Кыш элегиясы
(ыр түрмөк)
Туулган күндө жазылган ыр
Тышта бубак. Жыла басып оор туман…
Туулган күндө ооруп жалгыз олтургам,
Үйүмө шаң, жан киргизди белегиң:
Үлбүрөгөн беш тал роза – кулпурган.
Кышкы гүлдөр назик, кербез, супсулуу,
Көңүлүмө жаз түнөттү жыпжылуу.
Кыш чилдеде төрөлгөн жан өзгөчө,
Кадыр-баркын билет гүлдүн кыпкызыл.
Куттук айтып, гүлдүн коозун арнаган,
Кыска өмүрдө көңүл табат жакшылар.
Жашоо өзү кайрымдуу да, берешен,
Жамандан көп жакшылыгын бар кылар.
Тышта бубак. Жыла басып оор туман…
Туулган күндө ооруп жалгыз олтургам.
Кеселиме эм болорун билипсиң,
Кочкул-кызыл розаларың кулпурган!
*****
Жалгыз тартып кыш чилденин оордугун,
Жагып мешиң, өзүң жарып отунуң.
Жалындаган ысык табын эш кылып,
Жазасың кат түн күзөтүп олтуруп.
“Кара шамал жаңы карды сапырып,
Каалгамды каккылайт”, – деп жазыпсың.
Каттарыңдан улам, бороон басылбас,
Каардуу кыштын мекенине ашыкмын.
Узун кышта кар тозоңдоп басылбас,
Улуу тоодо катаал, сүрдүү жашоо бар.
Жалгыздарга карлуу түндүн койну таш,
Жарым түндө кат жазасың кусадар.
Борошо уруп, бороону күч кара жаак,
Бийик жерге кыштын сүрү жарашат.
Бирок, шаарда, кургак өттү ноябрь,
Декабрь да карсыз өтүп баратат.
Ууздай аппак кар уюган мелтиреп,
Улуу жердин кышын барбы сүйбөгөн.
Сагынычтуу самоо менен жүрөктөн,
Кары киргилт калаадан кат жиберем.
*****
Ай нуру толгон короомдо,
Агарат ак кар үйүлгөн.
Айнектен тиктеп, уйку жок,
Ашыкмын айлуу түнгө мен
Санаага жумшак күү чалып,
Сезимдер ширин сыр катат.
Суу болуп эрип кете элек,
Сары кар дагы тим жатат.
Жарыгы өчкөн калааны,
Шооласы айдын агартат.
Уйкусуз узун кышкы түн,
Жомоктой сезим жаратат.
Жарытып оюм, жашоого
жаңылап кумар козгогон.
Жылдарым, өткөн түйшүктө,
Жөн эле өткөн окшогон.
Ай тийген жылуу бөлмөдө,
Кыялга батып термелдим.
Кылымга тете бир түндү,
Уйкуга ыраа көрбөдүм.
*****
Жамгырбы бул?.. Кыш чилдеде башталган,
Калың карды калбыр кылып таштаган.
Түн уйкумду уурдап жаандын шыбыры,
Түн жарымы ойгоо жатам. Жагып шам.
Декабрда жааган ак жаан – жаңылык!
Табигаттын өз мыйзамы жаңылып,
Турмуш өзү туругу жок табышмак,
Буруму көп, түз жолуңдан жазгырып.
Эзип жааны, эриген кар кыш түнү,
Эргүү келип, уурдап кетти уйкуну.
Кегим өчүп, кең пейилдик көлкүлдөп,
Көңүлүм ыр сүйүп турган учуру.
*****
Аппак кардуу январдын кечинде,
Акырындап шаар оттору өчүүдө.
Аттиң дебейм, азбы-көппү бул өмүр,
Арты арман, алды кызык өтүүдө.
Карга оронгон январдын кечинде,
Күйгөн шамдар акырындап өчүүдө.
Жан шеригим – ыр дүйнөгө жөлөнүп,
Жарым өмүр жалгыздыкта өтүүдө.
Ушул ырлар мага буйруп тагдырдан,
Жалгыз жанды саябандуу бак кылган.
Ырга калпып жан дүйнөмдүн тереңин,
Ырга гана сырым калбай ачылган.
