Бир ууч топурак
Шатырай жааган жамгырдын алдында шашкалактаган бир нече адам Гариптин акыркы өтүнүчүн аткаруу үчүн бир нерсени издеп жүрүштү.
Жамгыр тынымсыз жаап жатты. Мындай нөшөрлөгөн жаан көптөн бери жаай элек болчу. Бирок жамгырга эч ким көңүл бурбады. Баары бир нерсени издөө менен алек.
Чарчап, баштан аяк суу болгондо алар Гариптин эскилиги жеткен үйүн көздөй жөнөштү. Үйгө жакындап калганда Кожо Муслимдин буту тайып, жамгырдын суусунан пайда болгон көлчүккө жыгылып кала жаздады. Аны каруусунан кармап калган жигит:
-Акырын аксакал, шашпаңыз. Кармап калбасам жыгылмаксыз деди.
Үйдүн алдындагы адамдар экиге бөлүнө берип, Кожо Муслимге жол бошотушту. Кожо Муслим шаша басып баратып былчылдап суу болгон баш кийимин ала калып сыгып, ичкери кирди. Гарипти үйдүн ички бөлмөсүнө, башын кыбылага каратып жаткырышкан эле. Мында чогулган коңшу эркектер ийин куушуруп, эмне болгонун түшүнбөй турушту. Бир бурчта үч-төрт аял Гариптин жубайы Гүлеветинди сооротуунун аракетинде. Байкуш Гүлеветиндин көздөрүнөн сырттагы жамгыр сыяктанып жаш куюлуп жатат. Кожо Муслим Гариптин баш жагына өтүп, жерге тизеледи да, каргылданган үн менен сурады:
-Кудай шыпааңды берсин, Гарип. Мынчалык эмне болуп кетти сага?
Гарип Муслимдин сөзүн укса да жооп бере алган жок. Көздөрү алайып, деми буулуп турду.
Сырткы бөлмөдө отурган жаш балдар менен аялдардын үндөрү үзүл-кесил угулуп жатты. Кожо Муслим териси менен сөөгү гана калган Гариптин тамырын кармады да, бөлмөдөгүлөргө кайрылды:
-Аялдарга, балдарга айткыла. Үндөрүн чыгарышпасын. Кудайга шүгүр, Гариптин эч кандай оору-сыркоосу жок. Болгону суук тийиптир. Доктор Расим кайда?- деп чогулгандардын арасынан дарыгерди издеди.
Жооп катары Юсуф Кишинин үнү угулду:
-Доктор Расим бир аз мурда келип кетти. Ал дагы сен айткандарды айтты. “Гарип айласыздан таштап кеткен айылын, үйүн сагынып куса болуп атыптыр. Башка эч нерсе болгон эмес. Бүгүн эртең жакшы болуп, бутуна туруп кетет” деди. Бахшалинин баласы да ооруп калган экен, ал мындан чыгып ошол жакка кетти. Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп Бахшалинин баласын да ит талап кетиптир, – деп тизесин кучактап отуруп калды.
Юсуфтун бул сөзүнөн кийин Алиш бөлмөдөгү чыңалган абалды бир аз жөнгө салууга аракеттенди:
-Боорум, сени жана мени жараткан Алланын атын ортого салып айтып жатам. Башыма бир иш келди, сураба. Кечээ күнү турган жериме асманым үзүлүп түшкөндөй болду. Өлүп кала жаздадым…
Бул арада Гарип онтоп кирди. Балким, бир нерсе дегиси келген чыгар. Бирок тамагы буулуп, онтогондон башка эч нерсеге жарабады.
-Оо, түбүң түшкүр дүйнө, Гарипти колубуздан учкан турат, ажал акыры бизди да алып тынат. Ал кетип жатат, биз да кетебиз. Мындай дарт менен жашоого мүмкүн эмес. Кудай өз мекенибизде жаныбызды алса кана. Кетип баратып жок дегенде куса-ызабыз жазылмак эле, – деп Юсуф Киши өзүнчө күбүрөнүп алды.
Гарип дагы онтоду. Чамасы, бир нерселерди айтууга аракет кылды. Бирок, колдорунда да, буттарында да, тилинде да кыймылдоого ал калган эмес эле. Бир гана көздөрү жандуу болчу. Анткен менен бул муңдуу көздөрдө да өлүмдүн сөлөкөтү тегеренип жүргөнсүйт.
Күн батып, көз байлана баштаганда, чогулган адамдар бирин-сериндеп үйлөрүнө тарай баштады. Аксакалдар Гүлеветинди балдары менен кошо туугандарыныкына жөнөтүп, өздөрү Гариптин жанында калышты.
