Касым Тыныстанов 1901-жылы азыркы Ысык-Көл району, Чырпыкты кыштагында төрөлгөн. Кыргыз тил илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист,биринчи кыргыз профессору.
Алгачкы билимди диний мектептен алган, шаардык (Каракол) орус жергиликтүү мектебинде агартуу институтунда окуган. “Эркин Тоо” гезитинин жооптуу редактору болуп иштеген. 1927-30 жж. Кыргыз АССР эл агартуу комиссары. 1928 жылы “Жаңы маданият жолунда” журналын уюштурууга катышып 1931 ж. чейин анын жооптуу редактору болгон. 1931-37 жж. – Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, сектор башчысы, директордун милдетин аткаруучу, ошол эле учурда Кыргыз педагогикалык институтунда окутуучу болуп эмгектенген. Касым Тыныстановго 1938 ж. репрессиялар учурунда “Эл душманы” деген айып тагылып, атылып өлтүрүлгөн.
Касым кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таанууну баштоочулардын бири. Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, асыресе араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан. Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн.
Касым кыргыз элинин оозеки чыгармаларын, асыресе “Манас” эпосун жыйноого зор көнүл бөлүп, бул темада атайын макалалар жазган, уюштуруу иштерин жүргүзгөн. Мисалы, улуу манасчы Саякбай Каралаев уулунун айтуусундагы “Манас” үчилтигин толук жазып алуунун демилгечиси жана уюштуруучусу болгон. “Манас” эпосун орусчага которуу ишине катышкан.
Касым Тыныстанов
1916-жылы кыргыз эли падышалык режимге каршы чыккан көтөрүлүштө туулуп өскөн жерди, кереметтүү Ысык-Көлдү таштап, кытай жерине качканда, мал-мүлкүнөн ажырап ачарчылыкка учурап, аябай азап тартат.
Жөө жалаңдап качып бара жатканда, ашуусу бийик тоону аша албай, агыны катуу сууну кече албай көп адам кырылат. Өлгөн өлүктөрү ит менен кушка жем болуп, көмүлбөстөн ташка корумдалат.
Пай-пайлап ашуу аша албай,
Байпаңдап чалдар баса албай.
Балдарды кеттик корумдап,
Бакырып көзгө жаш албай.
Кыйналдык ашуу аша албай,
Кыйраңдап чалдар баса албай.
Кыздарды кеттик корумдап,
Кыйкырып көзгө жаш албай.
-деп ырдашкан эле.
Кедей таптан чыккан атактуу Көкөтөй чечен Ак-Өгүз ашуусунун түбүнө барганда катуу ноокастап, атка жүрө албай, ашуунун түбүнө токтоп, төшөк тартып, жатып калат. Жолдон өтүп бара жаткан адамдардын тобу бурулуп, Көкөтөйдүн абалын сураганы барышып:
-Оо касиеттүү Көкө аба, кандай? Караламан калың эл минтип астын-үстүн болуп качып бара жатканда ушинтип жатып калмак белеңиз, жарыктык! – дешет.
Анда төшөктө араң жаткан Көкөктөй башын көтөрүп:
-Аша күлүк тулпар ат менен азамат эр жаалы катуу жолдон, ашуусу бийик тоодон, агыны катуу суудан өлөт. Коңур-Өлөңдүн сазында копо чөп жеп жатып өлгөндөй мен сасык мурун уй белем. Мага кайгырбай, бала-чакаңарга баш-көз болуп, аттанып кете бергиле. Мен ак жазганды көрөрмүн – дейт.
Кытай жерине барып, мал-мүлкүн калмактарга талатып, ачкадан өлө турган болгондо, эл жаш кыздарын жарты путтан буудайга сатып жан багышат.
Арт жагымды карасам,
Агарып көлүм көрүнөт.
Ысык-Көл сени самасам,
Акылым санга бөлүнөт.
Анда бир орус төрөм ай,
Мен качан Ысык-Көлдү көрөм ай!
—————————————————
Парадка мыйзам билбеген,
Айла барбы кытайга.
Кыздарды сатып нан жедик,
Жарты путтан буудайга.
Алда бир орус төрөм ай,
Мен качан Ысык-Көлдү көрөм ай!
—————————————————
Жабдыгы түгөл падышага,
Абайсыздан катылып.
Калмак менен кытайга,
Катын кыз кетти сатылып.
Айланайын көлдүк ай!
Көрбөгөндү көрдүк ай!
