Жазуучулар союзундагы жаңылануулар

Бүгүн 23-майда Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун жаңы шайланган секция башчыларынын алгачкы жолугушуусу болду. Поэзия секциясынын башчысы Аида Эгембердиева, жооптуу катчы Бердибек Жамгырчиев, проза секциясынын башчысы Топчугүл Шайдуллаева, жооптуу катчы Элдияр Элчибек, драматургия секциясынын башчысы Жаныш Кулманбетов, жооптуу катчы Кыял Тажиева, адабий сын секциясынын башчысы Садык Алахан, жооптуу катчы Болот Таштаналиев, жаштар адабияты секциясынын башчысы Зайырбек Ажыматов, жооптуу катчы Кутмырза Жакыбалиев, балдар адабияты секциясынын башчысы Сулайман Рысбаев, жооптуу катчы Батма Абдухамидова, котормо жана эл аралык байланыштар секциясынын башчысы Таштан Чакиев, жооптуу катчы Садык Гавай, публицистика секциясынын башчысы Кален Сыдыкова, жооптуу катчы Данияр Исанов жана орус тилдүү жазуучулардын секциясынын башчысы  Светлана Суслова, жооптуу катчы Бактыяр Койчуевдер секциялардын аткара турган иш-пландарын талкуу кылышты. Ар бир секция башчылары өздөрүнө милдеттенмелерди алып, жоопкерчилик менен аткарууга киришти. Алдыда аткарылган ар бир иш ирети менен жарыяланып турмакчы.