Жыпаркүл Исабаева: Азабым тартып жүрүп өтөт элең, Бактылуу кылдым сени сүйбөй коюп!

Бактылуу кылдым сени…

Балбылдап күлүп атсаң
Күндөй болуп,
Түнөрүп турдум эле
Түндөй болуп!
Азабым тартып жүрүп
өтөт элең,
Бактылуу кылдым сени
сүйбөй коюп!..

Жарыгың төгүп турсаң
Жаздай болуп,
Жаныңда турдум муздак
таштай болуп.
Жалынсыз түтөп жүрүп
өтөт элең,
Жакшы эле кылдың мага
жакпай коюп…

Мээримиң төгүп турсаң
жароокерим,
Мерез бир менменсиген
жан экемин.
Мезгилдин канатында
далдаланып,
Көрмөксөн болдум сенин
бар экениң…

Балбылдап күлүп атсаң
Күндөй болуп,
Түнөрүп турдум эле
Түндөй болуп!
Азабым тартып жүрүп
өтөт элең,
Бактылуу кылдым сени
сүйбөй коюп!..

Атаке

Атаке, баары эсимде… Бала чагым,
Эсимде – жытың, ысык алаканың…
Кызганып, башкаларга ээлик кылбай,
Колуңду “чар-чур” этип талашамын…

Элжиреп, бекем кысып кучагына,
Кондуруп ийинине – бутагына,
Атакем көккө ыргытчу балапанын,
талпынып аз-аз калган учарына.

Бой жетип, эс тартсам да эркеледим,
Кай жакка барсам, шашып энтеледим.
Мойнуңдан шорулдата жыттасам деп,
Атамдын мээрими эле эңсегеним.

Сен баскан жерде дайым гүл өсчү эле,
Жүрөгүң асылдыкты түнөтчү эле.
Сен барда үйүбүз шаң, жыргал, кенен,
Бапырап бакыт менен күн өтчү эле.

А бүгүн сенин ордуң боп-бош турат,
Ушул кыш дегдеп келип, жоктоп турат…
Балдарың, апам түгүл, өзүңө ата,
Бүт дүйнө аза күткөн окшоп турат.

Мен жазда бакыт таптым

Мен жазда бакыт таптым бапыраган!
Мен күткөн, мен сагынган жакын адам
кучагы толо сүйүү, гүл көтөрүп,
Дүйнөмө кирип келди шашып анан…

Мен жазда сүйүү таптым мелмилдеген,
Дүйнөңдүн падышасы менмин деген,
Жүрөгүң кубантууга асмандан нур,
Ак жарык үзүп алып келдим деген!

Мен жазда сени таптым… бактылуумун,
Жөнү бар – алып учуп аптыгуунун!
Жанымды коерго жер таппай турам,
Жалыны кандай ысык жактыруунун…

Жакшы адам…

Жанга айланып –
ымтыраган, эптеген,
Жандүйнөмдүн
чырагы өчкөн кезде мен…
Жандалбастап,
от көтөрүп келесиң,
Жакшы адамым,
жадымымдан кетпеген.

Түркүн түйшүк,
түмөндөгөн убара,
Түпсүз санаа,
түгөнбөгөн убада
түңүлткөндө,
түпкүрүнөн дүйнөмдүн,
Түндү кууган
шооратынды угам, а!

Бир кечте

Бүт аялзат сени гана карашып,
Эмнегедир бүгүн баары сага ашык!
Арасында мен да бармын алардын,
Башым туман – акылымдан адашып!

Ыр. Музыка. Сен ортодо бийлейсиң,
Назар төшөп, төгүлгөнүм билбейсиң.
Сен мага азыр аргымагын алкынтып,
Айдан түшүп келген асыл пирдейсиң!

Көздөр! Сөздөр! Бокалдардын кагышы,
Мага жакшы – арабыздын алысы!
Сүрөтүңдү тарттым дагы карадым,
Кандай сырдуу, кандай сүрдүү жан ушу?!

Башкача бир башты чулгуй карап шер,
Кээде-кээде чагылышат каректер!
Ушундай бир улуу кечти көтөрүп,
Өз нугунда тегеренип барат Жер!

Жалгыз сен…

Кызганычтан кээ бирде өрттөнөмүн,
Көргүм келбей жанынан өзгөлөрдүн…
Өзөгүмө капилет күкүрт чагып,
Өтүнөөрүм, сен мени өрттөбөгүн…

Сагынычтан самандай жагыламын,
Карааныңан кагылып, жалынамын…
даба болчу дартыма – жалгыз сенсиң,
жалбырттоодон жанымды дарылагын..

Асманымдан агылган ак жарыксың,
Деңизимде калкыган ак кайыксың.
Даай албаган башкалар ыр көлүмдө,
Эркин сүзгөн эркелеп… ак балыксың.

Сен

Көкүрөгүң – жагымдуу уя,
Кучагың сыр купуя.
А мен дайым талпынамын,
Сага карай учууга.

Көздөрүң –күн, жүзүң жарык,
Аруу жансың мынчалык.
Сени эстөөнүн өзү бакыт,
Жүрөккө аппак нур салып.

Дүйнөң – асман, пейлиң булут,
Көркүң жаздай кулпунуп.
Сенсиз көңүл өксүп турмак,
Өкүнүчтөн тумчугуп…

Сөздөрүң – бал, жагымың – жаз,
Сен – жалгызсың, табылбас.
Илебиң – от, эриниң – чок,
Жибере көр табыңды аз…

ЫР КУСА

Билбейм кимди…
Бирок катуу сагындым…
Каршы агымга келип турат агылгым.
Жандүйнөмдө жанды жеген кусалык,
Сенден бирок келбейт окшойт айрылгым…

Көкүрөктө,
көөдөндө от тутанып,
Көздөрүмдө көлкүлдөгөн кусалык.
Биз бактылуу боло электе сүйүүдөн,
Айрылыштык, айтчы кантип узадык?..

Жазгым келип
сен жөнүндө жакшы ыр,
Жандалбастоо жанга бүткөн бактыдыр.
Жалбырттоодо жалын болуп бүт дүйнөм,
Балким сен деп сыздоо мага жакшыдыр?

Бир добуш кайдан келди?…
(Эски дептерден)

Дүйнөмдү дүлөйбү деп…
ыйлап турган,
Кезимде көөдөндө өксүк
ырбап турган,
Бир добуш… кайдан келди
кайрыктары,
Канаттай дир-дир этип
ырдап турган?..

Дүйнөмдү азизби деп
зарлап турган,
Кезимде сокур сезим
арбап турган,
Бир добуш… кайдан келди
ак жарыктай,
Сергитип сезимге өмүр
арнап турган…

Дүйнөмдү жардыбы деп
жайрап турган,
Кезимде өзөгүмдү өрт
жалмап турган,
Бир добуш… кайдан келди
сыйкырчыдай,
Жаныма жарашыгын
жалгап турган?..

Бир добуш… дир-дир канат
кагып турган,
Обону жүрөгүмө
жагып турган,
Канымда кошо айланып
ыргактары,
Кайрыгы карегимден
агып турган.
Бир добуш кайдан келди?…