Жазуучулар союзунда жаңылануу

Алыстан келген делегаттар. Жылуу маанай, жагымдуу баарлашуу, жылмайган жүздөр, үмүттүү көздөр… Атаандаштык, ынтымак, шериктештик… Сагынычтар, чер жазуу, кубаныч… КР Улуттук жазуучулар союзунун XVI съезди жыйынтыкталды.

КР Улуттук илимдер академиясында өткөн съездге республика боюнча 300гө жакын адабият өкүлдөрү келип катышты. Күн тартибинде каралган маселелер боюнча КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын отчету угулду.

КР Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Н.Калыбековдун отчету:

Урматтуу калемдештер жана мекендештер!

Быйыл, апрель айында Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун уюшулгандыгына 90 жыл толду. Эң оболу, баарыңыздарды 90 жылдык маараке менен чын дилимден  куттуктайм. Ар бириңиздерге узун өмүр, чың ден соолук жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.

***

Менин төрага болуп шайланганыма беш жыл, эки жарым ай толду. (8 – февраль, 2019 – жылы шайлангам) Заманга ылайык жана убакытты үнөмдөө максатында ушул беш жыл аралыгындагы аткарган жумуштарымдын эң негизгилерине токтолууну туура көрүп турам.

***

2019 – жылдын 12-декабрында А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук опера жана балет театрында  КР Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдык мааракесин, ал эми 13 – декабрда Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын чоң залында 15 – съездин өткөрдүк. Тилекке каршы 75, 80 жылдык мааракелер өз убагында өтпөй калган жана беш жылда бир өтчү съезд сегизинчи жылы өттү.

***

2019 – жылдын 4 – декабрында, ошол кездеги Президент С.Ш.Жээнбеков Улуттук Манас Академиясында чыгармачыл интеллигенция менен жолугушуп, докладында 2020 –жылдан баштап Республикалык бюджеттен чыгармачыл союздар үчүн жыйырма миллион сом бөлүнөөрүн баса белгиледи. Пандемиядан улам каражат бөлүнгөн жок. Ал тургай ошол жылы союзга офис берилип, бир жарым миллион сом карыз жоюлмак. Революциядан улам бул маселелер чечилбей калды.

 

2019 – жылы, суранычыбыздын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, ошол учурдагы Социалдык саясат жана маданият комитетинин төрагасынын орун басары Т.Икрамов Жогорку Кеңеште КР Улуттук жазуучулар союзунун карызын кечүү боюнча маселе көтөрдү. Тилекке каршы “Коомдук уюм, мыйзамга туура келбейт” деген шылтоо менен карыз кечилбей калды.

***

2019-жылдан бери КР Улуттук жазуучулар союзунун adabiyat.kg сайты үзгүлтүксүз иштеп келе жатат. Сайттын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында Улуттук жазуучулар союзунун ютуб каналы ачылып видео материалдар жарыяланып турду. Омор Султановдун 85 жылдыгына, Мелис Абакировдун 80 жылдыгына, Атантай Акбаровдун 60 жылдыгына карата атайын көрсөтүүлөр, адабият жаатында Т.Самудинов, А.Медетов, М.Абакировдор менен маектер, жаш авторлордун “Жаңы толкун” көрсөтүүсү, акын – жазуучулардын чыгармачылык кечелери тартылып, ютуб канал аркылуу элге тартууланды.

***

2020 – жылдын сентябрь айында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Ысык-Көлдөгү “Витязь” пансионатында жаш акын, жазуучу, драматургдардын семинарын өткөрдүк.

***

2021 – жылдан эл аралык ТҮРКСОЙ уюму менен “Беш Акын” теледолбоорунун үчүнчү айлампасын уюштуруп, жыйынтыктап, эстафетаны Өзбекстан жазуучулар союзуна өткөрүп бердик.

***

2021-жылдын сентябрь айында Баткен областынын Кадамжай районунда “Адабият достугу – эл достугу” аттуу Кыргыз – Өзбек адабият фестивалын өткөрдүк. Ошондон бери Өзбекстан жазуучулар союзу жылына эки жолу уюштуруп жаткан жаш жазуучулардын Ташкентте өтүүчү адабият фестивалына жаш акын – жазуучуларды жиберип келе жатабыз.