Ак-Суу шаарына качып барган кыргыздар ачкадан өлүп бара жатышканда Кытайдын байларына беш жашар кызды, он сегиз жаштагы жана отуз жаштагы келиндерди сатышат. Ал үчөөнүн тең аттары Айша экен. Кийин ал үчөөнө эл: кемпир Айша, келин Айша жана кыз Айша деп лакап ат коюшат.
Касым да 1916-жылдагы үрккөн эл менен бирге кытай жерине качып барып, ачтан өлүп, суукка тоңуп кыйналып, зар какшап ыйлаган кыргыздардын арасында болуп, алардын муңдуу ыйын угат.
1918-жылы: “Ак падыша тагынан кулап, көлдө революция болуптур” – деген кабарды угуп, Касым ошол эле жылы качкын кыргыздар менен бирге көлгө кайтып келет.
Касым Ысык-Көлгө келген жылы дароо туулуп өскөн кыштагы Чырпыктысына барбастан, көл башындагы таякелеринде, Тепкеде бир жылы туруп калып, 1919-жылдын жазында таякелеринин сокосун кармайт.
Колумда дөөлөтүм жок, жонум жука,
Быйыл жаз соко айдадым сонундукка.
Арам өлгөн ит унаа баспай койду,
Куулугу чакадан чоң күрөң бука.
Соп! Соп! Соко башы дейт экенсиң,
Ачкыл үчүн убайым жейт экенсиң.
Эки-үч аяк ачкылды ичип алып,
Дагы ичсем ачкылды дейт экенсиң!
-деп, өгүздүн башын кармаган жигитти тамашалайт.
Касым эл ичиндеги кыз оюндарына үзбөй барып турат.
Карарып көзүң моймолжуп,
Калыпка тартып койгонсуп.
Кайгыны башка не салдың?
Караңгы түндө ойготуп.
Сүзүлгөн көзүң моймолжуп,
Сүрөткө тартып койгонсуп.
Түйшүктү башка не салдың?
Түндө үч убак ойготуп.
Эки бетиң албырып,
Алманын кызыл гүлүндөй.
Самсаалаган саамайың,
Тоту куштун жүнүндөй.
-деп, сүйүү ырларын чыгарат.
1919-жылы Каракол уездинде милициянын уезддик начальниги болуп турган Садыбакас Ысмайылов деген таякесинин жардамы менен Ташкент шаарына окууга кетип андагы казак, кыргыз эл агартуу институтуна кирет. Касым ошондо он сегиз жашта болот.
“Сулк жатууга жүрөк жанып койбой тур,
Бура кысып заман чиркин болбой тур.
Жаш да жетти, иш да жетти иштөөгө,
Көз – коркунчаак, көөдө – тайыз, оңбой тур.
Түпкү максат чын чыгармын билемин,
Ишенемин, кат-кат касам беремин.
Мезгил жетип, кулач урбай мухитке,
Он сегиз жаш бекер өттүң, күйөмүн”!
-деп, окуу окубай, он сегиз жашы талаага кеткенине кайгырат, бирок он сегиз жашы бошко кетсе да, акыры түбү илимдин туу чокусуна чыгарына таланттуу улан бекем ишенет, ал үчүн өзүнө-өзү ант берип, кат-кат касам ичет.
1919-жылдан баштап, Касым ошол кезде Ташкент жана Алма-Ата шаарында казак тилинде чыгып турган – “Ак-Жол”, “Учкун”, “Тилчи”, “Өрүш” аттуу газеталарга казак тилинде ыр жазып, ал ырларынын айрымдарынын аягына “КЫТ” деп кол коет.
Касымдын алгачкы ырларында туулуп-өскөн мекени Ысык-Көлдү сагынуу мотиви өтө күчтүү болгон:
Кайдасың кең Ысык-Көл, – тууган жерим!
Киндигим кесип, кирим жууган жерим.
Көргөн жан саулетиңди сагынады,
Жайкалган сен Каракол – алтын кеним.
Барымсың Түп, Жыргалаң эки өзөн суу,
Үстүңө каздар конуп салган кыйкуу.
Жайылган соодагердин койлорундай,
Көл бетин бермеуши эдиң уйрекпен, куу.
Касым Ташкенттеги казак, кыргыз эл агартуу институтунда окууну казак тилинде окугандыктан, 1920-21-жылдарда алгачкы он эки ырын казак тилинде жазат.
1922-24-жылдар аралыгында он сегиз ыры менен “Жаңыл Мырза” поэмасын кыргыз тилинде жазган.
