Казак акыны Маржан Ершу кыргыз акындары менен жолукту

Казакстан жазуучулар союзунун жана Евразия жазучулар союзунун мүчөсү, Казакстан Республикасынын Президентинин стипендианты Таранжы атындагы сыйлыктын ээси, акын, драматург, котормочу, филология илимдеринин кандидаты Маржан Ершу Аманкоскызы (Айек) Кыргызстанга келди. Акын Түрксой эл аралык уюму уюштурган түрк тилдүү элдердин поэзия кечесине катышуу менен кыргыз жерине алгачкы ирет келиши. Бүгүн Кыргыз улуттук жазуучулар союзунда төрага Нурлан Калыбеков, Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова баштаган акын-жазуучулар, жаш калемгерлер менен атайын жолугушуу уюштурулуп, кенен баарлашып, ырлардан окуп, кыргыз акындары менен казак акыны жакындан таанышты. Бул жолугушуу эки элдин ортосундагы чыгармачылык байланышты андан ары улап кетет деген ишеничтебиз.