***

2021 –  жылы “Мигранттар поэзиясынын антологиясы” жана “Карабах аңгемелери” китептерин чыгардык.

***

2021 – жылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен мурунтан берилип келе жаткан КР Улуттук жазуучулар союзунун “Алтын калем” ардак дипломун жыл сайын берилүүчү “Алтын калем” Улуттук сыйлыгына айланттык. Поэзия, проза, драматургия боюнча жеңүүчүлөргө статуэтка жана 100 миң сомдон ыйгарылды. Ал эми 2023- жылы, Чыгармачыл союздарды колдоо боюнча долбоордун эсебинен көркөм котормо, адабий сын, балдар адабияты жана орус тилиндеги чыгармалар үчүн дагы сыйлыктар кошулду.

***

2021 – жылдан бери Ч.Турсунбеков атындагы фонд менен КР Улуттук жазуучулар союзу  Ысык– Көлдүн жээгинде жаш акындардын “Жылдыздуу жээк” поэзия фестивалын жыл сайын өткөрүп келебиз.

***

2022 – жылдан бери “Жылдын мыкты китеби” долбоорун ишке ашырып, жыл сайын комиссия тарабынан аныкталып диплом, статуэткасы  жана диплому жеңүүчүлөргө берилип келе жатат.

***

2022  – жылы Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык маракесине арналган, Республикалык поэзия конкурсун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн колдоосу менен өткөрдүк. Баш байгеси 100 миң сом, 1-орун 70 миң сом, 2- орун 50 миң сом, 3-орун 30 миң сомдон жеңүүчүлөргө ыйгарылды.

***

2022 –  жылдын ноябрь айында марафон уюштуруп, анын негизинде КР Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинетинин төрагасы А.У.Жапаровдун тескемеси аркылуу союздун коммуналдык төлөмдөргө болгон 2018 – жылдын 31 – декабрына чейинки бир жарым миллион сомдук карызыбыз резервдик фонд аркылуу төлөнүп берилди.

***

2022 – 2023 – жылдары демөөрчүлөрдүн жардамы менен КР Улуттук жазуучулар союзунун эки жылда бир берилүүчү сыйлыктарын уюштурдук. Проза жанры боюнча Мукай Элебаев атындагы Республикалык адабий сыйлык, (50 миң сом) көркөм котормо жанры боюнча Узакбай Абдыкаимов атындагы Республикалык адабий сыйлык, (100 миң сом), адабий сын жанры боюнча Болотбек Акматов атындагы Республикалык адабий сыйлык (100 миң сом) жеңүүчүлөргө (демөөрчүлөрдүн жардамы менен) тапшырылды. Эсиңиздерге сала кетсем, союзда поэзия жанры боюнча Алыкул Осмонов атындагы  жана балдар адабияты боюнча Тоголок Молдо атындагы Республикалык адабий сыйлыктар гана бар эле.

***

Ошондой эле, беш жыл аралыгында Россия, Белоруссия, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жазуучулар союздары менен бирге иш алып баруу үчүн мемарандумдарга кол коюлду.

***

Жеке ишкер Дүйшөмамбет Орозалиевдин колдоосу  менен айылда жашаган жана коомчулукка аралаша бербеген акын – жазуучулардын адабий кечелерин “Сармерден” ресторанында өткөрүп келе жатабыз.

***

2023 – жылдын жарымынан баштап КР Президенти С.Н.Жапаровдун чыгармачыл союздарды колдоо боюнча Жарлыгынын негизинде, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан биздин долбоорлорго он беш миллион сомдук каражат бөлүндү. “Адабият кербени”, “Алтын калем” сыйлыгы, мастер класстар өткөрүлдү. 45 автордун проза жана көркөм котормо багытында китептери чыгып жатат жана мамлекет бул долбоорду жыл сайын улантат.

