Алтын тилке
Темам бекилгенден кийин П.Н.Берков менен жакындан мамилелешкен жокмун. Бул менин наадандыгым. Бетме-бет жолугушуп калса, же окумуштуулар кеңешинде учурашам. Болбосо, жок. Бул менин кетирген зор каталыгым, ала турган нерсени алалбай, өздөштүрө турган нерсени өздөштүрбөй, жанымда өзүнчө эле бир “тирүү университет” жүргөнүн түшүнбөй, билбей үч жылды өткөрүп жибердим. Бир жолу кеңири сүйлөшпөй, акыл-насаатын укпай.
Диссертация жазылып, талкуудан өткөндөн кийин биринчи оппонент маселеси келип чыкты. Кыргыз адабиятын билген киши жок, П.Н.Берковдон башка. Илимий жетекчим К.Н.Григорян ал кишиге көңүлсүнбөйт, анткени экөөнүн өз ара мамилеси салкын окшойт. Ошондо билдим. Орто Азия адабиятын жалпы жонунан билген Н.К.Пиксанов деген чоң окумуштуу бар эле, “М.Горький жана Орто Азия элдеринин адабияты” деген монографиянын автору. Жетекчим ошол кишиге жиберди. Барсам, ал киши оппонент болушка каршы эмес элем, бирок азыр убактым жок, майрамдан кийин командировкага кетип жатам деди. Айла жок П.Н.Берковго институттун секретарь аялына телефон чалдырдык. Алып келсин ишин, көрөйүн дептир. Учуп жеттим. Жашаган үйү бүт эле китепкана окшойт, эң түпкү бөлүмүндө отурат экен, улам биринен сала экинчисине кирип отуруп, араң таптым. Учурашты да, оппонент боломбу же болбоймбу, ишти карап туруп, анан жооп берем деди. Эмне дейм, ырахмат айттым да, жатаканама жөнөдүм. Бир- эки күн өткөндөн кийин институтка келсем, сени Павел Наумович Берков чакырып жатат деди секретарь аял. Дагы токтобой эле жөнөдүм. Баягы бөлмөсүндө отурган экен.
Бул жолу өтө эле жайдары кабыл алды. Орундук көргөздү. Отурдум. Көпкө сүйлөшө тургандай болуп калдык. Адегенде эле баягы биз Кыргызстандан “бир топ бала” келгенде жетекчиликке макул болбой койгонунан баштады. Анда туура эмес кылыптырмын деп дароо эле мойнуна алды. Мени таң калтырганы мойнуна алганы эмес, үч жыл өтүп кеткен окуяны унутпай эстеп жүргөнү, анан ал окуяны бүгүнкү иш менен түздөн-түз байланыштырып жатканы болду. Ишиң жакты, бирок мен жетекчилик кылсам, башкача жазат элең. Ала-сала дегеле маани бергеним жок, эмне үчүн башкача жазарыма. Анткен менен Павел Наумович андан ары сөзүн уланта баштаганда мен билбеген, ал турмак оюма келбеген сырлар ачыла баштады.
Бөтөнчө П.Н.Берковдун бир сөзү ушу күнгө чейин кулагыма угулуп турат. Курч балта менен чыбык кескендей чорт айтылышы менен. Эгер, деди ал киши, Жоомарт Бөкөнбаев аварияда кокус болбосо, 1948-жылы эң биринчилерден камалат болчу. Жүрөгүм шуу дей түштү. Өтө эле суук угулду. Бирок бул сөздү жок эле эффект үчүн айтпаганы, ички терең ишенимден, көзү жеткен чындыктан улам чыгып жатканы туюлуп турду. Кыраакы, көп жагынан тажрыйбалуу, көптү көргөн бул киши Жоомарттын элдик мураска, айрыкча улуттук эпоско болгон максималисттик мамилесин таасын байкаган экен. “Айчүрөк”, “Семетей” либретто, сценарийлерине биринчи демилге баштап, ишке ашырганын айтпаганда деле, өз учурунда басырылып, унутула баштаган Токтогулдун мурасы, Ж.Бөкөнбаевдин тайманбастыгы, максимализми болбосо, ким билет ушундай даражада бизге жетет беле, жок беле. Мураска өткөнчө болгон мындай максимализм 1948-жылы кандай бааланып, кандай кыйчалышка туш келгенин мен кийин, өтө кийин түшүндүм. Азыр болсо П.Н.Берковду угуп отурганда мунун баары мен үчүн эң алыс дүйнөдөй, материктей туңгуюк бирдеме эле.
