чуу болуп кетти.
-Токтоткула!!,-деди байбиче өкүмдар үн менен. Муундары калчылдап барып. Анткени ый жамандыктын белгиси.
-Токтоткула!!- деп дагы бир кыйкырганда келин-кыздар тымтырс боло түштү. Күтүүсүздөн эле Айжанбү байбиче бардык келиндерге карап.
-Тез ар бириң бирден кийиз алып келгиле. Мында топтогула. Кокус жамандык боло турган болсо, мен айтканды кыласыңар, – деди. Эмне кыларын билишпесе да боз үйдөн бирден кийизди алып келип, кемпирдин эшигине жыйып коюшту. Бул кийиз эмнеге керектелерин билбей үрөйлөрү учуп турушту.
-Кол чаначтарга суу толтургула, чалап кылып куйгула, – деди. Эми баарың боз үйлөрдү тез жыйып, көчкө даяр болгула. Жамандыкты айтып болбойт. Жан сактап, урпактарды аман алып калышыбыз керек. Мына бул оозунан эне сүтү кетелек чүрпөлөрүбүздү сакташыбыз керек. Мындагы кыргыздын укум тукумун сакташыбыз керек. Бириң да ый чыгарып, өкүрүп бакырбайсың, антип отурууга убакыт жок болуп калышы мүмкүн, андыктан шайма шай болуп тургула. Тез даярдангыла, – деди. Ылдыйдан чаң уюлгуп чаар ат келе жатты.
Айжанбү байбиченин айтканы бул жерде эки болчу эмес. Келиндер эле эмес кези келсе айыл аксакалдары да бул байбиченин акылын угуп иш кылышчу. Ошондон улам да “каныша байбиче” деген атка конгону бар. Алдыда болор ишти айчылык мурда билген бул байбиче дагы эмне деп жиберет деп мындагылар кемпирдин айтканын эки кылбай аткарып так болуп турушту. Ушул байбиченин акыл кеңеши менен нечен ирет, келген селден да, келген жоодон да мындагылар сактанып калган. Бирок, эч качан кийиздерди жыйдырган эмес. Жоодон кырылып калган болсо, эр азаматтардын табытын оройбузбу деген жаман ой мында жашагандардын ар биринин сезимин ээлеп турду. Не болуп кетер экен. Жоо тоскону кеткендер эсен аман келсе экен деген тилек ар биринин сезимин бийлеп алладан тилек кылып турушту.
Жоонун алдын тоскону Айжанбү байбиченин да үч эр азамат уулу, айылдын эр азаматтарын жыйнап жоо жарактары менен кеткен. Алардан кабар жок. Айыл заматта кым-куут түштү да калды. Үркөрдөй болуп турган чакан айыл бир чай кайнамдын ичинде эле жок болуп, кичинекей дөмпөйгөн дөбөлөргө айланып калды. Ал түгүл жетишкени арчанын арасына жашырылган төө менен аттарды, көлүктү да токуп жиберүүгө үлгүрдү. Майда жандыктар болсо Айланаттын аскасына алда качан чыгарылып жиберилген. Майда балдарды, жаңы төрөгөн келиндердин баарын алып барышып үңкүргө бекитип келишкен. Аларга от жагууга катуу тыюу салынган. Бир жакшылык кабар болгончо колдо барын жеп, үнөмдөп, сарамжалдуу болуп, сууну ченеп ичип, үңкүрдүн ичинде тынч жатуу тапшырылган. Айжанбү байбиченин айткандары мында кынтыксыз аткарылып жатты. Ал үңкүрдү келген жоого бирөө-жарым эле саткынчылык кылып айтып койбосо, анча мынча адам таба ала турган жер эмес. Айыл көч качууга даяр болуп калды. Бирок, кайда барат? Эки гана жол бар, бири жайлоого качыш керек, бири Миң-Текеге кетүү керек.
Айжанбү байбиче боз үйдүн төр жагында олтурган карыяга карап:
-Карыя, бой жашырып кетпесек болчудай эмес!?,-деди. Баарын көкүрөгү менен билип олтурган, көкүрөгү зилдеп, муң кайгыга батып олтурган карыя, ички муң-кайгысын боз үйдүн эр жагында, андан ары улагада олтургандарга сездирбей, боз үйдүн эпчи жагынан боюна кайратын жыйнап туруп айтып жаткан байбичеге, учурда айылдын канышасы өзүңсүң, чечимиң туура дегендей ишаарат берип, башын ийкеп койду. Чакан айылдагы алачыктан тартып, жолум үй, ак үй, чоң үй, ак өргө баары заматта жыйылып бүттү. Эң акырында байбиченин боз үйү жыйналды. Байбиче ар дайым чактуу, жыйнактуу олтурганды жактырчу. Он эки канат боз үй ошонусу менен санжыргалуу эле.
