Жыпаркүл Исабаева: Азабым тартып жүрүп өтөт элең, Бактылуу кылдым сени сүйбөй коюп!

Бактылуу кылдым сени… Балбылдап күлүп атсаң Күндөй болуп, Түнөрүп турдум эле Түндөй болуп! Азабым тартып жүрүп өтөт элең, Бактылуу кылдым сени сүйбөй коюп!.. Жарыгың төгүп турсаң Жаздай болуп, Жаныңда турдум муздак таштай болуп. Жалынсыз түтөп жүрүп өтөт элең, Жакшы эле кылдың мага жакпай коюп… Мээримиң төгүп турсаң жароокерим, Мерез бир менменсиген жан экемин. Мезгилдин канатында далдаланып, Көрмөксөн болдум сенин бар экениң… Балбылдап күлүп атсаң Күндөй болуп, Түнөрүп турдум эле Түндөй болуп! Азабым тартып жүрүп өтөт элең, Бактылуу кылдым сени сүйбөй коюп!.. Атаке Атаке, баары эсимде… Бала чагым, Эсимде – жытың, толугу менен…..