Ыр жазбаган күндөрүмдүн изи жок,
Ырыстуумун – эргүү келип түн тоссом.
Жашоом дагы жасалмасыз, жөнөкөй,
Жанмын өзүм жулкунбаган, пейли ток.
Аппак кардуу январдын кечинде,
Акырындап шаар оттору өчүүдө.
Аттиң дебейм, азбы-көппү бул өмүр,
Арты арман, алды кызык өтүүдө.
Апаппак кар, кучагында биз барбыз,
Арман менен жашап келген бир жанбыз.
Аруу сезим ай-жылдарга тозбоду,
Алыс болуп калса дагы арабыз.
Шамал улуп, бурганактуу кар уруп,
Шам үлүңдөп, алат үштү кышкы суук.
Узак жылдар унутулбас асыл жан,
Ушул кышта каттарыңа жылыттың.
Аяз күчөп, сан ийнеси сайгылап,
Музу тоңгон чилде суугу тайгылат.
Сен жөнөткөн купуялуу каттарда,
Сөздүн күчү жетпес сезим айтылат.
Эшикте кар… Каары катуу январь,
Энтиктирет темир аяз, таза аба.
А мен таттуу бакытыма ысуулап,
Кыш өткөнүн билбей эле баратам.
*****
Узак күттүк ушул кыштын ак карын,
Кар ордуна күтүүсүз жаап ак жааны.
Бозоргон суз теребел да күткөнсүйт,
Жер агартып аппак кардын жатканын.
Узак сүрдү быйылкы күз өз доорун
Ысыгы сууп, түгөткүчө боегун.
Улагада ыкыс берет декабрь,
Учурууга ызгаар-суугун, бороонун.
Өз колумдан бүчүр алып көктөгөн,
Гүлдөр соолуп, үшүк алып, жүдөгөн.
Өчөт экен маалы келсе сулуулук,
Өтөөрүндөй баары жарык дүйнөдөн.
*****
Жолу арып, жыл да узап баратат,
Жүргөн изим кылчактатып каратат.
Жетсе дагы төбөм көккө көп ирет,
Жеткизе элек өмүрдөгү чоң максат.
Өткөн өмүр бөксө жериң билдирет,
Өкүндүрөт кол жетпеген көп иштер.
Албан максат артынан кууп жете албай,
Айтам кантип: “Туура жашап өттүм”,-деп.
Жарашпайт эч эми мага шылтоо издеш,
Жашоо деген артка айлангыс дөңгөлөк.
Бүгүнкүмдү эртеңкиге калтырып,
Жиксиз кеткен жылдарыма ич күйөт.
Тескесин деп чалагайым эс-учун,
Түздөш үчүн катасы көп турмушун.
Кадырына тирүүлүктүн жеткирген,
Карылыкты бардык жанга буюрсун!
Кагуусунан калгычакты эт-жүрөк,
Жаш кыялдар жарык кылган жол күтөт.
Батаңарды бергилечи баарыңар,
Ошол жолдун өтөсүнөн чыксын деп!
*****
Кыш этегин жыя баштады,
Каары кайтып, бирок суугураак.
Жазды тостум, бирок, көңүл кош,
Жок эле эч менде бул адат.
Чарчадымбы, же үмүт жок,
Келээр жаздан дайым күтүүчү.
Өмүр эми сыйсыз коноктой,
Өзгөрүүсүз өтөр… өтүүчү.
Козгой албайт эми делебе,
Күндөр мага өгөй, мээримсиз.
Бөксөм толбос болсо дегеле,
Жазбы, күзбү… мага баары бир.
Деген оюм капыс бузулду,
Сайрап ийсе сүтак асмандан.
Кең асманды чууга толтурду,
Келгин куштар үнү шаттанган.
Катарларын бузбай жазды кууп,
Келгин куштар шаңшыйт конбостон.
Авазында чексиз кубаныч,
Аман кайтып алыс жолдордон.
Сүтак үнү жазды жар салган,
Келгин куштар курган салтанат.
Көңүлүмдү кетти жаңылап,
Жаркый түштү жашоо кайрадан.
Канаттууча неге жокпуз биз?
Бул жашоого кумар канбаган.