*****
Айылга жаңырыктап келе жаткан бир суук кабардын шойкуну бар. Аны байкап жакасын кармап турган бир гана Айжангүл байбиче. Бул байбиче ажалдын келеринен башканын баарын билет. Мындагылардын үрөйү учуп байбиченин айланасына чогулуп турат.
*****
Айжангүл байбиче белди бекем бууп, кайратына келип, карыса да ак маралдай айбаттуу да сындуу да турду, каныша дегенчелик бар, кундуз жакалуу ичиги боюна жарашып, сүрдүү да сымбаттуу да, калбаат келбеттүү да көрсөтүп тигил чаң уюлгутуп келе жаткан тарапты карап турду да, дагы бир азда келип калат, ага чейин келиндерди топтоп дагы бир акылын айтып коюуну чечти. Ичи туз куйгандай ачышып, айылга каран түн түшүп турганын сезип турса да, мөгдүрөп калууга болой турганын билип, каары боюна чыгып, кайраттанып турган Айжанбү байбиченин айланасына топтолушуп, кандай күн болуп кетет деп чоочуп тургандар буйрукту кынтыксыз аткарып, шайма-шай турушту. Каяша айта турган жан жок. Баары жарыла албай тунжурап турду. Душман күтүүсүз келип күлүн асманга сапырып кете электе тирүү калып, жан сактоонун аракети болуп жатканын туюп жатышты. Айылда келтек көтөргөнгө жарагандын баары кеткен. Эл башы Айжанбү байбиче.
-Баарыңар уккула, азыр-ыйлап-сыктап олтурууга убакыт жок, андыктан жаман айтып жакшы жок, кокус жаман кабар менен келсе, ызы-чуу салып өкүрүп бакырып олтуруп албайсыңар. Жаманчылыкты аманчылык жеңерин унутпай, менин гана айтканым менен болосуңар. Ыйлап олтурууга убакыт жок, айтканды лам дебей аткарасыңар. Биздин алдыдагы максат, эгер жаман кабар келсе, укум тукумду сактап калуу, кыргыздын тукумун сактап калуу, эртеңки эл боло турган, ата салты, тилибиз менен дилибизди, ата-баба тукумун улантып кетер муунду сактап калуу. Белди бекем бууасыңар, эгер жаманчылык болсо алдыда чоң иш турат, аны аткарабыз жана журтка күл да калтырбай, бул жерде эч качан адам пендеси жашабагандай кылып, тез арада бул жайдан жок болуп кетишибиз керек. От жагууга, ый чыгарууга, ойку кайкы басууга, өксүп-өкүрүүгө мында убакыт калбайт, бир гана нерсе ынтымак менен айтканды аткаруу калат. Эр азаматтар жокто менин айтканымды кыласыңар, тил албай, айткан сөз аткарылбай кала турган болсо, шоруңарды кайнатып, тогуз камчыдан чабамын. Жакшылыктан кабар болсо, ошого жараша жакшылыкты салтанаттайбыз. Уктуңарбы, сөз кыска ушул,- деди Айжанбү байбиче, бардык күчүн боюна жыйып. Сыр бербегени менен үч эр азамат бир үйдөн кеткенин аман келсе экен деген тилек бийлеп, ичинде кан өтүп турду.
Айжанбү байбиченинн оозун ачырганы, боз үйүнүн тушундагы долонго кайдан жайдан учуп келе калды белгисиз, тоту куштай бир чымчык келип конуп эле.