Көрсө, баягыда, Кыргызстандан келген “бир топ баланы” кабыл албай койгон жөнү бар экен. Аны дагы өзү айтып, түшүндүрүп берди. “Атактуу үчөө” деп айтты, П.И.Балтин, Г.Нуров, Ж.Самаганов жөнүндө. Дароо эле түшүндүм, кантсе да бул “үчөө” Павел Наумович Берковдун көңүлүне тийип, демин далай суутканын. Түз катылып макала деле жазышкан эмес эле. Кебетеси ар кандай жыйылыштарды тийишкен болуу керек. Анан дегеле бийик маданияттуу, интеллекттүү П.Н.Берковго тигил “үчөөнүн” орой сологойлонгон көк союл чабуулдары табийгы түрдө каршы келгени айдан ачык. Ошондой болсо да П.Н.Берков тигилердин ар кимисине өз үлүшүн, менчигин берип аныктай баштады. П.И.Балтинди түз эле, бул бир жаткан “злой гений” деди. Мен ошол орусча аныктамасы боюнча тапатак берип жатам. Ж.Самагановду болсо, таланттyy адам, – бирок тескери жолдо, Нуров жөнүндө айтканы эсимде так калбай калыптыр. Баарынан да эсиме терең кирип, тикесинен сайылып калганы, Фрунзеге кайтып келгенде, алар сөзсүз сени менен жакын мамиле жасашка катуу аракеттенишет, байка, алардын таасиринде кала көрбө деген сөздөрү болду. Бул сөздөрдүн кыраакылык менен айтылганын, «Фрунзеге келер менен эле байкай баштадым,
Москвалык М.И.Богданова, Ленинграддык П.Н.Берковдун “кыргыздарга” таарынычы “атактуу үчөөнө” гана байланыштуу эмес экен. Анын негизи алда канча тереңде. Мен муну кийин Зияш Бектеновдун мемуар китебин окуп түшүндүм. 1949-жылы С.Каралаев, З.Бектенов, В.М.Жирмунский Петрозаводскийге “Калевала” эпосунун тоюна барышат. Кайра келатканда Ленинградда Жирмунскийдикинде конок болушат. Сөз 1949-жылы Кирфанда болгон окуяга такалат. В.М.Жирмунский түз эле минтип айтат. Ошондон бери мен Исхак Раззаков менен дос эмесмин. Ал Ж.Самаганов, П.И.Балтин, Г.Нуров сыяктуу ушакчыларды тыюу керек болчу. Аларга бийик трибуна берүүнүн ордуна, 1949-жылы Т.Саманчин, М.Байжиев, З.Бектенов кызматтан куулуп, камакка алынып, алардын ордуна “тигил үчөө” барып отурган. Албетте мындай кырдаалда орус окумуштуулары кетүүгө аргасыз болгон. Демек, В.М.Жирмунскийдин, ошондой эле П.Н.Берковдун, М.И.Богданованын “таарынычы” эң биринчи иретте бийликке багытталган.