Касымдын 1920-жылдан 1924-жылга чейин казакча жана кыргызча жазган отуз ыры менен “Жаңыл Мырза” поэмасы 1925-жылы Москва шаарындагы СССР элдеринин Борбордук басмаканасынан “Касым ырларынын жыйнагы” деген ат менен жарык көрөт. Ал ыр жыйнагына И.Крыловдун “Ийнелик менен кумурска” аттуу тамсилинин кыргызча котормосу кирген.
1922-жылы энесине арнап, “Ала-Тоо” деп ат коюп кыргыз тилинде биринчи ырын жазган:
“Мен аманмын, барамын,
Мүнөзү бар балаңын.
Кашкайып чыкпай караансыз,
Колуңду кантип аламын.
Эң биринчи саламым,
Саган арнап жазганым,
Жакшы саатта күтүп ал,
Бул белегим, Ала-Тоо!”
Касым Ташкенттеги казак, кыргыз эл агартуу институтунун акыркы курстарында окуп жүргөн кезинде эле казак, кыргыз илимий комиссиясынын мүчөсү болуп илимге ат салыша баштайт.
Ал ошол кезде Ташкентте казак, кыргыз тилинде чыгып турган “Чолпон” жана “Жаш кайрат” аттуу журналдардын да редколлегиясынын мүчөсү болот. “Жаш кайрат” журналынын 1924-жылдагы 1-2-3-4-номурларына Касым “Мариям менен көл боюнда” аттуу аңгемесин ага “Келгин” деген лакап ат менен кол коет.
Туркестан Республикасынын советинин XII съезди 1924-жылы январда эл агартуу комиссариатынын доклады боюнча төмөнкүдөй чечим кабыл алат. “Советтик окуу китеби жана адабияты таптакыр жок элдер, кара кыргыздар жана таранчылар үчүн окуу китептерин жана окуу куралдарын ошол элдин тилинде басып чыгарууга киришсин”.
Ушул Токтомдун негизинде кыргыздын башталгыч мектептеринин окуучуларына арнап Касым тунгуч “Окуу китебин” (эне-тил) жазат.
Касым ал китебине жазган баш сөзүндө мындай дейт:
“Бул китепти жаш балдар үчүн арнап жазган болдук. Жаш балага арнап китеп жазуу үчүн, устаттык көп-көп тажрыйбалар керек. Жаш баланын жанына ылайыктоо үчүн кыйын-кыйын шарттарды өтөө керек. ал шарттардын баарын орундадык деп айта албайбыз. Биринчи себеп – бизде билим толук эмес, окутуучулук кылып, балдар ичине аралашкан эмеспиз. Бизде тажрыйба жок. Экинчиден – бизде мурунтан жолго коюлган адабият жок. Канчалык калк адабиятына байбыз десек да, алар иштелбеген, балдарга эптүүсүн табуу кыйын болду. Жана бизде акындарыбыздын сөздөрү иретке салынбагандыктан, сулуулары табылбады. Үчүнчү себеп – бул китептин ашыгыштык менен жазылгандыгы. Өзүбүздүн чабалдыгыбызды айтып отурсак да, бул китепти бир айда даяр кылдык. “Баарын айт да, бирин айт” – дегендей, бул китеп билим кыскандыктан эмес, зарылдык кыскандыгынан жазылып олтурат. Айтор, “Жоктон бар артык” – дегенди эске алып, куру алакан отурган мектебибизди соорото туралы дедик. “Көч жүрө, жүрө түзөлөт” деген. Биз дагы жүрө-жүрө китеп куралдарыбызды дурустап кетербиз. Ар бир жолдош: “Ат болгончо – аяк ылоо” дегенди эске тутса болгону”.
23 жаштагы Касым бул укмуштай мазмундуу тунгуч окуу китебин бир гана айда жазып бүтүргөн. Башкы сөзү менен китептин өзүн окуп отурганыңда, тула боюң титиреп, анын нукура талантына таазим кылбай койбойсуң.
Бул кириш сөзүндө Касым китебин жупуну гана китеп катарында көрсөткөнү менен, ичинде жаш балдардын жан-дүйнөсүнө ылайыктуу кыска-кыска тамсилдер, таалим-тарбия берүүчү мазмундуу, кызыктуу аңгемелери, көркөм ырлары бар, атактуу педагог Ушинскийдин бир кезде жер дүңгүрөткөн “Родное словасынан” кем калышпаган эң сонун түзүлгөн окуу китеби.
Зияш Бектенов: “Замандаштарым жөнүндө”, Бишкек, 2016-ж., 21-26-б.