***

Улуттук жазуучулар союзу 2007 – жылдан бери Эркиндик 54 дарегинде жайгашкан имараттын экинчи кабатында 60 метр квадратты ээлеп турганбыз. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында КР Президентинин Иш башкаруучусу К.Т.Туманбаев Ч.Айтматов №1 С 2 де жайгашкан имараттан бөлмөлөрдү сунуштады. Улуттук маданият менен адабиятты колдоп келе жаткан КРнын башкы прокурору К.Т.Зулушев Орто – Сай айылынан имарат сунуштады. Эки имаратты тең көрүп келдим, аксакал жазуучуларыбыз үчүн такыр эле ыңгайсыз экен. Ошого байланыштуу азыркы турган имараттын экинчи кабатын толугу менен мурункудай союзга бергиле деп суранып, суранычыбыз оң тарапка чечилди. Учурда жалпы баасы 2 000 000 сомго бааланып, оңдоп – түзөө иштери жүрүп жатат.

***

2023-жылдын 14-майында Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 12 акындын чоң масштабдагы “Ыр өмүр” аттуу поэзия-муза кечесин уюштуруп, өткөрдүк. Мунун алкагында КР Эл акыны С.Акматбекованын “Күүгүмдөгү күү” китеби 1000 нускада жарык көрдү. Бул долбоор жыл сайын уюштурулуп өткөрүлүп турат.

***

КР Президентинин Иш башкаруучусу К.Т.Туманбаев, КР Президенти С.Н. Жапаровдун тапшырмасы менен КР Улуттук жазуучулар союзунун коммуналдык төлөмдөргө болгон акчасы мындан ары Иш башкармалыктын атайын эсебинен төлөнүп турарын убада кылды. Буга чейин коммуналдык төлөмдөр айына 33 000 сомдон төлөнүп келген.

***

Быйылкы жылдын экинчи жарымынан баштап “Ала – Тоо” журналы менен “Литературный Кыргызстан” журналы мамлекеттин эсебинен жарык көрүү алдында турат.

***

Ушул жылы Казакстандын «Мерекенiң баспалар үйi» жоопкерчилиги чектелген шериктештиги менен КР Улуттук жазуучулар союзунун ортосунда эки тараптуу меморандум түзүлдү. Меморандумдун алкагында 13 автордун романы, 13 автордун аңгемелер жыйнагы, 13 автордун ыр жыйнагы, 13 автордун балдарга арналган чыгармалары китеп болуп басылып чыгат.

***

Төрага болуп келгенден берки аткарылган иштердин айрымдарына гана токтолдум. Эл аралык адабий кызматташтык, республикалык иш-чаралар, жолугушуулар байма-бай өтүп турду жана бардыгына жигердүү катыштым.

Демөөрчүлөрдүн жардамы менен союздун кеңсесин жасалгалаганга аракет кылдык. Бизге жардамын аябаган Ж.Моңолдоровго, Ж.Асрановго, Б.Бектеновага, Б.Сейитбековага, Г.Пашаевага, “Актал” адабий ийримине жана Эрмек Чилде уулуна, Улан Дөөлөтөвго  ж.б. ага-эжелерге терең ыраазычылык билдирем.

Төмөндө демөөрчүлөр тарабынан алынган офис инвентарларынын тизмеси:

Аталышы Саны

Төраганын бөлмөсү

1 Компьютер LOC Intel (R) Xeon (R) CPU E31270 @ 3.40GHz

Оперативная память 16 гв.

1
2 Түстүү принтер 3/1 L 3211 1
3 Диван жумшак, кара түстө 1
4 Телевизор 1
5 Жалюзи 2
6 Китеп текче 4 м. 1
7 Сүрөт Манас 1
8 Сүрөт Ч.Айтматов, И.Раззаков 2
9 Герб, желек 2
10 Кресло (кайыш) кара түстө (төрага) 1

Кабыл алуу бөлмөсү

11 Диван боз түстө 1
12 Муздаткыч INDESIT (чоң) 1
13 Кулер 1
14 Кресло (кайыш) күрөң түстө 1
15 Айнек стол (журнал.) 1
16 Рессепшн 1

Орун басар менен жооптуу катчынын бөлмөсү

17 Китеп текче 2.5 м. 1
18 Китеп текче 2 м 1
19 Компьютер столу 1

Зал

20 Кулактандыруу тактасы 1
21 Стенд Ч.Айтматов, А.Осмонов 2
22 Доска 1
23 Калонка 1

Урматтуу калемдештер жана мекендештер!