Менин өмүрүмдөгү өзүм сезип-байкаган эң бир драмалуу учур диссертация жактар алдындагы 1953-жылдын ноябрь айы майрам күндөрү болду. П.Н.Берковдун жазган пикирин алып, көңүлүм жайланып (экинчи оппонентим В.П.Друзин, “Звезда” журналынын ошол кездеги жаңы редактору берелек болчу, ал өзү ошондой алдын ала жазбайт экен, советке келип эле оозеки сүйлөп берет экен, бул жолу да ошентти) институтка кирип чыгайынчы деп кайрылып калдым. Йшим деле жок болчу, жөн эле, кайдыгер кирдим. Кайдан билдим, ошондо мени тагдырдын дагы бир бурулушу күтүп турганын. Мени көрүп эле секретарь аял эмне үчүндүр ыңгайсыздана түштү. Алда бирдемеге кабатыр болгон түрү бар. Жетекчим да эмне үчүндүр ошол жерде экен. Аңгыча болбой секретарь аял (аты-жөнүн унутуп калганыма аябай өкүнөм, эң бир сылык, боорукер аял эле) сен капа болбо, Кеңешбек, диссертацияңды коргоо белгисиз мөөнөткө калтырылып жатат, вице-президент академик В.Виноградовдон ошондой мазмундагы телеграмма келди деди. Иштин ого эле татаал экенин адегенде байкаганым жок. Эчтеке түшүнбөй эле туруп калдым. Секретарь аял бир жактан, жетекчим бир жактан тынчсызданып, мени алаксытканынан улам эмне болуп кетти деп ойлодум. Коргоо 13-ноябрда болмок, “Вечерний Ленинград” гезитине кулактандыруу чыгып да кеткен. Камсар Нерсесович мени коридорго ээрчитип чыкты да ата- энемдин таржымалы, кесиби, ким болгону, азыр кайда экени жөнүндө сурай баштады. Өзгөчө атама токтолду. Фронтто каза болгонун айтсам, улам-улам тактап сурай берди. Өзүм сельсоветте секретарь болчумун, “кара кагаз” өз колума тийгенин айтып бердим. Мына ушундан улам өзүм да бир нерселерден шектенип, качанкы бир окуялар эсиме түшө баштады. Студент кезимде басмага даярдалып калган ырлар жыйнагым чыкпай калганда Узакбай Абдукаимов да кудум дал ушундай суроолорду берген болчу. Ырлар жыйнагымдын анда жарыяланбай калышын башкача түшүнгөм, жыйнактын өзүндө, мазмунунда деп түшүнгөм. Мына азыр майрам күнү жатаканада жалгыз отуруп, ошол окуя менен бүгүнкү диссертациянын кармалып жатышынын ортосунда түздөн-түз интегралдын байланышы бар экенин, болгондо да менин жеке тагдырыма тиешелүү бир түйүндүү татаал иш бар экенин сездим. Бирок ал эмне, кандай иш экенине акылым жетпеди.
Майрам күндөрү эптеп өттү. Эртеси эле институтка барсам, баягы секретарь аялдын сүйүнгөнүн айтпа, кайрадан телеграмма келди, коргоо өз учурунда болот деп эле мени куттуктап кирди. Баягыдан да ого бетер таң калдым. Майрамдын алдында эле тигиндей эле, майрамдан кийин мындай, ушул эки-үч күндүн ичинде эмне болуп кетти… Көрсө, мындайча болуптур. Дал майрам күндөрүндө КГБдан кишилер келип, айылдагы аксакал кишилерден атам жөнүндөгү материалдарды, тагыраак айтканда, Нарындагы “Бондарев козголоңуна” катышканбы, же жокпу, тактап кетишиптир. Бул жөнүндө мага айылга келгенде “Кызыл Кыргызстан” газетасынын эски кызматкери, атайын кабарчы Ycөн Медеров айтып берди. Ал киши ошол майрам күндөрүндө айылда болгон экен. Баарынан таң каларлыгы, Фрунзеде жүргөндө үстүмөн мындай материалды тааныган, мени көрө албаган бирөөлөр бериши мүмкүн эле, ал эми Ленинградда диссертацияны дал коргоор алдында мындай кыянатчылыкты ким жасады? Ким жасаса да, экөөндө тең бир эле киши экени мага ачык болду. Ал ким?