-“Оу бүт, кет”, -“Оу бүт, кет”, -“Оу бүт, кет”, -“Оо бүт, кет”, деп сайрай баштады. Бул куштун тилин Айжанбү кемпир айттырбай түшүнүп ата бабанын арбагына жалынып, кудайга жалынып, чөк түшүп жалбарып жиберди. Оуттан кет деп жиберген турбайсыңбы жараткан, илгертен ата бабаларыбыз биздин тукумду ушинтип сактап калган турбайбы? Бул жердин атын сен койгон тубайсыңбы, касиеттүү куш. О касиетиңден айланайын туулган жер, сен бизди кечир. Сактай албай кетип жатабыз. Бирок келерибизге ишен. Аңгыча кара чаар жылан октой учуп, үйдү үч айланып ышкырып барып арчанын арасына кирип кетти. Бул көрүнүш көз ачып жумганча болгондуктан көптөрү мындай кубулушту байкабай да калды. Ай тоодон көтөрүлүп чыкканча чакан айыл көчүүгө даяр болуп калды.
-Оо касиетиңден айланайын кудай, ата бабанын арбагы бизге акыры боору ооруп, кабарчыңды жиберген турбайсыңбы. Бизди шор баскан экен. Эр азаматтарыбыздан ажыраптырбыз. Душман келе жаткан турбайбы?, – деп буркурап барып ордунан турду. Аңгыча чаар ат да келип боз үйдү эки тегеренип, жер чапчып, кишенеп-кишенеп, кан сийип жиберип барып токтоду.
-Аталардан айрылдык, – деп барып баланын эси ооп жыгылды. Баланын бетине суу чачып, башынан суу тегеретип үйдөн алыс төктү да,
-Кудай артын кайрылуу кыл, кудай артын кайырлуу кыл,- деп жалбарып жиберди. Ошол түнү Оуттун башындагы булактан сайдын этегинен суу агып жатканын душман көрсө бул сайдын башында эл жашайт деп келип калбасын деген таризде кийиз басып, анын үстүн чып бекитип, түнү менен үстүнө чым бастырып, чып эткен тамчысы чыкпай турган кылып салып, таңга жуук айыл атка төөгө жүгүн артып, тымтырс болуп жок болуп кетти.
Жер дүңгүрөткөн добуш менен жер майышкан уй түгүндөй, учаң теңиз кол менен душман сай ылдый келе жатты. Душмандын алдын тосуп чыккан эч ким жок. Сайдын ичинде эл жок. Сай өрдөп барып кол башчы колду токтотуп,
-Сайдын башы көрүнүп калды, эл жок го, мында эч ким жашабайт экен, эл жашаса түк калмак, какыраган таштан башка эч нерсе жок, суусу жок сайга ким бурду бизди деп, кайра кайтууга буйруду. Кол кайтты. Кайда биздин жолду тоскон колдун айылы. Кайткыла да суу бойлой жүргүлө, суу жок жерде адам жашабайт. Мындай жерде кандай байлык болсун. Эгер байлык болсо, аны таштап адам пендеси жөн эле кете коймок эмес. Анын үстүнө бул тоолук эл жерин жөн таштабайт. Демек эл тигил дарыя агып жаткан сайдын башында болушу мүмкүн деп колду аркага кайтарды. Оуттун ичи какырап, ташы күнгө чагылышып, ызылдаган саратандан башка эч нерсе жок ээн сайга айланып жатты. Чоң казатка кеткендерден бирөөсү гана тирүү кайтты. Ошондон Оуттун башындагы бул эски конушту азырга чейин “Чоң казат” деп коюшат. Бирок “Чоң казатта” Айжанбү энедей элим деген жан төрөлө элек. Байбиченин аты гана калды. Ошондон бери Айжанбү байбичени мындагылар санат кылып айтып, урпактары санжыра кылып келет. Тукум уланып жашоо уланууда.
*****
Оутта дагы жаңы айыл пайда болду. Болгону бул жердин шайыгындай болуп алтын кайтарган жылан гана али көрүнө элек.
—————————————————————————————————————————————-
Бүгүн КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, жазуучу жана журналист Абдымомун Калбаевдин туулган күнү, 70 жашка толду.
Урматтуу Абдымомун Ашыралиевич, сизди бүгүнкү 70 жаш кутман курагыңыз менен чын ыкластан куттуктайбыз! Сизди турмушту чыныгы ырга айландырган, поэзиянын мыкты үлгүлөрүн окурмандарга тааныштыра алган таланттуу акын, эл жерге болгон аздек мамиле менен мекенчил болууга үндөп, руханий канааттануу тартуулаган чебер жазуучу катары жакшы билебиз жана баалайбыз.
