Рюноскэ Акутагава: Эне

Эне Күзгү баарын көрсөтөт эмеспи. Мына ушул бурчта турган күзгүдөн кадимки шанхай мейманканасынын экинчи кабатындагы бөлмө дыкат жыйналып коюлгандыгын байкоого болот – дубалдары европалык ыкма менен сырдалган болсо, полуна жапон ыкмасынын негизинде бойро[1] төшөлгөн. Көгүлтүр түстөгү дубалдарына дагы бойро илинип коюлган. Күзгүдөн дагы бир элести – сокмо согуп, күзгүгө аркасын салып отурган аялдын элесин көрүүгө болот. Айдалысын жаап турган суйдаң кара чачынын арасынан үстүнө кийип отурган кимоносу агарат. Дубал артынан угулуп жаткан ымыркай баланын ыңаалап ыйлаганы болбосо, бөлмө ичи кулак-мурун кескендей жымжырт. Баса, ошол жымжырттыкта баланын ыйлаганынан сырткары, тыным билбей толугу менен…..

Рюноскэ Акутагава: Кашкулак

Кашкулак “Жапон жылнаамасынын” маалыматтары боюнча Минотоку кыштагында биринчи жолу кашкулак адамга айланат, бул окуя отуз бешинчи жылы жаздын экинчи айында Суйко императорунун мезгилинде болгон. Ырасында башка китепте кашулакты «адамга айланып калды» деп жазбайт, анда «адамга окшоп калган» делет, бирок бул эки китепте тең “ырдаган” деген маалыматтар бар, андыктан ал кашкулак адамга айланганбы же адамга окшошуп калганбы, эмнеси болсо да анын чыныгы адамча ырдаганы чын окшобойбу. Мындан кыйла көп жыл мурун “Император Суйниндин башкаруу мезгилиндеги жазууларда” мындай айтылат: сексен жетинчи жылы Тамба повинциясында жашаган Макасо аттуу жаш жигитке тиешелүү ит терисине толугу менен…..