Кантce да П.Н.Берков көзү ачык кишидей эле айтыптыр. Диссертацияны коргоп, Фрунзеге келер менен эле мен баягы “үчөөнүн” таасиринде калдым. Бөтөнчө Петр Исаевич Балтин жана Жээнбай Самаганов менен жакындашып кеттим. Мындай жакындашууга эки себеп болду. Биринчиси, өзүм келип орношкон кызматым боюнча (Кир.Фандын тил, адабият жана тарых институту) жетекчим Б.К.Керимжанова менен көп узабай эле, жакын жолдошум Кулан Рысалиевдин “кесепетинен”, мамилебиз татаалдашып кетти. (Бул окуяны өз учурунда айтып берем). Экинчиси, бияк тиягымды карасам өзүмчө эле бир “вакуумда” калыптырмын. Өзүм менен бирге окуган жолдошторум борбордон кайта элек. Адабиятка аралашып, кызыгып сүйлөшө турган киши жок. Пушкинский дом менен Кирфандын айырмасы, аралыгы асман менен жердей экенин ошондо ачык сездим. Дал ушинтип жалгызсырап жүргөн чагымда “ичкилик” үстүндө (ошондо ушул балакет кыргыз жаштарына жабыша баштаган учуру экен) Жээнбай Самаганов менен кездешип калдым. Баягы мен биринчи көргөн өзүнөн өзү ызырынган Жээнбай жок, бир топ эле күбүлүп, сүрүлүп калган учуру экен. Ушундан көп узабай эле жакындашып кеттик.
Ал эми Петр Исаевичти мурда эле Пединституттун 4-курсун бүтүп жатканда лекциясын угуп калгам. Албетте, ал кишинин сабагын Илий эженин, Тайгүрөңов агайдын лекциялары менен салыштырып болбойт эле. Башкача болчу. Мазмуну боюнча да, берүү ыгы боюнча да. Анын баары эсимде.
Бирок, мага шумдуктай таасир берип, “Ташка тамга салгандай” эсимде калганы 1952-жылы июнь айында көргөнүм, укканым.
Аспирантуранын эки жылын аяктап, Фрунзеге отпускеге келгем. Ишимдин оңдой бергени болуш керек, өмүрүмдө күтпөгөн чоң окуяга күбө болдум. Көрбөгөн кишилерди көрдүм, укпаган кишилерди уктум. Ошондогу көргөнүм, укканым менин адабий тагдырыма өчпөс так калтырды десем түк аша чаппайм. Фрунзеде “Манас” эпосуна арналган илимий конференция болгону жатыптыр (1952-ж., 6-10-июнь). Айылга кетишим керек эле, мындай чоң жыйылыш болуп жатса кайдан, башталышын күтүп калдым. Ырасын айтсам, “Манас” эпосунун тагдыры чоң коркунучка капталып турганын анда билген эмесмин. Ошол жылы “Советская Киргизия”, “Кызыл Кыргызстан” газеталарында кыргыз эпосу
боюнча жүрүп жаткан талкуу, талаш-тартыштар менен тааныштыгым бар эле. Бирок, ал мага кандайдыр бир ыйкы-тыйкы бирдеме сыяктанып көрүнгөн. Жыйылыш башталып, ага катышып жаткандарды көрүп, бул окуя жөн, катардагы эмес окуя экенин баамдадым. Мына жалаң докладчылар: өзбек ССР Академиясынын мүчө-корреспонденти Боровков А.К., профессор Климович Л.И., филология илимдеринин кандидаттары Богданова М.И., Валитова А.А., Токомбаев А., Маликов К., Т.Сыдыкбеков, Б.Керимжанова, О.Жакишев эмне деген адамдар! Бирок, эмне үчүндүр, ушул докладчылардын арасында “Манас” эпосу боюнча ушунча зор иштерди жасаган М.О.Ауэзов жок эле. Эмне себептен, мага таптакыр түшүнүксүз. Ал эң биринчилерден болуш керек эле. Көрсө, бул дагы мезгилдин туңгуюк оюну экен. Көрсө, бүткүл союздук масштабда идеологиялык “тазартуу” кызуу жүрүп жаткан учур экен. Чоң үйдөгү күлсө, кичүү үйдөгү ырсаят дегендей, тигил борбордо Ахматова, Зощенко сыяктуу дөө-шаалар кыйрап жатса, ичкериде да ошолорго окшогондорду издеп, “таап” калган турбайбы. Башка колго урунар нерсе жок калган соң (Молдо Кылыч ж.б. иши бүткөн), чатакты дал “Манастын” өзүнөн баштоо гана калыптыр.