Былтыртан бери чыгармачыл союздарга мамлекет тарабынан көңүл бөлүнгөнү, чындыгында тарыхый окуя болду. Буюрса, мындан да жакшы болот деп ишенем. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасы А.У. Жапаровго, орун басары Э.Ж Байсаловго, Жогорку Кеңештин Төрагасы Н. Т. Шакиевге, Мамлекеттик катчы С.С. Касманбетовго, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.А. Максутовго, КР Президентинин иш башкармасы К.Т. Туманбаевге, Мамлекеттик имараттар департаментинин директору С. Т. Чыналиевге жана бизди колдогон бардык бийлик өкүлдөрүнө терең ырааазычылык билдирем!

Колумдан келишинче моюнума артылган милдетти аткарууга аракет кылдым. Иштебеген адамда гана кемчилик болбойт демекчи, менден кемчилик кетсе, кечирип коюңуздар. Бар бололу, бир бололу. Заманыбыз тынч болсун!

Төраганын отчетунан соң Текшерүү комиссиясынын төрагасы К.Качибеков отчет берди. Андан соң КР Улуттук жазуучулар союзунун Уставына өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү боюнча сунуш айтылып, добушка салынып, кабыл алынды. 20дан ашуун мүчөдөн турган жумушчу президиуму шайланып, өз ишин татыктуу алып барды. Ар кандай сунуш пикирлер айтылып, суроо-жооптор орун алып, талкуулар жүрдү. Соңунда 142 мүчөдөн турган КР Улуттук жазуучулар союзунун Башкармалыгы, Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрү шайланып, съезд өз ишин жыйынтыктады. Кезек төрага шайлоого берилди.

КР Улуттук жазуучулар союзуна 4 киши талапкерлигин койгон. КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, котормочу Акбаров Атантай, КР Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, акын, жазуучу Иманалиев Каныбек, КР Эл акыны Кулуев Кожогелди жана КР Эл акыны Саалаев Жедигер.

Добуш берердин алдында талапкерлер өздөрүнүн программалары менен тааныштырды.

Съезддин чечими менен КРУЖС Башкармалыгына шайланган акын-жазуучулардын ичинен 128 киши жашыруун добуш берүүгө катышты. Добуш берүүнүн алдында талапкерлер өз программалары менен тааныштырып өттү.
Төрт талапкердин ичинен жогорку упай топтогон 2 талапкер Каныбек Иманалиев (38) жана Кожогелди Кулуев (33) добуш менен 2-турга өттү. Устав боюнча жалпы шайлоочунун 50% жогору добуш алган талапкер гана жеңүүчү боло алат. Экинчи турда 70 добуш менен Каныбек Иманалиев КР Улуттук жазуучулар союзуна төрага болуп шайланды.
Съездди ачып, алып барган мурдагы төрага Н.Калыбеков ордун бошотуп, Башкармалыктын жыйынын жаңы төрага К.Иманалиевге өткөрүп берди. Ишеним артып, колдоп берген акын-жазуучуларга ыраазычылыгын билдирип, кыргыздын салтын улап, наркын сактап, ордун бошотуп берип жаткан төрага Н.Калыбековго чапан жаап узатып, өзүнө орун басар болуп берүү үчүн КР Маданиятына эмгек сиңирген ишмер А.Акбаровду сунуш кылды. Башкармалыктын мүчөлөрү бир добуштан колдоп беришти.
Ал эми катчылыкка сунуш кылардын алдында Улуттук жазуучулар союзунун жаштары үн катты. Алгач Турдубек уулу Садырбек, кийин сөз алып сүйлөгөн Эрлан Жумагазиевдер төрагадан буга чейин катчылык кызматта иштеп келген Жылдыз Акаеванын ордуна жаштардын келүүсүн суранды. К.Иманалиев бул сунушту кабыл аларын билдирди жана кимди сунушташ керек экендигин жаштардын эркине койду. Ошентип, КР Улуттук жазуучулар союзунун XVI съезди ынтымак менен, биримдик менен, аксакалдардын ак батасы менен жыйынтыкталды.