12-декабрь Улуттук адабият күнү белгиленет

Урматтуу калемдештер!
12-декабрь – Улуттук адабият күнү. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Министрликтин алдындагы Улуттук адабиятты өнүктүрүү борбору жана Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу акын-жазуучулардын ушул кесиптик майрамын 12-декабрь күнү саат 16.00дө Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында чоң адабий-музыкалуу программа менен белгилейт. Иш-чарага КР Мамлекеттик катчысынын, Маданият министринин катышуусу күтүлүүдө.

Программада залкарларды эскерүүгө, спектаклдерден үзүндүлөргө, поэзияга, музыкага басым жасалып, Маданият министрлиги менен Жазуучулар союзу биргелешип уюштурган “Алтын калем” сыйлыгы салтанат менен тапшырылат. Андан кийин “Кылым карыткан бир күн” спектаклин чогуу көрөбүз.

Салтанатка адабият күйөрмандарын, каалоочуларды катышууга чакырабыз.