Бул “чырдын” мааниси канчалык терең экени, кыргыз элинин көзгө басар перзенти “Манас” эпосунун тагдыры үчүн канчалык коркунучтуу экени профессор А.К.Боровковдун докладынан улам эле билинди. Ал кишинин баяндамасынын түпкү негизи бул эпостун пукура элдик версиясы жок деген идеяга барып такалды. Эң акырында, жыйынтыктоочу катарында сүйлөп чыккан профессор JI.И.Климович да ушундай жыйынтыкка келди. Ал эми, ал мезгйлде Л.И.Климович деген СССР элдеринин адабиятын каалагандай калчап, айкүр түшүрсө, таа түшүрсө өзү билген билермандардын кожосу болчу. Мен андан кийин да далай эле кызыл чеке талаш- тартыштарда болдум. Өзүм да катыштым. Бирок бул жолкудай келишпес айыгышкан, каары жалына чыккан айтышты көргөн жокмун. Көркөм өнөр, мурас, дегеле маданият турмушу, рух дүйнөсү жедеп саясаттын торуна түшүп, эки бутунан тушалып, саясатсыз кадам шилтей албай турган чагы экен. Анын үстүнө ойлонуу жөндөмүбүз барган сайын чектелип, мокоп даяр догмалардын курчоосунан чыгалбай, адамдын эң негизги касиети, өз алдынча эркин болуу касиетинен ажырап баратыппыз да. Албетте, муну мен кечээ жакында эле түшүндүм.
Социалисттик идеяны саясатташтыруу, анын үстүнө маркстик догмалардын чексиз үстөмдүгү бизди, советтик адамды, туташ чырмап кандай туңгуюкка такаганын байкоо үчүн ошол жыйылыштагы эки адамдын талашын эске түшүргүм келет. Экөө тең менин оюмча илимий жагынан биринен-бири кем калбаган, ошондой эле өз оюн бербей коргоо жагынан да биринен-бири өткөн өжөр немелер эле. Сөз Б.М.Юнусалиев менен П.И.Балтин жөнүндө баратат. Эсимде, дем алыш болор алдында акыркысы болуп П.И.Балтинге сөз берилди. Адегенде сөзүн жай баракат академиялык окумуштуу стилде баштады. Анча деле курч сүйлөөгө даяр эместей сезилди. Трибунага чыгарда чоң кара портфелин көтөрө келип, кафедрага коюп койгон эле. Бир убакта баягы чоң кара портфелинен аябай эскирген бир чоң китепти сууруп чыкты, ар кай жеринен окуй баштады. Окуй баштаган үзүндүлөрдүн жалпы мааниси мындай эле: ата-энеңди сыйла, уурулук кылба, аялга артык баш көз артып бузулба… Көрүнүп тургандай эч талаш чыгарбай турган жалпы адамзаттык чындыктар. Китептин ар кайсы жерин атайлап мурдатан бөлүп, белгилеп коюптур, улам