Элет жеринде жашап, эмгектенип, өз кесибиңизди, мекениңизди сүйүп, айылда жатып атпай журтка таанылып, артыңыздан шакирт тарбиялап, келечек муунга татыктуу тарбия берип, мыкты калемгерлерге кам көрүп, өстүрүп келе жаткандыгыңыз, сиздин талыкпаган мээнеткеч, эмгекчил экендигиңизден кабар берип турат.
Чыгармачылык эмгегиңиз, педагогикалык ишмердүүлүгүңүз жогору бааланып, сыйлык-наамдарга татыдыңыз. Окурмандардын, элдин урмат-сыйына ээ болдуңуз.
Сиздин адабиятка кошкон салымыңызды өзгөчө белгилөө менен, мындан ары да жемиштүү иштерди жарата берет деген ишеничибизди билдиребиз. Сизге бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, ишиңизге ийгиликтерди каалайбыз!
КРУЖС Башкармалыгы
—————————————————————————————————————————————-
“Тагалсыз таттуу данек өрүктөйүм,
Ыр бүрккөн дуулдаган көрүктөйүм.”
Ысак Барпиев
Калбаев Абдымомун Ашыралы уулу 1952-жылы 1-февралда мурдагы Ош областына караштуу Жаңы-Жол районундагы (азыркы Жалал-Абад областынын Аксы району) Афлатун айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жети жашында райондогу Караван мектеп интернатына келип кирип, анда 5-класска чейин окуп, андан соң 1965-жылы Ош шаарындагы Ю.Гагарин атындагы мектеп интернатта окуп, 1970-жылы орто мектепти ийгиликтүү аяктаган. 1972-жылы Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайга тапшырып, аталган окуу жайды 1976-жылы артыкчылык диплому менен аяктап, эмгек жолун ошол эле жылы Жаңы-Жол райондук «Жаңы турмуш» газетасында адабий кызматкер болуп иштөө менен баштаган.
Аталган газетанын 1979-жылдан айыл чарба бөлүмүнүн башчысы, 1984-жылдан газетанын жооптуу катчысы, 1986-жылдан редакторунун орун басары жана редактору болуп 1991-жылга чейин иштеген. 1979-жылы Кыргызстан мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшырып 1984-жылы аталган университетти ийгиликтүү аяктады. Кесиби мугалим, журналист.
1991-жылы “Жаңы турмуш” газетасы жоюлгандыгына байланыштуу Жалал-Абад областтык телерадио компаниясына радионунун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча өз кабарчысы болуп ишке кирген. Аталган телерадиокомпаниянын ушул эле райондор боюнча телевидениесинин 1996-жылдан бери өз кабарчысы болуп эмгектенип келет.
«Карышкырлар улуганда», «Күлүк», “Мээр чөптүн гүлү”. “Адеми” ырлар жыйнактары жарык көргөн. “Чабылбай калган күлүк”, “Көк”, “Майлуу токоч”, “Таш түйүн” чыгармалары казак тилинен которулган. Автору Жаппар Омурзаков. “Торгой таңшык акын”, “Туурга конгон туйгун” ж.б. жалпы 27 китептин автору.
1986-жылы «Жаңы турмуш» газетасындагы үзүрлүү эмгеги жана чыгармачылык ийгиликтери үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Грамотасы менен сыйланган. 1996-жылы Кыргызстан Журналисттер союзунун Ардак Грамотасы, 2006-жылы «УТРКнын отличниги» төш белгиси, 2008-жылы “Эл агартуунун отличниги» төш белгиси, 2009-жылы “Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланган. «Жаңы Ала Тоо» журналынын эл аралык «Арча» сыйлыгынын лауреаты.
Абдымомун Калбаевге «Карышкырлар улуганда» китеби үчүн Кыргыз Республикасынын Эл аралык «Нурборбор» чыгармачылык академиясынын «Ашым Жакыпбеков» атындагы республикалык адабий сыйлыгынын алтын диплому ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун «Алтын калем» сыйлыгы менен сыйланып, Ардак грамота алган.
Кербен шаарынан «Абдымомун Калбаев көчөсү» деп бир көчөнүн аты берилген. Жалал-Абад областтык телерадиокомпаниясында синирген эмгеги үчүн «ЖМТРКнын эмгек сиңирген ишмери» наамына татыктуу болгон. Омор Султановдун эл аралык коомдук поэзия Академиясы тарабынан адабиятка сиңирген өзгөчө салымы үчүн академик наамы ыйгарылган.