Нооруз майрамыңыздар кут болсун!

Урматтуу калемдештер, Кадырлуу мекендештер, Жалпыңыздарды Улустун улуу күнү – Нооруз майрамыңыздар менен чын дилден куттуктайбыз! Нооруз – жаңы башталыштын, жаңылануунун, тирүүчүлүктүн, жаратылыштын жаңыруусунун майрамы. Күн менен түн теңелген жаңырган жылда адамзаты арууланып, тазаланып, бири-бирин кечиришип, жаңы тилек, максат менен жаңы жашоого багыт алат. Жаңырган жылда жалпы элибизге ынтымак, биримдик каалайбыз. Дүйнөдө, анын ичинде жерибизде тынчтык өкүм сүрүп, ар кандай апаат кырсыктардан алыс бололу. Жараткан көк менен кошо көп ийгиликтерди берсин. Жылыбыз берекелүү, улууларыбыз дөөлөттүү, жаштарыбыз мээнеттүү болсун! Урматтоо менен, КРУЖС Башкармалыгы    

Жазуучулар союзундагы жаңылануулар

Бүгүн 23-майда Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун жаңы шайланган секция башчыларынын алгачкы жолугушуусу болду. Поэзия секциясынын башчысы Аида Эгембердиева, жооптуу катчы Бердибек Жамгырчиев, проза секциясынын башчысы Топчугүл Шайдуллаева, жооптуу катчы Элдияр Элчибек, драматургия секциясынын башчысы Жаныш Кулманбетов, жооптуу катчы Кыял Тажиева, адабий сын секциясынын башчысы Садык Алахан, жооптуу катчы Болот Таштаналиев, жаштар адабияты секциясынын башчысы Зайырбек Ажыматов, жооптуу катчы Кутмырза Жакыбалиев, балдар адабияты секциясынын башчысы Сулайман Рысбаев, жооптуу катчы Батма Абдухамидова, котормо жана эл аралык байланыштар секциясынын башчысы Таштан Чакиев, жооптуу катчы Садык Гавай, публицистика секциясынын башчысы Кален Сыдыкова, жооптуу катчы толугу менен…..