ачат, окуйт, дароо эле өзүнүн коммен- тарий-жыйынтыктарын кошо берет. А жыйынтыгы болсо түшүнүктүү, айдан ачык: ата-энеңди сыйла, уурулукка барба, бузулба деген насыят сөздөрдүн эмнеси жаман, же эмнеси менен адамкерчиликке каршы. Бул талашсыз жалпы адамзаттык нарк. Ушуларды атайы басым коюп, ал турмак үнүн кыраат менен чыгарып айтты да, кудум тажрыйбалуу актёрлордой бир аз тыныгуу жасады да (муну атайы жасаганы, элдин көңүлүн буруш үчүн, көрүнүп турду) мен бул акылман сөздөрдү кайдан алып жатам деп, залды бир сыйра карап койду, билгиңер келсе христиандардын китеби “Библиядан” деп, чорт кескендей айтты. Эми эмне дээр экен деп күтүп калдык. Ал деле күттүргөн жок, дароо эле вердикт, өкүм чыгарды. Өзүңүздөр көрүп тургандай, деп улантты П.И.Балтин, “Манас” эпосунун элдиктүүлүгүн далилдөөгө жанталашкан жолдоштордун методологиясын колдонсок, анда “Библияны” да оңой эле элдик деп жарыялашка болот. Чынын айтайын мага бул аргумент мелжеген кароолуна түз тийген октой эле тийди. Андан ары сөз жок, кайдан болсун деп ойлодум. Биз ошондо атеизмдин темирдей зомбулугу алдында дээрлик динсиз көз карашта жашап жаттык. Жалгыз сыйынганыбыз, көргөн-бакканыбыз бир гана коммунисттик-идея болчу. Эгерде дүйнөдө эң коркунучтуу, эң ыплас зыяндуу китеп бар болсо, ал “Библия” эле. Мына эми бийик трибунада туруп, мен кадырлаган мугалимдеримдин бири Петр Исаевич Балтин “Манас” эпосун “Библиянын” катарына коюп жатпайбы. Мен анда кайдан билейин, “Библия” деген адамзат жараткан эң улуу китеп экенин. Мен үчүн анда Марксизм-ленинизмден ашкан, тагыраак айтканда, “Коммунисттик манифест”, “Ленинизм маселелери” деген китептерден ашкан эч нерсе жок болчу. Дүйнөдө, ааламда бир кудай, бир дин болсо ал марксизм-ленинизм болчу. А библия болсо, биз үчүн бир мокочо, бизди Марксизм-Ленинизм окуусу ошондой тарбиялап, ошондой үйрөткөн.
Ойлодум, мындай азезил аргументке каршы чыгууга болбойт го, деп. Танапистен кийин эле сөз Б.М.Юнусалиевге берилди. Ал сөзүн дароо эле минтип баштады: “Жолдоштор, көрүп турасыздар, мен дагы трибунага жакшы эле көлөмдүү портфель менен чыктым. Бирок анда мракобесиенин храмы Библия эмес, нукура илимдин храмы И.В.Сталиндин чыгармалары жатат”.