Убактылуу берген өмүрдүн,
Улуулугун эч бир танбаган.
*****
Кылаңгыр жааптыр кар түндө,
Кыш бейбак али күчүндө.
Жан дүйнөм жазды эңсетип,
Жалгыздык, мени үшүтпө?!
Ириген кыңыр кептери,
Илээшип мага жетпесин.
Ийилтпей бекем тиреген,
Ишеним, менден кетпегин?!
Ооматым оосо тайгылып,
Он жолу келээр кайрылып.
Опол тоо болуп дем берээр,
Ой-максат, калба чаалыгып?!.
*****
Кыш аягы. Жука жаады сары кар,
Келээркиге чейин эсте сакталар.
Ууздай аппак тазалыгы муютуп,
Унчуккум жок, уга алмакпы башкалар.
Түнт көчөдө жаңы карга из салып,
Жалгыз бастым, жүрөгүмдө кусалык.
Тобокелчил боло албасаң тагдырга,
Жайлуу экен жалгыздыктын кучагы.
Жалгыз болсом – ал өзүмдүн көктүгүм,
Жатка жаным кошпойм деген чечимим.
Жаңылуудан жалкый берип турмушта,
Жаптым эми жан дүйнөмдүн эшигин!
Кыш менен коштошуу
Катаал, чыргоо мүнөзүнөн жумшарып,
Кыш да жылжып узап барат күн сайын.
Таңдар атат жаздын деми жыттанып,
Таранчылар кужулдашат үн салып.
Аяз бүрккөн мүнөзүнөн жумшарып,
Аяктаарда быйылкы кыш жолу арып,
Кыялбастан куштарланып тиктедим,
Калың бакта жаткан карды агарып.
Кайткан менен кара суугу жаланган,
Кар кете элек бакта жүрсөм аралап,
Тунжуроону бузат карга каркылдап,
Түнт уйкудан ойгоно элек дарактар.
Кыш да кайтты өз жолунда быйыл бат,
Сагындырар жаңы жааган аппак кар.
Адам ушул, эртеңди ойлоп жашайбыз,
Бүгүн өткөн күндү анчейин барктабай.
Сүрү катуу кыштын алдын утурлап,
Сагынткан кар жаап кирди кыпындап.
Жайдакталган аңызындай кеч күздүн,
Жүрөгүм бош, толбой жүргөн учурда.
Ырас жаады биринчи кар, күттүрүп,
Ыраңы оңгон күз аягын бүтүрүп.
Үлбүрөгөн үмүтүмдөй сезилет,
Үлпүлдөгөн аппак кардын күкүмү.
Удургуган ойлор жеңип акылды,
Ушул күздө жалбырактай чачылдым.
Убайымчыл басмырт жандын маанайы,
Ууздай аппак кар алдына басылды.
Аруулантып ыштуу, эски калааны,
Арбыта жаап кыштын алгач ак кары.
Каргалардын каркылдагын өчүрөр,
Каардуу сууктун сезилгенсийт кабары.
*****
Жаркын майрам: жыл узатып, жыл тосуу,
Жомок, кыял, эңсөө – баары аралаш.
Жаңы жылга каалоо айтып, куттуктап,
Алыс-жууктан жоктойт жакшы санаалаш.
Өмүр сүрүп келем өтө жөнөкөй,
Кызматым жок эми тиер керегим.
Эстегендин куттук айтып ушул кеч,
Жүрөгүндө жүрөрүмдү билемин.
Майда-барат пенделикке жеңилип,
Жакыныма кээде жөнсүз таарынам.
Жаш болсо да башын ийип эңилип,
Жан сиңдилер көңүл таба алышат.
Жалган достор кетер колдун кириндей,
Жашоо өзү ак-карадан жуурулган.
Жоготуулар, мүмкүн салар өкүткө,
А жакшыдан дайым эле жолум бар.
Ханзаададай сөөлөт күтө керилип.
Катарымда олтурушса уулдарым:
Мен аларга төгүп энелик мээримим,
Алар мага арнап сыйын-урматын.
Келген жылды босогомдон кийирдим,
Эски жылды жылуу-жумшак узатып.
Өз үйүңдө барга шүгүр келтирип,
Көңүлүң тынч олтуруу да – бул бакыт!