Түн ортосу. Тынымсыз жааган жамгырдын алдындагы жалпак чатырлуу жапыз үйлөрдүн жашоочулары уйкуга алдырышты. Гариптин жайында чийки кыштан курулуп, камыш менен жабылган үйү күздүн жамгырына туруштук бере алган жок. Үйдөгү болгон идиш-аяктын баары шыптын ар жеринен тамчылаган тамчылардын алдына коюлду. Улам сууга толгон идиштерди улам сыртка төгүп жатышты. Гариптин көздөрү ачык болсо да сырткы дүйнөнү көргөн жок. Анткени ал көзүн ачкан бойдон уктап, түш көрүп жаткан эле.
Түшүнө бала кези кирди. Апасын ээрчип бир жакка баратышыптыр. Чарчап, араң басып баратты. Ансайын башын көтөрүп апасынан улам сурап жатты:
-Апа, дагы көп басабызбы?
-Аз калды балам. Мына жетип калдык.
Кокусунан алдыдагы жолу түгөнүп, терең жардын кырына такалышты. Артка да жол калган эмес: өздөрү басып өткөн сайын жер көчүп келаткан. Апасы анын колун бекем кысып:
-Коркпо уулум. Сени бул жардын кырына эч качан таштап кетпейм. Бул жол бүтпөйт. Бүтпөшү керек, мындан чыгып кетчү жолду сөзсүз табабыз, -деди.
Бирок, башка жол жок эле…
Гарип терең уйкудан ойгонду. Шыпта асылган лампанын үлбүрөгөн жарыгынан камыш дубалдарга түшкөн көлөкөлөрдү көрдү. Бул көлөкөлөр башы кесилген куштарга окшоп турду. Алгач коркуп, кыйкырып жибере жаздады. Бирок кыйкыра алмак эмес, анда акырын сүйлөөгө да дарман жок болчу. Көлөкөлөр көзгө тааныш учурай баштады. Алар өз айылдаштары эле. Чарчаңкы, алсыз, оорулуу, кайгылуу башын жерге салган адамдарды көлөкөсүнөн тааныды. Бул башсыз көлөкөлөр Гариптин жүрөгүн өрттөп кеткенсиди. Суу ичкиси келди. Бул жердин суусун эмес, өзү туулуп өскөн тоолордун, оргуштап чыккан булактын суусун ичкиси келди. Ошол суулардын бир эле ууртамын ичсе, балким, ичиндеги жалын өчөр беле…
Өлүм таңга жуук келди. Жапыз үйдүн жаман эшигиндеги кычыктан акырын кирип, эч шыбыш алдырбай Гариптин жанын алып чыгып кетти.
Жамгыр жаап жатты. Адамдар жамгыр алдында шөлбүрөп суу болгонуна карабай Гариптин акыркы каалоосун аткаруу үчүн бир нерсени издеп жүрүштү.
Кожо Муслим коңшу айылдан жаназа окуганы келген имамдан жаназаны бир аз артка жылдырууну суранды:
-Кудай бу армяндардын жазасын берсин! Оор куралдар менен аткылап, мекенибизден кууп чыгышкандан бери бактыбыздан кол жуудук. Киндик каныбыз тамган жерден кеткенибизден кийин ишибиз оңунан чыкпай келет. Каза болгон бир тууганыбыз абдан жакшы адам эле. Айылдан качканда жанына эч нерсе албаптыр. Бир гана жүз аарчыга бир ууч өз мекенинин топурагын салып алган экен. Аны жоготуп албайын деп улам-улам каткан жерин жаңылап турчу. “Мен өлсөм мүрзөмө ушул топуракты кошуп салгыла”,- деп көп айтчу эле. Биз да анын айтканын аткарабыз деп сөз берген элек. Кокусунан ооруп, тилден калды. Топуракты кайда катканын айта алган жок. Эртеден бери баарыбыз бир ууч топуракты издеп жатабыз. Кай жакта, кайсы таштын түбүндө калганы белгисиз, жердин түбүнө кирип кеткендей белгисиз жоголду…
Имам түшкө чейин күттү. Топурак табылган жок. Убакыт тездик менен өтүп жатты. Иштин эртеңкиге калганына көзү жеткен имам кеч кирерде өз айылына сапар алды.
Арадан жылдар өттү. Ажал түздүктөгү жапыз үйлөрдүн жашоочуларын бирден экиден оо дүйнөгө ташыганын токтоткон жок. Өз жеринен, Ата-Журтунан сүрүлгөн бир миллион адам Гариптин керээзин аткарыш үчүн дале болсо бир ууч топуракты издеп жүрүшөт. Ал эми топурак алигиче табыла элек…
Которгон Бекболот Сарыбаев