Ушуну айтты да Болот Мураталиевич портфелинен Сталиндин кайсы бир томун сууруп чыкты. Зал дуу эле кол чаап жиберди. Мына күтүлбөгөн сокку. Болгондо да кандай сокку, тырп эттирбей сулатып түшүргөн сокку. Балким мындай соккуну П.И.Балтин өзү да күткөн эместир. Айтор эмнеси болсо да Юнусалиевдин сөзүнүн башталышы ушунчалык күчтүү жана эффективдүү болду, П.И.Балтиндин аябай даярданган сөзүнүн бүтүндөй негизин бир сөз менен, бир гана кыймыл-аракет менен кыйратып түшүрдү. Сталиндин томун “Библияга” карама-каршы коюп, портфелден сууруп чыкканда эле, зал жарылып кетчүдөй болуп дуулдап, кандайдыр бир магиялык күч бийлеп турду. “Библия” эмне, Сталиндин тому эмне, бул жөнүндө өз алдынча ой жүгүртүп, өз алдынча пикир күтмөк кайда. Ошол залда отургандардын арасында К.К.Юдахин өңдөнгөн бирин-экин гана болбосо, калгандары “Библияны” колуна кармап көргөн да эмес. “Библия” биз үчүн жети кабат кара кулпу салынган кара сандыктын түбүндөгү катылуу буюм. Ал буюм эмнеден жасалган, кантип жасалган, качан жасалган, аны билген киши жок. Ырас бир гана чындыкты билет, Маркстик-Лениндик атеизмдин түшүндүрүүсү боюнча, “Библия” адамзат тарыхындагы эң бир зыяндуу бузуку китеп деп билет. Ал эми Сталиндин тому болсо, бул эч кандай күнөм чакырбай турган акылмандуулуктун эң бийик кыл чокусу. Мунун канчасы чын, канчасы жалган, ал жөнүндө эч ким ойлонбойт, тек ганa, кол көтөрүп кабыл алуу, сөздүн маңызына көзүң жетпей туруп эле кандай жобо-көрсөтмө берилсе ошого чексиз ишенүү, кулдук уруу, белимчилерге кайталоо, бул биздин өнөкөт тагдырыбыз. Мына ошондуктан биз баарыбыз, залда отургандар Б.М.Юнусалиев “элдин улуу жол башчысы” Сталиндин томун “Библияга” каршы коюп, портфелден сууруп чыкканда чын жүрөгүбүздөн кубангандан, ушул чындыкка такатсыз иштегендиктен дуулдатып кол чаптык. Айтарым, мен жөн гана өткөн-кеткенди эскерип жатканым жок, ошо “Манас” конференциясынын стенограммасын кайрадан окуп, тактап, өзүмдүн ошол учурума талдоо жүргүзүүгө аракет кылып жатам.
Көрсө бүт баары теңирден тескери экен да. Эгерде “Манас” эпосун жокко чыгарууга шымаланып киришкендер адамзат генийи жараткан “Библияны” кыйраткыч мокочо катарында кармаса, ал эми аны чындап ак дилинен коргоого аракет кылгандар ок өткүс ак олпок катарында Сталиндин томун көтөрүп чыкса, бул теңирден тескери эмей эмне. Мунун баары бизге азыр көмүскөдө жаткан чындыктарды ачып, таанып билгенден кийин гана түшүнүктүү болуп жатат. Ал эми ал учурда болсо, бир элдин генийи менен жаралган маданий мурас менен экинчи бир элдин генийинен жаралган мурасты жокко чыгаруу, жана тескерисинче, улуттук тилди, маданиятты акырындык менен кысып жоюуга багытталган саясатты калканч катарында бетке кармоо кадимкидей эле табигый, мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу. Эгерде мезгилдин өзү, замандын өзү теңирден тескери болбосо, “Манас” эпосунун тагдыры кылыч мизине кармалып, ушунчалык талаш-тартышка түтөт беле, бир элдин өкүлдөрү экиге бөлүнүп, жарылат беле.
Бирок, мына ушундай дээрлик туташ караңгылыкта, бир беткей, бирдей ойлонуунун туткунунда калгандардын арасынан бөлүнүп, жарк эткен жылдыздай болуп көрүнгөн адамдар болот экен. Эч апыртпай, көкөлөтпөй айтканда деле Мухтар Омарханович дал ошондой болду. Ким билет, эгерде М.О.Ауэзовдун гениалдуу идеясы болбосо, “Манас” эпосунун тагдыры кандай чечилет эле. Иш Боровковдордун, Климовичтердин, Балтиндердии таразасына карай ооп бараткан. Эми бир аз эле болгондо “Манас” 1948-жылкы ВАСХНИЛдин сессиясында Лысенковчулар тарабынан кыйраган советтик генетиканын тагдырына туш келмек. Мындай тагдырдан конференциянын акыр ченинде чыгып сүйлөгөн М.О.Ауэзовдун сөзүндөгү “Манастын” бириктирилген варианты жөнүндөгү идеясы түздөн-түз сактап калды десем болот. Акылман жазуучу туюктан жол таап, жарга капталып тургандарды жетелеп, чыгып кеткендей болду.
Мухтар Омарханович көтөрүп чыккан “Манастын” бириктирилген варианты жөнүндөгү идея кийин иш жүзүнө ашты. 1958-1960-жылдары негизинен Сагымбайдын жана Саякбайдын варианттары алынган эпостун 4 томдон турган (“Манас” 2 том, “Семетей”, “Сейтек” өзүнчө) жыйнагы чыкты. Кыргыз маданий турмушундагы бул чоң окуя жана ага катышкан адамдар жөнүндө өз учурунда сөз болот. Азыр жогортодо сөз болуп келаткан догматизмдин жана бир беткей саясаттын өлчөмсүз үстөмдүгү жөнүндөгү ойду улантып көрөйүн.
Биз баарыбыз тең эле Марксчил-Ленинчил болдук. Ага ак дилибизден берилип ишендик. Бирок мен эч качан ойлобойм, бөтөнчө азыркы учурда, ушул сапаттарды жазып жаткан учурда баарыбыз эле Марксизм-Ленинизм өзү түпкүрүндө эмне экенин түшүнүп, ушундай ишенимге келдик деп. Бул түк апыртылган сөз эмес, даяр жол-жобо, эреже жана формулаларды такай жаттап чоңойдук, даярдыгыбыз, көз карашыбыз, ойлонуу жөндөмүбүз ошол эрежелердин чегинен чыккан жок. Азыр эске түшүрсөм, “Манас” конференциясынын өтүшү ошол учурдагы кыргыз интеллигенциясынын маданий деңгээли, рухий арымын белгилеп, аныктаган өзүнчө бир өткөөл, сыноо болгон экен. Жан-алы калбай “Манасты” коргоп чыккандардын ниетин, дилин түшүнсө болот. Ошондой эле алардын ар бири өзүндөгү болгон табигый жөндөмүн, талантын аябай эле жумшап, иштетип аракеттенгени ырас. Бирок, кантсе да мезгил деген мезгил, система деген система экен. Бөтөнчө Марксчил-Ленинчилдер жасап, орноткон система адамдын учууга канатын, конууга куйругун кыркып боору менен жылдырып салганбы. Болбосо, “Манастын” тагдыры чечилип жатканда, оңдон да, солдон да сокку жүрүп жатканда К.Маликов варианттарга обзор жасап, А.Токомбаев менен Т.Сыдыкбеков дегеле эч кандай талаш чакырбаган “Семетей”, “Сейтек” жөнүндө сүйлөп чектелип калат беле. Менин оюмча ошол кысталыш учурда эң биринчи соккуну көтөрүп, салгылашкан майдандын эң алдыңкы чегинде ушул үчөө болуш керек эле. Чынында андай болгон жок. Эмне үчүн? Эмне үчүн бул үчөө тең “Манастын” эң курч миздерин айланып, кыялай өтүп, жандама, жөлөмө маселелерге жетеленип калышты? Мен билбейм, мунун тереңинде кандай сырлар жатканын, бирок окуянын, сюжеттин ушундай өнүгүшүнө мезгилдин өктөм кысымы себепкер го деп ойлойм. Кантсе алардын ар бири өзүнчө дөө болбосун, баары бир өз заманынын пендеси да. Андан ашык эмес. Эгерде биз идеал тутуп, туу көтөргөн үч “дөөнүн” социалдык-рухий ал-абалы ушундай болсо, анда аларды карап, аларды туурап өскөн биздин жагдайыбыз кандай болот?
“Адабий айкаш” китебинен